![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №05, 12.03.08-ж. |
Меймансап Форум Кузгун талашка түшкөн "Кумтөрдө" Орозбек Дүйшеев, Кыргыз Республикасынын тоо-кен өнөр-жайларынын жана геологдор Ассоциациясынын президенти: "Бар болгону 40-50 тонна алтын калды" - Сиз тоо кени боюнча адиссиз. Дегеле адистик көз караш менен караганда "Кумтөр" боюнча кайсы өкмөттүн алган чечими Кыргызстанга пайда алып келет? - Чынын айтышым керек. Азыр алтын маселеси абдан оор. Алмаз Атамбаев башында туруп, кабыл алган өкмөттүн чечими чынында эле Кыргызстанга пайда алып келмек. "Кумтөрдө" негизинен 1990-жылы СССРдин өкмөтүнүн алдындагы комиссиянын эсептеп чыкканы боюнча 716 тоннадай алтын бар делген да. Ошондуктан дүйнөдөгү ири кендердин катарына кирип, анын ичинен 316 тоннасы ачык жол менен алына турган алтын экени далилденип, 199 тоннасы жер алды менен алууга боло турган алтын деп изилденген. Чынын айтыш керек Кумтөр алтын кени татаал жерде жайгашкан. Биринчиден бийик, экинчиден, дайыма муз 100-150 метрдей тоңуп турат. 3700 метр бийиктикте 316 тонна алтын жайгашкан. 3700 метр менен 3200 метр ортосунда дагы жер алды менен ала турган 200 тонна алтын бар. Алтын запастарынын бары иликтенгенден кийин 1992- жылдан баштап,макулдашуу башталып, 1994-жылы долбоор бекитилген. Ошол кезде ачык жол менен 288 тоннасын алууга мүмкүн деп долбоор түзүлгөн. Ошол долбоор кабыл алынгандан баштап эле чыр-чатактын үстүндө келе жатабыз. Себеби, кыргыздар айтмакчы аталган долбоор "ээрге олтурганда эле кыйшык олтуруп" калгандай. Көпчүлүктү нааразы кылган бул долбоорго эларалык аферист Борис Бриштейн деген Аскар Акаевдин жакын досунун да таасири болгон. Кумтөрдүн долбоору менен бирдикте Кыргызстанга ири коррупцияга жол берилип, Борис Бриштейндин жетекчилиги менен мыйзамдар бузулуп, анан канадалыктарга берилип калган. Туура түшүнүшүбүз керек,Канадалык фирма дүйнөдөгү атактуу фирмалардан. Камэк" фирмасы ишти абдан тез бүтүрүштү. Ушундай чоң нерсени эки-үч жылда куруп салган бул дүйнөлүк практикадагы чоң жетишкендик. 1993-жылы баштап,1996-жылдын аягында ишке киргизилди, 1997-жылы алтынды толугу менен бере баштаган. Алар коррупцияга түп тамырынан бери каршы болгон мамлекеттерден. "Балык башынан сасыйт" болуп, Кумтөрдөгү коррупцияга биздин бийлик төбөлдөрү себепкер болду. - Ушул күнгө чейин эле чекит коюлбай ызы-чуунун үстүндө келе жатабыз. Кумтөрдү ишке киргизүү боюнча түзүлгөн долбоордун эмнесинен орчундуу ката кеткен? - Чоң каталык долбоорду бекиткенде 276 миллион доллар "сметалык стоимост" болгон. Кийин курулуш бүткөндө 176 миллион кымбатка түшүп калды. Ошонун эсебинен курулуш иштери 276 миллиондун ордуна 452 миллион долларга кымбат түшкөнүнө байланыштуу кошумча кредит алдык. Анын проценттери да кымбат болуп, таза кирешеге 300 млн. доллардай акча түшпөй калды. Ушул жерден чоң каталык кетирдик. Ал кезде көзөмөлда жок болуп калды. Башкы келишимде биргелешкен "Кумтөр Центерра Голд" компаниясы кыргызча айтканда, "Кумтөр алтын биргелешкен камбинатынын" 70%ы Кыргызстандыкы, 30%ы Канаданыкы . Ошол биргелешкен ишкананын 9 кишиден турган кеңешчилер тобу болмок. Бирок, кеңешчилер тобун 1994-жылы курулуш иши жүрүп жаткан кезде жоюп жиберишкен. - Балким, кеңешчилер тобун жоюп салбаганда азыркыдай талаш-тартыш маселелер болбойт беле? - Жегенге тоскоолдук кылат дешкен го. Ошол тогуз кишинин алтоосу Кыргызстандык болуп, үч эле кишиси тоо-кен өнөр жайын билген мыкты адистерден болсо, кеткен акча кайда жөнөтүлүп жатканын билип, кандайдыр бир чечим кабыл алууга мүмкүн эле да. Айтып койчу дагы бир маселе, сметанын кандайча кымбаттаганын биз анализдеп көрдүк. Алтындын баасы төмөндөп кеткен. Бир грамм алтын мурда 11-11,05 доллардан эсептелсе, кийин арзандап кетип, 9 доллардын тегерегинде болуп, Кыргызстанга пайда түшпөй калды. Салыктын баарына беш жылга каникул берип койгонбуз. Ошонун негизинде салык дагы бюджетке түшпөй калган. Алтынга байланыштуу легендарлуу делген парламент тарап кеткени эсиңерде чыгар. Алтын маселеси 1992-жылдан тартып азыркыга чейин 20 жолу парламентте каралса да, ушул күнгө чейин чекит коюлбай келет. Алтындын баасы өсө баштаган кезде 2002-жылдан баштап, Кыргызстанга пайда түшпөгөнүнө байланыштуу көптөгөн суроолор тулуп, "Камэко" биринчи сунуш киргизди. Ошонун негизинде силерге жылына 8 миллион нак доллар берип турабыз дешкен. Ошондо таза кирешеден 54 миллион доллар түшөт. Андан тышкары салыктарды дагы төлөйбүз дешкен. Ал сунушка алтын кымбаттап жаткандан кийин көбүрөөк пайда табалы деп макул болбой койгонбуз. Булар 2003-жылы жаңыча сунуш киргизип, ал сунушту Н. Танаев башында турган өкмөт бекитип койду. Ошондон баштап карама-каршылык ого бетер күчөдү. Карама-каршылыкты жою үчүн мыйзам чыгаруу жыйыны токтом кабыл алган. Бирок, ал токтом аткаруу бийлиги тарабынан аткарылбай келген. Бул маселе 2007-жылы дагы көтөрүлүп. Данияр Үсөнов башында турган өкмөттүк комиссия түзүлүп, 6,05 миллион акцияны бизге кошумча бере турган болушкан.10,5%дык салыктарын да төлөйсүңөр деген. Комиссия кайта сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштаганда, бул чечимди . А Исабеков башында турган өкмөт бекитпей койгон. А. Атамбаев туура маселе козгоп, адистерден турган эксперттик комиссия түзүлүп, ага мен дагы мүчө болгом, кантип кумтөрдөн Кыргызстанга пайда келтирет дегенге токтолуп, бир топ варианттарды карадык. Мыйзам чыгаруу жыйыны 2003-жылдын31-декабрында токтом чыгарып, анда канадалыктардын сунушун кабыл алып койгон. Жаңыча түзүлгөн "Центера Голдинг" деген эл арылык ачык компания түзүлүп, бүт "Кумтөрдүн" 100% акциясын өткөрүп берип, ага бир топ уюмдар кирген. Ага киргенде биздин үлүшүбүз 33%га төмөндөп калган. Бул жерде татаал "расчеттор" бар. Маселен, актив, запастарды эсептеш керек. Биз ойлонуп олтуруп, жаңы башталган кезде үлүшүбүз аз болуп, ошонун негизинде бизге аз киреше түшүп жатат дедик. 57-58% биздики болуш керек деп канадалыктарды чыкырып, талаштар көп болду канадалыктар биз буга макул эмеспиз деп кетип калган да учурлары болду. Акырында 51%ы биздики болсо, бизге пайда түшүп, акыйкаттык болот деген жыйынтыкка келдик. Жыйынтыгында Кыргызстандыкы 52%, канаданыкы 48%га макул болушту. 52%дын негизинде Кыргызстандыкы канча акция болуш керек дедик. Жаңы башталган кезде жалпы акциянын суммасы 57 миллион болчу. Бул болжол менен 500 млн. долларлык баасы бар. Кийин "Центерра Голд" көптөгөн салымдарды, капиталдарды жумшаганы үчүн жана алтындын баасына байланыштуу акциялардын жалпы баасы үч миллиардга жетип калган. 2007-жылдын 1-январына карата 210 млн. акция болуп, анын баасы үч миллиардга жакын сумманы түзгөн. Бүгүнкү күндө 1миллиард актив бар. Анан накталай акча да көбүрөөк түшсүн деп, алтындын баасы арзандаса да, кымбаттаса да товардан канчаны сатса, 10% бизге түшүп туруш керек деген маселени койдук. Быйыл алтындын баасын эсептегенде 46-50 млн. салыктан эле түшөт. Келерки жылы 70 миллион, кийинки жылы 80 миллион түшөт.Үч жылдын ичинде бюджетке 10 жыл мурункуга караганда бир жарым эсе көп доллар түшөт. Ысыккөлдүн өсүшүнө товардык продукциянын бир пайызын бөлүштүрөлү деген чечимге келдик. Быйылкы жылы Ысыккөлгө 4,05млн, келерки жылы 6млн.го жакын. 2010-жылы 7млн.го жакын доллар түшөт. 10 жылдын ичинде 1млн. 200 миң доллар түшкөн, анын бир млн.у кайда кеткенин таппай жатабыз. Мындан тышкары "подоходный" салык, социалдык фонд жана бажыканага да мыйзамдын негизинде акча түшө берет. Демек, Кыргызстанга быйыл 60 миллион келерки жылы 80 миллион пайда түшкөнү жатат. Бул Кыргызстан үчүн эң жакшы жетишкендик болот. Келерки жылы 250 млн. бюджетке пайда алып келет. Дагы бир чоң жетишкендик ачык жол менен ала турган алтындан 192 тонна алтын чыгардык. Бул деген алтындын 80%ын алып калдык. Ачык жол менен ала турганы бар болгону 40-50 тонна алтын калды. Демек, жер алдынан ала турганынан азыркы күнгө чейин дайындык жок. Ошондуктан "жер алды алына турганды дайындашыңар керек. Эки-үч жылда ишке кирип, тынбай иштеши керек" деп жатабыз. Булар макул болушту. Жер алдындагы алтынды алыш үчүн 100-150млн. доллар кетет. Аны канадалыктар өз эсебинен кетирет. Кээ бирлер түшүнбөй эле жерди көп берип коюпсуңар деп айыптап жатышат. Чынында биз жерди алтын барбы жокпу, болсо канча ошону гана изилдегенге бердик. Жерди биротоло берген жерибиз жок. Жерди кенен бергенибиз кыргыздар үчүн пайда. Канадалыктарды да түшүнө турган жайыбыз бар. 10 жылдан бери шаймандары эскирди. Аны жаңылашты. Биз үчүн "Центерра Голд" жакшы эле иштеп жатат. - Жогоруда акчаны чет мамлекетке которуп жиберген дедиңиз. Сыр болбосо ким которуп жиберген? - Кумтөрдө карьердин дубалы кулап, бир адам каза болуп, ошого бөлүнгөн камсыздандыруудан түшкөн 11млн. доллардын баарын чет элге Танаевдин көрсөтмөсү менен эртеси күнү чет элге которуп жиберишкен. Ошону али күнгө чейин таппай жатышат. - Кумтөр боюнча маселени парламент жакын арада карайбы? 31-апрелге чейин карашы керек. Бирок, азырынча парламенттин күн тартибине кире элек. - Коммунисттер партиясынын жетекчиси Исхак Масалиев оппозиция болгонго толук негиз бар деген эле. Азыр коммунисттер партиясынын позициясы кандай? - Биз оппозициябыз. Конкреттүү капиталисттик системага каршыбыз. Биз Курманбек Бакиевди бир учурда эмгекчи элдин көйгөйүн чечип берет деп колдогонбуз. Бирок, тилекке каршы, айтылган убадалар ишке ашпай эле куру сөз бойдон калды. Коммунисттер ар дайым дүнүйөкорлук системага, мындай бийликке каршы болуп келген. Каршы боло берет. - Чындап элке коммунисттер оппозиция болсо, анда эмнеге коомдук парламентте мүчө эмес? - Биз коомдук парламентке караганда легитимдүү парламентте ролубуз чоңураак. Эки жакка тең кошулганыбыз этикага жатпайт. Коомдук парламентте көтөрүлгөн жакшы маселелерди легитимдүү парламентке алып чыгабыз. - Парламент ошону кабыл алабы? - Акырындап олтуруп бул парламент да иргелет. "Ак Жолдун" ичинде "Ак Жолго" каршы чыгып, чындыкты айтып жаткандар да жок эмес. Маселен Кабай Карабеков алтын боюнча маселеде "Ак Жолго" караманча каршы чыгып жатат. Ушул темп менен кете берсе, "Ак Жол" Курманбек Салиевичти акырындык менен адаштырып кетет. Бүгүнкү күндөгү саясат бийликти бөлүштүрүү менен алек болуп калды. - 29-мартта оппозиция көчөгө чыгып, кандайдыр бир талаптарды коюшу мүмкүн дешүүдө. Сиз ага кошуласызбы? - Жеке эле мен эмес, биз, коммунисттер, көчө демонстрациясына кошулбайбыз. Аскар Акаев абдан билимдүү илимдүү адам болуп, бирок, ошол акылын туура эмес пайдаланып, завод- фабрикаларды талкалаганга жол берип, бүт жумушчу класстарды жоюп таштады. Биздин базабыз ошол жумушчулар болчу. Азыр базабыз жок. Биздин партия эмгекчи элдин кызыкчылыгын колдойт. - Азыркы парламент купулуңузга толобу? - Жок. Купулума толбойт. Айтайын дегеним, добуштарды сатып алуу ыймансыздыктын жеткен чеги. Нечен элдердин добуштарын сатып алган парламенттен кантип, жакшылык күтүүгө болот. Алардын көпчүлүгү туруксуз. Бир партиядан чыгып, бир партияга кире берген адамдар. Башкасын кыйраткансып эми энергосекторду да менчикке берүү аракетин жүргүзүп жатат. Чынында энергетиканы сатабыз дегени кыргыз элинин түпкү кызыкчылыгына каршы жасалып жаткан иш. Дегеним, келечектеги ырыскыбызды сатууга кам көргөнүбүздү токтотушубуз керек. Энергетиканы жеке менчикке бергенге болбойт. - Коомдук парламентти мыйзамсыз деп айыптап, тааныгысы келбей жаткандар да жок эмес. Бул боюнча эмне демекчисиз? - Бийлик өзү элдин купулуна толгон инсандарына парламентке келишине тоскоолдук кылып, коомдук парламенттин түзүлүшүнө шарт түздү. Коомдук парламент тин жетишкендиги саясатта дасыгып калган, эл үчүн күйүп жанган инсандардын арбындыгы. Коомдук парламентти жерибей президентибиз Курманбек Бакиев өзүнө тартса, ал үчүн чоң пайда алып келет. Ч.Кутманалиева |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|