Чай-концерт

Сүйгүсү келген Асел, сүйүүсүнө кош айткан Гулнара
Үстүбүздөгү жылдын 12- февралында сахнада кесиптеш, турмушта курбу эки эстрада ырчысы Асел Турдалиева менен Гулнара Кахарова "Шерине" кафесинде чай- концерт беришти. Бул саамалыкты биринчи жолу азыркы депутат, доцент, ырчы И.Жунусов баштаган эле. Андан кийин Токтобек, Кутман, Жеңишбек мырзалар уюштурушкан. Кыздардан биринчи болуп уюштурушкан эки ырчынын бул концертинин билет баасы 100 АКШ долларына алдын-ала майкөл-сүткөл жыттанган Жогорку Кеңешке, Республикалык Бажыканага сатылган. Ошондой эле Гулнаранын Базаркоргондук, Аселдин Нарындык күркүл жердештери карындаштарын колдоп келип беришти. Нарындык Салымбеков эле 20дан ашуун билетти сатып алган.
Концертке келген 250 киши экөөнүн ырын моокуму канганча угуп тим болбостон алдында жайнаган салат, биринчи-экинчи ысык тамак, жылкынын эти жана беш-бармак менен ооздору бошобой олтурушту. Келгендердин арасында эки ырчынын талантын сыйлаган күйөрмандары гана эмес бул топко адашып, акчанын аркасынан кирип олтургандар да байкалды. Искусствону түшүнүп- түшүнбөй 100 доллар кеппи-деп киргендер окшойт, кыязы. Бирок, буга карабай чай-концерт жогорку деңгээлде өттү. Эки ырчы формаларын улам-улам алмаштырышып көргөндөрдүн көз жоосун алышты. Кесиптеш достору Г. Тойгонбаева, Н.Абазова,Эльмира Кайып кызы, М.Мураталиевалар да кеченин шаңына-шаң кошушуп ырдап да бийлеп да жатышты. Бул кечени сакадай бою сары алтын Борончу менен тилинен чаң чыккан Эльмара тейлешип,элита менен эстрада кучакташып сүрөткө түшүштү. Кээ бири камерадан, сүрөткө түшкөндөн жүздөрүн жаап жаткандарын да байкадык. Келгендер "биздин Спорт сарайга барып концерт көргөнгө убактыбыз жок, ал эми кафеде уюштурулган бул концерт бизге жакты, ыр уктук, курсагыбыз дагы тойду, өзүбүз да эс алып чер жаздык, мындай концерттер дагы көп-көп уюштурулуп турса колдоп турабыз "-деген ниеттерин билдиришти. Конокторго Асел айым "Сүйгүм келет", Гулнара айым тескерисинче "Кош бол, сүйүү"-аттуу ырлар жыйнагынын дисктерин белекке тартуулашты. Ошентип, концертке келгендер да концертти бергендер да ыраазы болуп кайтышты.
Э. Мадиева