Коомдук-саясый гезит
№04, 05.03.08-ж.

Меймансап
Форум




  Олигархтын айымдары

(гезит мелодрамасы)
Автордон: чыгарманын баш каарманы белгилүү инсан. Азыркыча айтканда кыргыздын олигархы. Башы менен баарына жетишкен адам. Анын жашоосунда акчасын да, өзүн, бийлигин да сүйгөн айымдар болгон. Бирок, ал айымдардын алдында мырзалык касиети менен калганын жана ар кимисин ар башкача сүйгөнүн көп жылдар өткөн соң билип олтурат. Бул сүйүү баянын "Асман пресстин" окурмандарына сунуштап олтурабыз. Чыгарма жөнүндө ой бөлүшүп, маслет кургуңуз келсе редакцияга байланышсаңыз болот.

(Башталышы өткөн санда)
Казакбай аскердик мөөнөтүн Германияда өтөгөн. Ошол жактан көп нерселерди, бизнести үйрөндү. Аскерде жүргөндө классташ кызы Майрам экөө кат алышып турчу .Майрам тунгуч сүйүүсү деп койсо да болот. Экөө 7-класстан бери сүйлөшүп келе жатат. Аскерге жөнөөр алдында экөө эски мектептин артындагы бакчада коштошкон. Оо, ал түн укмуш коштошуу түнү болгон.
Майрамдын эриндеринен көпкө өпкүлөп, алкымынан аймалап, Казакбай кыздын ысык демине мас болуп турду. Ансайын Майрам да назик эриндери менен өпкүлөп, сүйөөрүн ачык айтып "күтөм" деп жалбарып жатты.Казакбай калтыраган колдору менен Майрамдын кофтасынын топчусун шаша чечип, "меникисиң" деп демин ичине ката албай кара терге түшкөнсүдү. Майрам да махабаттын жалынына батып, ага тоскоол болгон эч нерсе жок эле. Ал түндү сүйүшкөндөр эч бир акыл менен да башкара албайт болчу. Экөө болгон окуяга эч кайгырышкан жок. Анын кыздык намысын алып койгонуна бир чети өзүн күнөөлүү сезип, "жаным, мен аскерден келгенден кийин сөзсүз үйлөнөбүз, сен бушайман болбогун" деп Майрамды сооротконсуду. Ээриндери титиреп Майрам эч сөз айта албай башын гана ийкеп олтурду. Өчөшкөнсүп таң да бат агарып, "Кош бол, жаным" деп колунан бекем кармап Казакбай узун көчөдө кала берди…
Майрам апасынын айынан окууга барбай калган. Апасы бир ыптасынан жылбай,көп жыл төшөктөн турбайт. Оорулуу апасын багып калганына Казакбай аябай сүйүнгөн эле. Өзү да минтип айылда калып жатса, жок дегенде Майрамдын жанында калганы ага чоң бакыт эле. Эми минтип өзү аскерге жөнөп жатат.
Аскерге келип түшкөндө эле оюнун баары Майрамда болуп, боюнда болуп калбаса экен деп чоочуп да жүрдү.Биринчи кат алышкада эле "тынч элесиңби?" деп сураган. "Баары жайында, боюма буткөн жок көрүнөт" деген Майрамдын жообу жүрөгүн бир аз ылдыйлаткансыган. Ара чолодо алты ай убакыт өтүп, негедир Майрамдан кат аз келе баштады. Мурункудай үзүлүп түшкөн сөздөр жазылбай калганынан өзү да шектене баштаган. Анан эле бир айдай кат келбей калды.Үйдөгүлөрүнөн сураганга дити барган жок.Ошондой бушайман күндөрдүн биринде Майрамдан чолок кат келди, абдан кыска… "Кечир мени, мен турмушка чыктым. Апамдын жалгыз сиңдисинин баласына чыкканга аргасыз болдум. Мен апамды кыя албайм.Өз каалоом менен кетпегенимди айтып коеюн дедим.Кандай күн болбосун мен сени сүйөм, жүрөгүмдө сен гана жашайсың.Мен биринчи жолу сендик болгом. Жек көрүп калат болушуң керек. Кечир…".

Каадаке кызы Булайка.
(Уландысы бар)




  АЙТМАТОВДУН АЙЫМДАРЫ

(АДАБИЙ ЧАЛЫШ МАЕК-РОМАН)
Керез менен Бүбүсара
(Башталышы өткөн санда)
Биринчи айым:
Керез:
"ЧЫҢГЫЗДЫН ИЙГИЛИКТЕРИНДЕ ҮЛҮШҮМ БАРЫНА КАНИЕТТЕНЕМ"
(Редактор Өмүрзактын уруксаты менен "Ак бата" (2-92) журналынан кыскартылып алынды )

- Сиз мектепти медаль менен бүткөнсүзбү?
- Ооба, күмүш медаль менен, 1948-49-окуу жылы.
(Керез эженин классташ, теңтуш курбулары Толкун Малдыбаева менен Абдылда Каниметовдор ошол жылдарды эскерип отурушту.
Толкун Малдыбаева: Мектептин директору, тарыхтан сабак берчү. Өзү үйлөнө элек. Керездин бардык сабактары "5", алтын медалга кандидат эле. Ошол киши өчөшүп, тарыхтан "4" коюп койгон... Бирок кырсыккан директор ошону менен тим болбой, бүтүрүү кечесинде Керезди ала качмай болот. Анын тегин билген (директор жолдоштору менен план түзүп жатканын балдар угуп коюшат) балдар алдын алышып, Керез кечеден эртерээк кетип калып, кутулган.
Абдылда Каниметов: Бул акмакчы-лык намысыбызга тийип, учурунда баарыбызды капаланткан. Же арызданып, же башка жолдор менен директорду "окутуп" коелу дегенбиз. Бирок Керез аны каалаган жок).
- Баарынан кызыгы, мединститутка жалгыз барбай, өзүм менен кошо Абдылас Малдыбаевдин кызы Толкун Малдыбаеваны кошо алып бардым. Ал экөөбүз музыкалык мектептен улам ынак элек. "Музыканы эмне кыласың, жүр мединституттан эле окуйбуз" деп, ой-боюна койбой сүйрөп келип, акыры мени менен кошулуп институтка кирип калды. Кийин окуусун таштап, баары бир кайрадан Москвага барып, П. И. Чайковский атындагы консерватория-нын музыкалык окуу жайынан окуп келди.
Мен институтка өтүп алып окуум деле, ырым деле, комсомолдук ишим деле жакшы болуп жатты. Ошол кезде институттун комсомол уюмунун секретары Матвиевский деген экен, окуу башталгандан көп өтпөй эле мен анын орун басары болуп калдым. Ошол кездерде шаардагы мыкты окуу жайлары деп айыл чарба институту менен мединститут катуу даңкталаар эле. Эки институттун жаштары да бири-бирине атаандашып, институт аралык бирин-бири мелдешке чакырмай, окуудагы жетишкендик, тартип, тазалык, спорт, оюн-зоок кечелери бири-бирисиз өтпөй комсомол уюмдары бири-бирибизди кезек-кезек текшерип эле жатчубуз. Ошол текшерүүчүлөрдүн арасында мен да, Чыңгыз да болуп калып, алгачкы тааныштыгыбыз ошондон башталып жүрөт. Кийин комсомолдун райондук, шаардык конференцияларынан жүздөшүп калып жүрдүк.
- Сиз ага чейин эле Чыңгыз ага тууралуу кабардар болсоңуз керек?
- Жок, уккан эмесмин.
- Эже, газетага чыккан алгачкы аңгемеси, макалалары ошол студенттик жылдарда жазылып жатпайбы?
- Туура, бирок алардын бардыгы биз үйлөнгөндөн кийинки студенттик кезинде жазылды. Биз 1951-жылы 2-курсту бүткөндө үйлөндүк.
- Эже, убагында сиздердин студенттик турмуш, студенттик дух кандай эле? Тутунган тууңар эмне эле?
- Согуштан кийинки турмуштагы каатчылыкты билесиңер. Ошондой болсо да ишеним, оптимисттик дух, ар кандай жаңылыкка умтулуу күч эле. Менимче, мединститутта окуш өтө эле кыйын. Биздин мединститутка ошол кезде дагы Москвадан, Ленинграддан, Россиянын башка шаарларынан келип окугандар көп эле. Мен өзүмдүн курсумда профессор Брудный Абрам Львовичтин баласы, азыр академияда иштеп жүрөт, Арон Абрамович менен чогуу бир партада отуруп окудум. Роня жаш чагында чоң эрудит эле. Ал ошол кезде биз менен мединститутта окуп жүрүп эле философияны да окучу, биз кийин мединститутту бүтүп ординатурага киргенде ал аспирантуранын философия жана физиология тармагында экөөн тең катар окучу. Андан тышкары курсубузда Леня Бурмин сыяктуу мыкты изденип окуган студенттер арбын болуп, курсубуз айрыкча күчтүү курс болоор эле. Мен да ошолорго теңешип, ал кезде ошолордон кем калышпай окууга аракеттенчүмүн. Өзүбүзгө талапты катуу коер элек. Окусак, үйрөнсөк, бир киши болсок эле деген тилек. Айрыкча убакыт тартыш. Эртеден кечке сабак. Ал эми лекциялардын кызыгын айт. Окумуштуу, профессорлор ушунчалык кызыктуу окушат, сабактарга жарышып, куушуп бараар элек. Андан тышкары анатомия менен латынды жаттамай. Ошону менен кеч да кирет. Эртеңки сабактарга даярдык көрүү, студенттик тиричилик деген да бар. Кыскасы, убакыт мединституттун алгачкы күндөрүнөн акыркы курсуна чейин ушул темпте жүрүп отурат.
- Ошол кездеги жигиттердин кыздарга мамилеси кандай эле? Окуганыма көп болуп калды, Мидин Алыбаевдин "Досума кат" деген повести дагы эле эсте жүрөт. Согуштан кийинки кыргыз студенттеринин турмушу, жигиттер кыздарды окуусунан алаксытпайлы деп, ичтеги жылуу сезимдерин да кыздарга бирден айта салбай, бийик, таза максаттарды аркалап жүрүшөт эмеспи.
- Ооба, ал китепти мен да окугам. Биздин убакта кыздарга, айрыкча окуган кыздарга мамиле ошондой эле. Убакыт канчалык тартыш болсо да курсташ жигиттер, жогорку курстун балдары, бир жагынан Чыңгыз киного билет таап келишчү. Көбүнчө убакыттын тардыгынан баралбай калабыз. Анда балдар "Керез, ушу менен канча белетибиз өлдү" деп кейишээр эле. Анда "кое тургула, онго жетсин" деп койчумун. Дагы бир кызык. Кээде биздин институтту айыл чарба институтунун балдары тегеректеп басып калышат. Арасында Чыңгыз да бар. Бир учурда бетинде боз улан курактагы безетки болуу керек, билинип турчу. Анда биздин институттун балдары мага угуза өздөрүнчө: "Ий-й, сельхоздун балдары каптап кетти! Ичинде безеткиси бары да жүрөт. Алар дезинфекцияны кайдан билсин, Керезге жугузат экен эми! Же арыраак апарып сүйлөшүп койсокпу, ыя?" деп кеңешип калышат. Анда мен чыдабай: "Ошентип гана көргүлөчү, мен силерди эмне кылаар экем!" - дейм.
- Эже, балдарга кыйын болгон экен. Же киносуна барбасаңыз, чоочун балдарды кууюн десе болбосоңуз, бир чети окуган жерде "чоң" болсоңуз... Балдарга кыйын болгон экен..
(Эже күлөт).
- Кийинчерээк, Чыңгыз менен өң тааныш болуп калгандан кийин өзүбүз менен окуган балдардын барбай жүргөн киносуна бара турган болдум. Чыңгыз да келет билет алып... Макул болбойм да, берки балдар менен барам, барганым менен Чыңгыздын акмалап келатканын да, биз менен кошо киного кирип залдын бир жеринен орун алганын да байкайм.
- Театрга да көп барсаңыздар керек?
- Башка институттарды билбейм, биз театрга көп бурчу эмеспиз. Себеби убакытты алчу шаан-шөкөтү көп, анын үстүнө кеч башталат. Ал эми биздин жатаканага саат 11ден кийин кирүү жок болчу. Ал кезде автобус да жок азыркыдай, биртоп аралыкка жөө басууга туура келчү. Жекшемби, ишемби же майрам күндөрү өзүбүздүн же айыл чарба институтунун студенттери келип оюн-зоок уюштуруп же туулган күндөрдү белгилеп, бийлеп көңүл аччубуз.
- Сиздердин убакта кандай жигиттер кыздардын сынына толчу эле? - Жакшы окуган! Отличник! Бою бийик, сулуу, кыздарга көп тийишпеген, "көпөлөк" эмес (Эже көңүлдөнүп аябай күлүп алды).



Бизге чалышат…
"Асман-пресс" гезитине "Айтматовдун айымдары" деген даректүү жыйнакты жарыялагандан баштап, редакциябызга тынымсыз телефон чалуулар болуп, ар түрдүү көз караштагы адамдар ар түрдүү пикирин айтып, ойлорун ортого салып жатышат. Дагы пикирлерди күтөбүз. Сизди кызыктырган суроо болсо, кат жазып, телефон чалыңыз. Биз сиздер менен жакындан байланышып, иштешкенге дайым даярбыз.
Медер Сейталиев, Карабуура району :
- Чыңгыз Айтматовдун турмушу бардык эле адамдарга белгилүү эмес. Ошондон уламбы Айтматовдун чыныгы турмушуна кызыксам да негедир тийиштүү маалымат таба албай келгем. Аны изилдегендер жеке турмушуна эмес, чыгармаларына маани берип, талдоого алышар эле. "Асман-пресс" гезитинен "Айтматовдун айымдарын" окуп, кызыгуум артып, улам кийинки санын чыдамсыздык менен күтүп жатам. Чынгыз Айтматовдун чыныгы турмуштагы сүйгөн айымдары тууралуу уу-дуу кептерди кулагым көп ирет чалганы менен негедир ошол жыйнакты таап окуй албай жүргөм. Эми окуп көксөөм сууп калды.

Адинай Калык кызы, жаш окурман:
- Мен буга чейин Айтматов искусство адамдарынан Таттыбүбүнү жана Бүбүсараны сүйүптүр деген имиштерди уккам. Бирок, аялзаты болгондуктанбы, айтор,Чынгыз Айтматовду канчалык залкар деп анын чыгармаларын сыйлап, жакшы көрүп окуганым менен Бүбүсара менен болгон мамилесин Керез апа билсе, кандай абалда калды экен деген ойдо Керез апаны аяп, анын маектерин окугум келчү. Анткени, залкар адамдардын жеке турмушу тууралуу коомчулукка эч нерсе айтылбай, жакындары жаап- жашырып, табышмак бойдон калаары шексиз эле да. Мен башка таланттуу адамдардай болуп, залкар жазуучу, кайталангыс талант, кара сөздүн чебери Айтматовдун жеке турмушу, улуу махабаты табышмак болуп калышын каалабайм.















Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan