Коомдук-саясый гезит
№06, 19.03.08-ж.

Меймансап
Форум




  Олигархтын айымдары

(гезит мелодрамасы)
Автордон: чыгарманын баш каарманы белгилүү инсан. Азыркыча айтканда кыргыздын олигархы. Башы менен баарына жетишкен адам. Анын жашоосунда акчасын да, өзүн, бийлигин да сүйгөн айымдар болгон. Бирок, ал айымдардын алдында мырзалык касиети менен калганын жана ар кимисин ар башкача сүйгөнүн көп жылдар өткөн соң билип олтурат. Бул сүйүү баянын "Асман пресстин" окурмандарына сунуштап олтурабыз. Чыгарма жөнүндө ой бөлүшүп, маслет кургуңуз келсе редакцияга байланышсаңыз болот.

(Башталышы өткөн санда)
Шаар койнуан бат эле суурулуп кокту аралай зуулдап жип автомашинасы бара жатты. Машинанын ички күзгүсүнөн Казакбай уурданып ак жуумал кызды карап баратты. Кыз ансайын көзүн ала качып машинанын күзгүсүн теше тиктейт.
Кызыл таштан кынаптап салынган кафенин жанына келип машинаны токтотуп ичкери киришти. Кафенин ичи өтө эле салкын экен. Эс алгандар деле бирин-серин.Кыргыз кийим кийген жигит жылмайып алар отурган столго келип ручка, блокнотун даярдап суроолу карагандай болду.
- Иничек, столдун үстүн жайнат. Бүгүн биздин кубанычтуу күнүбүз.
- Кут болсун.
- Ырахмат.
- Бизде тандырга демделген балык бар.
- Мейли, аныңды деле алып келе бер.
- Ичимдикчи?
- Шампан алып кел.
Камила ортодон сөзгө аралашып ;
- Мынча тамак-аштын баарын кантип жемек элек.
- Бүгүн сенин күнүң. Мен татынакай кыздуу болуп отурам. Баары ойдогудай болсун. Мындай көңүл бурууга сен татыктуусуң. Сенин астыңда мен өз күнөөмдү жуум керек.
- Эмнеге сиз күнөөлүсүз?
- Ушул убакка чейин сенин жаныңда болбогонума.
- Мен сизди күнөөлөгүм келбейт. Өткөндү эстегим да келбейт. Эртеңки күн үчүн жашаган адаммын. Эгер мен сизди күнөөлөсөм, сиз менен минтип жолукпайт элем.
- Кечир мени. Анда менин үй-бүлөм, балам бар болчу. Мен аларды таштап кете албайт болчумун. Анара аялым да оорукчан болуп калган. Мен анда өзүмдү эч кечире алмак эмесмин. Мастык, жаштык менен кылгамын. Мен азыр сенин астыңда ийилип турам.
- Ошентсе да мен сизди түшүнөм деп жатпайынбы. Эмнеге мага келген жоксуз, мени издеген жоксуз деп да күнөөлөбөйм. Эң негизгиси мен сизди таап отурам. Мен жалгыз эмесмин. Эми сиз менин жанымда гана болосуз. Мен эч качан сизди кое бербейм. Мен бул бакытка 19-жылдан кийин жетип отурам. Сиз мен үчүн эң кымбат адамсыз, билесизби?
- Билем.
- Келиңиз, биз мындан аркы жашообузду мынабул ак салфеткадай баштайлы.Макулбу?
- Макул,биз анда мындан ары бактылуу жашашыбыз керек. Бирок, менин мүнөзүмө чыдаш кыйын.
- Чыдайм. Сиз үчүн баарына чыдайм.
Кыздын чечкиндүүлүгү Казакбайга жакты. Бирок, чочуркоо пайда боло баштады. Эмнеге…
Каадаке кызы Булайка.
(Уландысы бар)




АЙТМАТОВДУН АЙЫМДАРЫ
(АДАБИЙ ЧАЛЫШ МАЕК-РОМАН)
Керез менен Бүбүсара
Биринчи айым:
Керез:
"ЧЫҢГЫЗДЫН ИЙГИЛИКТЕРИНДЕ ҮЛҮШҮМ БАРЫНА КАНИЕТТЕНЕМ"
(Редактор Өмүрзактын уруксаты менен "Ак бата" (2-92) журналынан кыскартылып алынды )

Ушул жерде иштегениме 33 жыл болот. Кагаздарымды пенсияга эчак эле тууралагам, бирок ишке көнүп калсаң үйдө отургандан коркот экенсиң. Эжең ушу тапта үйдө отургандан коркуп иштеп жүргөн кези. Мен бул жерге ишке орношкондо кыргыздардан жалгыз мен элем, азыр 30-40 процентке жетип калды. 16 жыл профсоюз уюмун жетектедим. Ушунча жылдан бери коллектив менен каны-жаным бирге сиңишип калгам.
Жаштарга айтаарым, эмгек, баардык жакшылыктарга эмгек гана жеткирет.
Чыңгыз агаңардын адабиятка келээр жолу көпчүлүк ойлогондой даңгыр, шыр болгон эмес. Маанайын баскан, жетпеген кыйын турмуш гана эмес, аркасынан көлөкөдөй ээрчиген "контрдун баласы" деген жарлык эле. Ошонун айынан убагында зооветтехникумдан кийин университетке жолотпой коюшкан. Балдардын улуусу болгондуктан, атасынан ажырап калганы бала да болсо Чыңгызга мүшкүл, чоң кайгы болсо, экинчи жагынан куугунтуктап, басмырлап, кадам сайын эстетип тургандын өзү кандай... Чыңгыз институтту бүткөндө шаарда калуусу да ушул себепке байланыштуу чиеленишип, маркум кайнатамдын жолдоштору эстеп жатып (реаблитация боло элек, ачык жардам берүү кайдан) эксперименталдык фермада калуусуна себеп болгон. Бул иштин адамга канчалык олуттуу экенин менин колумду сурап Айша апама барганда да ушул жагдайын атайы эскерткени көптү айтып турбайбы...
Кандай кыйынчылык болсо да башты төмөн салбай өзүңөргө туура талап, туура максат кое билгиле. Ички мазмуну бай, максаттуу адам гана чоң сыноолорду абийирдүүлүк менен жеңип кетет. Мен да убагында алдыга не бир максаттарды койдум. Азына жетип, көбүнө жетпедим, бирок ага эч өкүнбөйм.
Уулдарым эрезеге жетип, неберелерим бой тартып келатат. Кыргызды дүйнөгө тааныткан Чыңгыздын адабият майданындагы жетишкендиктеринде калың элдин ичинде менин да 30 жылдык мезгил аралыгында билинбеген жеке үлүшүм бар экенине каниет кылам...
***
Ушул түгөй кыргыздын багына кыдыр даарыган күнү табышкан окшобойбу деп кетесиң. Бул кишини жакшы билген теңтуштары: "Кадимки биздин Керезби? Кай жагынан алганда да Каныкейдин өзү эмеспи!" деп бирин бири кайталагандай ойлор болду.
Эжени жаш күнүнөн жакшы билген адам: "Керез эгерде өзүн өстүргөн болсо эл билген көрүнүктүү кыздардан болоору шексиз эле. Бирок анын өмүргө, турмушка көз карашы башка. Майда, күнүмдүк нерселерден бийик, таза, табиятынан бай, боорукер, кенен жаралып калган. Өзүнүн беттегенин бербеген эмгекчилдиги бар эле. Мындай адамдарды кыргызда жабылуу кара инген деп коюшат. Ак жолтой деп алкашат", - деп айтканы бар.
... эл ичинде Керез эже сыяктуу адамдарга бийик асыл сапаттарды кирдетпей алып жүрө билген адамдарыбыз - уюткулуу элдин алтын кенчи.
Биз да ошого каниет дейли.

Маектешкен РАНАТ.
(Уландысы бар)




  Эсимде...

Нуржамал Рыскулова, Муратбек Рыскулов жана Сабира Күмүшалиеванын кызы:
"Апам эч качан өзүн атамдан өйдө койчу эмес"
Ошол убакта өзүн сахнада жүгүнүп жаткандай тимеле көздөрүнөн нур чачырап, көңүлү көтөрүлө түштү.
Мындан алты
жыл мурда инсулттан жыгылып комада жатып калды.Комадан чыккандан кийин 3-күн таптакыр орусча сүйлөп калса болобу. Башында киши тааный албай жатты. Бир аздан кийин Кыргызбай Осмонов келди. Ага айтсам, ишенбейт. Палатага кирсе аны дагы тааныбай "проходите, что хотели"-деди эле, анда Кыргызбай "менин улуу кызыма эмне болгон, эми ролдорду ким ойнойт"-деп жатпайбы. Гулшара эжени кичүү кызым, апамды улуу кызым деп койчу. Кыргызбайдын профессионалдуулугун ушундан байкасак болот, мен энемдин ден соолугун ойлоп жатсам ал театрын, ролдорун ойлоп жатат.
Апамдын чыныгы туулган күнү канчасы экенин эч ким билчү эмес.19-март деп числону өзү койгон экен. Мен "мамуля, эмне башка күн тапкан жоксузбу, 1-март, 8- март, 21-март, театр күнү, кино күнү да март айында"-десем, "эми ушундай болуп калды, куттуктай бергиле"-деп кебелбей койчу.
Бир курдай Аскар Акаевич тоюна чакырып калды. Туулган күнү болсо керек. Апам "Нуржамал мага доллар алып келип бер, алып барам"деп калыптыр боорду эзип. "Сиздин батадан бөлөк кымбат белегиңиз жок"-деп, өзүнүн портретин, анын астына батасын жазып, ошону алып барган. Кийин бир жерден Майрам Акаева менен жолугуп калганымда ал "биз ал батаны атайын ырымдап жети жолу окудук"-деп жатпайбы. Аскар Акаевич апамды өзүнүн апасы Асел апага окшоштураар эле. Апамдын "Аскар балам 80 жаштан өткөндө апалардын баары окшош"- деп жазганы бар.
2001 -жылы ноябрда апамдын "Миры Сабиры Кумушалиевы"-деген ат менен театр фестивалын өткөргөнү жатканбыз. Ошого даярданып чуркап жүргөм. Токтогул менен Тоголок Молдонун бурчунда кызыл машинасы бар таксистке түшүп калдым. Таксист орус киши "Вы случайно не Таня"-деп сурады. Мени кичинемден бери көбү Таня дешет. "Ооба"десем, "Помните, я Муратбек Рыскуловича 3 года возил"-дейт. Жолду катар сүйлө-шүп баратып менден сурап жатпайбы "Экөө үйдөн урушчу беле"-деп, "урушканын көргөн эмесмин"-десем, ал: "Кызыл Аскер тарапта чоң бак бар болчу, ошол жакка экөөнү алып барып, бери жакта күтүп турчумун.Экөө ошол жактан урушушчу"-дейт таңгалдырып. Көрсө экөө бизге көрсөтпөй ал жактан урушуп, эмоцияларын чыгарып анан үйгө эч нерсе болбогондой келишчү тура.
Кээде отуруп алып "эртэрээк кетсем болот эле"деп калса, "антип айтпаңыз"-десек, анда да жөн сүйлөбөй "Менин санаалаштарым, теңтуштарым баары тиякта да, алар мени атайын "биз жөнүндө эл- журтубузга биздин жашообузду, биз басып өткөн тарыхты айтып берсин"-деп калтырып кетишкен окшойт. Ошон үчүн Кудай мага күчтүү эс-тутумду (память) берсе керек деп калчу. Анткени апам Б.Кыдыкееванын, Таттыбүбүнүн , Д. Күйүкованын болобу, деги эле баардык театр жана кино артисттеринин өмүр- таржымалынан тартып алардын басып өткөн турмуш тарыхынын баарын билчү.
Мен апамды "Геройка" деп эркелетип койчумун. Ал эмне кылса баарын жан дили (с удовольтвием) менен жасачу. Иштесе дагы,роль ойносо дагы, эс алса дагы,тамак ичсе дагы, дары ичсе дагы,уктаса дагы деги койчу баардыгын жан дили менен кылчу.Бул жашоо менен кош айтышкан күнү да орозо күнү, жума күнгө туш келди. Өзү бул жашоодон кетип жатканын дагы сезбей калса керек. Уктаган боюнча кетти.

Маектешкен Э. Мадиева













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan