![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №05, 12.03.08-ж. |
Меймансап Форум Лариса Асанбекова, акын, Россиядагы эниоинженерлер Академиясынын академиги: "Адамдын жашоосу анын энергиясына байланыштуу" Кыргызстанга акын катары таанылган Лариса Асанбекованын мыкты парапсихолог, өз ишинин майын чыгарган профессионал эниоинженер-космоэнергет экендигин саналуу гана адамдар билсе керек. Россияда атагы чыккан элдик дарыгер, космоэнергет Эмил Багировдун "Космоэнергетика" институнда, Александр Эфраимдин "Алафр" мектебинде, Шоди Каримовдун "Ийгилик" академиясында, академик Анатолий Трубицындын "Ностродамус" атындагы бүткүл дүйнөлүк жана эл аралык профессионалдуу элдик медицина академиясында билим алган Лариса эженин өмүр таржымалы өтө эле кызыктуу экен. Төрт баланы өстүрүп, беш неберелүү болгон акын айымдын сыйлыктарын санай берсе да абдан көп. Тээ СССР ыдырагандан тартып турмуштун ачуусу менен таттуусуна аралаша көпчүлүк менен катар эле коммерция менен алектенип, Индия, Кытай, Пакистанга чейин каттап, товар ташыган дагы күндөрү болуптур.Бирок табигат тартуулаган жөндөм, кандайдыр бир сыр Лариса Асанбекованы таптакыр башка жоло алып келген экен. - Лариса эже, көпчүлүк эле адамдар өзүнүн жашоодогу кыйынчылыктарын бүгүнкү заманга шылтап жатышпайбы. Сиз аларга кошулаар белеңиз? Дегеле адам өзүнүн туура жолун тапса болобу? Эгер боло турган болсо, кантип? - Адам баласын жаратканда эле Кудай алардын ар бирине жөндөм, талантты кошо жаратат экен. Парапсихология илими боюнча айтсак, ар бир адам баласы кандайдыр бир миссияны аткаруу үчүн келет. Ошол миссияга жараша жөндөм берет. Мисалы менин өмүрдөгү миссиям- чыгармачылык жана профеционалдуу элдик медицина боюнча иштерди аткарып, адамдарга жардам берүү. Эгерде адам өзү жасаган ишинен баар таап, ырахат алса, анда ал сөзсүз башка адамдарга да жардам бере алат. Адам баласы жашоодогу ордун, жолун туура тапса, анда аны ийгилик, байлык, ден-соолук ар дайым коштоп жүрөт. Ошондуктан адам өз тагдырын өзү жасап алышы керек. Ар ким өз жан дүйнөсүн уга билсе эч жаңылбас эле. Өзүнүн жаман жашоосун же ооруганын эч качан бөтөндөргө шылтабаш керек. Кудайдын деле өзүнүн мыйзамдары бар да. Мисалы, ууру кылба, ушак сүйлөбө, бирөөгө жамандык каалаба, ата-энени сыйла, бирөөнүн маңдайтери менен тапкан эмгегин жебе, адам өлтүрбө, калп айтпа ж.б. көп . Бирөөлөрдүн көрө албастыгы, нааразычылыгы же каргышы, көзү, сөзү тийсе деле адамдын жашоосунун өзгөрүшүнө шарт түзөт. Бул нерселер дагы адамдын энергиясынын сапатына байланыштуу. А энергиянын сапаты ар бир адамдын өзүнөн көз каранды. Эгер адамда терс энергия көп болсо, терс көрүнүштөгү окуяларга кезигет. Эгер энергиясы оң, сапаты бийик болсо адамдын ден-соолугу да чың болуп, иштерин ийгилик коштоп, бакубат жашоодо жашайт. Албетте, адам баласынын жалпы жашоосунун жакшы болушу ааламдагы жер, суу, аба, от, эфир стихияларына дагы байланыштуу. - Жогоруда оң жана терс энергия деп айтып өттүңүз, ошол энергия талаалары аркылуу кеңири маалымат берип өтсөңүз? - Адам баласынын денесин каптап турган янь (оң) жана инь (терс) деген энергиялардын эки түрү болот.Ушул эки энергиянын көбөйүп же азайып кетиши ооруларга, турмуш- тиричиликтеги тоскоолдуктарга же жетишкендиктерге, адам тагдырындагы оош-кыйыштарга дуушар кылат. Адамдын энергетикалык денесинде 7 чакра жайгашкан. Жетөөнүн ар биринин аткарган фунциясы өзүнчө. Ушул чакралардын функциясынын бузулушу да адамдын жашоосунун өзгөрүшүнө шарт түзөт. Адам эмне себептен ооруйт? Биз бул суроого жооп издеп көрөлүчү. Илимий тилде алганда жогоруда айтылган оң жана терс энергиялардын ортосундагы гармониянын бузулушу ар кандай оорулардын чыгышына алып келет. Биз жана айтпадыкпы, оорулар терс ойлордон, туура эмес жүрүм- турумдан келип чыгат деп. Биз ойлоп жаткан ойдун өзү эле күчтүү энергия болуп эсептелет. Эгерде ар дайым жакшы ойлорду ойлоп жүрсөң, анда жолуң да жакшы болот. Тескерисинче, оюң жаман болуп же наалынып, кабагыңды бүркөп, кимдир бирөөлөргө дооматыңды арта берсең эртеңки күнү андан да төмөн турган жашоого туш келишиң ыктымал. Илгертеден айтылып келген "Ою тазанын бою таза", "Эмне эксең ошону аласың", "Жакшылыкка жакшылык,жамандыкка жамандык" деген деген кептердин түпкү мааниси парапсихология илимине барып такалат. Мына ошол нерсенин баарын адам ар дайым эсине сактап, Кудайдын мыйзамдарын так аткарса кыйналмак деле эмес. - Сиз эниоинженер экенсиз. Бул кесипти деле биз жеткиликтүү түшүнө бербейт экенбиз… - Туура, Кыргызстанда "көзү ачык" деген гана бир беткей түшүнүк кеңири тараган. Бирок, ал көзү ачыктардын кимиси кандай экендигин дагы билишпейт. Мен парапсихология илимин 10 жыл окуп, адам баласына белгисиз сырлар тууралуу билүүгө көп аракеттерди жумшадым. Албетте, бардыгына жетиштим деп айтуудан алысмын. Парапсихологияны окуу үчүн бир өмүр дагы жетпей калышы мүмкүн. Ошентсе дагы эниоинженер катары адамдарга жардам берип, окуучуларымды тарбиялап келатам. Эми эниоинженер эмне иш кылат? Жогорку космосто маалымат талаасы жайгашкан. Эниоинженерлер ошол космостон келген энергия менен иштейт. Бул кесип өтө көп тармактуу. Бир эле учурда парапсихолог, космо-энергет, био-энергет, элдик дарыгер жана бир эле адам баласынын гана эмес бүтүндөй эл жашаган чөйрөнүн энергиясын дагы жолго салууга жөндөмдүү. Дагы бир айтып койчу нерсе, биз муну менен салттуу медицинаны дагы жокко чыгарып салбашыбыз керек. Салтуу медицина деле элдик медицинадан келип чыккан. Бирок, салттуу медицина менен элдик медицинанын дарылоо ыкмалары эки башка. Салттуу медицинада пайда болгон ооруну дарыласа, элдик медицинада оорунун келип чыккан себеби аныкталат. Адамда физикалык жана астралдык дене болот да. Ошол физикалык денени салттуу медицина, ал эми астралдык денени элдик медицина дарылайт. - Астралдык дене дегениңиз, биздин түшүнгөнүбүзчө, жан да? - Жан деген энергия. Анын салмагы болгону 3 граммдан 12 граммга чейин гана болгон кичинекей нерсе , орусча айтканда "сгусток"энергиядан турат. Ошол жан космостон энергия алат дагы астралдык денени түзөт. Астралдык дененин радиусу 2 метрден азайып кеткен болсо демек, анда ар кандай тешиктер пайда болуп, энергия азайып, адамдын ден соолугу, тагдыры өзгөрө баштайт. Эгер жан физикалык денеден бөлүнүп чыгып кетип, физикалык денеге энергия келбей калса анда адам өлөт. Адамдын физикалык денеси жерде болсо, көзгө көрүнбөгөн денелер космос менен байланыштуу. 7 чакра 7 дене менен байланыштуу болот. Жан эфирдик денеден 3 күндүн аралыгында, 7-9 күндүн аралыгында астралдык денеден, 40 күндүн аралыгында менталдык денеден бөлүнүп чыгат. Ошон үчүн жан өлбөйт деп айтылат да. Эми муну түшүнгөндөр өтө аз. Эгерде биз элдик медицина менен салттуу медицинаны бириктирип, иш алып барсак, анда оорулууларды дарылоодо көп жетишкендиктерге жетишмекпиз. Анүчүн Кыргызстанда чоң борбор керек. Бирок, ал борборду куруу үчүн чоң каражат талап кылынат. Албетте, эгер биздин өлкөнүн мен деген адамдары бул ишти колго алса анда бүткүл дүйнөгө атагы чыга турган борбор менен өлкөбүз таанымал болмок. Мисалы азыркы убакта мен иштеп жаткан Россиядагы академиянын 80 пайызы врачтар. - Сизден дагы бир нерсени сурагым келип турат. Сиз өз жолуңузду кандайча таба алдыңыз? - Соода иштери менен алектенип жүргөн кездерде көп ооруп калчумун. Бир сапар Кытайга барганымда жалаң гана дары чөптөр, алтын ийне саюуу жлдору менен дарылаган 96 жаштагы кытай дарыгерине барып калдым. Ошол адам мага "Сенин ооруң медициналык оору эмес. Сенин жолуң дарыгерчилик. Сен жашоодогу өз миссияңды аткарышың керек" деди. Кытай абышканын айткандары ал учурда мага анча деле таасир эткен эмес. Кийин үйүбүзгө ууру кирип, көп баалуу нерселерибизди уурдаткандан соң тагдыр мени көзү ачык цыган кемпирге туш кылды. Баягы кытай дарыгердин айткандарын цыган кемпир да кайталап айтып, кийинчерээк өзүм дагы катуу ооруп калдым. Шыпаа издеп, бир орус кемпирге көрүнсөм, ал да"Эгер дарыгерчилик жолго түшпөсөң, балдарың кырчсыктап калышы мүмкүн" деди. Ошентип балдарымдын жашоосу, жыргалчылыгы үчүн дарыгерчилик жолду тандоого туура келди. Албетте, элди дароо эле дарылап кирүү оңойго турган жок. Кайрадан ооруп, ал орус кемпирге кайрадан барууга туура келди. Бирок, экинчи сапар мен ага "Элдик дарыгерчилик менен дарылоо көңүлүмө туура келбейт экен. Мен билимдүү элдик дарыгер болгум келет. Ошондой окуу барбы?" деп кайрылдым. Ал мага Кыргызстанда "Хармакути" атындагы парапсихолог- экстрасенстердин жана элдик дарыгерлердин мектеби бар экендигин айтып, 1998-жылы аталган мектептин босогосун аттадым. Мына ошол күндөн тарта менин турмушумдагы кыйынчылыктар азайа баштады десем болот. Кийин Россиядан билимимди тереңдетип, "Уралдын мыкты элдик дарыгери" (2003-2004-ж.ж.), "Россиянын мыкты элдик дарыгери" (2005-ж.), "Урал элдик дарыгерлеринин мастери" (2005-ж.), "Дүйнөлүк элдик дарыгер" (2005-ж.), "Алтын колдун мастери"(2005-ж.), "Элдик медицинанын магистры" (2005-ж.) ж.б. сыйлыктардын ээси болуп, көптөгөн симпозиумдардын, форумдардын лауреаты болдум. Бир нече медалдар, ордендер менен сыйландым. Жакында эле, 2007-жылдын ноябрь айында эң жогорку чин "Мэтр" наамына татыктуу болдум. Албетте, мен бул жетишкендиктерге тынымсыз эмгек, тынымсыз билим менен жетише алдым десем болот. Эми ошол алган билимимди мен Кыргызстанда окутуп, окуучуларды тарбияласам дейм. Бирок, андай иштерге жогорку дэңгээлде кам көрүлбөсө бир адамдын колунан эмне келет. Мына Ош базарынын тегерегинде канча деген көзү ачыкмын дегендер олтурушат. Алардын энергиясы оңбу же терспи эч ким билбейт. А алардын айтуусу менен канчалаган адамдар өз жолунан чыгып, башка жолго кетип жатышат. Мен Кыргызстанды көчөдө, кир жерлерде олтуруп алып, элди алдап акча тапкан көзү ачыкмын дегендер менен булганбай, илимий негизде, цивилизациялуу түрдө, элдик медицина, салттуу медицина болобу же парапсихолог, эниоинженерби баардыгын бириктирген, таза, заңгыраган имаратта элди тейлеп, өнүксө дейм. Улам илим өнүккөн сайын техника дагы улам өнүгүп, адамдын аурасын, энергиясын текшере турган техникалар чыгууда. Бирок, алар абдан кымбат тургандыктан менин Кыргызстанда эниоинженерлер борборун же болбосо элдик медицина борборун ачууга азыр шартым жок болуп турат. PS: Кызыгып, телефон чалуулар көп болгондуктан биз эже жөнүндө кеңири маалымат берүүнү чечтик. Ооруну айыктырууну эмес, ооруну болтурбоону үйрөнүшүбүз керек. Ар бир адамдын тагдыры өз колунда. Эгер сизде дагы суроолор пайда болсо, ыычалгыла. |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|