Таланттын наркы бааланып…
Майрам, тойдун көркүн ачып, ага жараша акы бычышкан ырчыларыбыздын гонорарларын Америка жана коңшу Россия ырчыларыныкы менен салыштырып көрдүк.
Мадоннанын биргелешкен концерттеги гонорары
15 000 евродон, 25000 еврону түзөт. Ал эми бир ырын ар аткарып бергени 1000 евродон жогору.
Ырчы, куудул Верка Сердючканын банкетке барып, көңүл ачытырып бергени
150 000 евро турат.
Белгилүү ырчыларыбыздын бири Айчүрөк Иманалиеванын шаар ичиндеги гонорары 200$ жогору. Коңшу Алмата, Россия, Казакстан шаарларына барганы 2000$ өйдө. М: Жамбулдун губернаторунун тоюна барып 3000$га ырларын аткарган.
"Нарынга жазган салам кат" деп ырдап, элдин жүрөгүнөн орун алган ырчы кызыбыз Ненанын гонарарына кызыккандар көп болсо керек Ненанын ырдоо акысы шаар ичинде 300-400$, Ош, Жалалабат 500$, коңшу шаарларга 1000$ жогору.
Орус музыкасынын королевасы Алла Пугачёва Екатеринбургдун Свердловск шаарына барып, бир жарым саат ырдап бергенине 100 000$ алган. Бүгүнкү күндө гонорары эки эсеге көп.
"Гонорар менен жашайбыз" деген ырчы айым Айя Садырованын бир ыры 200$ турат.
Мыкты ырчылардын бири Филипп Киркоров Барселонага барып, үч ыр ырдап бергенине 50 000$ алган. Негизги гонарары 70 000$ жогору.
Элдик ырларга жан берип мукам үнү менен элдин жүрөгүнөн орун алган Гүлзат Байзакованын шаар ичиндеги гонорары 100-500$га чейин.Ош, Алматага 1000-1500$ ды түзөт..
Ырчы айымдарыбыздын бири Айжан Газиеванын гонорары башкалардан калбай шаар ичине 300$дан өйдө. Ош, Жалал-Абадга 600$ турса, коңшу шаарларга 1000$дан жогору.
Сайт жөнүндө: ► Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат. ►Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген. ► Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте: ► На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты
в виде электронных подшивок данных газет. ► Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции указаны на главной странице конкретной газеты. ►Принимаются заказы на публикацию частных статей.