Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
   Кыргызский газеты
Кыргыз китеп
ggle_v

Жанызакка келген каттар жана Жанызактын кайрылуулары
email  •  архив
Кайрылуу каттары
жана келген каттар:

Россиянын жарандыгын алган кыргыз патриот болбой калабы?...
Орус атуулдугун алган кыргыздар кийин Кыргызстанга келсе киргизеби?...
“Учур” гезитине айтып койгулачы...
Айгүл ШАРШЕНдин китептерин кантип сатып алам...
“Колжазма терем” дегендерге жумуш бар...
Кыргызча китептерди окугум келет, бирок тамгалар башкача чыгып калып жатат...
Кайсы диндесиз? Сайтка китеп чыгарса болобу?
Ушул сиздин сайтыңыздагы рекламалардан канча акча табасыз?
Жибербеген тыйынды “жибердим” дебегиле...
Бермет менден бир китеп сураптыр...
Жанара бизден “Тамчы” гезитиндеги материалды сураптыр...
Арабаев университетинен Жанызакка кат келиптир...
Адабий китептин биринчи бетине жаш жубайлардын ажайып сүрөтү керек......
"Кытайлык деле эмесмин, кыргызстандык элемин" деп жазыптыр Нурзада...
"Текебаевдин видеосу бар дебедиңиз беле..." деп сураптыр Меймансаптан бирөө
"Мидиндин эшек дептеринде" эмнеге "Мидин" дегенибиз "Жапар" делинип калган" дейт...
"Кыргызстанда кайсы мектеп жакшы, кызым быйыл мектепке барат эле" дейт...
Жуңгодогу “Актилек“ сайтынын ээси кечирим сурады...
Супсулууну кой, "Обонду" таппай жатыптыр...
Жуңгодогу (Кытай) “Актилек“ сайтынын “ууру“ кыргыздарына эскертүү...
Жуңго кыргыздарынын “Актилек” сайтына..
"Заман Кыргызстан" гезитине тергич тууралуу түшүндүрмө кат..
Реферат сураган экен..
Кытай кыргыздарынан ризограф сурадым эле..
Деректирдин емейл дарегин сураптыр..
Кытайлык кыргыз кызы Нурзада Расул кызы Айгеримге нааразы..
Ашкере динчилден кат келиптир..
Сулуу кыз менен таанышат элем дейт..


Поиск
Керектүү материалды ушул жерден издегиле:
ggle_h

  Шалаакылык шардана болду

№64-бала бакчанын тамак-ашынан курт чыкты
Бүгүнкү күндө бала бакчалардын санын көбөйтүү маселеси көтөрүлгөнү менен алардын санитардык абалына, тарбиячылардын тажрыйбасына жана билим деңгээлине анча деле көңүл бурулбай келет. Азыркы учурда жеке бала бакчалардын саны көп болгондуктан, мамлекеттик бала бакчалар көз жаздымда калууда. Ушундан улам мамлекеттин акырынан жем жеген бала бакчаларда абал күн сайын оорлоп баратат. Буга Бишкек шаарындагы №64 балдар бакчасынын чыр-чатагы мисал боло алат.

23-сентябрь күнү Ахунбаев жана Белинский көчөсүндө жайгашкан №64 бала бакчада түшкү жана кечки тамактанууда балдардын тамагынан ата-энелер сойлогон курттарды табышкан. №64 бала бакчасынын 1-бөлүмүндө 50дөн ашык бала тарбияланат. Аларга азыркы учурда көп көңүл бурулбай, ата-энелердин нараазычылыгы күч алууда. Себеби, айрым тарбиячылардын жогорку билими жок болсо, айрымдары балдарга аяр мамиле жасоону билишпейт. Ошондуктан, алган маяналарын актабайт дегенге негиз бар. Ата-энелердин айтуусу боюнча, бала-бакчаны бизнеске айландырып алышкан. Албетте, ар бир ата-эне баласын бакчага эмес, өз алдынча таалим-тарбия берип, чоңойткусу келет. Бирок, аркандай көйгөйлөргө байланыштуу баланы бакчага бергенге аргасыз. Ал жерде жакшы шарт түзүлгөн деген ишеним менен балдарын тарбиячылардын колуна тапшырышат. Өз убагында төлөмдөрүн төлөп, андан сырткары жөлөк иретинде колдоо көрсөтүп турушса да, бул бала-бакча оңолуу жолуна түшалбай койду. Санитардык көзөмөл өтө начар жана тазалык сакталбайт. Ошону эле улай тарбиячылардын балдарга болгон мамилеси ата-энени канааттандырбайт.
Жоопкерчиликсиз тарбиячылардын кесепетинен балдар ар кандай оорууларга чалдыгып, инфекциялык ооруканаларга жеткирилген. Балким мындай далилдер ачыкка чыкпаса, курт аралашкан тамактан балдардын өмүрү тобокелге ташталмак.
Гүлжан Нурлан кызы: Менин кызым - Алина. Бул бакчада бир айдан бери тарбияланат. Кызым тарбиячысы Чолпонбаева Гүлзананы кол көтөрүп, орой мамиле жасаарын айтып даттанат. Эң кызыгы, бул тарбиячынын тиешелүү ( талап кылынуучу) педагогикалык билими жок. Айына 700 сомдон тышкары, ремонтко 550 сом, башка майда -чүйдөгө деп 300 сом төлөйм. Эки жума мурун ашканасына кирип, балдарга делген тамактарын жеп көрдүм. Даам дегенден эч нерсе жок. Чоң адамдар жегиси келбеген жагымсыз тамакты жаш балдар кантип жешсин?
Урмамбаева Венера: - Кызымдын аты- жөнү - Нурдин кызы Фатима. Ушул №64 бала бакчанын 1-бөлүмүндө тарбияланат. 23- сентябрь күнү перловка тамагынан курт чыкканына күбө болдук. Ошондон бери кызым бакчага барбайм деп ыйлайт. Алдап-соолап, бирдеме сатып берип жатып, араң алпарып жатабыз. Анын үстүнө кызымдын жүрөгү ооруйт. Тарбиячыларга куртту көрсөтүшсө, куртун алып коюп жей бергиле дептир. Сиздерден суранычыбыз, биздин бала-бакчанын абалына көзөмөл кылууга жардам берсеңиздер.

Нусупбаева Райхан: Менин балам бул бакчага сентябрь айынын башынан бери келет. Биринчи эле күнү баламды группасындагы бир бала таш менен башка уруптур, башында шишиги менен келди, тарбиячысы бөлүмдөгү 60 баланын кайсы бирин карап жетишейин деп алакан жаят. Бакчанын жетекчисин көргөн жан жок. Анын ордунда дайыма кандайдыр бир орун басар отурат. Даттанып барсаң, жакпаса жеке менчик бакчага алпар дейт камырабай. Албетте, андай мүмкүнчүлүгүбүз болсо бул жерге келбейт элек да.
Осмоналиева Кульзат: Менин үч жана беш жаштагы эки балам ушул бакчада тарбияланат. Ар бирине айына 700 сомдон тышкары ремонт, майда чыгымдарына жана альбом, дептер деп отуруп, дагы 700 сомдой төлөйм. Балам кайра-кайра сууктан ооруй бергенинен, кошумча жылуу плед сатып келип бердим. Аны да жамынтпай, жада калса пижамасын да кийгизбейт экен. Эмне кылышым керек? 25-сентябрь күнү кызымды алып кеткени келсем , ал 39, 6 градус температура менен ооруп жүрүптүр. Бакчанын доктуру кайда карап жүрөт, түшүнбөйм. Беш жаштагы уулум инфекциялык ооруканада жатып чыкты.
Бул туурасында бала бакча жетекчилерине кайрылып, алардын да пикирин билүүгө аракет кылдык. Жетекчиси Кенжетаева Дамира Макеевна ордунда жок болуп чыкты. Ата-энелер көп даттанган Гүлзана Камчыбековнанын айткандары бул: "Мындай көйгөйлөр болуп келген жана боло берет. Менин бөлүмүмдө 2-3 жашка чейинки бөбөктөр болгондуктан, ар бирине өзгөчө мамиле кылганга аракет кылам. Курт чыкты деген ата-энелерге түшүнбөйм, анткени балдар жеген тамакты биз дагы жейбиз. Бизде башка бакчаларга караганда абал дурус деп ойлойм. Эртең менен каша, түштө биринчи жана экинчи салаты менен, кечкисин кайра каша менен узатабыз.

Ата-энелердин айтуусунда даярдоо бөлүмүнүн тарбиячысы Казакова Рита Аскаровна жумушка жаңы келген. Ушул бакчада тарбияланган өз баласына курт чыккан тамакты жедирбей койгон. "Бирок, ушул туурасында сураганыбызда "менин балам бул бакчада эмес" деп, кайра оозунан жаңылып "ооба" деп оңдоп жооп бере алган жок" деп ата-энелер айткан сөздөрдүн баарын четке какты.


Даярдагандар
Нургүл ИБРАЕВА,
Асель ЖАМАЕВА




ggle_v

кыргыз тилиндеги гезит "Апта"
email • архив • редакция 
1-октябрь, 2009-ж.:
1-бет
Жоголгон депутаттын сөөгү табылды
2-бет
Сыйыртмак
3-бет
"Жаңырык ПРЕСС"
Сабыр кылыңыз, Сарыгулов мырза!

4-бет
Эрендерге элден баа
5-бет
№64-бала бакчанын тамак-ашынан курт чыкты
6-бет
"Күйөөмдү тааныбай туруп, турмуш кургам"
7-бет
Кыргызстанда репрессия оту тутандыбы?
8-бет
Өлкө башкарган айымдар
9-бет
"Ала жипти аттаса кечире албайм"
10-бет
Муфтият кайдан, кантип пайда болгон?
11-бет
"Журналист талыкпай эмгектениши керек"
12-бет
Таланттын наркы бааланып…
13-бет
ЧАД Республиканын пайда болушу
14-бет
Бокс
15-бет
Кыргыз ашканасы
16-бет
Улан Качкыналиев, ырчы:
"Балким, дагы үч нике тургандыр"

ggle_v

oh_kaptal
WebMoney кошелек:
Z189154646502
R429713653063

Яндекс цитирования

Орусча - по-русски:
 •  Бесплатные уроки...
 •  Про кырг._раскладку
 •  Про кырг._шрифты
 •  Про меня

Курс валют
Курсы валют к сому


Тагыраак көрсөткүчтөрдү
Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >>


Эркин макалалар
Макала, чыгарма, жарнама...
Алексей Рощин
Лучший Президент

Назаралиев Ж.
Курманбек Салиевич Бакиев, тур ордуңдан, сот келатат!

Турсунбай Бакир уулу
"Мой курс - отстранить родственников президента от власти"

Назаралиев Ж.
Курманбек Бакиев кимди мураскер кылып калтырат?
Кого Курманбек Бакиев назначит преемником?


Гезиттердеги кызык макалалардын топтому
Кызык макала
Курандын да, Манастын да атын булгап...
Өлкөбүз "көкмээлер аралчасына" айланабы?
Дин жана дил:
1-макала
2-макала
3-макала
Чыңгыздын айымдары:
1-макала
2-макала
3-макала
4-макала
5-макала
6-макала


bottom
Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызак:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!

ф