Аял жакшы эр жакшы
Кайдан алдың тыйынды?
же кайын журтуң кыйынбы?
Биз бул жолу кайсы саясатчынын жубайы кайсы жерлик экенин билүүнү максат кылып, кайын журтун сүрүштүрдүк. Бирок, айтып койчу бир нерсе, биз муну саясатташтыруудан алыспыс,. Кийинки күндөрү кимдин кай жерлигин сурап койсоң эле бөлүнүп жатат деген нерсеге такалып калбадыкпы. Ошондуктан саясатчыларды саясатчы кылган кандай аялзаты болду экен деген суроого гана жооп издедик.
Кимдин жубайы кайсы жерден?
Феликс Кулов - Токтогул өрөөнүнүн Мазарсуу айылынын күйөө баласы.
Марат Султанов -Таластын күйөө баласы.
Курманбек Осмонов - Жумгал районунун Кызыл-Дыйкан айылынын күйөө баласы.
Акылбек Жапаров - Кочкордун кулуну. Ошол эле учурда Кочкордун күйөө баласы.
Абдыганы Эркебаев - Чаткалдын күйөө баласы. Жаналиева Бурул эженин өмүрлүк жары.
Өмүрбек Текебаев - Көлдүн Аксуу районунун күйөө баласы.
Темир Сариев - Чүйдүн Белогорка айылынын күйөө баласы.
Бекен Назаралиев - Атбашынын күйөө баласы.
Дастан Сарыгуловдун өмүрлүк жубайы Айчүрөк Түркмөнова. Кең Чүйдүн кызы.
Накен Касиевдин өмүрлүк жубайы Марипа Абакирова болсо, Нарындын Ат-Башы районунан.
Муратбек Мукашов -Чүйдүн күйөө баласы, Жамийла эженин жары.
Аскар Салымбековдун жубайы Гульмира Сулайманова. Аскар мырза Тянь-Шандын Он- Арча айылынын күйөө баласы.
Нурланбек Шакиев - Аксынын күйөө баласы.
Кубанычбек Исабеков - көлдүн күйөөбаласы.
Өмүрбек Субаналиев Эльвира айымга үйлөнгөнү Ноокендин күйөө баласы болуп калды.
Осмонакун Ибраимов Чүйдүн күйөө баласы. Гүлжамал Жамангулованын түгөйү.
Исмайил Исаковдун кайын журту Чаткалда. Өмүрлүк жубайынын аты Дария Оморова.
Амангелди Муралиев -Чүйлүк, Чүйдүн эле күйөө баласы. Амангелди мырзанын жубайынын аты жөнү Эльмира Муралиева.
Жыпар Жекшеев кереметтүү Ысыккөдүн күйөө баласы. Жубайы Эркинбүбү Усубакунова.
Каныбек Иманалиев ,Нарындын күйөө баласы. Жубайы Кулматова Шаткүл.
Азимбек Бекеназаров Аксынын эле күйөө баласы.
Эрик Арсалиев Кеминдин кулуну, Кеминдин күйөө баласы.
Исхак Масалиевдин өмүрлүк жубайы Атыркүл Нурматова. Исхак мырза Өзгөндүн күйөө баласы.
Кубанычек Апас , Нарындын Куйбышев айылына күйөө балаө. Жубайынын аты Жанипа Апасова.
Эмил Алиев , Чүй боорундагы Күнтуу айылынын күйөө баласы.
П.Рысманбетова