![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №01, 13.02.08-ж. |
ТАПАНЧА ТАЛАШ Башкесер байке кайдасың?Өлкөбүздүн башкы юристи, Адилет министри Марат Кайыпов коомчулукта резонанс жараткан сунуш пикирлери менен айырмаланчу болду. Мурун көп никелүүлүк тууралуу маселени кабыргасынан коюп, элдин эсин эки кылган эле. Бул ирет катардагы карапайым калкты да куралдандырышыбыз керек деген идеяны көтөрүп чыгууда. "Ойчул ойлонуп отургуча тобокелчи дайра кечип өтүптүр" дегендей, министр мырзанын новатордук сунуштарынын сыры эмнеде болду экен? "Ар бир атуулга өзүн, жакындарын жана жеке менчигин коргоп алууга толук мүмкүнчүлүк түзүп беришибиз керек, ал үчүн курал жарак алып жүрүүгө уруксат берүүнүн шарттарын кайра карап чыгуу зарыл" - дейт башкы юристибиз. Бул тууралуу КР ЖКнын Коргоо, коопсуздук, мыйзамдуулук жана соттук-укуктук реформалар боюнча комитетинин жыйынында Адилет министрлигинин жетекчиси: "Ар бир кылмышкер эгер чоочун үйгө кире турган болсо чекесине ок атылаарын билиши керек"-деди. Бул кадамдарга баруу үчүн буга чейин кабыл алынган КРнын Кылмыш-жаза кодексинин өзгөртүүлөрү шарт түзүп бермекчи. 2007 - жылы парламент коргонуу чараларынын чегинен чыгуу жөнүндөгү түшүнүктөрдү өзгөрткөн мыйзам долбоорлорунун топтомун бекитип берген эле. Бул кадамы менен мамлекет өзүнүн атуулдарын коргой ал- бастыгын айгинелеп, алсыздыгын моюнга алуу менен барабар деген комитет жетекчиси Лейла Сыдыкова бул сунушка каршы пикирин билдирди. Биз бул нормага макулдук берүү менен уюшкан кылмыш топторунун иш-аракеттерин мыйзамдаштырып берип, алардын укуктук негизде кенен-кесир жашоосуна шарт түзүп берип жатабыз деген депутат айым, өз убагында Россия депутаттары да ушундай мыйзам долбоорун талкууга алып чыгышкан маалда, эксперт-криминологдор бир добуштан курал сатуу бизнесинин күчөп жаткандыгын коңгуроо кагып айтып чыгышкандыгын эскертип өттү. Кыргызстан психиатриялык ооруканалары курал алууну каалаган баардык эле атуулдардын акыл эсинин ордунда экендигин текшерип үлгүрө алышы да оңой-олтоң маселе эмес. Темиркан Субанов, ички иштер министринин орун басары: - Баардык эле адамдарга курал берген болбойт, бир-бирин атып коюшу толук мүмкүн. Анчалык эле коргонуу керек болуп жатса атуулдар атайын газ баллондорун колдонсо болот. Ок атуучу куралдарды армия, атайын кызматтар жана укук коргоо органдарынан тышкары жеке коопсуздук - кароолчулук агентчиликтеринин кызматкерлери колдонсо болот. Антпесе атуулдар бир-бирине жөн гана кол салбастан, бир-биринин курал жарактарын тартып алуу максатында кол салуу күч алат. Жеке өзүм укук коргоо органдарынын өкүлү катары атуулдарга айтаарым, кыргызстандыктар коопсуздуктарын камсыз кылгылары келсе кеч, түнгө көчөгө көп калышпасын, өзгөчө караңгы булуң-буйтка жерлерге барышпасын. А биз өз милдеттерибизди мындан да мыкты аткаруу максатында борбор шаарыбыздын азыркы көзөмөлдөнүп жаткан 17% аймагынан 40% жеткирүү үчүн көчөлөрдө патрулдук кызматкерлердин санын миңге жеткирмекчибиз. Буга дагы кошумча кылып участкалык кызматкерлердин катарын дагы 300 штатка көбөйтүү сунушун даярдап жатабыз. Ташбоо Жумагулов, КР Президентинин алдындагы мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча Улуттук комиссиянын жетекчиси: - Бул сунушту дегеле колдобойм. Баардыгы куралданып ала турган болсо, анда сөзсүз бир-бири менен атыша башташаары турган иш. Леонид Бондарец, эркин аскер аналитиги: - Канткен күндө да курал деген курал. Эртеби кечпи атыла турган нерсе. Муну АКШдагы массалык кан төгүүлөр менен коштолгон көрүнүштөр далилдеп турат. Эгер бул мыйзам өтүп кете турган болсо, анда бизде бир аз акча бере коюп каалаган справкаңды да, куралыңды да алуу оңой эле иш болуп калат. Чолпон Жакупова, "Адилет" укук клиникасынын жетекчиси: - Терең ойлонуп караган кишиге, муну менен мамлекет өзүнүн атуулдарын коргой албай калгандыгынан кабар берип турат. Ал эми бул сунушту - аны коомчулуктун алдында моюнга алгандык деп түшүнсө болот. Бул биринчиден. Экинчиден: биздин коомдогу укуктук маданияттын таптакыр жоктугунан улам, мындай терең ойлонулбаган кадамдар андан да ашып түшкөн зордук-зомбулукка, зөөкүрлүккө алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу ММКда көптөгөн билдирүүлөр орун алууда. А бирок, ачыгын айтканда уруу-кескилердин, бандиттердин мамлекетинде жашап жатканыбыз ачуу чындык. Адилет министри М.Кайыповдун бул сунушун, анын көп никелүүлүк үчүн жоопкерчиликке тартпаш керек деген сыяктуу сунуштарынын разрядына киргизээр элем. Самат Кыдыкбеков, студент: - Бир союлдун деле эки учу бар эмеспи, анын сыңары курал деле бир учурда коргонуу үчүн колдонулса, ошол эле учурда кылмышка, адам өлтүрүүгө да кызмат кылышы мүмкүн. Менин пикирим боюнча, биздин коомчулук мындай мыйзамга даяр эмес болсо керек. Мукар Чолпонбаев, экс-адилет министри, ЖКнын экс-төрагасы: - Кандай күн болгондо да мындайга жол бербешибиз керек. Курал колдонуу адистешкен атайын кызматтар жана органдар үчүн гана каралган. Ал эми мындай сунуштун себептери албетте адамды терең ойго салат. Элмираны эмнеге токтотушту? Элмира Кайып кызы - Кандай тематикадагы жаңы ырларды жаздырып жатасыз? - Мен Шамшыбек Өтөбаевдин "Атама" деген ырын алып, ырга оранжировка жазыдырып жатам. Бул ырдын мааниси өтө терең, мазмундуу. Текстин көрүп эле дароо жактырдым, бул ыр менин жан дүйнөмдөгү айта албай жүргөн сырымды чагылдырган сыяктуу. Ар жолу ырдаган сайын көзүмө жаш айланып кетет. Эми маанисине татыктуу бир клип тарттырып алсам деген оюм бар. Менин жүрөгүмдү ооруткан бир гана нерсе, атамдан эрте ажырап, анын аталык мээримин көрө алган жокмун. Атама болгон менин сагынычымдын, чексиз сүйүүмдүн ырга айланып кагаз бетине түшүрүлгөнү мен үчүн чоң бакыт болду. Атам 38 жашында каза болгон, ошондон тартып ата деп эркелей албай ичимде бугум толуп келет. Негизи фамилиям документ боюнча Байтокова, бирок атам менин сыйымды көрүп, талантыма күбө болуп сыймыктана алган жок. Ошон үчүн атамдын да аты эл оозуна алынып, кимдин кызы экенимди эл дагы биле жүрсүн деген максатта Кайып кызы болуп алгам. - Силерге апаңыз апа да, ата да болуп келет экен да? - Ооба, апабыз бизди жалгыз тарбиялап, чоңойтуп өстүргөн. Азыр эми ошол атабыз көрбөгөн сый-урматты апабыз көрүп, биздин төрүбүздө аман-эсен турса экен деп кудайга жалынып келем. -Байтокова десе сизди көпчүлүк тааныбай калышы мүмкүн да, андай учурлар болду беле? - Жакында эле машинамдын арткы номери жок деп МАИкызматкерлери правамды алып коюшту. Мен ырчымын деп айта алган жокмун, алар да таанышкан жок. Анан алар менен талашып-тартышып олтурбайын деп кете бердим. Балким паспортумда Кайып кызы болсо таанышмак. Эми номеримди жасатып туруп, МАИ байкелерим менен таанышайын деп жүрөм. - Биздин гезитке каалоо-тилегиңиз. - Акылыңар айга жетип, оюңар көлдөй терең болсун! Ар дайым жолуңар шыдыр болуп, ишиңер ийгиликтүү болушуна тилектешмин. Кадыр-барктуу эл урматтап, сүйгөн гезит болсун. "Асман пресстин" асманы ар дайым ачык жана кенен болушун каалайм! Букабаева Аймира "Курманжан Датка" фондусунун президенти Жылдыз Жолдошева: - Биздин өлкө чынында эле демократиялык өлкө десек болот, анткени баардык эле гезит, журналдарда ар тараптуу маалыматтар берилет, ар биринин өзүнүн окурманы, өзүнүн багыты бар. Менимче бул күнгө чейин эч бир гезиттин ээси аял киши болбосо керек, ал эми Лариса Асанбековна өзү жан дүйнөсү башкача, ыр дүйнөсүнө жакын адам болгондуктан "Асман пресс" гезити эң алдыңкы гезиттерден болооруна ишенем. "Баланын туулганына эмес турганына сүйүн" дегендей ар дайым калыс, акыйкат, кыргыз элинин эң таттуу мөлтүр булагынан баштап, ак мөңгүлүү аска зоосуна чейин, эч нерсеге алмашкыс жаратылышын, эне деген ыйык заттын сулуугун, жалпы элди кызыктырган саясат иштерине чейин камтылган эң жакшы кабарлардын болушуна тилектешмин. УТРКнын теле программалар дерекциясынын директору Байма Сутенова: - Азыркы учурда ММК өтө эле көп, өздөрүнүн багытын билбей ар нерсенин башын чапчып турган учуру. Ошондуктан силерге айтаарым эң биринчиден бараткан багытын аныктап алып, окурмандардын руханий дүйнөсүн байытып турган, элге ар тараптуу кошумча маалыматтарды берген гезиттерден болсун. Сиздердин гезит бетинен эч убакта ак жеринен жалаа жапкан, дайны жок ашыкча мактоо, элди иренжиткен маалыматтардын орун албашын каалайм. Ушул гезит акыйкаттык жолунда деп ким гана болбосун сүйүнүп окуган гезит болуп, жолуңар байсалдуу болсун! |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|