![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №01, 13.02.08-ж. |
Тамара Кыязова, журналист Жыпара Арыкованын апасы : "Кызымдын тагдыры эмне болот?" - Тамара эже, УКМКнын жертөлөсүндө камалып жаткан Жыпаранын абалы бүгүнкү күндө кандай? - Абалы начар. Арыктап бүттү. Бул боюнча канча кайрылдык. Үнүбүздү, арыз-муңубузду уккан жан болгон жок. Үмүттүн жарыгы өчкөн жашоодо жашап калдык. Баласы куса тартып бүттү. Эне жүрөгү эмне кылсын, баарына чыдайт да… - Кечиресиз, кандай аракеттерди көрүп жатасыздар? Адвокаттар эмне деп жатышат? - Зар какшап кирбеген эшигибиз калган жок. Гезит беттерине чыгып жатат. Эч жыйынтык жок. Адвокаты деле болгон аракетин кылып жатат. Бүдөмүк. Бир-эки күндөн кийин сот болот. Анда кандай жыйынтык чыгарылат билбейм. Бул иш созулгандан созулуп эле баратат. Мына, өзүңөр билесиңер, 9-10 айга чукул убакыт өттү. Эмне деген томдук иш каралып жатат, түшүнө албайм… Суроо салган Каиса Акайева Накен Касиев, коомдук ишмер: - Гезитиңер биринчиден, бир калыптуу бийликтин арыгын чаппай, ошондой эле радикалдуу оппозицияны да жактабай ортодогу калыс пикир жараткан элдин көйгөйүн үнүн жогору жакка угузган гезит болсун. Ошондой эле бир чыгып, кайра чыкпай калбай туруктуу чыгып, турмуш чындыгын реалдуу чагылдырышыңарга тилектешмин. Эч ким эч качан унутулбайт Кыргызстандын тарыхында Афган согушу тууралуу көп эле айтылып келет. Ошол он жыл бою (1979-1989) адам үрөйүн учурган согушта Кыргызстандан дагы кырчындай, жыйырма жаш курагында боз уландарыбыз аттанышып, далайлары окко учушкан. Алар ондоп эмес, жүздөп саналат. Эртең 15- февраль ошол Афган согушуна катышкан "афганчылардын" күнү. Биз үчүн канын төгүп, элдин тынчтыгы үчүн жанын да аянбай согушка барган жоокерлерибизге таазим кылабыз. Бар болгула. Ал эми окко учкан кулундарыбыз ар дайым жүрөгүбүздө. Эл арасында элдик жоокерлер эч качан унутулбайт. "Өз мүрзөсүнө өзү барчу" Тахир Чүй областындагы Покровка айылынын кулуну болгон. Жоокер жолдоштору анын эки мүрзөсү бар деп айтып калышканынан улам кызыгып, чоо жайын сурадык. Көрсө, ал Афганистандагы согушта биринчи "өлдү" делип, бирок, кийин үйүнө аман-эсен кайтып келген экен. Он үч баладан турган жоокерлердин тобу курчоодо калып, каршылаштары менен болгон атышууда Тахирдин бутуна ок тийет. "Баарыңар кеткиле, мен эптеп токтотуп турам"- деп Тахир кыйкырат. Бирок, жолдошун башка жоокерлер таштап кетчүбү, кылчактап туруп калышат. "Кеткиле, болбосо баарыбыз өлөбүз"- дейт Тахир. Аргасыз жолдоштору артка чегинип, алыстай беришкенде Тахир жаткан жерден граната жарылат. Ошентип, аны бардыгы "өлдү" дешип, ал түгүл үйүнө өлгөндүгү тууралуу кабар жетип, ата-энеси уулуна арнап, Чоң-Арыктагы көрүстөнгө эстелик орнотушкан экен. Бирок, Тахир ал жарылууда аман калат. Бутун сүйрөп, тоголонуп, үн чыккан тарапты көздөй сойлоп олтуруп, акыры үч күн дегенде биздин (Советтер Союзунун) жоокерлердин коллоннасына кезигет. Ошентип, жарадар солдатты, Тахирди госпиталга жиберишип, кийин үйүнө кетет. Солдат катары "жок" делинген, аза күтүлүп, көрүстөнү да бар жоокердин ата-энеси үчүн уулунун тирүү келиши күтүлбөгөн нерсе болчу. Тахирдин тирүү келиши көп адамды эстен тандыргандыгын жоокер жолдоштору эскерип, айтып олтурушту. "Чогулганда эле "Жүргүлө, Чоң- Арыкка, менин мүрзөмө барып келели"-деп, бизди өз мүрзөсүнө өзү көп ээрчитип барчу. Кийин авариядан улам каза болуп калды"- дешти. Албетте, кан кечкен мезгилдерде мындай тагдырлар ондоп болгондур. Биз бир гана нерсени билебиз. Алар эл-жер үчүн өзүнүн солдаттык кызматын өтөгөн. Ө З Ө К "Америкалыктардын кесири кимге?" - Аты-жөнүңүздү айтып койсоңуз? - Айдай деп эле коёюунчу. - Кайсыл жерде иштейсиз? - Өзүм И.Арабаев атындагы окуу жайды бүтүргөм. Кесибим тарыхчы. Бирок, диплом алганым менен өз кесибим боюнча иштегеним жок. Акчасы көп төлөнчү жумуштарда иштеп, жан багып келе жатам. - Азыр эмне иш кыласыз? - Америкалык авиабазанын ашканасында идиш жууп иштейм. Ал жакка кириш өтө кыйын. Чоң кызматка кирип жаткандай эле документ толтурасың. Соттолгон эмес деген справкадан өйдө алып баруу керек. Дайыма төрт автобус "Дордой Плазанын" жанынан жумушчуларды эртең менен салып кетет. Барганда толук текшерүүдөн өтөсүң. Соткаларыңды өчүртүп салышат. Өздөрүнүн формасын кийгизишет. Спорт сумкаңдан өйдө өздөрү беришет. - Айлык маселеси кандай? - Саатына 1 доллар төлөнөт. Ошондо 10-11 саат иштейбиз. - Ашпозчулары өздөрүнөнбү же бизденби? - Бул жактан. Кандай десем, Америкадан тамактар оролуп, даяр алынып келинет экен. Бул жактагылар аларды жылытып гана беришет. - Америкалык аскерлер кандай тамактанышат? - Баарын жешет.Кызыгы, сок,йогурт, пирожный өңдүү продуктылар ошол бойдон таштандыга ыргытылат. Пепси,колалар ачылбай эле ташталат. Идиш жуугандар аларды алып жегенге тыюу салынат. Алардын баары таштанды машинага салынып, бырчаланып, талкаланат. Анан төгүлөт. Америкалыктардын бул кесирин көрүп аябай жинденем. - Силер үчүн кандай тартип бар? - Жана айтпадымбы сотканы иштетпейбиз, аскерлер менен сүйлөштүрбөйт. Эгер кандайдыр бир тартип бузсак Американын мыйзамы менен жазаланасыңар деп эскертет. Кыргызстандыктарды бир тыйынча дагы көрүшпөйт. - Идишти колго жууйсуңарбы? - Жок, идиш жууган аппараттары бар. Ал эми чоң подносторду колго жууйбуз. Америкалыктар бул жактын суугун тоготпой ашканага шорты кийип келишет. |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|