|
Кыргыз гезиттери Кыргызский газеты |
Кыргыз китеп |
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
Сыйыртмак "Проклятая земля, где не умеют ни составить заговора, ни судить ни вешать!" Кондратий Рылеев (Уландысы. Башы өткөн санда) Бирок, бир нерсе айкын: азыркы Кыргызстан коммунисттер партиясынын аты бар, заты нөлгө тете. Партиянын активи совет түзүлүшүн мындай кой, "могикандардын акыркы" лидери Апсамат Масалиев менен бирге "көз жумган". Социалдык базасы жок, каражат, кадыр дегенден куржалак партиялар Кыргызстанда кадам сайын бутка чалынат, ал ошолордун бирине айланган. "Генетикалык эстутум" дегенде, коммунисттер өткөн режимин тирилтүү аракетинде сыяктуу каңкуу айткым жок. Анткени, азыркы Коммунисттер партиясынын арасындамын дегендер ал режимди түзүү аракетин жасамак түгүл, анын чын эле артыкчылыгын оозанууга жүрөгү даабайт. Тек, парламенттеги Коммунисттер фракция деген тери жамынган 5 депутат үчүн Бакиев режиминин койну "кышта жылуу, жайда салкын". Себеби, режим аларды демократия оюнунун куурчагы катары парламентке …өтөн зордукка салып отургузуп койгонун көздүүлөр көрдү, кулактуулар укту. Совет бийлиги деле ошентчү. Тескерисинче, президент Бакиевдин өзү, ал түзгөн режим өлкөнү коммунисттик "концлагерге" айдап кирсек дегенде эки көзү төрт. Алыс барбай кечээки шайлоону алалы. Шайлоонун арам жол менен өтүп жатканына акаарат айткан калк катмарын мынчалык массалык дегидей камап, сабоо, Конституциялык түзүлүштү кулатууга аракет жасаган деген 1937-жылдын музейинен алгансыган айып тагып, сотко кестирүү, ага каш кайтаргандарды өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз кылуу дегеле Кыргызстандын шайлоо тарыхында болгон эмес. Куралдуу күч сүрүнөн, аёосуз репрессиядан караламан калк бат эле алаңдап каларын азыркы бийлик алиппедей билип, кыныгын алды. 2007-жылдын апрелиндеги митингди атып, камап, бирин -экисин "тап душманындай" кестирип тазалагандан бери. Кыныгын алды дегеним, эми Бакиев режиминин калдайлары калк кыймылын басуунун орто кылымдагы ыкмаларын олуттуу сунуш кылууда (анын эмнеси бар, "мекенчилбиз" дегендер деле элди патриархал түзүлүшүнө үндөп атпайбы дээрсиз, анын да жүйөсү бар). Эсеби маселең, кечээки жыйынында Коопсуздук кеңешинин секретары Адахам Мадумаров динди таза сактоо үчүнбү, айтор бир маселеден улам: "Камчы жетишпейт, хороший бир камчы жетишпейт башка чапканга!" деп тишин сынгыча кычыратты. Анын "өлүм жазасын кайрадан кийрүү керек" деген сунушун сүрөй чапкан бир кезде канга белчесинен баткан орган - НКВД, КГБ, азыркы УКМК төрагасы,генерал Суталинов ал жазаны кантип аткаруу керектигин ашкере элестетүү сүрөттөп өттү: " Аянтка чыгарып, элдин көзүнчө өлтүрүү керек,- деди ал.