Коомдук-саясый гезит
№07, 26.03.08-ж.

Меймансап
Форум




  ФОТО МААЛЫМАТ

Кечөө 25-март күнү 25-жаштагы азиат улутундагы жигит сүйлөшүп жүргөн кызына телофон чалат. Ортолорунда эмне сөз болгонун эч ким билбейт, сүйлөшүүдөн кийин жигит "простите, прощаюсь"-деген алакандай кат жазып туруп өзүн- өзү атып салган. Оор акыбалда ооруканага жеткирилип, көп убакыт өтпөй каза тапкан.

Мурунку саныбызга маек курган "Ата Мекен" партиясынын жаш лидери Жоомарт Сапарбаев "24-мартты кантип майрамдайсың" деген сурообузга "Манты жасайбыз,анткени ушул күнү Президент манты жеп отурган жеринен кокусунан бийликке келген" деп айткан эле. Айткандай эле 24-март элдик революция күнү "Мен ишенбейм…" кыймылы менен "Ата Мекен" партиясынын жаштар канатынын өкүлдөрү кезектеги акциясын өткөрүштү. Мындан үч жыл мурда К.Бакиев манты жеп отурган жеринен келип, элине берген 15 чакты убадасынын 2өөсүн гана аткарды. Бири мектептерге чай менен нан берилсе, экинчиси саат жылган жок , болгону ошол. Мына ушундай маалыматты көчөдөгү элдерге таркатып жүрүшкөндүгү үчүн , көнүмүш адаттагыдай милиция кызматкерлери акциянын алты катышуучусун кармап кетишкен. Биринчи Май райондук соту 25-мартта экөөсүнүн эле ишин карап, төртөөнүн ишин 27-мартка калтырды.

"Агым" гезитин кечөө күнү негедир сатыктан көрө алган жокпуз. Кээ бири андагы иштеген айрым журналисттердин "Аалам" гезитине кеткенине байланыштырса, "Агымда" иштеген кызматкерлер чыкпай калган себебин "редакция жамааты жакшылап эс алып, күчтөнүп чыгалы- деп чечтик дешет. Алар эч кандай журналисттердин кеткенине байланыштту эмес"- деп билдиришти.


Өткөн жылкы мамлекеттик бюджеттен учак сатып алууга бөлүнгөн 400 миллион сомго Транспорт жана Коммуникация министринин орун басары Эркин Исаков Европадан учак издеп жүргөн кези.

Бишкектин Москва районундагы 16- колонияда жаткан айыпталуучулар Нарындын түрмөсүнө которулган Азиз Батукаевди кайра бул жакка алып келбесеңер козголоң кылып ,ызы-чуу чыгарабыз дешип, 170 киши тамак-аш ичкенден баш тартып, ачкачылык жарыялашкан. Түрмөдө жалпысынан 700 айыпкер камакта. Ушул иш-чараны атайын уюштурган 18 адамдын ишин Москва райондук соту 27-мартта карайт.

Данияр Үсөнов кечөө күнү уулунун туулган күнүн "Двенадцать каменов" кафесинде белгиледи. Мейманга Президенттин уулу Максим дагы чакырылып, агасы Жаныш Бакиевдин 50 жылдык юбилейине барбаган Максим бул тойго катышты. Угушубузга караганда аталган кымбат кафеге учурунда Айдар Акаев байма-бай кирип турчу дешет.

Ушул тапта аскерге кызмат өтөөгө 190 миң жигит каттоодо турат. Алардын 60 миңи чакырылса, анын 17 миңи альтернативдик кызмат өтөй тургандар. Ал эми 112 миң жигит ар кыл шылтоолор менен аскерге барышпайт. Ошондо аскер өтөөгө убактысы келген 15 жигиттин бири гана аскерге барат экен. Бул цифраларды Коргоо министри Исмаил Исаков маалымат жыйынында өзү айткан.













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan