"Слухтан" чыккан саясат

Робот деле бузулат го… же ушактан кимдер упай топтошту?
"Ооруба ажо,ооруба, болоюн аса колуңа"дегендей эле Президенттин аман-эсен Кыргызстанга келиши дал ушундай сүртүм калтырды окшойт.Башчыны тосуп барган чиновниктерден улам айтып жатабыз. Негедир ал чиновниктерибиздин өздөрү аэропортко бир ишенип, бир ишенбей барышкандай көрүндү. Президент кырсыктан тыш өзү айтмакчы, "суставдарын" эле дарылатканын билишкен болсо, анда эмнеге дабырап
баары барышты. Бул шоу кимге керек экени дал ушул жерден көрүнүп калган жокпу? Курманбек Салиевич деле өз сөзүндө "дарыланып жатканымды коомчулуктан жаап- жашыруунун кереги жок болчу, кетип жатканда администрация башчысына,спикерге айтып кеткем. Эми майда барат иштерге чейин үйрөтмөк белем"- деген кыязын билдирбедиби. Таш ыргып барып эле тийчүлөргө тийди окшойт.
Ал эми кечээки өкмөттүк жыйындa, Президенттин көзү ачылганбы өкмөтүн жана президенттин басма сөз кызматын "Пресс -служба аппарата правительство как хромала, так и хромает. Пресс-служба показала, что не умеет работать со слухами" деп катуу сынга алды. Жөндүү сын болду. Президенттин айланасында ушак кептер чыга баштаганда бийликтин саясатын колдогон бир гезиттин бакыйган редактору менен жогорудагы аңыз кептер туурасында пикир алыштык эле (ал пикирлештин атын атабай эле коюуну чечтим) ошондо ал киши "учурунда Аскар Акаевдин администрациясы, пресс-службасы күчтүү иштеген экен, ушундай ушак кептерди эчак эле тазалап коймок. Техника күчтүү өнүгүп турган заманда кыргыз телеси жана өкмөттүк машина Германиядан Президенттин жандуу сөзүн бере алышкан жок"-деп кемчиликтерди моюнга алгансыды.
Учактан түшкөн башчы чынында көп суроолорго даяр эмес болчу. Ошондуктан көп калпыстыктарга жол берилип калды окшойт. Өлкө башчысынын журналисттер менен жолугуушусун тийиштүү форматта уюштуруу керек эле. Мунун өзү эле бир команда болуп иштөөнүн жоктугун көрсөтүп койду кашкайтып. Аркы берки ушакты териштирбей туруп бир беткей баягы жарасы жеңил оппозицияга оодарып салгансыды. Бул жерде Президент гумандуулугун көрсөтүп, ушак- айың кептердин чыгышын такталгандан кийин жооп берейин десе болмок. Эки күндөн кийин мындай маалыматтардын авторун, мурунку атайын кызматтын өкүлдөрү деген тыянагын чыгарбадыбы. Президент ушул жашка келип биринчи жолу бөйрөк кай жерде жайгашканын билгени өтө жасалма болуп калды. Робот деле бузулат, оору деген Президент, чабаныңа карабайт. Аны
коомчулук туура кабыл алды. Эмнени байкадык, кайсы бир деңгээлде Курманбек Салиевичтин рейтинги көтөрүлгөнсүдү. Анын саясатын колдобогондор да жанагы ушактарды укканда боор ачыгандарын жашырышкан жок. Демек, ушактар Президентке упай алып келип, дагы бир ирет айланасындагыларга көз жүгүртүп алууга мүмкүнчүлүк берди окшойт. Маалыматтарга караганда ушак кептердин чын төгүнүнө жетпегендер оппозиция тарапка ооп, ажосунун ишенимин сатканга даяр болгондор да болуптур. Ажонун көзү, өзү жок дешип министрлер жумуш ордуларында болбой, иш солгундаганын Президент кулак чалган бейм, дисциплина маселесин кабыргалата "Мы не детский сад, когда экономика так быстро меняется нам некогда заниматься воспитательной дисциплиной. С нерадивыми руководителями надо прощатся" деп кесе айтты. Муну уккан өкмөтчүлөрдүн айрымдарынын мууну бошоп калды болуш керек. Өкмөттүн өтүн алган соң көк үйдөгү "Ак Жолчуларды" менчиктештирүүгө мээлери жетпей энергетика мыйзамын сагыздай чоюп жатат дегенсиди. Кандай парламент экенин Президент акыры ушундай моюнга алды. Анысына шүгүр. Ошондой эле ыйык көлүбүздөгү 4 пансионатты 49 жылга казактарга берилиш керек экенин баса белгилеп, позициясын билгизди. "Казак тарапка 4 пансионат берилсе кашык каным калгыча күрөшөм" деп ак-жолчу депутат И.Жунусов эми кантип ажосуна каршы чыгат болду экен?
Дагы башчы өздүк учак боюнча маселе козгоп, "Почему наши авиакомпании не перевозят у нас в стране? Кагда я даю поручения, то выясняется, что за каждой такой компанией стоит депутат или какие-то руководители. Закройте эти авиакомпании или вам кто-то мешает?"- деп кабак түйдү. Өлкөнүн транспорт министри актангандай болуп
"10 авиакомпанияны жаптык дегени менен Президентти ынандырган жок. Сыягы, Германиядан учуп келгенде көп нерселерди байкаган го. "Карызга качанга чейин олтура беребиз. Кыргызстан эмне колхозбу?" деген сөзү менен дагы бир ирет эске калмай болду. Ал кеңешмеде ажо тамаша иретинде министрлерге "Может кто-то из министров сомневается, и считает, что здесь сидит не Бакиев,а его двойник. Прошу тогда после совещания подайти и пожать руку"-дегенинен бир ой жаралбай койбойт экен. Эмне министрлер ажонун колун 5 маал кармап, кызмат алганбы. Ажону окшошу менен ажыратыш үчүн колун кармайт көрүнөбүз эми.
Кызыгы, спикер А.Мадумаров, шаар мэри Д.Үсөновдордун гүл кармап тосуп алышы одоно көрүндү окшойт. "Гүлдөн да сын издейсиңер"- деп спикерибиздин сиркеси суу көтөрбөшү мүмкүн, бирок, сөздүн сакалын кармап айтканда учурунда кошаматчылыктын чегин билбегендерге аллергия болгон Адахан мырзадан мындайды күткөн эмеспиз. Ыраматылык түркмөн башы С.Ниязов чет жакка чыкканда же чет жактан келгенде чиновниктер катарга тизилип, узатып ,тосуп алчу эле. Кечээки, Президентибизди тосуп алуу, Түркмөн башыдан да ашып түшкөндөй болду. Гүлдү улуттук кийим кийген кыздар тапшырганы эле жетмек. Жагалдануунун жаңы формасына айланып кетпесин деген ниетте айтып жатабыз. Гүл гүлү менен болсун, иши кылып өлкө башчыбыз дени-карды соо келди………….
Э Аким