Коомдук-саясый гезит
№08, 01.04.08-ж.

Меймансап
Форум




  Уктуңарбы?

Асылбек Салиев "Де-факто", "Алиби" гезиттерин кечирди
Редакциядан: Аталган эки гезитти президенттин иниси Жаныш Бакиевдин уулу Асылбек Салиев сотко берген. Учурда сот процесси жүрүп жатат. Бул сот процесси качанга чейин уланаары али белгисиз. Асылбек Салиев сотко берди дегенде эки тарап, бир пикирге келип, ынтымак жолу менен чечишип алат деген ой коомчулук арасында болгон. Бирок, эки айга чукул убактан бери эки тарапты элдештирген жан жок. Гезиттин башчылары деле президенттин жакындары менен соттошкулары келбегендей. Баягы айтмакчы биринчи ким кол сунат? Принцип деген маселеге такалып жатса керек. Бүгүнкү саныбызда Асылбек Салиев менен эки газетанын башчыларынын маегин берип олтурабыз. Эми биздин миссия элдештирип, кесиптештерибизге журналисттик боор тартуу.

Жаныбековичтен Жээнбековго
Бабырбек Жээнбеков,"Алиби" гезитинин башкы редактору:
"Асылбек Жаныбекович, өзүңүз чалып койгонуңузга рахмат"
- Алло, Бабырбек Жээнбеков бар болду бекен?
- Бар. Ким сурап жатат?
- Мен Асылбек Жаныбекович. Мен тууралуу гезитиңерге туура эмес маалымат кеткен экен. Ошол маалыматты кимден алганыңарды тактап коеюун дедим. Бишкекке келсем досторум гезитти алдыма таштады. Жаман абалда калдым. Менин акыбалымды түшүнүп жатсаңыз керек да. Ал маалыматты кайдан, кимден алдыңар?
- Биз бул маалыматты шаардык прокуратурада иштеген Досматов дегенден жана каза болгон баланын эжеси Бегайдан алганбыз.
- Силер эмне маалыматтын чын бышыгын билбей эле жарыялап жибересиңерби?
- Бул жерде биздин эч кандай күнөөбүз жок. Маалымат бергендер күнөөлүү.
- Эгер мен кылмыш кылсам кантип алдынан өткөнгө кудуретим жетпесин. Атам айтмакчы кун төлөйт элек да. Чынын айтып коеюун бул жерде менин кылдай да күнөөм жок.
- Биз болгону колубузга тийген маалыматты жарыялап жибергенбиз. Асылбек Жаныбекович, өзүңүз чалып койгонуңузга рахмат.
- Колдон келсе, ушундай мен тууралуу туура эмес маалыматтарды жазбай жүргүлөчү. Кандай болбосун тактап алсаңар болмок экен. Анан да мени кыргыз тилин билбейт деп жазып жиберипсиңер. Мен кыргыз болгондон кийин кантип кыргыз тилин билбейт деп жазып жибергендер болду. Сиздерге чалып жатканымдын себеби, тил билгенимди дагы бир ирет далилдеп коеюун дедим.
- Өзүңүздүн телефон чалып койгонуңузга ырахмат.




