![]() |
|
|
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
Ыраазычылык Аскар Салымбековго рахмат"Апта" газетасынын кезекетеги санындагы Аскар Салымбековдун интервьюсун окуп чыгып өзүмдүн жекече оюмду сиздер менен бөлүшкүм келет. Себеби мен жана башка адамдар көп жылдан бери Кычан Жакыпов атындагы балдар үйүнүн жанында жашап келебиз. "Сөз чынынан бузулбайт" дегендей бул чакан аймак кийинки 20 жылдан бери каралбай, таштандыларга айланып, кара-курай басып, үйү жок, жайы жок бекерпос ичкиликтин артынан түшкөн адамдардын жайына айланып кеткен. Акыркы кездерде тегеректеги жашоочуларыбызга коркунуч пайда боло баштаганын тана албайбыз. Ошондой эле учурунда айрым атка минер чиновниктерибиз өздөрүнө хан сарай салабыз деп көз артып жүргөндөрү дагы эле айдан ачык маалым болчу. Азыркы социалдык тармакка чоң тиешеси бар футбол талаалары курулгандан кийин, бул жер өз көркүнө келе түшкөндүгүн ким тана алат. Кыскасын айтканда ушул жердин тургундары ушундай заңгыраган спорт комплексин (футбол талаалардын) курулганына абдан ыраазыбыз. Ошондой эле кошуна-колоңдордун балдары, шаарыбыздын төрт тарабынан келген жашы карысы дебей ден-соолуктарын чыңдап жатышат. Ачыгын айтканда ушуга окшогон маданий комплекстерди кура турган, өз кызыкчылыгынан элдин кызыкчылыгын жогору койгон кыраакы эр азаматтарыбыз көп болсо борборубуз мындан дагы ажайып кооз шаарга айланарында шек жок деп бекем ишенебиз. Акырында бир сөз менен айтканда Аскар Салымбековго жана "Дордой" ассоциациясынын жалпы жааматына терең жана ак дилден чыккан ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Урматтоо менен: Бишкек шаарынын тургундары: Кадыралиева, Ж.Бакирова, Г.Малабекова, Н.Аскарбекова, Ж.Моношов, Э. Маселова, Ч.Б.Мамаев, Б.Дуйшенбекова, Култаев, А.Бугубаев, Е.Батюкова, С. Левченки, П.Абдуразакова, Т.Лужанская, Е.Ю.Ланин, А.Н.Отрепьев, Жунушалиева. Баш аягы 17 адам кол койгон. Өкмөткө кулак кагыш Ниязалиева өмүр бою эле өтүгүн төргө иле береби? Саламаттыкты сактоо министрлигинин ичинде болуп жаткан башаламандыктар Сиздердин кийлигүүшүңүздөрдү жана саясый чечимиңиздерди тезирек чыгарууну талап кылат. Бүтүндөй медицина жамааты саламаттык сактоо министирлигинин милдетин Дамира Ниязалиева аткарып атканына аябай кыжырданышууда. Бир айдан ичинде ал ведмствону башкарып, өзүнүн компетентсиздигин жана медицина тармагын такыр башкара албастыгын көргөздү. Министирдин иши жарадарларды тезинен кабыл алуу менен эле чектелбейт да. Ойлонбогон дайындоону биринчи күндөн баштап эле медицина жамааты жактырбай кабыл алышкан. Анткени, Дамира Ниязалиеванын инсулиндик шприцтерди алмаштырып койгону боюнча аябагандай чоң чуу чыккан. Баарына белгилүү болгондой, "Аманат Фарм" фирмасы Дамиар Ниязалиева менен аффиллировкаланган деп начар поставщиктердин тизмесине кирген. Мындай таза эмес бизнестин өкүлдөрүн маанилүү тармакка дайындоо такыр болбош керек, айрыкча мамлекеттин азыркы оор кырдаалында. Жетекчилик кызматты мамлекеттик деңгээлде аткара албаган, болгону жеке фирманы гана башкарууга тажрыйбасы бар Ниязалиева, мамлекеттик мекемеге "жеке соода түйүнү" иш принциптерин киргизгени жатат. Ал шектүү мазмундагы жана көбүнчө аткарылбай турган тапшырмаларды беүүдө. Ал өзүнүн оюн, көргөнүн кабылдай албайбы иши кылып кызматкерлер деморализвдук абалда калышты. Бул нерсе саламаттык сактоо мекемесиндеги кырдаалды ого бетер оорлотууда. Ниязалиеванын интеллектуалдык потенциалына медицина жамааты минстирликтин коллегасында баа беришти. Ал жерде ал дайыма парламенттин мүчөсүдөй болуп катышчу. Ушул мезгилге чейин катышуучулар анын оозунан бир дагы концептуалдык идеанын чыкканын уккан эмес. Парламентте да биз андан саламатыкты сактоо системасындагы көп көйгөйлөрдүү чече турган конструктивдүү сунуш киргизгенин көрө алган жокпуз. Парламентте чыгып сүйлөгөндө да көйгөлөрүнүн кээ бирлерине гана үстүртөн токтолгон. Анысы дагы өзүнүн жеке кызыкчылыгын көздөгөн маселелер экени көрүнүп турган. Териштирбей эле кызматкерлерди коррупцияга күнөөлө менен Дамира Ниязалиева өзүнүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып жатканы белгилүү. Ал бирөөнү ЦСМ №10 директорлугуна коюу үчүн 5000$ алганы жөнүндө шаарда сөз болуп жатат. Айрыкча түшүндүрүлбөй эле кадырларды дайындоодо кемчиликтер толтура. Мына ошондой кадрларды дайындоо мораториясында Ниязалиева Токмок шаарындагы Госанэпиднадзор борборунун башкы врачы алып ыргытып анын ордуна өзүнүн күйөө баласы Р.Т.Нургазиевди дайындаган. Дамира айым күндүзү өзүнүн жумуш ордуна анда-санда гана көрүнүп турат анткени, анын айтуусу боюнча, министирлик менен бирге өзүнүн "100дөн ашык" жумушчу иштеген компаниясын жетектейт имиш. Ал эми жумушка кечинде келип, кызматкерлерин түндө иштөөгө мажбурлайт. Мисалы, 29-апрелде ал 22.00 чогулушун койгон. Андан кийин эч кандай түшүндүрмөсүз эле кетип калган, эртеси эртең менен анын ал маселеси анчалык да шашылыш коллективдик талкуу эмес экени билинген. Ведомствонун ишинде эч качан башкаруучу адистердин иштери күмөн туудурчу эмес. Министрдин тажрыйбалуу кызматкерлерге ишенбегени чектен чыгып баратат. 90-жылдарыдын жапайы капитализм доорунда Моссоветте контрабанда менен дары саткан, базардагы сатуучулукка машыккан жана провизордук билими бар адам, элге сапаттуу жардам көргөзүү боюнча күнөө коюуга кандай моралдык укугу бар? Медициналык отраслды жетектөөгө парламенттеги маселени айтып коюп, бирок айтканына жооп бербеген тажырыйбасы жетишсиз. Коомду калың катмарынын баарына "Аманта-фарм" фирмасынын инсулиндик шприцтер менен болгон ызуу-чуусу белгилүү. Анын учредители биздин "кымбатуу айымыбыз" Дамира Абаскановна. Анда анын бактысына эч ким каза болгон эмес. Анан ушул акча табуунун артына өзүнүн мекендештеринин ден соолугун жана өмүрүн тобокелге койгон адамды саламаттык сактоо системасын башкартууга кантип ишеништи? 2010-жылдын 30-апрелде Д. Ниязалиева министрликтин кызматкерлерине чогулуш өткөргөн. Андай чогулуштар негизи 30-40 мүнөт эле өтчү. Ал эми Ниязалиева 2,5 саат өткөдү. Жумуш күнүнүн жартысын шашылыш жумуштары күтүп жаткан кызматкерлер анын болбогон сөздөрүн угууга мажбур болушкан. Ниязалиева дайым чогулуштарга кечигип келет. Ал эми 60-70 саламаттык сактоонун жетекчилери аны күтүүгө аргасыз болушат. Аларга жолугушу дайындап, кабылдамасына 1- 2,5 сатка чейин күтүрүп коёт. Көрүнүп тургандай ал уюштурууну жана саламаттыкты сактоо уюмун каржылоону да билбейт. Даярдаган Өмүртөрө КУДАЙБЕРДИЕВ P.S. Бул материал www.elcat.diesel.kg сайтындагы форумдан кыскартылып которулду
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Кабыл Шабданов
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
Кызык макала
|
|
|
| ф | |||||||||||||