![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №07, 26.03.08-ж. |
Меймансап Форум Имиш-имиш кеп угам, Кеп укканда деп угам… ВерсияБузук телефонбу..же информатор ким? Акыркы күндөрдө ар кайсыл жерден ар кандай кептер тарап, ал кептер дагы жөн болбой түз эле Ажобуздун тегерегинде тегеренип, башыбызды маң кылды. Дегинкиси мындай имиш-имиштерди ким таратып жаткандыгын ким билсин, бирок, бир топ адамдарды ача пикирде калтырып, аз келгенсип бул сөздөр 21- март- Ноорузга улай, 24- март- революция күнүнө аралашып, айтор бир дуулдатып салды. Имиштерге ишенсек, Ажобуз карачечекей уулу Максим менен мушташып дейби же атышып дейби, кыскасы иниси Жаныш мырза менен уулу Максимдин ортосуна арачы түшө коем деп, "алты таяк жеген" деген кеп бар. Дагы бирлери дарыланып эле Германияда сак- саламат жатат дешсе, бирлери оорукчал бөйрөгүн алмаштыртып жатыптыр деп моюн толгошту. Эки күндөн бери болсо эң суук кабар Бишкек шаары мындай турсун, бүтүндөй республиканы дүңгүрөтүп, кулактар делдейип, төбө чачтар тик турду. Албетте, анын бетин ары кылсын дейличи. Бирок, билерман менен угарман маамыттар ой- бойго койбой эле ого бетер кызыта турган болушту. Ортодо Президенттин администрациясы менен басма- сөз кызматы бул маалыматтардын жалган экендигин далилдей алышпай убара. Кантсе да калктын калың катмары "Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт таризинде" жыйынтык чыгарышып, эгер Президент жөн гана дарыланып жаткан болсо 8- мартта деле, 21- мартта деле унчукпай жатып албастан, телефон аркылуу болсо да куттуктоосун өз оозу менен айтмак дешүүдө. Бул жагын уксак да жөнү бардай. Укпай коелу десек кулак дуулдайт. Ушундай. Кыскасы, кызыган маалыматтар Кыргызстанды кыдырып, аны администрация жетекчиси Медет Скадыркулов "Ой, президент жөнүндөгү маалыматтар жалган. Ал аман- эсен эле. 28- мартта Кыргызстанга кайтып келет" деп араң басаңдатып турат. Айтор, санап көрсөк ушактар арбын болду. Айталы, алардын мааниси төмөндөгүдөй: 1. Атып кетишкен 2. Бөйрөгүн алмаштыртууда 3. Микроинсульт болуптур 4. Муундарын дарылатып жатат 5. Каза болуп калды 6. Жамбашынан операция болду 7. Абалы оор болуп Германиядан Израилге алып кетишиптир… Ушунун баары ушак кептер. Бул ушактар эми 28-марттан соң кандай жагына оойт аны да көрө жатаарбыз. Эки экс-премьер-министр эмне дейт?А.Атамбаев да "Акүй күнөөлүү" деди Экс-премьер-министрлердин бири Алмазбек Атамбаев эки аптага чукул элдин башын ооруткан президент туурасындагы кептерди бир аз болсо дагы тынчыткансыды. "Де-факто" гезити аркылуу ал Германияга баргандыгын, ал жерде президент Курманбек Бакиевге жолукккандыгын айтып, ал түгүл Нооруз майрамын бирге тосушкандыгын белгилеген. Анын айтуусунда ажобуз бутунун муундарынын оорусун дарылатып, немец догдурларынын кароосунда экен. Бирок, президентибиз дарыланып жаткан оорукананын дарегин Алмаз мырза биле алган эмес. "Акүйдүн өзүндө да күнөө бар. Башында эле президент бутунун муундарын дарылатканы кеткендигин расмий маалымдап койгондо мындай балээ болмок эмес. Азыр өлкөдө абал жакшы эмес. Парламенттик шайлоодон соң элдин бийликке болгон ишеними азайды. Азыр бийлик дагы, эл дагы сабыр кылбаса оюндан от чыгып кетиши мүмкүн" деген экс-премьер-министр "Президент каза болуптур" деген сөздүн чыгышы элдин бийликке ишенбей калгандыгынын далили экендигин айткан. Ф.Кулов кимди күнөөлөдү? "Ар -намыс" партиясынын лидери Феликс Кулов кечээ "Аки -пресс" маалымат агенттигинде маалымат жыйынын өткөрүп, өлкөдөгү ар кандай кырдаалдар боюнча өз пикирин билдирди. Ошондой эле 29- мартта боло турган "Акыйкат үчүн" кыймылынын курултайына катышпай тургандыгын да официалдуу түрдө белгиледи. "Мен элдик курултайга катыша албайм. Себеби, чет өлкөгө өзүмдүн жумуштарым менен барууну мурда эле пландаштырып койгонмун. Ошондуктан кийин ар кандай сөздөр тарап кетпеши үчүн алдын ала айтып коюну чечтим" деген Феликс мырза энергосекторду менчиктештирүү маселелеси, өлкөдөгү саясий- экономикалык маселелерге дагы токтолуп өттү. Андан тышкары учурда бүтүндөй Кыргызстанды дуулдаткан Президенттин тегерегиндеги ушактар туурасында дагы өз ойлорун билдирди. Ал Президент К.Бакиев өлкөдө жок болгон учурдагы айтылган ар кандай маалыматтардын болушуна Президенттин тегерегиндер да кандайдыр бир деңгээлде күнөөлүү экендигин айтуу менен бул кырдаалдан тиешелүү жыйынтыктарды чыгаруу керектигин белгиледи жана "мындан ары саясатты туура жүргүзүү керек" деди. Медет Садыркулов, президенттин администрация жетекчиси: - Ушуга окшогон ушактарды саясатчылар чыгарып жатат. Бул оппозициянын алсыздыгы. Адахан Мадумаров, ЖКнын төрагасы: - Президенттин өлүмүн тилегендердин тилегин таш капсын.. Азимбек Бекназаров, экс-депутат: - Шамал болбосо, чөптүн башы кыймылдабайт. Президент курултайлар өткөндөн кийин келет да, мен жокто ушундай ушактарды чыгарыптырсыңар, ой тобоо, кудай ой деп туруп сүйлөйт. Ошондуктан бул ушак-айыңдарды ошого карата атайын өздөрү чыгарып жатат. Оппозиция чыгарган жок. Мындай ушакты оппозицияга жүктөгөнү орунсуз. Орозбек Дүйшеев, коомдук ишмер: - Ден-соолугуна байланыштуу болгондон кийин Германиядан учуп келүүгө мүмкүнчүлүгү барбы, жокпу аны айтыш кыйын. Бул жерде башка бийликтин өкүлдөрү туруп атпайбы, куттуктоону жиберип атат. Саламаттыкка байланыштуу нерсени сындаштын кереги жок. Ал ар кимдин башына түшүп кала турган нерсе. Ден- соолук табыла турган нерсе эмес. Ошондуктан, буга элдин көп көңүл бурушу деле туура болбойт. Ө. ТЕКЕБАЕВ, экс-депутат: - Эми имиштердин чыгышына биринчи кезекте президенттин администрациясы күнөөлүү. Эгерде отпуск боюнча, ден-соолук боюнча да маалымат ачык айтылып турса, мындай ушак- айыңдар болмок эмес. Кыргыздар мындай учурда "адамдын өмүрү узун болот экен" деп коюшат го, президент аман болсун. Андай ушактар башка саясатчылар боюнча дагы тез-тез чыгып турат. Бир ай бою дайының чыкпай кетип, телефон аркылуу эл менен байланышпасаң, же телевизордон көргөзүп койбосо, албетте, андай сөздөр чыга берет. Мына ушул кемчиликти президенттин администрациясы кетирбеш керек эле. Путиндин деле кантип эс алганын, тоонун башына чыкканын, жаш балдар менен чай ичкенин, лыжа тээп, бассейнге түшкөнүнөн бери көргөзүп турушчу да. Ал эми бизде телевизордон сүрөтүн көргөзүп алып, куттуктоосун диктор окуганы бул абдан терс таасирин тийгизди. |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|