Коомдук-саясый гезит
№07, 26.03.08-ж.

Меймансап
Форум




  Олигархтын айымдары

(гезит мелодрамасы)
Автордон: чыгарманын баш каарманы белгилүү инсан. Азыркыча айтканда кыргыздын олигархы. Башы менен баарына жетишкен адам. Анын жашоосунда акчасын да, өзүн, бийлигин да сүйгөн айымдар болгон. Бирок, ал айымдардын алдында мырзалык касиети менен калганын жана ар кимисин ар башкача сүйгөнүн көп жылдар өткөн соң билип олтурат. Бул сүйүү баянын "Асман пресстин" окурмандарына сунуштап олтурабыз. Чыгарма жөнүндө ой бөлүшүп, маслет кургуңуз келсе редакцияга байланышсаңыз болот.

(Башталышы өткөн санда)
Кыз күтүүсүздөн Казакбайдын колун кармап :
- Мамамды сүйгөн белеңиз?
Казакбай кыздан мындай суроону эч күткөн эмес. Эмне жооп айтаарын билген жок. Кыз ансайын тике карап, чыдамсыздык менен жооп күткөндөй. Казакбай чекесинен чыккан терди жүз аарчысы менен аарчып:
- Андан бери канча жыл өттү. Жаштык- мастык дегендей. Бирок, сен мамаң экөөбүздүн сүйүүбүздөн жаралгансың. Мен болгону ушул нерсени гана айта алам. Мен сени төрөлгөнүңдөн кийин гана уктум. Анын үстүнө мамаң менен аялым жакын курбулардан эле. Мамаң курбусунун алдында күнөөлүүмүн деген ойдо мага бир- эки ооз сөз менен түшүндүрбөстөн дайынын билгизбей, качып кетти. Аялым билбесе экен деген ой менен ооруп, ортодогу окуяларга маани берген эмесмин. Мамаңа ыраазымын, мага эч проблема кылган жок.
- Эмнеге "мамаң" деп атын атабай жатасыз?
- Сен менин кызымсың да. Ата деген балдарына "апаң кана" деп атын атабай сурайт.
Камила бир саамга ойлуу олтуруп калды. Казакбай ичинен "ата мээримин көрбөй өскөндүк ушунтип билинип калат тура" деген ойго кетти.
Ортодогу жымжырттыкты Камила бузуп:
- Мамам менен жолуккуңуз келеби?
- Ортобузда сен болгондон кийин жолугушубуз керек. Бири- бирибизге айтчу сөздөрүбүз бар да.
- Мен сиздерди жараштыруу үчүн эч аракет жасагым келбейт. Сиздин өз жашооңуз бар. Мамам менен жашашыңыз кыйын. Ал жалгыз жашап көнүп калган.
Кызынын мындай маанайда сүйлөгөнүнө таң берди. Акылдуу жан болчудай деп ойлоп койду. Башка болсо мамамды эмнеге таштап караган эмесиз деп коркутмак да. Казакбай кызынын колун кармап, аталык мээримин төгүп:
- Мен мамаңа болгон жардамымды берем, ал жагынан эч кам санаба. Эски жараны ырбатыштын кажети жок. Карасаң, тээ терезе жактагы столдо менин Аскат деген таанышым олтурат. Мени улам карап жатат. Сенин кызым экениңди билбет да, шак эле "жапжаш ойнош кыз таап алыптыр" деп ойлоп жатат. Бир чети ичи күйүп жатса керек. Ал тургай биздин столду тейлеп жаткан жигит да ошондой ойдо. Карасаң, үй-бүлөөсү менен эс алып олтурган толук аял күйөөсүн бир карап, мени жаман көзү менен аткылап атат. Ичинен "Ой акмак, кызындай болгон жаш кыздын башын айлантып алган тура" деп жетпеген жериме жетип жатат.
- Ал айымдын биз менен эч иши жок да. Сиз баарына көңүл бура бербеңиз да.
- Сен мен жөнүндө эч нерсе уга элексиң. Эми менин жанымда жүрө баштагандан баштап баарын биле баштайсың. Менин айымдарым жөнүндө укмуш кептер бар……..
Каадаке кызы Булайка.
(Уландысы бар)




  АЙТМАТОВДУН АЙЫМДАРЫ

Керез менен Бүбүсара
(Башталышы өткөн санда)
Экинчи айым:
СССР эл артисти БҮБҮСАРА БЕЙШЕНАЛИЕВА
1926-жылы 17-майда Аламүдүн районунун Таш-Төбө айылында туулган.
1936-1941-жылдары Ленинград хореография окуу жайынан билим алган.
1939-жылы, 13 жашар курагында Кыргыз ССРинин маданият ишмерлеринин Москвада өткөн декадасына катышат...
1941-жылы окуу жайын бүтүп келгенде Кыргыз опера жана балет театрынын солисти, ал эми 1946-жылдан баштап башкы солисти болуп иштей баштайт.
Өзүнүн чыгармачыл ишинен башкада, Кыргыз хореографиялык окуу жайында сабак берет...
(Кыргыз совет энциклопедиясынан)
Эскертүү: Биерде атактуу бийчи эжебиздин сахнада жараткан эмгектерин санап отурууну туура таппадым. Ага атайын кызыккандар энциклопедиядан карап үстүрт окуп алса болот. Мында биз айта турган кеп башка...
"АШЫК БОЛУУ КЫЙЫН НЕРСЕ..."
(Кыргыз улуттук опера өнөрүнүн башатында турган,
кыргыз элине эмгеги сиңген опералык ырчы Кыдырбек Чодронов менен маек)
- Бүбүсаранын алгачкы күйөөсү Акмат Аманбаев экөөбүз кичинекейибизден чогуу өскөнбүз. Эми эмне жөнүндө айтып берейин?
- Кыдырбек аке, улуу сөздө уят жок дейт: Бүбүсара эженин бүт жакшы жактары баары айтылды, жазылды, макталды, көктөлдү дегендей. Эми ошо кишинин мындай бир, көмүскө жактарын, элге ачык жетпеген, бирок сиз өзүңүз кызыктуу деп эсептеген жактарын айтып берсеңиз...
- Ырас, иним, жакшы жактары айтылды, бирок ал аяшымдын жаман жактары жок эле да. Бирок турмуш деген турмуш, баарыбыз эле жашап жүрөбүз, бирде күйөбүз, бирде күлөбүз... Бу, сулууга кимдер суктанбайт, сулуу үчүн кимдер-кимдер жанын кыйбайт. Мисалы, эки киши эметип калса, бирөөн жок кылыш керек да "мен алам" деп. Бул өзү турмушта боло келген нерсе, тарыхта далай кыргындар ушул ургаачы себеп чыгып кетпедиби. Мен айтайын деген окуяда анчалык болгон жок, бирок акыры түбү арты кайгылуу бүттү. . .
Ошентип экөө тирешип калды. Акмат болсо композитор, дирижер болчу. Ажыгабыл Айдаркулов деле жакшы режиссер болчу: мына, "Аршин Малаланды" койду, ушул кезге чейин жүрөт... дагы бир топ чоң нерселерди койгон. Тиги Москвадан бүтүп келген кыйын режиссер эле, билимдүү десең билимдүү, илимдүү десең илимдүү дегендей. Ошондо бейиши болгур Акмат да жаңыдан Бүбүсара менен сүйлөшө баштаган. Анан Акмат Ажыгабыл экөө тирешип калышты, экөө талашып калат. Бир кыздын айынан кыргыздын бакандай эки азаматы жаман-жакшы айтышып, экөөнүн ортосунда катуу нерселер болуп кетет. Анан экөө тирешип калганда, алардын ортосунда мен да... Эми баягы, эки тарап болуп, нечен кишилер кириштик, мен досума тарттым... Ошентип отуруп аягы биз жеңдик...
- Алагачып кеткен жоксуңарбы?
Жок, алагачпай эле алдык, экөөнүн көңүлү келип... Акмат үйлөндү ошентип. Акматтын ичине, мен жана айтпадымбы тиги Москвадан келип Бүбүсаранын эжесиникине барганыбызда жарашайын деп, а киши эшикти ачпай койду дебедимби, Акматтын ичине арманы кошо кетти.
(Урматтуу окурман, окуянын үзүл-кесил баяндалып жатканына кечирим сурайм, себеби Кыдырбек аке менин калдайган магнитофонумду көргөндөн эле жаа бою качып, оголе көп сөздөр тасмага түшпөй калды. Окуянын жүрүшүндө ар жак-бери жагын өзүңөр улаштырып алаарсыңар дейм - Ж.)

(Уландысы бар)




  Камера №

Ажал менен бетме-бет же өлүм жазасына тартылаар алдындагы акыркы кат
(Башталышы өткөн санда)
Катуу кайтарылган конвой менен жетип, кабыл алуудан өттүм. Бир сыйра жуунуп, сакал-мурутумду устара менен таза алып, үстүмдөгү кийип жүргөн кийимдин ордуна ушул жердегилер атайын кийе турган ак түстөгү кийим беришти. Ал кийимдин сол көкүрөгүндө аты-жөнүң жеке номериң артында чоң тамгалар менен "И.М.Н"(Исключительный. Меры. Наказание) деген жазуусу бар экен. Барын кийип бүткөндөн кийин мени түрмөнүн астындагы атайын жасалган темир тордун артындагы жол менен кандайдыр бир жакка алып жөнөдү. Бирок, ошондо эле мага темир тордун ары жагына өтсөм, кайра бери жакка чыкпашыма көзүм жетип турду.
Камерага жеткиче мени күзөтүп бараткандардын кимиси тапанчасы менен атып салат деп санаркап жатып, эптеп жеттим. Ошол кез мага баш-аягы жок чексиздей туюлду. Бирок, мен барган жер эки корпустуу туташтырган темир тор экен. Беш мүнөткө жетпеген убакта менен жыйырма эки жылдык өмүрүм, жаман-жакшы жасаган баардык иштерим көз алдымдан кино тасмадай чууруп өттү. Аптаптуу ысык болбосо да, заматта үстү-башымдын бары суу болуп, тердеп чыкты. Көрсө, ал учурда өлүм жазасына буюругандарды кармоочу жайдын колидорунда турган экенбиз. Аралыгы бир метрден ашпаган темир тор эшиктер. Ар биринде кеминде бештен кулпу бар камералардын бирин ачып, мени киргизди. Мен жата турган матрац, одеал, шейшептерди ошондой эле алюминийден жасалган идиштерди берип, оор темир эшик жабылып, кулпулар биринин артынан бири култтанып жатты.
Камера ичиндеги көрүнүш кандай адам болбосун таң калдырып, жүрөктү бир силкинтип ала тургандай аянычтуу экен. Узундугу эки, туурасы бир жарым метрге жетпеген төр жагында калыңдыгы бир метрге жетпеген бетон дубал беш-алты кабат темир тор менен бекитилиптир. Андан араң аба кирген тешик сымал терезеси бар экен. Жакшылап карап көрсөм аппак болуп акталган камера эки адамга ылайыкташтырылган экен. Бетондон куюлуп, дубалга катуу бекитилип орнотулган темирге эки адам жата турган жай, эки адам тамак иче турган идиш араң батат. Цемент полго бекитилип, орнотулган темир стол, бурчтагы унитаз анын үстүнө орнотулган суу чыга турган кран жайгашыптыр. Андан башка эшик үстүндөгү дубал ичине темир тор менен бекитилген чакан лампочканын жарыгы күнү-түнү өчпөстөн жанып турат экен.
Ушундай көрүнүштөгү камерада алдымдагы цементтен мага окшоп кийинген эки адам карап турду. Мен камерага кирген боюнча селейип катып, колума алып кирген одеал, матрацтарды кармаган бойдон туруп калыпмын.Оюмда дагы эле өкүмдү кантип аткарышат деген ой келди. Биринчи оозумдан чыккан сөз. Качан атышат деген сөз болуптур. Аны өзүм да билбейм. Мени карап турган экөөнүн жашырагы колумдагы буюмдарды алып, олтура турган жай көрсөттү. Экинчиси мени карап бир нерселерди сүйлөп жатты. Менин кулагыма "Ал жөнүндө ойлонбо. Сени эч ким азыр атпайт. Биз алты айдан бери ошону күтүп жатабыз. Сен го эми келдиң. Жакшы тилек кыл. Кудай буюрса, бул жерден чыгып кетесиң"-деген сөздөрү гана кулагыма араң кирип жатты.
Бир топтон кийин өзүмө келдим. Анан ал экөөү менен жакындан тааныштым. Булар да мага окшоп ар кандай иштери үчүн өлүм жазасына өкүм болуп, анан аткарылышын күтүп жаткандар экен. Бул жерде бары эле көргөн адамына кылган ишинин баарын чечмелеп айтып бере бербейт экен. Сенин ким экениңди билгенде гана сырын айтып берет...
(Уландысы бар)
Эскертүү: Бул кат биздин колубузга кокусунан тийген. Каттын авторунун аты-жөнү жана кийинки турмушу дагы бизге белгисиз бойдон калды.













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan