Коомдук-саясый гезит
№06, 19.03.08-ж.

Меймансап
Форум




  Таппасаң сыйпалап кал...

Жоомарт Сапарбаев, "Ата Мекен"
партиясынын жаштар канатынын лидери:
"Акцияны саясий зоопарк деп атадык"
- Жоомарт, эмне үчүн Жогорку Кеңештин алдына койдун маскаларын кийип чыктыңар?
- Эсептеп көрсөк депутаттардын иштегенине туура 16-мартта үч ай болду. Депутаттардын үч айлык иш-аракеттерин күзгү катары көрсөтөлү дедик. Биз уюштурган акциябызда Жогорку Кеңеш өзүн кандай алып жүрүүдө? Жаштардын көзүнө кандай көрүнүп жатат? Коомго кандай таасир этип жатканын чагылдырдык.
- Демек, силердин кийип чыккан маскадан улам депутаттарды койго салыштырып карасак болобу?
- Биздин кийип чыккан маскалар Жогорку Кеңештеги саясий фигураларга окшойт. "Койлордун" арасында "боксер букабыз" да жүрдү. Жөнөкөй "койлор" " бу канын" артынан ээрчип жүрүштү. Биз ушул акциянын атын ойлонуп олтуруп, акыры "саясий зоопарк" деп атоону чечтик. Андан башка aт да табылбай калды.
- Силердин койчо маарап жүргөнүңөрдү көргөн элдер жана депутаттар кандай кабыл алды?
- Бийликтегилер кандай кабыл алганы түшүнүктүү да. Өтүп бара жаткан адамдар жакшы кабыл алды. Бирок, эл кандай кабыл алат аны убакыт көрсөтөт. Негизи олуттуу маселелерди да оюн катары жасаса эл айтайын деген оюбуздун маани-маңызын жеңил түшүнөт.
Кечээ Ибрагим Жунусов менен Би-Би-Сиде чогуу болдум. Ал "саясий зоопарк" бюнча эч нерсе деле айткан жок. Мен билгенден Адахан Мадумаров бизди көргөндө жаны кашайып, кыйкырып-өкүрүп кирет экен. Же биз анын жинине тийип жатабызбы билбейм. Адахан Мадумаров бизди Жогорку Кеңештин айланасынан көрбөсө да, теледен көргөн чыгаар. Себеби, акцияны теледен да көргөздү дешип жатат. Жаштардын маанайы кандай экенин алар да көрсүн, уксун.
Биринчиден, "Ак Жол" партиясы терикпей деле койсо болот. Биз аларды эч кимге салыштырган жокпуз. Бизден чыккан "койлор" "дорога бепбелый" деп аталат.Биздин белгилер менен "Ак Жол" партиясынын белгилери окшош болушу мүмкүн. Бирок, "Ак Жолдун" белгиси эмес. Эгер "Ак Жол" өздөрүн койбуз деп эсептесе, анда сотко берсин.
- "Мен ишенбейм" акциясынан майнап чыкпаган үчүн жаңы акциянын ойлоп таптыңарбы?
- Албетте, азыркы "Саясий зоопарк" акциясы "Мен ишенбейм" акциясынын уландысы. Бирок, биз ушул акциялар менен эле чектелип калбайбыз. Башында белгилеп айткандай токтобойбуз улам башка акциялардын башка формасын, түрлөрүн ойлоп табабыз.
- "Саясий зоопарк" акциясына катышкандарды укук коргоо органдары күч колдонушкан жокпу?
- Албетте, күч колдонушту. Биз аталган акцияны өткөрүп жатканда укук коргоо органдарынын өкүлдөрү тарабынан эч кандай сөз болгон жок. Алар таң калышты окшойт. Себеби, "Ак Жолду" колдоп чыгыштыбы же ага каршы кылып жатышабы деп түшүнүшкөн жок окшойт. Биз акциябызды бүтүп алып, чай ичип алалы деп баратсак,колубузду кайрып, акцияга катышкан 15 адамдын тогузун кармап кетишти. Кечээ алардын бешөөнүн соту болуп, административдик жаза кылып, 1500-2000 сомдун тегерегинде айып салышыптыр. Маселен, Мирсулжан Намазалиевге 2000 сом айып салыптыр. Калгандарыбызга сот эртең болот. Мага алардан көбүрөк айып салса керек. Бирок, мен айткан суммасын эле төлөй бербейм. Анткени, биз мыйзам бузган жокпуз . Тескерисинче, өз укугубузду, мыйзамдуулукту коргоп, Кыргызстан мыйзам нугунда өнүксүн деп тилек кылып, чыгып жатабыз.
Ошондуктан айып салганына макул эмесмин. Аппеляциялык арыз жазам. Айып төлөйүн деген маанайым деле жок. Айып төлө деп катуу талап кылышса анда, эптеп айласын табам.
- Масканы кайдан алдыңар?
- Бирөөнүн принтерин, компюьтерин сурап, интернеттен койдун маскаларын таап, өзүбүзгө ырастап кесип, ылайыктуу кылып кийип алдык.
- Негедир силерге чет мамлекеттен акча бөлүнүп, акция уюштуруп жатат деген имиштер да бар…
- Бизге кимдир бирөөлөр тарабынан акча берилип жатат деген сөз болууда. Бирок, чындап эле акча берилсе, акциябызды кооз кылып өткөрүп, эмдигиче масштабдуу жыйынтык чыгарып алмакпыз. Акча жоктун айынан эптештирип, эки жүз, үч жүз сомдон чогултуп иш кылып жатабыз да.
- 24-мартты майрамдайсыңбы?
- Майрамдабайм. Тескерисинче, "Ата Мекен" партиясынын жаштары биригип алып, былтыркыдай кылып, манты жасайбыз. Анткени, Курманбек Салиевичтин жакшы көргөн тамагы манты турбайбы. Конституцияга кол койсо да, олуттуу маселелерди чечип жатса да, "Мен билбептирмин. Үйдө жылуу тапичкелеримди кийип, манты жеп олтургам"- деп бизге акежан үлгү көргөзүп жүрөт. Ошон үчүн 24-мартта манты кылалы деп чечтик.
П. Рысманбетова




Президент операция болдубу?
Президентибиз Курманбек Салиевичтин Германияга ден соолугун чыңдап кеткенин ар ким ар кандай жоруп жатат. Маселен, бирөөлөр падышага кол салуу болду десе, бири бөйрөгү "отказ" кылыптыр дешет. Кээ бирөөлөр кандайдыр бир үй-бүлөлүк "разборкадан" жүрөгү кармап, күтүлбөгөн жерден Германияга кетүүгө аргасыз болду дешүүдө. Ал эми Россиянын маалымат агенттери операция болду деген маалымат таркатышууда. Бирок, президенттин пресс-кызматы Президент ден соолугун чыңдаганы кеткен деген жүйөлүү сөзүнөн тая элек. Эмнеси болсо да, падыша да пенде. Аны да түшүнүшүбүз керек. Биз дагы Курманбек Салиевичтин аман-эсен сакайып келишине тилектешпиз.

Турсунбек Акун Аксыга барган жок
Каргашалуу Аксы окуясына канча жыл өтсө да, аликүнчө чекит коюлбай келет. Кыжырданган Аксылыктар бир курдай Бишкекке келип, Акүйдүн ур-тепкисине да калышкан болчу. Эми минтип акыркы күчтөрүн жыйнап, акыры элдик сот да кылышты. Бирок, барынан таңкалыштуусу эч кимдин көңүлүн оорутпаган, ыйлаган кишинин көз жашын сүрткөн Акыйкатчы Турсунбек Акун негедир бу сапар элдик сотко барган жок. Акыйкатчынын элдик сотко катышпай калышынын себебин анын жумушуна байланыштырууда. Бирок, кандай болгон күндө да Тукенин табиятына эл чогулган жерге барбай коюуу жарашпайт. Анткени, Туке "бийликте иштесем да, жүрөгүм оппозицияда"- деп эл чогулган жердин барына бара берип, өзү элди көндүрүп алган. Тукенин барбай койгонунан саясат деле кылгыбыз келбейт. Бирок, барып койсо Аксы эли коогалаңдуу Аксы окуясында жасаган баатырлыгынан да эки эсе урматтап калышмак.

Токтогул ГЭСи коркунучтабы?
Башкасы аз келгенсип, какаганга муштаган болуп, кыш катуу болуп, кар оор жааганына карабастан, Токтогул ГЭСинин суусу азайып кетиптир. Адистердин айтканына караганда, суу мурдагы калыбына 2010-жылы гана келе алат экен.ө













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan