Коомдук-саясый гезит
№07, 26.03.08-ж.

Меймансап
Форум




  Министр өзү ырастайт...

Акылбек Жапаров, КРнын Экономикалык өнүгүү жана соода министри:
"Мен бул цифраларды сотто дагы коргоп берүүгө даярмын"
- Акылбек Үсөнбекович, мына 24- мартты кызыл күн катары парламент кабыл алып берип, майрам күн катары тарыхта кала турган болду. Ошол 2005-жылдын март айындагы окуядан бери үч жылдын жүзү болуп,олтурат демек сиздин да эл алдында айта турган бере турган отчеттуңуз бар чыгар.Үч жыл аралыгында өлкөбүздүн каржы жагын башкарып келдиңиз бирок, расмий түрдө аткарылган иштер боюнча маалымат бере элек элеңиз .Кечээ жакында маалымат жыйын өткөрүп экономикалык өсүштөр токтолдуңуз эле сиздин оппаненттериңиз сиздин көрсөткүчтөрдү фантастикалык цифралар деп атап чыгышты.Муну менен катар эле өкөбүздө экономиканы системалуу башкару функциясы начар болгондуктан ушул ахыбалга жетип олтурабыз деген көз караштар коомчулук арасында жок эмес, бар.Мындай кескин сын пикирлерге сиздин жооп?
- 2005-жылы 24- мартта мен штабдын жетекчиси болгом. Ал учурларда биз өзүбүздүн алдыбызга бир топ милдеттерди койгонбуз. Ошол милдеттердин көбүн аткардык деп ойлойм, мындан ары дагы аткарабыз. Эң негизгиси кадрдык жактан тамыр алган коррупцияны токтоттук. Албетте, коррупцияны
Америка, Европада дагы кан буугандай токтото албагандыгын дагы айтып коюшубуз керек. Монополия болгон жерде дайыма коррупция болот экен. Бирок, ошентсе дагы элди башкара турган кишилер акча берип, анан кызматка турат деген эң жат көрүнүштү жокко чыгардык. Бул Акаевдин учурунда көп болгон. Муну мен өз жон теримден өткөргөм десем да болот. "ИО" лорду кошкондо мен 6-7 премьер-министр менен иштештим. Албетте, үч жылдын ичинде барын мыкты кылдык дегенден алысмын. Коррупциялык схемада мурда кандай кызмат болбосун балдары, күйөө балдары, президенттин туугандары аркылуу кызмат орундары сатылып алынып келсе, азыр ал токтоду деп айткым келет. Чынында ошол учурдан баштап көптөгөн суроолор болду. Бул эмне болгон, качан болгон жана кантип болгон деген өңдүү. Бирок, бул туурасында мен бир да жолу пресс-конференция берген эмесмин. Эми болсо Парламент бул күндү кызыл күн деп белгилөө тууралуу мыйзам кабыл алып, ага Президент тарабынан кол коюп, бүтүндөй кыргыз эли майрамдай турган болгондон кийин мен бул күндү биздин кийинки муундар дагы туура түшүнүп, тарыхыбыздагы эң олуттуу күндөрдүн бири катары кабыл алышат деп ойлойм. Анан бир нерсени баса белгилеп айтып койгум келет. Мен бүгүнкү күндө кандайдыр бир саясий нерселердин жыйынтыгын айткым келбейт. Сиздер менен экономикалык жетишкендиктер тууралуу гана сүйлөшүүнү эп көрүп турам.Анткени, ага мезгил жетти сындаш оңой ал эми иштеш кыйын нерсе экенин айтып өткүм келет.Ошол кызыл тилдүү сынчылар экономиканы кайра жөнгө салууда өкмөткө бир концепция сунуштай алыштыбы деген суроо бергим келет.Ачык айтканда реалдуу эч бир программа сунуштай алышкан жок да.Финансы министирлигин жетектеп турганда (бул жерде белгилеп койчу нерсе өткөөл учурда) мамлекеттин тышкы карызын чечүүдөгү аракеттери,макроэкономикалык жыйынтыктары ,инфляцияны көзөмөлдөө боюнча ийгиликтер бар.
Мен цифра жана фактыларга гана токтолоюн. Үч жыл Каржы министри болуп, бүгүнкү күндө Экономикалык өнүгүү жана соода министри кызматындамын. 2000- 2004- жылдар биринчи президенттин жетекчилиги менен экономиканын гүлдөп-өскөн учуру деп эсептелинип келген. Албетте ,экономика тоо-кен өндүрүшүнө көз каранды болуп калган. А чынында эч кандай өнүгүү болгон эмес. Көрсөткүчтөр бардык учурларда 5-6-7% ды гана көргөзүп келген. 2005- жылы биринчи президент өлкөдөн качып кеткенден соң экономиканы стабилдештирүү маселелери менен тынымсыз иштегенге туура келди. Бактыга жараша катастрофалык кыйроолорго жол берген жокпуз. Каржы министрлигин жетектеп турганда 2005- жылда түзүлгөн кырдаалдан чыгуу үчүн биздин экономиканы тез арада өнүктүрүү программасын иштеп чыкканбыз. Ошол программанын негизинде жакшы эле жылыштар болгондугун белгилеп койгум келет. 2008- жылы буюрса экономиканын минималдык өсүшү 8,5%ды, максималдык өсүшү ВВПнын көлөмүнө салыштырмалуу 10%ды түзөт го деп болжолдоп жатабыз. 2000-2008 жылдардагы мамлекеттик бюджеттин киреше-чыгашаларына көңүл бура турган болсок 2000-ж. 5%, 2001-ж. 5%, 2003-ж. 6%, 2004-ж. 7% болуу менен өсүштөр абдан жай болуп, биздин атуулдарды канааттандырган эмес. Эгер 2004- жылдын бюджетинде киреше 23 млд. сомду түзсө, өсүш 6-7% ды гана түзгөн. 2008-жылы бул кирешелер 49 млд. 622млн. сомду түздү. Эки жылда биз экономиканы эки эсе өстүрө алдык.
- Ал эми салыктан түшкөн киреше канча пайызды түзөт?
- Салык жаатына келсек, 2004-жылы бул 13 млд.ды түзгөн. Эки жылда бул дагы эки эсеге жогорулады. Албетте, 2005-жылы бизде экономикалык өсүш болгон эмес. Тескерисинче, төмөндөп кеткен. Бүгүнкү күндө болсо салыктан түшкөн киреше 26 млд. 264 млн.ду түзөт. ВВП тууралуу айтсак, Кыргызстанда ал 2000-жылы 65 млд. ды түзсө, 2004-жылы 94 млд. 2008-жылы165 млд. сомду түзөт. Эки жылда эле ВВП 65 млд. сомду түздү. Эсиңерде болсо керек, Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министрдин милдетин аткаруучу болгон учурдагы К.Бакиевдин биринчи, алдыга койгон тапшырмасы 2010-жылга ВВПны 2 эсеге өстүрүү болгон. Менимче, биз бул максатка 2009- жылы эле жетебиз. Ошондой эле транспорттук кызматтардагы ВВПнын кирешесин ала турган болсок, 2004- жылы ал 5млд.дын тегерегинде гана болгон. 2008-жылы бул 8 млд.дан ашты. Курулуш динамикасын алсак деле 2004-жылы 2млд. 578млн. болсо, 2008-жылы 7млд. 102 млн. сомду түздү. Кызмат көрсөтүү тармагы тууралуу сөз кылсак деле 2000-,2001-, 2002-,2003-ж.ж. экономика өстү деген менен өндүрүштө өсүш болгон эмес. Динамиканы карай турган болсок, 2004-жылы 36 млд, азыр 65 млд. сом. Муну статистика айтып жатат. Капиталдык топтоолор болгону 2004-жылы 10 млд. болгон болсо, 2008-жылы бул 28 млд. 160 млн. болду. Бул эки эседен да көп. "Мындай көрсөткүчтөрдүн биздин пенсия- пособия, же эмгек акыларга кандай таасири болот" деп биздин атуулдар сурашы мүмкүн. Жаңы бийлик келгенден берки үч жыл аралыгындагы киреше -чыгашаларды эсептөө менен биз эмгек акы, пенсия- пособияны көбөйтүүнү дагы колго алганбыз. Орточо айлык акыны ала турган болсок, мисалы, 2000- жылда саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин айлыгы 316 сомду түзсө, 2004-ж. 864сом гана болгон. Ар бир жылда болгону 12, 16, 50 сомдон гана кошулуп келген. Социалдык сектордун орточо айлыгы 2004-жылы 704,80тыйынды түзсө, бүгүнкү күндө бул айлык акы 2,857 тыйынды түзөт, тагыраагы 4 эсе көп. Эгерде кимдир бирөө мени калп көрсөткүчтөр менен элди алдап жатат десе мен бул цифраларды сотто дагы коргоп берүүгө даярмын. 