Демагог депутаттар, бечел бийлик өзүңөр күнөөлү болосуңар!

М ындан жарым жылча мурда депутаттар басма сөз эркиндигин муунтуу аракетин көрүшүп, тилектери таш каап калган болчу. КСДПчылар Ирина Карамушкина, Галина Скрипкина, Асилбек Жээнбеков, Эркингүл Иманкожоевалар Кыргызстанда басма сөз эркиндигин чектөөчү мыйзамды көтөрүп чыгышканда, коомчулук каршы чыгып аргасыз чегинишкен. Бийликтин партиясы атыккан КСДПчылардын колунан келбей эми ар-намысчыларды арачы кылып олтурушат. Арнамысчы депутат Эристина Кочкарованын эдиреңдеп бул мыйзам болбоорун кайрадан көөтөрүп чыгышынын себеби да ушундан.

Ошентип, КСДПчылар кыйтырлык кылып, 6-мартта Кыргызстанда басма сөз эркиндигин чектеген мыйзамды 1-окуудан өткөрүп алышты. Ал мыйзам 3 окуудан өтүп, президент кол койсо күчүнө киргени турат. Айтмакчы, бул мыйзам Акаев менен Бакиев замандарында журналисттерди "жалган маалымат тараттың" деп эркиндигинен ажыратып, түрмөгө каматып, кылмыш жоопкерчилигине тартууга күчтүү курал болуп берчү. Ал кезде азыркы президент Алмаз Атамбаев, азыркы Башмыйзам атасы Өмүрбек Текебаев, экс-президент Роза Отунбаева, депутат Асия Сасыкбаевалар " бул мыйзамды жокко чыгаруу керек, анткени бул - басма сөз эркиндигин чектөө дегендик" деп эле жар салып жүрүшпөдү беле. Жогоруда аталган аткаминерлер 2011-жылы бийликке келишкен соң, аталган мыйзамдан журналисттерди кылмыш жоопкерчилигине тартуу нормасын алып салышкан болчу. Бирок, 2013-жылдан баштап ошол эле Ө. Текебаев текиреңдеп, басма сөз эркиндигин чектөөчү мыйзамды кайра көтөрүп чыкса, кийин КСДПчылар, эми арнамысчылар ошол акаевдик менен бакиевдик норманы кайра киргизүү аракетин көрүшүүдө.
Өзгөртүү сунушталып жаткан азыркы Кылмыш-жаза кодексинин 329-беренесине ылайык, жалган кабар тараткандар бир жылдан беш жылга чейин камалып, коомдук жумуштарга тартылып, эл алдында кечирим суроого же 100 миң сомго чейин айыппул төлөөгө тийиш.
Учурда соттор бийликтин, атка минерлердин чөнтөк соттору болуп калгандыгын эске алсак, анда журналисттерди түмөн түйшүк күтүп турганын бөркүбүздөй эле көрөлү. Азыркы соттор азыркы бийликтен коркут-үркүп турат, бийликтин, чоңдордун кетменин чабат. Сот системасына бийликтин, чоңдордун буйругун аткарган гана соттор жыйналып алышканын алардын чыгарган чечимдеринен байкап эле жүрбөйбүзбү. Демек, акаевдик- бакиевдик норманын ишке кириши менен кыргыз басма сөз эркиндиги мурда болуп көрбөгөндөй муунтулат. Көтөрүлүп жаткан мыйзам долбоору кабыл алынса, азыркы бийлик, ошол эле депутаттар коррупцияга каршы күрөшүүгө өздөрү тикелей каршы туруп жатышканын билип коюшу керек.
Журналисттер маалыматты асмандан алып жазбайт. Укканын, көргөнүн жазат. Ал эми уккан, көргөнүн ийне-жибине чейин иликтегендей ал милийса, же тергөөчү эмес да. Ага укугу чектелүү, чамасы жетпейт. Ал эми ал журналисттер жазган, алар тараткан кабарлардан, маалыматтардан улам канчалаган кылмыштардын бети ачылып, канчалаган коррупционерлердин, кылмышкердин тизгини тартылып, канчалаган адепсиз, абийирсиз аракеттерге бөгөт коюлууда. Эгерде депутаттар делбектеп утуру көтөрө чуркап жүрүшкөн аталган мыйзам долбоору кабыл алынып кала турган болсо, өлкөбүздө коррупция огобетер гүлдөп, абийирсиздердин арааны жүрдү дей бергиле. Ошондой боло турган болсо буга карапайым эл алдында, Ата- Журт алдында демогог депутаттар менен бечел бийлик, өзүңөр күнөөлү болосуңар!




Өзүбек ажы педофилдикке, эркектик шовинизмге чакырып жатабы?
Бейшембидеги парламенттик отурумдун жүрүшүндө "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Асия Сасыкбаева "Жаштар сүйлөсүн" теле берүүсүнүн алып баруучусу Өзүбек ажы Чотонов кыздарга терс таасир берип, жаштарды педофилдикке жана эркектик шовинизмге чакырып жатат деген пикирин айтты.

"Берүү "Манас жаңырыгы" телеканалында көрсөтүлөт. Алар мектептерге барышып, окуучулар менен бирге ар кандай темаларда: мамилелер, ден-соолук тууралуу талкуулашат. Ишемби күнү болгон чыгарылышта берүүнүн продюссери жана алып баруучусу Ө.Чотонов кыздар 14 жашка чейин турмушка чыга алат деп билдирди. Ага мектеп окуучусу, бул куракта турмуш курууга эрте деп жооп берди. Чотонов кыздардын негизги максаты сулуулугун сактоо, ал эми күйөөнү ата-энеси тандап берет, себеби алардын тажрыйбасы көбүрөөк деди. Бул адамда мыйзам, мораль деген түшүнүк жокпу?", - деп айтты А.Сасыкбаева. А.Сасыкбаеванын пикири боюнча, Чотонов исламга жамынып алып, улуттун саламаттыгын, мамлекеттин коопсуздугун бузууга аракет кылып жатыптыр.

Кетирерден мурда камчылап иштетпейсиңерби!
Эл өкүлдөрү, айрыкча "Республика" фракциясынын депутаттары КРнын премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөтүнүн токтоосуз отставкага кетишин талап кылып кол топтоп жатышпайбы.

Алардын аргументине караганда өлкөбүздүн экономикасы акыркы мезгилде бир катар кризистик жагдайларга кептелди. "Республиканын" лидери Н.Ариповдун айтымына караганда өкмөттү отставкага кетирүүгө 47 депутат кол коюптур. Өкмөт жетекчисине ишенбөөчүлүк көрсөтүүнүн негизги себептери, Кумтөр маселеси, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча Мамлекеттик дирекциянын ишмердүүлүгү жана "мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин боштондукка чыгып кетишиндеги башаламандыктар болуп эсептелет.
Ооба, Өкмөттө кемчиликтер көп. Бирок, кетиребиз деп эле көшөрүп жатышканында жеке кызыкчылык жокпу? Тизмеге депутаттык мандатын тапшырып койгонуна бир нече жума болгон Эркин Алымбеков да кирип калганы эмнеси? Эми минтип, 12 депутат койгон колдорун кайра артка кайтарып алып жатыптыр. Өкмөттүк етирбей эле мүмкүн тескерисинче, камчыла иштетип, анан жасаган иштери үчүн жооп берүүнү талап кылуу туура болуп жүрбөсүн. Кандай дейсиңер?







Пикир: