Үлгү болоорлук бирок…

Өлгөн иттин өлүгүн ким тазалайт?
Эки айга созула турган ишембиликтер акциясын шаар башчысы Данияр Үсөнов демилге кылары менен эле айрым аттуу-баштуу ишканалар көпчүлүккө салып айлана-тегерегин тазалап жатышкандыгын көрүп, ичиң жылыбай койбойт экен. Бирок, кыштата кар алдында жатып билинбеген кытай баштыктардан тарта мурду "нан сурап" калган калош менен өлгөн иттин өлүгүнө чейин ачык эле жаткан айрым шаардын карамагына караган жаңы конуштарды айта турган болсок, бул ишембилигиң жалаң эле асфальт жол менен басып көнгөн шаардыктардын тазалыгы үчүнбү деп да арам ойлоп кетет экенсиң. Сөзүм кургак болбош үчүн мисал келтирейин. Тээ 2005-жылы "Ак- Өргө" жаңы конушунан ары карай, ТЭЦ-2 тараптан үй куруу үчүн адамдарга жер тилкелери бөлүнүп берилгендигин баардыгыңыздар эле билсеңиздер керек. Андан бери зымырап бат эле үч жыл өттү. Ошол үч жыл аралыгында "Ак- Өргөнүн" аркы тарабындагы темир жолду бойлой ("Ак-Өргө" тарабында) төгүлгөн таштандыларды алып койгон бир да жан чыкпагандыгы таң калтырды. Ал эми темир жолдун аркы бетиндеги "Ак Ордо" жаңы конушу дагы улам коюланып, жашоочулары көбөйгөн сайын алар дагы түгөнбөгөн кытай баштыктарга толгон акыр-чикирин ташып келишип ыргытышат. Ошентип үч жылдан бери азайбай эле көбөйүп, самсаалап жатканы жаткан. Ал жерге таштанды чыгарган машинелер да барбайт экен. 8-троллейбустун акыркы аялдамасынан, тагыраагы №77 мектеп туштан башталып аталган темир жолго чейинки ТЭЦтин трубасын бойлото да төгүлгөн таштандылар дагы эртели-кеч мектепке келатып .же кетип баратып ойногон мектеп окуучуларынын эрмегине айланган. Арасында кыштын суугунда тоңуп өлгөн ит менен мышыктын да өлүгү көз көрүнөө булайып, ага кызыккан балдар жаз келгени сасыгы мурунду жарып турса дагы чыбык менен сайгылап өтүшөт. Анан тазалык деп канча какшабайлы көрүнөө жатканды тазалап кое албагандыгыбызга кейийт экенсиң. Асфальт төшөлгөн гана жерлерди кайра -кайра тытмалабай андан көрө таштанды төгө турган челеги да жок жаңы конуштарды эстеп, эң кур десе айыл башчы, квартал жетекчилерине көзгө сайып эскертүү берсе жергиликтүү тургундарды деле чогултуп, тазалыкты колго алса канча деген оору-сыркоодон арылат элек. Машине менен кыдырган жетекчилериң чалкалай олтуруп алып ар бир четки көчөлөргө чейин өзү бир кыдырып көрсүнчү, кандай нерселерди көрөөр экен. Ортодо оорунун жугуштуулары өлгөн ит-мышыктардан жугат деп дарыгерлерибиз сайраганы сайраган. Ансыз да оорунун саны көбөйгөн ушул заманда көптөп аракет кылбасак, ар кимибиз ар бир балабыздын аркасынан кайтарып же арбир келемиштин артынан аңдып жүрө албайбыз го? Кептин ачыгы эки айлык ишембиликти эптеп, же эки чоңго күрөк карматып бак түбүнө топурак ыргыттыра коюп, тележылдыз кылбастан, тескерисинче чыныгы ирип-чирип жаткан таштандыларды тазалап, жыйынтыктасак жакшы болмок.