14 жылдагы базалык айлык акынын өтө төмөн болгондугун моюнга алышыбыз керек. Базалык айлык акы 2004- жылы 2000 сомду түзсө, ал азыр 8000 сомду түзөт. Ушунун бардыгы биздин экономиканы жетектеп турган чиновниктердин чөнтөгүнө кетип турган. Биз бул социалдык чөйрөдөгү айлык акыны дагы көтөрүүгө аракет кылабыз. Артка, 500-1000 сом айлык алган учурга кайра кетпешибиз керек. Маданият тармагын алалы, 2004-жылы айлык акы болгону 934 сомду түзгөн. А 2008- жылда бул 2760 сом болду.СССР дин, КРнын эл артисттери тойлордо тамада болгон учурларды эске салалыкчы. Бүгүнкү күндө эмгек сиңирген артисттер өз идеаларын ишке ашыруу үчүн гана иштеши керек деп ойлойм. Эмгеги сиңген артисттер 2004-жылы1766 сом алып келген болсо, азыр 5368 сом акча алат. Айтаарым, ошол оппозициянын ана башындагылардын бардыгы тең өкмөт башында турбадыбы? Мен айткан программалардын далайын колдобой коюшкан. "Курманбек Салиевич капа болуп калат жолдош Жапаров. Ошондуктан биз муну жасабайбыз" деген адамдар дагы болгон. Эгерде 14 жылдын ичинде жогоруда көрсөтүлгөндөй динамика болсо силер менен ушинтип качып кеткен ханды көрөт белек. Мына айлык акынын фонду 2004- жылы 6млд. 500млн. болсо, азыр 14 млд. 240амлн. сом. Оппозиция ушуну деле айтып койсо болот эле да. Эгер эки эсе эмес, төрт эсе өсүш кылат элек десе ага дагы макулбуз. Мен депутат кезде кабыл алынган 35 мыйзамга Президент кол коюп, бүгүнкү күндө ошол мыйзамдар иштеп атат. Эки Кодекс иштеп атат. Экономикада эң жок десе эки же үч жылда биринчи жыйынтыктар билинет. Биз азыр ошол биринчи эле жыйынтыктарын сиздерге айтып жатабыз. Ушул жерден капиталдык салым тууралуу дагы айтып койгум келип турат, ал 2005-жылы 220 млн. ду түзүп, бүгүнкү күнү, 2008- жылы 3млд. сомду "капвлажениеге" жиберип жатабыз. Эки эле жылдын ичинде. Буларды дагы оппозиция айтып койсо болот эле да, туурабы. Эч нерсе жасабай туруп эле баарын кыйратам деген ар бир кишинин колунан келет. Кыйратса биздин жетишкендиктерди кыйратпай, андан аркысын кыйратсын.
- Биздеги эң орчундуу маселелердин негизгиси тышкы карыз эмеспи. Бул маселе кандай чечилип жатат?
- Качан президент качып, премьер-министрибиз отставкага кеткенде "ИО" президент К.Бакиев менен бул туурасында олуттуу сүйлөшүүлөр болгон. Тышкы карыз ошондо ВВПнын көлөмүнөн дагы ашып кеткен. 100млд. тышкы карыз болсо, 100млд. ВВП болгон. Ушул жылдарда биз эл аралык организациялар берген акчага гана жашап келгенбиз. Тилекке каршы, ал акчалар дагы өзүнүн максатына ылайык иштетилген эмес. 2008-жылдын март айына карата тышкы карыз 52%ды түзөөрүн айтып коюшум керек. 2005-жылы бул 100, 4%ды түзгөн. Биз аны эки эсеге кыскарттык. Эми тышкы карызды албоо тууралуу маселени көтөрүп жатам, алсак дагы жеңилдетилген түрдө. Мен тышкы карызды башкара алаарыбызга ишенем. Система таза иштебегендиктен улам кирешелердин жарымы чөнтөккө кетип, карыздарыбызды жапмак тургай мамлекетке гана кыйынчылык келип турган. Кудай буюрса, ички өндүрүш жанданса дагы алдыга жылыштар көп болот деген ойдомун. Ички өндүрүш азыр өсүп жатат. 15 жыл бою жүгөрүнү кайра иштетүүчү "Аксуу" заводун иштете алган эмеспиз. Азыр Кадамжай сурьма комбинаты, Карабалтадагы ядердик жана ядердик эмес калдыктарды иштетүүчү комбинат иштеп жатат. Кийинки жылы Күрмөнтү цемент заводу иштегени турат. Эгер биз ушундай кадамдар менен алдыга жыла берсек, жумушчу орундарын дагы түзүү менен экономикабызды да бир кыйла жандандырып алаарыбызга ишенем.
- Кечиресиз, кандай болгон күндө да үч жылдан бери эл арасында айтылып келаткан тунгуч президентибиздин тегерегиндеги сөздөрдөн качып кутула албайбыз. Айрымдары Акаевдин жакындары өлкөнүн тышкы карызынын жарымын жаба тургандай мүлк жыйнап алышкан деп келишет. Сиздин оюңуз кандай, Аскар Акаевдердин мүлкүнө байланыштуу эмнелерди айта аласыз?
- Мен Акаевдин мүлктөрүн териштирүү боюнча комиссиянын мүчөсү болчумун. Бир олтурумуна катыштым, экинчисинде "биз кайсыл принциптереге таянып Акаевдин мүлкү деп жатабыз" деген суроону берип, жооп таба алган жокпуз. Үчүнчүсүндө болсо чыгып кетип калдым. Эгерде мыйзам боюнча карап көрө турган болсок, мүмкүн алардын аркасында бир дагы нерсе жоктур. Ал эми тегерегинде жүргөндөр Москвада жүрүп, кедей болбой жашап жүргөндөн кийин демек, алышкандыр да. Мурунку биринчи президенттин кеңешчиси "Кумтөр боюнча 300- 500 млн. долларды өлкөнүн башкаруучулары алып кетти" деген эле . Мен Центерра менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканда ошону далилдеп бердим. Кыргызстандын кызыкчылыгын жокко чыгарып, өзүнүн кызыкчылыгын коргогондугу үчүн 500 млн. доллардан ашык бизге зыян келтирген. Азыр болсо 1млд. 200 млн.го чейин биздин активдер көбөйүп, биз ошону Кыргызстандын экономикасына алып келели деген аракетте болуп жатабыз.
- Акылбек Үсөнбекович, сиз бүгүнкү кызматка кандайча келип калдыңыз?
- Сөз төркүнүн түшүнүп жатам. Мен официалдуу билдирип койгум келет.
Бир да жолу менден бирөө акча сураган эмес, мен өзүм дагы акча сунуштап кызматка келген эмесмин. Мындан ары сунуштабайм дагы. Бир дагы ирет эч кимден эч кандай телефон чалуларды дагы алган жокмун. Президенттин туугандары тарабынан дагы. Ушунун баары ар бир адамдын ишине, өзүнө байланыштуу болооруна көзүм жетти.
- Учурда президент тууралуу айтылып жаткан имиш-имиштерге кандай пикир кошоор элеңиз?
- Президент боюнча айтсак, жакында эле мен Курманбек Салиевич менен телефон аркылуу сүйлөштүм. Соода балансынын биздин экономикага болгон таасири, улуттук банктын иш чаралары жакшы жыйынтык бербей жаткандыгын менден сурады. Биз бир-эки күндүн ичинде өкмөттүк олтурум кылып, мындай маселелерди карайбыз.



БИРИ ПРЕЗИДЕНТ, БИРИ МИНИСТР БОЛО ЭЛЕКТЕГИ БАА
Курманбек Бакиев:
- Мен Акылбек Жапаровду кыргыз элинин патриот уулдарынын бири катары билем. Билимдүү, экономикалык маселелерге келгенде жакшы адистерден. Экономикага тиешелүү маселелер көтөрүлсө оригиналдуу сунуштарын айтып турат. Киреше боюнча комитет түзүлүп жатканда Өкмөт башчысы катары А.Жапаровдун ой-пикирлерине баа бердим. Биздин саясатта ар кандай көз-караштагы депутаттар бар. Чоң саясий оюндар жүрөт. Ыплас эч кандай акылга сыйбаган "шоулар" уюштурулуп турат. Акылбек Жапаров ушундай чөйрөдө өзүн таза кармап келе жатат. Белгилей кете турган дагы бир жагы, ал ар дайым изденүү менен жүрөт. Жаңы бир нерселерди таап, өлкө экономикасына пайдасы болсо сунуштап турат.













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan