![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №07, 26.03.08-ж. |
Меймансап Форум АРГУМЕНТ Аликбек Жекшенкулов, "Акыйкат үчүн" кыймылынын координатору: "Камокту иштетип жаткандар бай адамдар эмес" - Кыргыстандын экономикалык абалына кандай баа бересиз? - Тилекке каршы, акыркы үч жылда Кыргызстандын экономикасы чөгүп бара жатат. Анткени, өкмөттүн такталган, далилденген стратегиясы жок. Ачык айтканда бүгүнкү күндө чакан бизнес менен орто бизнес гана бизди сактап турат. Андан тышкары Кытай, Казакстан, Өзбекстан, Россияга окшогон мамлекеттер менен соода сатык кылып жашап жатабыз. Бул биринчи фактор. Ал эми экинчи фактор- Казакстан, Россияда, Турцияда жүргөн эмгек мигранттары чоң акча жиберип жатат. Кээ бирлери бир бюджетти эки бюджет кылганга барабар акча келип жатат дешүүдө. Ошондой эле "Налоговое поступление" өстү деп жатышат. Негизи цифралар эле өстү. Чоң-чоң цифралар коррупция жоюлуп, жакшы иштеп жатабыз дегенди көрсөтүш үчүн эле айтылган сөз. Ал чындыкка жатпайт. Азык-түлүктүн баалары эки эсе, үч эсе өстү. Тамдын баасы эле акыркы үч жылда он эсе көтөрүлдү. Экономикада чоң термин бар, "Потребительская корзина" деген. Ошол айлыгына, пенсиясына карапайым адам эмне кыла алат? Аны эч ким санаган да, айткан да жок. Демек, мурунку 2005-жыл менен салыштырганда ошол корзинанын баасы үч- төрт эсе өстү. Адамдардын киреше каражаттары 15-20%га өстү. Санап көргүлөчү, жөнөкөй эле арифметика. Аны санаганга көп акылдын, программанын кереги жок. Ошон үчүн бүгүнкү күндө өзгөчө пенсионерлерди, жаштарды, жакыр үй-бүлөлөргө мамлекет тез арада иш-чара көрбөсө мен ойлойм абдан татаал социалдык абалга алып келет. Бүгүнкү күндө кичинекей эле бир топ байып жатат. Калгандары жылдан-жылга жарды болуп баратат. Анын үстүнө чакан бизнеске да кысым боло баштады. Маселен, Бишкекте ар бир камокко үч жарым миңден салык төлөйсүңөр деп мэриядан кат жиберишиптир. Ошол камокту иштетип жаткандар өтө деле бай адамдар эмес да. Эптеп өз үй-бүлөсүн багып жаткандар. Алардын тапкан кирешеси көп эмес. Алар ансыз да салык төлөп жатышат. Мэрия мыйзамсыздыкка жол бербеши керек. Менин оюмча элдин камын көрбөгөн бүгүнкү өкмөт алыска узабайт. Элдин камын көрбөй эле өздөрүнүн камын көрүп жатышат. - Ашынган кымбатчылыктын себеби эмнеде? - Буга үч- төрт себеп бар. Маселен, биринчиси, дүйнөлүк тенденция. Экинчиси, өкмөттүн начардыгы. Үчүнчүсү, коррупция. Төртүнчүсү көмүскө экономика себептүү. Азыр коррупция абдан тамырлап кетти. - Коомдук парламент легитимдүү парламент менен кантип иш алып бара алат? - Биз алар менен биргелешип иштебейбиз. Себеби, биз ал парламентти тааныбайбыз. Аларды легитимсиз деп эсептейбиз. Абдыганы Эркебаев, Коомдук парламенттин спикери: "курултай сөзсүз болот" - Абдыганы мырза, Адилет министри Марат Кайыпов курултай өткөрүүгө Курултай тууралуу мыйзам кабыл алынгандан кийин гана өткөрүүгө жол ачылат деди го. Эми Курултай 29-марттан артка чегинеби? - Бизге бийлик тарабынан кандай гана тоскоолдуктар болбосун Курултайды өткөрүүдөн баш тартпайбыз. Бизге шаар бийлиги филармонияны же спорт ордосун бербесе, анда "Ата бейит" комплексинде өткөрүү маселеси да көтөрүлдү. Кандай болгон күндө да биз элдик курултайды өткөрүү максатынан кайтпайбыз. - Курултайда кандай маселелерди карайсыңар? - Өлкөдөгү кырдаалга баа беребиз, Каркыра жайлоосундагы талаш жерлерди, көлдүн жээгиндеги төрт пансионатты Казакстанга бербөө тууралуу чечим кабыл алдык. Атайын кайрылуу жазып, аны Президентке жана Жогорку Кеңешке жолдодук. Мына ушул маселелерди талкуулайбыз. Сагынбек Момбеков, ырчы: "Революциядагы эмгегиме берген машинени алып коюшту" - Революция сизге эмне берди? - Кыргыз элинин жерин саткан, элге каршы ок аткандарга каршы турат деген ишеним менен эл жабыла көтөрүлүп, революция кылды. Тилекке каршы, "Ишенип жүргөн иттен жок. Ит байлаган жиптен жок" болуп, көптүн шары менен жасалган революциядагы элдин ишенимин уурдап, жеке кызыкчылыгына пайдаланып кетишти. Эл алданып калды. Революция бүтө элек. Дагы уланат. Антпесек, дагы көп байлыгыбыздан айрылабыз. Кыйратам, ойротом дешти эле. Бирок, эч нерсени аткара алышкан жок. Маселен, мен революциянын эң активдүү катышуучусу, элдин намысына тийип, жүрөгүн ойготкон инсанмын. Мага Акмат Бакиев "Сиздин революциядагы эмгегиңизге ушул волганы алыңыз, сыйлыгың болсун, эмгегиң" деп 10 миң сом берип куттуктаган. Эскилиги жеткен 1994-жылкы волга болсо дагы маторунан бери аялымды чырылдатып, жаңылап оңдотуп алып айдап жүрсөм , эки ай болду кайра алып коюшту. - Кимдер алып коюшту? - Эки экс- министрлер Роза Отунбаева, Аликбек Жекшенкуловдор мага берилген волга автомашинесине тийишишкен эмес. Үчүнчү тышкы иштер министри Эднан Карабаев болсо "учеттон чыгарып беребиз" деген болуп алдырып алган. Ошол боюнча жок. Кайра-кайра эшигин тытып бара бергенден да тажадым. Жок дешпейт. Бирок, ана-мына дешип беришпей жатат. - Революциядан соң дагы кандай нерселерге капачылыгыңыз бар? - Замир Эралиев мени менен бардык эл чогулган жерлерге барып видеого тартып жүрдү. Кийин "Сен тууралуу кино тартам"- деди. Кийин революцияда "мени тартып жүрдүң эле ошол кассеталарды көчүрүп бер" деп бардым. "Макул берем"- деди. Киностудияга кире албай туруптур. Мага "Биз революциядан жеңдик, сен барбасаң буларга мен даай албай жатам"- деди. Мен кирип, чогулушуна катышып, Замир Эралиев өзүн шайлатып өтүп кеткен болчу. Азыр Замир Эралиев "Ит көрдүңбү, жип көрдүңбү" иши жок болуп калды. Кино тартмак түгүл мени тааныбайт. Тамаша кылып, чайга чакырганга да жараган жок. Качкын Булатов, укук коргоочу: "Төңкөрүшкө катышканыбыз үчүн жоопко тартылышыбыз керек" - Башында революция кылдык деп жүрдүңүз эле, эми бармак тиштегендей түрүңүз бар го? - Мен революция деп эсептебейм. Төңкөрүш болду. Биз жаңылдык. "Кыргызстан өнүгөт, жакшы жолго түшөт" деп К. Бакиевди шайлаганбыз. Тилекке кашы, ишенимибизди аткарган жок. Ошондуктан төңкөрүшкө катышкан бизди эл алдында сот жообуна тартыш керек. Себеби, биз элге жакшылык алып келебиз деп, тескерисинче, жамандык алып келип, төңкөрүшкө катышып калдык. Эми төңкөрүшкө юридикалык баа берилиши керек. - Майрамга чакырылдыңызбы? - Жок, эч ким чакырылган эмес. Коррупционерлер өздөрү эле элдин көзүн бууп, филармониянын тегерегин милициялар менен тостуруп, төңкөрүштүн урматына майрам кылып жатышат. - Эми кимдерди жоопко тартыш керек? - Гезиттерге басылып, видеотасмаларда тартылган адамдарды иликтеп көрүп, ошолорду жоопко тартыш керек. Маселен, К.Бакиев, Нур уулу Досбол, Ү.Сыдыков, Р.Отунбаева, А. Проненко, А. Бекназаров, Т.Тургуналиев жана мен- Качкын Булатовду, ж.б. ошондой төңкөрүштүн биринчи катарында турган 40-50 кишини жоопко тартыш керек. - Бизди жоопко тартсын деп жатасыз. Сотко чакырса коркпой барасызбы? - Сен революционерсиң деп мени сотко чакырса, коркпой-үркпөй эле барам. Берген жазасын алганга даярмын. Ч.Кутманалиева |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|