- Ошондо 2-3 күндүн ичинде мамлекеттик тартип орнойт". Бирок дөңгөчкө башын жастап, айбалта менен чаап өлтүрүүбү же асып салуубу, аны Мадумаров сыяктуу конреттештирген жок. Адахам Кимсанбаевичтин бир артыкчылыгы: жаза колдонуу ыкмасын ардайым конкретүү айтат. Эсеби маселең, кыргыз өкмөтүнүн 2006-жылдагы апрель кеңешмесинде: "өлкөнү криминалдан арылтуу үчүн… эчнерседен коркпогон адамдардан куралган ыктыярдуу отряд түзөлү да, бандиттерди кармаган жеринен сураксыз, сотсуз, мээлебей эле атып салуу укугун берели" сунушун киргизген. Дөөлөткө жаңыдан мас боло баштаган Мадумаров анда өлкөнүн вице-премьер-министри болучу. "Туурабы, тура эмеспи деп мыйзамды карап отурсак, бизден эчнерсе чыкпайт, өтөле "мыйзамчыл" болуп кеттик" деп күпүлдөгөн ал. Сот, сураксыз Сталин да бир кишини аттырган эмес, ошону эске алдыбы, кыргыз бийлиги анткен жок. Каш кайтаргандын баарын өзүнө толук көзкаранды, чөнтөк, жөнтөк сот системасынын колу менен жайлап атыр. Мадумаров сунуш кылган мыйзамсыздык жагынан Бакиев режими оңой менен алдына башка мамлекет салдырчу түрү жок. Байкап атасызбы, кудум Рылеев айткандай, Кыргызстан кылмышкерлерди кармоонун да, соттоо, жазалоонун да жолун таппай атыр. Жазалоону аз да болсо гумандаштыруу үчүн темирдей тартиптин тигил эки "сакчысына" мүмкүн гильотинаны (баш алгыч машине) кийирүү зарылдыр. Тарыхтан билебиз, Т. Исмаилова, А. Абдырасулова сыяктуу ал кездеги "хронический" адам укугун коргоочулардан гильотинаны ойлоп чыгарган француз доктору Ж. Гиотен канынан жаралган "перизентин" мындай мааниде коргогон: дарга асуу же айбалта менен баш алууга караганда, атчабым мыкты айырмасы-бул ишти кирпик ирмегиче бүтүрөт, эң негизгизи, желдеттин көңүл-көөнүнө көзкаранды эмес. Кыйгыл сөз кыйгылы менен. Байкаган адамга бизге караганда Россия менен Казакстанда Коммунисттик партиянын эл арасында аз да болсо, таасири, кадыр- баркы бар. Айрыкча Россияда комуюм символ, лозунг, идея, идеологиялык концепциясын унутмак түгүл, аларды сын көз менен карап, алчусун алып, кошчусун кошуп, мезгилге жараша байытып жатат. Ошону менен бийлик саясатына таасир этип, бери дегенде калкты минималдуу болсо да социалдык коргоо, минималдуу болсо да социалдык акыйкатты талап кылууда. Бизде элдин, демек өз электоратынын (эгер болсо?) таламын талашайын деген Компартия фракциясы жок. Тескерисинче, алар андай таламдарга бут тосо турган кандайдыр бир күчкө, бийликтин тескери иштеринин "тез жардамына" айланды. Мисалы, кечээ митинг, пикет, демонстрация өңдүү демократиялык процедураларга Акаев режими чектөөгө аракет жазаса, атасы да, өзү да ага нараазы болуп, андай Конституциялык "жапайычылыкка" каршы коомчулукту козутуп, үндөп жүргөнсүгөн Коммунисттер лидери Исхак Масалиев Бакиев режимине андай аракеттерди "тап душманындай" тазалоого шарт түзгөн мыйзам долбоорун түзүп берди. Президент ичинен кымылдап кол койду. Же кечээки депутат Кубанычбек Кадыровду колтийбестик иммунитетинен ажыратуу процессин алалы. Парламент ага формалдуу болсо дагы комиссия түзүп, анын башына Коммунисттер фракциясынан Х. Коркмазовду дайындаган. Процедура боюнча комиссия ишти бир ай ийне-жибине чейин изилдеп, анын жыйынтыгын пленардык кеңешмеде талкуулап, андан соң "акжолчулардын" "алаканына" салып бермек. "Акжолчулардын" дегеним, Бакиев режими бары бир көксөгөнүнө жетмек. Коммунисттер көзөлү ушул жөнөкөй ишти да абийирге камчы чаппай аткарганга жараган жок. "Беш жылдыкты төрт жылда" деген ыкма менен 4-5 күндө чүргөй салып, ЖК колуна салды. Комиссия ийне-жибин мындай кой, окуя болгон жерге барып же "төңкөрүшчү" Кадыров менен жабыр тарткандардын бирөөнөн да сурап койбогонун КСДП фракция депутаттары айтып чыкты. Депутат Кадыров менен камакта соттолуп аткан 19 адамды аса турган "сыйыртмак" кумдан эшилгенин коомчулук ошондо эле эскерткен. Сот процесси жүрүп атат, ал өткөн сайын аларга коюлган айып кумдай эшилип түшүп атканын ММК билдирүүдө. Эсеби маселең, бул "зөөкүр" депутат Балыкчы шаар милийсаларынын башы Каныбек Дегембаевдин чыпалагын сындырды деди эле, ал сот сурагында ким сындырганын билбей калдым деген имиш, кийин аларда таптакыр доом жок деп чыгарыптыр. Баса, бул бийлик табынын кылычын чапкандар тараптан сынган экинчи чыпалак. Биринчиси- Акаев үчүн жан берүүдөн кайра тартпайм деген экс-депутат Токон Шайлиеваныкы болучу. Тагдырдын тамашасын кара, аны экс-коммунист депутат Ишенбай Кадырбеков "сындырганы" менен Акаевдин "чөнтөк" парламенти аны депутаттык колтийбестиктен айырган эмес). Экинчиден, айыпталуучулар алгачкы көрсөтмөлөрүн 37-жылдагыдай кыйноо жолу менен алынганын айтса, айрым күбөлөр айткан-дегенинен таптакыр эле баш тартып атыптыр. "Төңкөрүшчүлөр" талкалап кетти деген мектеп деректири, Өзгөчө кырдаал министрлигинин шаар жетекчиси койгон дооматынан баш тартканы дайын болду. Шаардын шайлоо комиссиясы эчким шайлоо жүрүшүнө тоскоол болбогонун билдирди ж. б. Айрым укук коргоо уюмдары (м., "Жарандар коррупцияга каршы" бейөкмөт уюмунун жетекчиси Т. Исмаилова) бул иш Аксы окуясы сыяктуу эле күч органдары уюштурган провакация экендигин жарыя айтып чыкты. Укук коргоо уюмдары демекчи, "МСН" гезити (18. 09.09) Балыкчы окуясы менен депутат К.Кадыровдун ишине байланыштуу бийлик саясатын "калемди штыкка алмаштырып" коргоп чыкты. "Океандын аржагынан келген долларларга оозу булганган "Кылым шамы", "Жарандар коррупцияга каршы", "Демократия жана жарандык коом үчүн" каолициясы, "Интербилим", Акыйкатчы алдындагы укук коргоо кеңеши (карасаңар, баягылар) өңдүү укук коргоо уюмдары эл өкүлдөрүнө каардуу кат менен кайрылды" - деп санап келип, алардын мыйзамды сактап, Конституциялык түзүлүштү коргогон мамлекеттин күч органдарын эмес, "төңкөрүшчүлөрдү" коргогону үчүн аз айып, көп күнөөгө жыкты. Мен албетте, гезит менен талаш, талкуу жүргүзгүм келбейт. Аркимдин өз түшүнүгү, пикири бар. Тек, мен бул жерден эскирип бараткан бир жагдайды гезиттин баш редактору Александр Ким менен шеф-редактору Рина Прижвойттун эсине сала кетким келет. Акаев режими алар иштеген "Вечерний Бишкекти" бүт тармагы, миллиондору менен тартып алып (адагы мыйзамдуу делинген, бүт инстанциялардан өтүп, Жогорку сотто бекиген), баш редактору А. Ким куугун-сүргүнгө калганда да, ал жамааттын А. Ким, Р. Прижвойт башында турган чакан тобу "Моя столица", "Адвокат" гезиттерин ачып, алар бийлик кысымынын алдында жабылганда да, ушул эле "МСН" гезити Акүй "замбирегинин" астында калганда да,"МСН" журналисти бизди көзгө сайып көрсөтүп аткан "баягылар", же "океандын аржагынан келген долларларга оозу "булганган" ушул уюмдар коргоп чыгышкан, коргоп турушкан. Апыртпасам, кудум дзотко төш тоскондой. Аны башкалар билбесе да мен урматтаган Александр Александрович менен Рина Нигматовна билиш керек эле. Адам эстутуму ушунчалык кыскабы, алдырган ашы кайрадан оозуна тийгенде эле унутуп калабы? Бул-бир. Экинчиден, Акаев режими биздин "Асаба" гезитин Усубалиевдин колу менен тартып алган. Соттун күчү менен банкрот жарыялатып, болгон мүлкүбүздү талап кеткен. Кийин биз "Агым" гезитин ачып, "океандын аржагынан келген" узунбу, кыскабы, "доллардын" жардамы жана окурмандардын күчү менен бутубузга турганбыз. Азыр "МСН" мурдун чүйрүп аткан "океандын аржагынан келген" андай "ырыскыны", эгер эсимден жаңылбасам, "МСН" гезити эки-үч эсе көп алгансыяктанды эле. Сөзгө алакачтырып жибердик өңдөнөт. Россия коммунисттик партиясы эмнеге эске түштү? Партия лидери Геннадий Зюганов мындан биртоп жыл илгери "Наш современник" журналынын (№11,1997) "тегерек үстөлүндө" өздөрүнүн кийинки позициясын минтип таамай белгилеген: "КПССти үч фактор күмжам кылды: менчик монополиясы, бийлик монополиясы, чындык монополиясы". Бул эмне дегендик? Байлык, бийлик, чындык бир топтун же бир кишинин колуна өтсө, кайсы бийликтин болбосун башын жутат деген кеп. Бүгүн болбосо эртең, эртең болбосо бүрсүгүнү, бүрсүгүнү болбосо качандыр бир. Аны каруусу кабат-кабат КПСС тажрыйбасы ырастады. Аны Акаев бийлигинин аянычтуу бүткөн акыркы жылдары аныктады. Булардан Курманбек Салиевич эң сонун сабак, билим алса болмок. Антпеди. Акаев түзүп кеткен бийликтин эле эмес, бүт мамлекеттин түбүнө жетер синдромду 2-3 эселеп күчөттү. Эмне үчүн бир ирет ооз күйгүзгөн ашка экинчи ирет даңгыраган жол ачтык? Демократиябыздын чабалдыгынан. Эмне үчүн чабал? Менин жеке байкоомдо, элибиздин аң-сезимдүү катмарынын дээрлик баардыгы коркок, кошоматчы. Бийликке кулдук уруунун, куру даңаза кылуунун советтик менталитетинен арылылек. Аскар Акаевич бийликке келген алгачкы жылдардагы демократия өнүмдөрүн өстүрөлү, өнүктүрөлү дегендер саналуу болуп чыкты. Алар дагы иш жүзүндө эмес, сөз жүзүндө. Ошентип образдуу айтканда, демократияны Акаевдин айбалтасынан алып калабыз деп, Бакиевдин сыйыртмагына салып бердик. Сыйыртмактан кантип чыгарабыз аракетин аркалоо ордуна орус, казак авторитардык бийлигин туурап, демократияны өз жолубуз менен, б. а., кыргызча демократия курабыз деп атабыз. Конституциянын үстүнөн дагы бир институттарды ачуудабыз. Анүчүн ашынган "мекенчилерибиз" коомдук өнүгүштүн феодалдык-патриархалдык жолун сунуш кылууда. Дагы бирөөлөрү дагы бирдемени. Бул эми анекдоттогудай кеп. Мышыгы жоголгонуна ыйлап басылбаган баласына атасы айтат эмеспи: мына, жаңы күчүк сатып келдим, мүмкүн "мыёолоп" жиберер. А. Мадумаровго окшогон ашынган "мамлекетчилер" күчтүү бийлик зарыл деп атыр. Аны түшүнсө болот: эртең таланып-тонолгон, камалып-зордолгон миңдеген калк көчөгө чыкса, кайсы бийлик токтотот, ал тополоңго айланса кайсы күч ооздуктайт?.. В. В. Путин башында турган Россия бийлиги ошону эске алган. Жаңы президент Дмитрий Медведев жакында Россиядагы абалды ачык айтты, демократия жоголгондон жоголуп барат, жаңы технология, техника, илимден артта калдык, жалаң нефть, согуш техникаларын сатып жан багуудабыз маанисинде. Дагы айтам, өсөөр эл өзүн ушинтип камчылайт. Экинчиден, оппозиция саясый ишмердикке дагы профессионалдуулуктун зарылдыгын түшүнбөй койду. Күрөш логикасы улуттук-мамлекеттик кызыкчылыкка байланганда, аткаруу бийлигинин, мейли президент ишмердигин баалодо ошол критерийден тайбаганда гана эл артынан ээрчий турганы менен эсептешкен жок. "Акаев кетсин!" же "Бакиев кетсин!" урааны менен бириккен оппозиция эртең эле урап түшөрүн тажрыйба тастыктаган, бу шайлоо андан бетер ашкереледи. Оппозиция бусаам да мейли, экономика, ички, тышкы саясат, эл турмушу ж.б. тууралуу толгон-токой бийлик саясатынын логикасына каршы логика, аргументине каршы аргумент, функциясына каршы функция койалбады. Жалдап алган гезиттери өздөрү жыйын сайын жажалаган сөздөрдү , ашкана, ишкана ушактарын, анан "ура!", "жашасын!" деңгээллиндеги чакырыктарды жарыялооо менен чектелди. Олуттуу, ишенимдүү анализдер болгон жок, бийлик берген убадалар, конкреттүү тапшырмалар кандай аткарылганын эчким сурабады. Болгону бир адамга, бусаам Курманбек Бакиевди жектөө үгүт-насааты гана оппозиция иш-аракетинин өзөгүн түздү. Эң кызыгы, Бириккен кыймыл, элдешкис оппозиция дегендердин биринин да өз гезити жок. Телерадио каналдарды бийлик бердирбей жатыптыр, аны эсепке албайлы. Ал эми бийлик табы эмне кылды? Басмасөздүн көпчүлүгүн сатып алды, көпчүлүгүн нейтралдаштырды. Саясый технологдор ушинтип иштейт. Ушуга байланыштуу деталь. Канчалык калп-чынына кепил болбойм, бир редактор "түбөлүк" оппозициячы Өмүрбек Текебаевге гезитин сунуш кылыптыр, жардам бергиле, силердин партиянын органы кылып чогуу чыгаралы маанисинде. Анда Өмүрбек Чиркешович шайлоо болордо биз өзүбүздү листовкалар, плакаттар менен эле жеткирип алабыз деп болбойт имиш. Элге жетүү, идеяга ишендирүү, тартуу жолу албетте, мындай болбойт. Дегинкиси, оппозиция бир иш баштарда анын аягы эмне менен бүтөрүн да ойлонсо, өткөн шайлоолордон соң соодасы бүткөн сарттай акыбалда калмак эмес.
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
Кызык макала
|
|
|
| ф | |||||||||||||