Коомдук-саясый гезит
№04, 05.03.08-ж.

Меймансап
Форум




  Эркин Булекбаев, "Жашылдар" партиясынын лидери:

ПЕРСОНА
- Эркин мырза, кечээ Азимбек Бекназаров пресс-конференция өткөрүп жатып, өзүнө кол салуу болду дегендей маалыматты айтты. Сиз да кимдир бирөөлөр артыңыздан жүргөнүн байкаган жоксузбу?
- Азыр Азимбек Анаркулович түгүл көпчүлүк оппозициялык "ярый" лидерлерге да кол салуу болушу толук ыктымал. Артымдан түшүп, аңдып жүргөнүн байкаган жокмун. Бирок, кокус кол салуу болуп кетеби деген бүшүркөө бар.
- 29-марттагы курултайда оппозиция күтүлбөгөн кадамдарга барбайбы?
- Жок. Оппозициянын азырынча андай оюу жок. Барын мыйзам чегинде кылабыз деп аракет кылып жатышат. Ошон үчүн коомдук парламент түзүлбөдүбү. Андыктан күтүлбөгөн кадам жасайт деп ойлобойм.
- Курултайга кимдер барат? Азимбек Анаркулович негедир сыр кылып, крултайга катышуучуларды атабайм деп койду?
- Мен жаап- жашырынбай эле крултайга катышаарымды ачык эле айтам.
- Курултайда кандай маселелер каралат?
- Ашынган кымбатчылык, эмне үчүн баа күндөн-күнгө өсүп жатат. Ошондой эле коррупциянын тамырлашы. Канткенде коррупцияны чектеп, аны токтотуунун жолдорун, программаларын издейбиз,тактайбыз. Антпесек коррупция канга сиңип, адатка айланып кетчүдөй туюлуп калды. Ошондой эле экономиканы кантип өстүрөбүз? Мына ушуга окшогон социалдык суроолордун тегерегинде элдин пикирин угуп, пикир алмашабыз.
- Сиз айткандай тамырлап, канга сиңип, адатка айланып бара жаткан коррупцияны кантип токтото алабыз?
- Биз коррупцияны токтотуш үчүн алгач системаны өзгөртүшүбүз керек. Азыркы система менен канчалык коррупцияны тизгиндеп, тамырына балта чабабыз деген менен бары бир жыйынтык чыкпайт.
- Айтмакчы, "Оппозиция Америкадан акча алып келди. Эми март айында дагы төңкөрүш болот" деген имиштер да бар. Оппозиция лидерлери Америкадан акча алып келгенинен кабарыңыз барбы?
- Мен чынымды айтсам, акчасын деле көргөн жокмун. Керек болсо мындай маалыматты сизден биринчи жолу угуп жатам. "Акча алып келдик, мынакей" деп эч ким деле көргөзгөн жок.
- Президенттин Германияга ден- соолугун чыңдаганы кеткенине кандай карайсыз?
- Мамлекетибизде кырдаал курчуп жатканда Германияга барып эс алыштын деле зарылчылыгы жок. Айтайын дегеним, жүрөгү эл үчүн каккан киши эч качан элин 20 күн түгүл, 20 мүнөт да таштап кетпейт. Азыр бир мүнөт да бош олтура турган учур эмес. Күнү-түнү тытынып, уйку бетин көрбөй иштей турган мезгил. 5-каналдан президенттин басма сөз жетекчиси ден- соолугу мыкты болчу деп айтып жатканын теледен угуп, анда эмнеге кетти деп таңгалып жатам.
- Коомдук парламент биргелешип иш алып барабыз дегени менен негедир легитимдүү парламент тааныгысы келбей жатат. Эми коомдук парламент мыйзамдуу парламентке таасир эте алабы?
- Биз чогуу- чаран иштейли, мамлекеттин эртеңкисине кайдыгер карабайлы деген ниетте коомдук парламент түздүк. Анткени, азыркы парламент музей болуп калды. Эмне иш менен алек болуп жатканы да түшүнүксүз.
Мен эки чакырылыштагы парламенттин депутаты болгом. Биздин бир күнүбүз бир күнгө окшобой, саясаттын чордону болуп, көп талаштуу маселелерди карайт элек. Мен азыркы спикер Адахан Мадумаровго ошондо абдан баа берчүмүн. Чындыкты айтып, тайманбаган өжөр жигит деп. Эми минтип бийликке жеткенден кийин мурда сөөмөй кезеп сындаган нерселерин азыр өзү кайталап жатат. Азыркы парламент талаштуу маселелерди чечмек түгүл добуш берчү жайга айланып калды. Качан парламент эки эле күн иштечү эле? Эки күн иштеп калган учурда комитетте иштейбиз дегени менен алгылыктуу деле мыйзам кабыл алыша элек. Ошондуктан, билбегендерин билгизе айтып, көрбөгөндөрүн көргөзө айталы деп аргасыздан оппозиция биригип, коомдук парламент түзүүгө аргасыз болдук.
- Эмгек мигранттарыбыз Москвада акча таап келебиз деп барып, улутчулдардын колунан акча ордуна ажал таап жатышат. Мамлекет бөтөн эл, бөтөн жерде жүргөн атуулдарын кантип башка бирөөгө кор кылбай коргоп, сактап кала алат?
- Бийлик башындагылар баш болуп, жаңы жылда белек түгөнүп калгансып, орус улутундагы адамдын кулагын, сөөмөйүн кесип, бири-бирине белекке бербедиби. Ошол маалымат интернет сайттарга чыгып, дүйнө жүзүнө тарады да. Москвадагы улутчулдар эмне үчүн кыргыздар бири-бирине орус улутундагы адамды кескилеп, белекке берет деп кыжырданып, кара жанын карч уруп иштеп, үй-бүлөсү түгүл мамлекетти багып жаткан атуулдарыбызды мыкаачылык менен өлтүрүп жатышса керек деп ойлойм. Өкүнүчтүүсү, биз бюджетибизге зор салым кошуп жаткан атуулдарыбыздын укугун коргоп, алардын өмүрүн сактай албай аянычтуу тагдырга туш кылып жатабыз.
- Кыргызстандын беш жылдан кийинки келечегин кантип элестетесиз?
- Курманбек Бакиев башында турганда мамлекетибиз өнүп-өспөйт. Анткени, президент өзү менеджер, өзү Конституциянын гаранты болуш керек. Бизде тилекке каршы, андай жоопкерчиликти сезген президент жок. Мыкты менеджерлик ыкманы да билбейт. Конституцияны болсо кол жоолукка айлантып, өзү каалаганындай кылып өзгөртүп салды. Негизи ар бир орган өз укугуна өзү ээ болуп, өз жоопкерчилигин сезип иштеши керек болчу. Тилекке каршы, президент аларга укук бербей бардык укукту өзүнө үйүп алды. Анан ушундай бир жактуу башкаруудан кантип мамлекет өнүксүн. Мени кейиткен дагы бир жагдай бар. Ал бийлик башындагылар кийинки муундарга кен байлыктарыбызды мурас кылып калтыралы деген түшүнүгүнүн жоктугу. Бийлик колдо турганда далбастап сатып салалы деп жатышканы кыжаалат кылат.
Данияр Үсөнов болсо жаңы мэр болуп келгенде "кыйратам" деди эле. Кана кыйратканы? Борборубуз акыр-чикирге толуп кетти. Акыр-чикирден тазаланып, кошуна мамлекеттердей болуп, качан таза жашайбыз, билбейм.

Ч.Кутманалиева




  Бекназаровго кол салуу болдубу?

Азимбек Бекназаров атынын башын чукул буруп, пресс-конфренция берип, Аксы окуясынын жабылануучуларынын кыргыз элине кайрылуусун окуп, 6 жылдын жүзү болсо да, кандуу жекшембинин күнөөкөрлөрү жаап -жашырылып, кылмышкерлерге азыркы бийлик тарабынан тымызын колдоо болуп, тескерисинче, Аксылыктар өздөрү күнөөлүү деген саясатка такап жатканын айтып, буркан-шаркан түшө, 29-мартта элдик курултай болоорун жар салды.

Курманбек Бакиевдин Германияга 20 күнгө эс алып кеткенин "коомчулукка айтып койсо болмок. Анткени, мамлекетти кимге дайындап кеткени белгисиз. Эми жыйырма күн Медет Садыркулов башкарабы же Игорь Чудинов башкараары белгисиз"- деп нааразы болду. Балким, биздин көзүбүздү тазалап кой деп атайын тапшырма берип кеткендир- деген бүшүркөөсүн, ошондой эле революциялык комитет ишин баштаганына бир ай болгонун айтты.
- Азимбек Анаркулович, кечээ сизге кимдир бирөөлөр тарабынан кол салуу болду деген имиштер тарады. Ошол чынбы?
- Эми мага катуу кол салуу болду деп айта албайм. Бирок, эскертүү болду. Эгер оппозициядагы лидерлердин бирөөсүнүн же менин көзүм тазаланып калса, бийликтен эле көргүлө. Балким, Курманбек Бакиев кадимки Аскар Акаевдей болуп, "кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп", "Мен жок болчумун. Билбей калыптырмын" деши толук мүмкүн. Балким, бирөөлөргө тапшырма берип, тигилердин көзүн тазалап кой деп билмексен болуп, чет мамлекетке кетип жаткандыр. Биз Курманбек Салиевичке 24-мартка чейин убакыт беребиз. Болбосо отставкасын талап кылабыз. Ошондой эле жергиликтүү бийликтен курултай өткөрөлү деп уруксат сурабайбыз. Анткени, Конституциянын 23-беренесинде бакыйып, "жарандар курултай өткөргөнгө укуктуу" деп жазылып турат.
- Азимбек мырза, революциялык комитетке кимдер мүчө?
- Аны азыр айтпайм. Убагында көрөсүңөр. Революциялык комитетке бир топ саясий күчтөр бар. Биз бир ай ичинде коомдук партиялардын жетекчилери менен жолугуп сүйлөштүк. 29-мартта элдик курултай өткөрөлү деп токтолдук.
Аталган элдик жыйынга орточул позициядагы жана оппозициячыл маанайдагы инсандар катышат.
Революциялык комитеттин ар бир аймакта жоопкерчиликтүү адамдары бар. Алар айылдардан делегаттарды жиберишет. Бирок, азырынча курултайга канча адам келээри белгисиз.
- Элдик сот азыркы сотторго ишеним кеткенинен улам түзүлүп жатабы?
- Ооба, коогалаңдуу Аксы окуясына канча жыл болсо дагы аликүнгө чейин күнөөлүүлөр аныкталбай келет. Президент Курманбек Бакиевдин 2007-жылдын 17-мартында эл алдында берген жалган убадаларынын бири да аткарылбай калды.Падыша башы менен убадасын аткарган жок деп элдин бийликке болгон ишеними биротоло өчтү. Айласы кеткенде Аксынын жабырлануучулары 2008-жылдын 17-мартында кыргыз элинин салтына ылайык, Аксы окуясы боюнча элдик сот болсун деген чечимге келди. Биз жабырлануучулар элдик соттун чыгарган чечимине макулбуз дешти. Ошондой эле элдик соттун курамын түзүү үчүн А. Эркебаев башында турган Коомдук парламенттен суранабыз. Парламенттик комиссия атын атаган Аксы окуясына шектүү делген 42 адам адвокаттары менен келип, эл алдында акталууга мүмкүнчүлүк беребиз. Ошондой эле Аксы окуясы боюнча коомдук комиссиянын төрагасы Т.Тургуналиевден жана акыркы Парламенттик комиссиянын төрагасы Д. Садырбаевден аксылык жабырлануучулардын соттогу өкүлдөрү Т.Исмаилова, А. Абдырасулова менен аксылыктарды жактап жаткан жактоочу С. Жайчибековдон элдик сотто коомдук айыптоочу катары катышып берүүнү өтүнөбүз.
- Эгер коогалаңдуу Аксы окуясынын аягына элдик сот чекит койсо анда, Жогорку сот аксы боюнча териштирүүсүн токтотобу?
- Биз Аксы окуясынын жабырлануучулары Курманбек Бакиевден жана жогорку соттун төрайымы А. Алиевадан мындан ары Аксы окуясы боюнча бардык кылмыш иштерди кароону токтотууну сунуш кылабыз. Анткени, канча жылдан бери жыйынтык чыгарбай жүрүп, эми чыгарарына ишенбейбиз. Ошон үчүн ушул кадамга барып жатабыз.
Ч.Кутманалиева




  Революция күнү майрамдалабы?

Өткөн чакырылыштын депутаттары талаш-тартыш менен талкууга алып жатышып, 24- мартты кызыл күн кыла албай коюшту эле, эми ал маселени кдепутаттары дагы талкууламай болушту. Буга байланыштуу мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети карап жатат. 24- мартты революция күнү деп майрамдоо туурасындагы Президенттин өткөн жылдагы жарлыгына ылайык көтөрүлгөн бул маселеге айрым депутаттар 2005- жылдын 24- мартында, түнү болгон талап-тоноолордон улам ал күндү белгилөөнүн зарылчылыгы жоктугун белгилешүүдө. Эгер аталган долбоор парламенттен өтсө Кыргызстан 13 майрамдарды майрамдамакчы.













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan