Улуттук китепкана жабылып калабы?
Бишкек шаарындагы Улуттук китепкана жабылып калуу коркунучунда тургандыгын парламенттин кечээки жыйынында депутат Каныбек Осмоналиев айтты.

"Улуттук китепкананын жылытуу тутуму талкаланган абалда экени бул китепканада өткөн иш-чаралардын биринде айтылды" деди эл өкүлү. Ошондуктан, депутат китепкана быйыл кышта жабылып калышы мүмкүн экенин кошумчалап, буга көңүл буруу керектигин өкмөттүн ЖКдагы өкүлүнө билдирди.


Т. Зулпукаров менен
Б. Мамырованын акыйнеги
ЖКнын кечээки жы-йынында вице-спикерлер Төрөбай Зулпукаров менен Бөдөш Мамырованын ортосунда түшүнбөстүк чыгып, акыйнек айтышып калды.

Мамырова жыйынды алып барып жаткан кесиптеши Зулпукаровду регламентти сактоосун талап кылып "Сиз депутатка микрофон бергенден кийин ал сүйлөп бүткүчө күтүшүңүз керек. А сиз болсо ар бир сөзгө комментарий берип, ортодон чыга калуудасыз. Бул туура эмес, сиздин мындай кылууга укугуңуз жок",- деп айтты эле, Зулпукаров кесиптешин сабырдуу болбой жатканын айтып сынга алып: "Сиз мага акыл үйрөтпөңүз, азыр эле сабырдуу бололу деп акыл айтып кеттиңиз. Өзүңүз да сабырдуу болуп, залдан кыйкырбаңыз",- деди.


"Иштей албасаңыз кетиңиз"
Парламенттин 12-июндагы жыйынында депутаттар Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчисинин орун басары Бакыт Шаршеналиевди бир топ "тердетишти".

Жыйында "КРда мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралып жатканда эл өкүлү Карганбек Самаков Б. Шаршеналиевди суроого жооп бере албаганын айтып жарга такады. "Бул жерге жооп бере албагандан кийин келбей эле койбойсузбу? Ушул жерде оозуңузду ачып Жогорку Кеңештин токтомун бүтүндөй жокко чыгарып отурасыз. Иштей албасаңыз кетиңиз",- деп депутат өкмөт өкүлүн опузалады.





Парламент жана коррупция

Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында 9-июнь күнү "Мамлекеттик саясатты жүргүзүү жана коррупцияга каршы күрөшүүдө парламентаризмдин ролу" аталыштагы жыйын болуп өттү.


Аталган эл аралык конференция Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитети, КРдин президенттик аппараты жана Коррупцияга каршы парламентарийдин дүйнөлүк уюмунун демилгеси менен өттү.
Жыйындын негизги максаты- Жогорку Кеңештин депутаттары менен GOPAC парламентарий мүчөлөрүнүн ортосунда пикир алмашуу болду. Тагыраагы, Россия, Казакстан, Молдова, Грузия, Монголия, Индонезия, Канада, Йемен ж.б. өлкөлөрдөн келген коноктор катышты.
Жыйындын уюштуруучулары көтөрүлгөн демилге парламентарийлердин ортосундагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча тажрыйба алмашуучу аянтка айланаарын айтышты.
Эл аралык жыйын "Парламенттин мамлекетти башкарууда, коррупцияга каршы күрөшүүдөгү мааниси", "Парламент тарабынан донордук агенстволорду жана улуттук антикоррупциялык институттарды көзөмөлгө алуу", "Тармактардагы ачык-айкындыкты көзөмөлгө алуу" сыяктуу, үч сессияга бөлүндү.
GOPAC- Коррупцияга каршы парламентарийлердин дүйнөлүк уюму. 2002-жылы Канаданын борбору Оттавада 170 парламентарийди бириктирген конференцияда негизделген. Ал эми GOPACтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү 2006-жылы ачылып, анын учурдагы төрагасы Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев болуп саналат.