Сахаранын борборунан орун алган Чад Республикасын түндүгүнөн Ливней, батышынан Нигер, Камерун, түштүгүнөн борбордук Африка Республикасы, чыгыштан Нигерней курчап турат. Чад Республикасы 1Х кылымга таандык, ал мезгилде мусулмандардын уруулары отурукташкан. 1960-жылы Эгемендүүлүктү, 1962-жылы конституцияны кабыл алышкан.
Калкынын саны 9,5 млн адам. Өлкөдө 200дөн ашуун башка улуттар жашайт, алардын 11%ын арабдар түзөт. Чад деген сөз "Чоң суу" дегенди түшүндүрөт.
Аянты 1284 миң. кв. км. Борборунун эски аты Фарт-Ломинин болгон. 1900-жылы француз экспедициясынын жетекчиси Фарт-Ломининдин атынан коюлган. Кийин 1973-жылы Нджамен деп өзгөргөн.
Мамлекеттик тили - француз жана араб. Аба ырайы +35 градус Сдан +50 градус Сга чейин.
Географиялык белгилери
Чад Республикасы 18 регионго бөлүнөт: Бата, Борку-Эннеди-Тибести, Шари-Багирми, Гуэра, Хаджер-Лами,Канем, Лак, Батыш Логоне, Чыгыш Логоне, Мандул, Чыгыш Майо-Кеби, Батыш Майо-Кеби, Ортоңку Шари, Вадаи, Саламат, Танджиле,Вади Фира, Виль Нджамен.
Дини
50%ы мусулмандар. . Алар түндүк Нджаменде отурукташкан.
35%ын христиандар ээлейт.
15%ын жергиликтүү ырым-жырым, салтты кармагандар түзөт.
Маданияты
1964-жылы басма агенствосу түзүлгөн. Учурда Нджаменде төтр журнал чыгат. Мындан сырткары Улуттук "Республика Чад" деген газета чыгып турат. Ошондой эле араб жана француз тилинде ар кандай телеберүүлөрдү көрүшөт.
Мамлекет башчысы
1990-жылы декабрь айында тактыга турган президент, генерал-лейтенант Идрис Деби. Ошондон бери президент. Президенттик шайлоо беш жылда жүргүзүлөт. 155 депутат бар, алар төрт жылга шайланышат. Премьер-министри Юсуф Салех Аббас 2008-жылы
21-апрелде шайланган.
Тарыхтагы согуш
1967-1988 жылы "граждандык согуш" башталган. 1977-жылы бийлик башында турган Томбалбайтенин ордуна Феликс Маллума келген. 1978-жылы Хартума шаарынан тынчтык келишимине кол коюшуп согуш аяктаган.
Бүгүнкү абалы
Бир жыл ичиндеги өлгөндөр 16дан 1000ге чейин (жаш балдар 99дан 1000ге) чейин катталган.
Төрөлгөндөр 41 ден 1000 чейин, анын 5,3%ы кыз кишилер.
Орточо жаш узактыгы эркектер 45 жаш, аялдар 49 жаш.
ВИЧ оорусу менен ооругандар 3,5%ды түзөт.
Билимдүүлүгү: эркектер 40%, аялдар 12%.
Эң начар турган жана кир он өлкөнүн ичиндеги мамлекетке кирет.
Сайт жөнүндө: ► Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат. ►Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген. ► Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте: ► На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты
в виде электронных подшивок данных газет. ► Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции указаны на главной странице конкретной газеты. ►Принимаются заказы на публикацию частных статей.