"Де-Факто" дегенде
Чолпон Орозобекова, "Де-Факто" гезитинин башкы редактору:
"Де-факто" гезитинин сиздерге эч кандай жаман оюу жок"
- Алло, саламатсызбы?
- Саламатчылык.
- Бул Чолпон Орозобековабы?
- Ооба, ким сурап жатат?
- Бул мен, Асылбек Жаныбекович.
- Ким? Асылбек Жаныбекович?
Каяктан чалып жатасыз?
- Кыргызстандан.
- Кыргызстанга келдиңизби?
- Келдим. Бул маалыматты кайдан алдыңар?
- "Алиби" гезитинен алганыбызды жакшылап карап көрсөңүз макалада көрсөткөм. Болгону кошумчалап, жабырлануучуга жан тартып жазып койгом. Телефондон эмес, жолугуп сүйлөшсөк жакшы болбойт беле. Сиз менен сүйлөшүп жатканыма кубанычтамын.
- Мен азыр шаар четиндемин. Жолукканга мүмкүнчүлүгүм жок.
- Эс алып жатасызбы?
- Ооба, мен да, мекенимди, элимди сагындым. Бөлөк бөтөн жерде окуп, иштеш кандай кыйын. А сиздер бул жакта каалагандай эркин жашайсыздар да.
- Эс алып жатам десеңиз, мен сизге суктанып жатам.
- Суктанычтын деле кереги жок. Ар бир адам эс алганга укуктуу. Мен биринчиден, мамлекеттик чиновник эмесмин. Же Кыргызстанда "важный" фигуралардан эмесмин. Саясатка эч тиешем жок. Ал тургай айыл өкмөтү да эмесмин. Мен сизге окшогон эле жөнөкөй адаммын. Эгер мен жогорку кызматта турсам мен жөнүндө ушундай маалыматтарды таркатсаңар болмок. Мен жаш өсө турган кыргыздын жигитимин. Менин келечегим кең. Ушуга окшогон туура эмес маалыматтар менин өмүр баяныма жазылып калышын каалабайм. Мен өз чындыгым үчүн күрөшөм.
- Анда мен сизге жолугуп, интервью алайын.
- Мен интервью бербейм.
- Эмнеден коркосуз?
- Мен эч нерседен коркпойм. Кылмыш кылсам коркот элем. Корко турган кымындай да күнөөм жок. Силердин гезитте мени кыргызча билбейт экен деп жаздыңар. Мен ошону далилдеш үчүн өзүм чалып жатам. Мен жеримди, тилимди сүйөм.
- Анда эмнеге адвокатыңар орус болуп, сот орусча жүрүп жатат?
- Мен ал орус тилдүү адвокаттарга ишенем. Кыргызбы, оруспу сот процессинде сенин күнөөң жок экенин далилдеп бериши керек. Туурабы?
- Сиз менен сүйлөшкөн мага абдан жакты. Эми качан жолуксак болот
- Эки-үч күндөн кийин шаарга түшөм. - Шаарга түшкөндө мага сөзсүз чалып коюңуз.
- Бирок, менин сизге телефон чалганымды жазып ийбеңиз. Мен дагы бир туугандарым менен сүйлөшүп анан бул маселени чечем.
- Эгерде жазсакчы?
- Сиз мени көрбөй туруп, жанагы макаланы жарыяладыңыз. Азыр дагы көрбөй туруп жазам деп жатасыз.Эгер менен эртең мен танып кетсемчи.
- "Де-факто" гезитинин сиздерге жаман оюу жок.
"Асман-пресс" гезитинен: Урматтуу кесиптештер! 1-апрель күнүнө карата биздин "розыгрышты" туура кабыл алып коюңуздар. Ушундай эле өтүнүчтү Асылбек Жаныбековичке да каалайбыз. Тынчтык жарчысы болуу ниети менен гана уюштуруп койдук. Кесиптештерибизди тамашалаш үчүн Асылбек Жаныбековичтин да атын колдонууга туура келди.




 1-апрель Тамаша талаасында

"Эмки берүүсүнө сөзсүз чакыргыла"
Токтобүбү Черикчиева, ырчы:
- Токтобүбү эже, салматсызбы?
- Саламатчылык. Бул ким болду экен?
- "Түнкү каналдан" чалып жатабыз. Азыр саат 12ден кечикпей келип калыңызчы. Түз эфирге чыгасыз.
- Азыр мен үйдө жалгызмын. Кызым кичинекей, караганга киши жок. Анын үстүнө боенуп, кийинип дегендей алдын-ала даярданыш керек да. Жок дегенде бир күн мурун айтсаңар болмок экен.
- Кийимиңизди эле алакелсеңиз, бул жактан бат эле гримеркадан боенуп, жасанып алмаксыз.
- Кызымды кимге таштайм. Анда да болбой жатпайбы?
- Мейлиңиз анда.
- Эмки берүүгө чакыргыла ээ. Мен сөзсүз барам. Түз телефонумду жазып калсаңар 0545...
- Жазып алдым. Жакшы туруңуз.
- Ай, берки телефонумду да берейинчи 0555...












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan