|
Кыргыз гезиттери Кыргызский газеты |
Кыргыз китеп |
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
Бокс Өткөн ишембиде Лос-Анжелесте (АКШ) украиналык боксчу Виталий Кличко америкалык Крис Арреолду жеңип, WBC версиясы боюнча чемпиондугун коргоп калды. Оюн баштан аяк Кличконун үстөмдүгү астында өтүп, "бөрү карый электиги" байкалды. 10-раундда Арреола тараптан ак желек ыргытылып, натыйжада ал техникалык нокаут менен утулду да, көз жашын көлдөткөн бойдон рингден узады. Белгилей кетсек, IBF жана WBO версиясындагы чемпиондук кур да Виталийде. Ал эми WBAны россиялык Николай Валуев тагынып турат. Формула-1 Британиялык Льюис Хэмилтон өзүнүн "Макларени" менен чемпиондук наамды багындырды. Бул анын быйылкы сезондогу экинчи жеңиши. Мелдеш Сингапурда өткөн. Теннис 38 жаштагы япониялык Кимико Дате-Крумм 13 жылдык тыныгуудан соң кортко кайтып келип, натыйжада жеңишке жетишти. Ал финалда испандык теннисчи Анабель Мединаны 6:3, 6:3 эсебинде артка калтырган. Бул Кимиконун карьерасындагы 8-жеңиши. Шахмат Өткөн бейшембиде Валенсияда (Испания) легендарлуу гроссмейстерлер Гарри Каспаров менен Анатолий Карповдун юбилейлик беттеши өттү. Мында 9:3 эсебинде Каспаров жеңишти камсыз кылды. Экөө мындан 25 жыл илгери да кезигишип, анда Карпов жеңсе, кийинки таймаштар (1985-86-ж.ж.) Каспаровдун пайдасына чечилген. Эми Карпов декабрда Парижде өтчү беттештен өчүн алмакка камдана баштады. Фехтование Үстүбүздөгү жылдын 30-сентябрынан 8-октябрына чейин Түркиянын Анталья шаарында фехтование (кылычташуу) боюнча дүйнө чемпионаты өтөт. Депутаттар чемпионаты Европа өлкөлөрүнүн парламент депутаттары 1-5-октябрда, Москвада спорттон күчүн сынашат. Т.а. стол, чоң теннис, шахмат, мини-футбол, волейбол жана кросс боюнча өлкөлөрүнүн намысын талашат. Буга 150дөн ашуун парламентарий катыша тургандыктарын билдиришкен. өлкөбүздө "Дордой-Динамо" АФК кубогун жеңе албай калды Кыргызстандын беш жолку чемпиону, нарындык "Дордой-Динамо" Азия футбол конфедерациясынын президентинин кубогун быйыл дагы жеңе алган жок. Мелдеш Тажикстандын Турсунзаде шаарында болгон. Финал курч мүнөздө өтүп, кыргыз футболчуларынын чабуулдарынан эч жыйынтык чыккан жок. Натыйжада оюн 2:0 эсебинде тажиктердин пайдасына аяктап, биздикилер вице-чемион болушту. "Дордойчулар" буга чейин эки ирет (2006-2007)бул мелдештин жеңүүчүсү болгонун эсиңиздерге сала кетели. Спортчулар күнү белгиленди 30-сентябрда Кыргызстанда спортчулар күнү белгиленди. Спорт Ордосунда өткөн иш-чарада кыргыз спортуна эмгеги сиңген ардагер спортчулар түрдүү белек, акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Футбол 4-сентябрда футбол боюнча Республика кубогунун финалы өтөт. Анда оштук "Алай" жана канттык "Абдыш-Ата" командалары мөөрөй талашат. Чечүүчү беттеш Ошто, же Канта өтүшү күтүлүүдө. Суу спорту Тегеранда (Иран) өткөн Азиянын XIII чемпионатында кыргызстандыктар коло медалдарга татышты. Алар каноэ жана байдарка менен 500, 1000 жана 5000 метрге жарышка чыгышкан. шайтан араба Швейцариянын Мендризио шаарында өткөн веложарышка дүйнөдөгү эң күчтүү спортчулар катышып, 50 км жеке жарышта 66 спортчу мөрөй талашты. Бул аралыкты кыргызстандык Евгений Ваккер 1 саат 3 минута 26 секундада басып өтүп, биринчиликтин чемпиону болгон Фабиана Канчеллариден 5 мүнөт артта калган. күрөш 21-27-сентябрда эркин, грек-рим, жана аялдар күрөшү боюнча Данияда дүйнөлүк чемпионат өттү. Тилекке каршы, мында кыргызстандык балбандар бир дагы медалга ээ болушкан жок. Ага Б.Базаргуруев (4-орун), Р.Түмөнбаев (16-орун) жана К.Бегалиев (28-орун) сыяктуу белдүү балбандарыбыз катышкан эле.
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
Кызык макала
|
|
|
| ф | |||||||||||||