Коомдук-саясый гезит
№01, 13.02.08-ж.





  Залкарлардын көчөсүнөн

Кыргыз эл акыны Майрамкан Абылкасымова:
"Акаевдин колунан калеми ыргып кеткен"
Өз доорунда "Эстелик сүйлөйт" деген поэмасы менен эсил кайран СССРди дүңгүрөткөн акын эжебизди издеп бардык. Кудай жалгап, үйүндө экен. Дасторкону жайнап туруптур. Диванда гезиттер, китептер жатыптыр. Жетимиштен өткөнүнө карабай келбети жакшынакай. Сыр аяктын сыры кетсе да, сыны кетпептир. Көңүлү жайдары, шайыр-шатман, ар кандай ырларды жатка айтып, бизди күлдүрүп олтурду. Сыясы кургай элек ырларынан окуп берди.

- Майрамкан эже, сизди Атаке баатырдын тукумунан дешет го?
- Мен, Кемин районуна караштуу, Кызыл-Суу айылында туулгам. Мен төрөлгөн жер, Атаке баатыр төрөлүп, Атаке бий атам өлгөн жер. Атаке айтылуу Түлкү баатырдын жалгыз Тынай уулунан. Атакенин алты уулунан тарагандар Кырчын жайлоосунан тарта Бишкекке чейинки аймакта жайгашкан экен. Ал эми эки Кеминди Карабектин балдары Жантай атам, Шабдан атамдар эли-журту, бала-бакырасы менен ээлешкен. Мен 5 жашымда энеден калып, чоң атамдын колунда тарбияланып, жетимдикти анча сезген жокмун. Менин чоң атам "Эл башы болгончо, суу башы бол"-деп, айылдын башына отурукташкан, санжырачы, сөзмөр, макал-лакап менен сүйлөгөн акылдуу киши болгон.
- Турмуш жолуңуз кандайча башталган?
- Баарынан кызыгы турмушка чыгарда чоң атама айтып кеттим. Каникулга барган сайын чоң атам "Таласка барба, сени эч ким издебейт, Түштүккө жолобо, ошол бойдон жоголосуң, Тянь-Шандын Долонун ким ашат, Чүйдөн эле табылаар, такыр табылбай айлаң куруса Көлгө бар" - деп койду. Кийин жолдошум экөөбүз сүйлөшүп жүргөндө анын газетага чыккан сүрөтүн алып, чоң атама бардым. Чоң атам "тамеки тартабы, ичкилик ичпейби"?-деп сурады. Жок, аябай жакшы окуйт, сүрөтү университеттин ардак тактасында илинип турат, сиз каалагандай чүйлүк жигит. Бирок, жетим, колунда жок - десем, мейли балам, биз байбыз да ошентсе да сынап көрөйүн - деди. Ошондон көп өтпөй айылдаш агабыз классташ кызыма үйлөнүп, бизди тойго чакырды. Мен Сагынды ээрчитип барып чоң атам менен тааныштырып, "чай куюп берип тур" - деп кетип калдым. Экөө аябай жакшы сүйлөшүптүр, анан мени "бара бер"- деп койду. Ошентип экөөбүз ал 5-курс, мен 3-курста окуп жүргөндө баш коштук.
- Жалаң залкарлар менен жүрдүңүз. Чыгармачылыгыңызда эң жакшы ийгиликтерге жетиштиңиз. Мунун сыры эмнеде?
- Кубатбек Жусубалиев "Жети сөз"деген китебинин баш сөзүндө "Биз, 60-70-жылдары кедей болсок да бактылуу элек" - деп айткан. Анын сыңарындай биз ошол убакта баарыбыз ынтымактуу болчубуз. Жаштар бири-бирибизди колдочубуз. Мен ал кезде "Ала-Тоо" журналында поэзия бөлүмүн башкарчумун. Ошол кездеги чыгармачылык жаштар Бексултан Жакиев, Турар Кожомбердиев, Кеңеш Жусупов, Салижан Жигитов, Мар Байжиев, Аман Саспаев ж.б. чыгармаларын күргүштөтүп басып, Ала-Тоо журналына чыгарып турчумун. Ошол учурда баары бойдок, алган гонорарын эки жумага жетпей түгөтүшөт да, түшкө маал менин ахыбалымды сурап келип калышат. Салижан Жигитов "Майрам сен жакшы күйөөгө тийдиң, сени Сагын Наматбаев багат, эми сен бизди бак"-деп тамашалап калчу. Ал кезде жолдошум Обкомдун 3-секретары, менин теледен, радиодон алган анча-мынча гонорарымды сурап да койбойт. Мен гонорар алган күнү Турар Кожомбердиевге айтам: "сен барып Панфилов паркына стол даярдата бер, биз азыр артыңдан барып калабыз" - деп . Ошентип баарыбыз паркка отуруп алып, шашлыкка, пивого заказ берип коюп, ар бирибиздин чыгарган ырларыбызды окуп, сын-пикирлерибизди айтып талкуулайт элек. Ар бир акындын ырларына шарж кылат элек. Бир жолу Аалы Токомбаевдин:
"Көпөлөк менмин, сен чырак,
Көкөлөп сага айланам.
Көмүрдөй кара чачыңа,
Көңүлүм менен байланам"
- деген ырына, сулуу келиндин сүрөтүн тартып, аны чыракты айлантып, узун чачын Аалынын мойнуна байлап койдук. Кийин бир арманым ошол дубал газетанын сакталбай калганы болду. Ошентип кечки саат 5-6 да үйгө катуу чарчаган киши болуп келип калат элем. Ал күндөр билген жанга бир керемет эле да. Анан дагы ар беш жылдыкта тоголок каттар жазуучулар союзуна келип түшчү. "Анонимка" деп коюшчу. Текшерүү шумдук болоор эле. Биз ушул "тоголок катка" илинбейли деп аябай аракет кылчубуз.
- Сиз, Кыргызстан үчүн үч хандын - Усубалиевдин, Акаевдин, Бакивдин доорунда жашап, алардын сыйын көргөн акынсыз?
- 1996-жылы "Аялдар жылы"-деп жарыяланып, А.Акаев Кыргызстандагы лидер аялдарды кабыл алды. Баардыгынын өңдөрү керсары тарткан, көздөрү муңдуу. Алардын арасында мен да бармын. Ар кайсы областан келген аялдар өздөрүнүн арыз-муңун айтпастан, ажонун алдында баары жакшы, кудайга шүгүр дешет. Бирок, мен ошол жердеги отургандардын кебетесин көрүп, мага сөз келгенче:
"Кайсы элде жүдөө күтсө зайыпты
Энелери элечегин тарталбай,
Ошол элдин уулуна кой айыпты,
Бул да кырсык, бирге жүргөн байкалбай" - деген ыр жазып үлгүрдүм. Ырдымды окуганда Акаевдин колунан ручкасы ыргып кетип, жерге түшкөн. Ошентип фуршетте 8-Март майрамыңар менен деп ар бирибиздин колубузга бирден кутуча карматып койду. Жакшылап карасам кофейница экен. Анда да мен жөн турбай: " Аскар Акаевич, биздин Мураталы Куренкеев деген атабыз Москвага биринчи декадага барып, Калинин Ленин орденин тапшырып жатса, "ушул темирден көрө жүз сом бербейби" деп күбүрөнүптүр. Котормочусу татар жигит экен, Калининге "сизге рахмат айтып жатат" деп которуп коюптур. Бирок, сыртка чыккандан кийин бөлүм башчыларга 100 сом сурап жатат айтып салыптыр. Бул сөз Сталинге жетип, бардык катышуучуга 100 сомдон бердириптир- деп айттым да, баягы белекке берген кофейницаны жылмая карап, мен кофе ичпейт элем деп койдум. Акылдуу киши эмеспи сөздүн төркүнүн дароо түшүндү. Анан жанында олтургандарга кара кашын серпти эле, заматта ар бирибиздин колубузга 1000 сомдон салынган конверт кармата калышты.
- Ак-Мөөр сиздин чоң апаңыз болгонбу?
- Ооба, ал кишини мен да көрүп калдым. Анда мен 14-15 жаштардагы секелек кыз элем. Ал китептегидей, кинодогудай келишкен сулуу болбосо да, сүйкүмдүү, акылдуу кыз болгон экен. Мөөр чоң энем "Ак-Мөөр" киносун көрүп, "мен сексендеги чалга тийген эмесмин, элүүдөгү ханга тийгем, бул Советтик идеологиянын бай-манаптарга каршы тукуруусу, мени эч ким кыйнаган эмес, өз көңүлүм менен келгем, Болот деген дагы туура эмес"-деп калчу. Кийин Орозкул Кутманаливге: "Солкулдап ыйлап баратам, Соолуган Жантай чал менен"-деп тура эмес ырдайсыз. Ал ырдын чыныгы тарыхы башкача. Ак Мөөр менин чоң энем" деп айтсам. "Майрам аны мен деле билем. Ушинтип ырдап алып, Жантай хандын арбагынан коркуп жүрөм. Азыр бул тууралуу унчукканга болбойт да" дечү. Чын эле ошол мезгилдерде атактуу хандардын, бийлердин тукумунан экенибизди ачык айталбай, жашырчубуз да. Эгемендүүлүктү алгандан кийин баары ачыкка чыкты.

Сапынова Самара,
Фаризат Асанкалый кызы




  Биздин турмушта

Айзаттын Раймаалысы ким?
Раймаалы менен Бегимайдын махабат баянын ыр сүйүүчүлөрүнө тартуулаган ырчылар Ильяз-Андаш менен Жаным Айзаттын турмушунан
Ильяз-Андаш учурда Каракол шаарындагы Ыбырай Туманов атындагы музыкалык окуу жайынын эстрадалык бөлүмүндө студенттик жашоонун соңку жылын башынан кечирип жүргөн кези. Жакынкы эле күндөрү ал Караколго барып, кышкы сессиясын тапшырып келди. "Окууга көп барбаганым менен, өзүм үлгүлүү эле студентмин.Баардык экзамен-зачетторду өз убагында тапшырып, "жакшы" жана "эң жакшы" деген бааларга татыдым. Кудай буюрса, быйыл окуумду аяктайм", -дейт Ильяз. Сабактарынан кутулуп, санаасы тынган жаш ырчы, кайрадан ордо калаабызга келип, чыгармачылыкка белсенип киришти. Бул күндөрү Ильяз-Андаш репертуарын жаңы ырлар менен толуктап, ал эми "Келчи жаным" деген чыгармасынын ыр тасмасын жаратуу пландары менен чуркап жүргөн кези. Жакында эле Таласка карындашынын тоюнан кайтып келе жаткан жаш ырчы, бир аз жагымсыз абалга чалдыккан экен. Анын ай-туусунда, Бишкектеги маанилүү бир жолугушууга шашылган Ильяз, шашылыш түрдө жолго чыкса, ал түшкөн "Мерседес" маркасындагы машина, Төө-Ашууга келгенде жүрбөй калып, 7 сааттай Бишкектен жардам күтүшкөн. Бала кезинен "Жигули"айдап чоңойгон Ильяз, жедеп чыдамы кеткенде, "Мерседестин" ээсинин айтканын да укпай, колдо бар каражаттар менен, токтоп калган машинаны жүргүзүп, анан шаарга жетишиптир.
Ал эми Жаным Айзат аттуу, Ильяздын кесиптеши, бул күндөрү бүтүрүү экзамендерине даярдыктар менен алектенүүдө. Айтмакчы, жаңы бышып келе жаткан мөмөдөй назик ырчы кыз, учурда Бишкектеги №68 мектептин 11-классында окуйт. Келечекте чыгыш элдеринин маданиятын изилдеп-үйрөнгүсү келген Жаным Айзат, негизги басымды англис тилине жасайт. Жакынкы күндөрү эле ал англис тили боюнча шаардык олимпиадага катышты. "Баардыгын багындырам" деген чакырык менен болочокко кадам таштаган ырчы кыз окуу менен эле чектелбестен, жаңырган Жаңы Жылда чыгармачылыкка да зор көңүл бура баштады. Эгерде буга чейин, Жаным Айзаттын аткаруусунда ырларды радиолордо гана уккан болсоңуз, эми "Сүйдүм сени" деген чыгармасынын клиби менен катар, Улуттук телерадиокорпорациясынын музыкалык-көңүл ачуучу долбоорлорунан да талантына күбө болосуз.












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan