Коомдук-саясый гезит
№09, 09.04.08-ж.

Меймансап
Форум




  Окуялар фактылар

Курултай "Кожомкулда" өтөт
"Акыйкат үчүн" коомдук кыймылдын ана башчыларынын билдиргенине караганда Элдик курултай эми Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтмөкчү. Аталган спорт ордосунун жетекчилиги менен келишим түзүлгөнүн эскерте кетмекчибиз. Курултайдын жүрүшүн А.Жекшенкулов мырза "12- апрель күнү саат ондо Горький эстелигинин жанында ачык жыйын болуп ,эркин микрофон уюштурулат. Муну менен катар эле келгендерге концерттик программа тартууланат. Ал эми ордо сарайда "Кыргызстандын тарыхый тажрыйбасы, бүгүнкү абалы жана келечеги" деген аталыштагы көптөн күткөн курултай өз ишин баштайт" деп билдирди. Оппозициячылдардын берген маалыматтарына караганда аталган курултайга бир жарым миң делегат келиши күтүлүүдө. Бийлик тараптагылар курултайга бир жарым миң киши келбейт деген өңдүү пикирлерди айтышууда. Коомчулукта , оппозиция үчүн Элдик курултай эч деле жыйынтык бербейт жана саясый кырдаалдын курчушуна алып келбейт. Оппозиция күзгө чейин бүгүнкү бийликке убакыт бериши керек өңдүү пикирлер бар. Кандай күн болбосун ,болжонгон курултай өтөт деңизчи бирок ,кандай деңгээлде…Кептин баары ошондо да.

Мыктылар оппозициядан кетишкен….
Мадумаровдун маалымат жыйыны адатынча күчтүү эмоцияда башталды окшойт. "Чу" дегенде эле спикер БШК шайлоонун жыйынтыгын жарыялабаганы боюнча кимдир бирөөлөргө отчет берүүгө милдеттүү эместигинен баштады. Муну менен катар эле Консот да эч кимге отчет бербейт, бул эки орган мыйзамдын чегинде гана иш алып барышаарын белгиледи. Спикерлик креслого келген күндөн тарта Адахан мырза тескөөчүгө айлангандай .

Каркырага барам деген Баекова
Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Чолпон Баекова баш болгон жыйырма депутат Каркыра жайлоосуна аттанып кетишти. Каркырадагы кыргыз-казак чек арасына байланыштуу талаш жараткан жерлер менен жеринен таанышып келебиз дегендери жакшы дечи, бирок анысы чырга айланган жердин чуусунун чечилишине кандай таасир берет, али белгисиз… Буга чейин өкмөттүн регионалдык иштер боюнча бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламанов Каркыра жайлоосундагы 630 гектар жерди казактардын 1150 гектарлык сугат жерине алмашса Кыргызстан утушка ээ болоорун билдирген эле. Атамекенибиздин бир үзүм жерин да бербейбиз деген оппозициялык саясатчылар өткөндө Үзөңгүкуушту тракторлорго алмаштык эле, эми бул ирет да бийлик казактын азыноолак буудайына 630 гектар жерибизди кармата бере турган болсо четтен карап тим турбайбыз дешүүдө.

Сокулук райсотунда улут аралык чырдан чыккан өлүм каралат
Өткөн жылдын 8-май күнү Сокулук районунун Маловодная айылындагы кыргыз жаштары менен уйгур улутундагы жаштардын ортосунда чыр чыгып, андан улам Акбар Сарманбетов башынан жана ички органдарынан өтө катуу жаракат алган. 10 май күнү таңында ата-энеси Акбардын сөөгүн өз үйүнөн табышкан. Азыр кылмышка шектүү деп кармалгандардын бирөө убактылуу кармоочу жайда отурат.

Экс-спикер Өмүрбек Текебаев Жалалабат облусундагы партиялаштары менен жолугушту
7-апрелде Өмүрбек Текебаев "Ата мекен" партиясынын Базаркоргон району менен Жалалабат шаарындагы активисттери менен баарлашты. Анда 12-апрелде Бишкекте өтчү элдик курултай, ага даярдыктын жүрүшү, түштүк аймактарында саясий партиянын катарын чыңдоо маселеси талкууланды. Анын айтымында элдик курултайга катышууга партиянын атынан Жалалабат облусунан 15, Ош, Баткен облустарынан ондон адамга орун бөлүштүрүлгөн. Курултайга баруунун жол чыгымдарын партия көтөрөт жана мурда Жалалабат облусунда "Ата Мекендин" миң мүчөсү бар экени аныкталган.

Өкмөттүн атынан сүйлөгөн министрлерге жинденген Президент
Кечээ мамлекет башчыбыз премьер-министр Игорь Чудинов менен болгон жолугушуусунда министрлерге өкмөттүн уруксааты жок өзүнүн пикирин өкмөттүн атынан билдиргенге тыюу салды. "Министрлердин орун басарларынын жана ведомство жетекчилеринин деңгээлиндеги айрым өкмөт мүчөлөрү өкмөт аралык жолугушуулардын учурунда жана чет элде жүргөндө айрым бир маселелер боюнча өзүлөрүнүн жеке пикирлерин жалпы республиканын атынан билдирип коюп жатышат". "Расмий ыйгарым укуктары болбогондон кийин мындай жооптуу билдирүүлөрдү жасаган болбойт, - деген Президент өкмөт башчыга- "Сиз алардын баардыгына катуу эскертүү бериңиз, эгер дагы кайталана турган болсо аларга дисциплинардык чаралар көрүлөт" деп бир күпүлдөп алды.




КУТТУКТОО
10-апрелде КТРдин концерттик студиясында акын Гүлсайра Момунова 70 жылдык мааракесин белгилегени турат… Акын эжебизди биз дагы чын жүрөгүбүздөн жигерлүү 70 жаш курагын куттуктайбыз. Бар болуңуз!
Акын эжебиз өзүнүн жаңы чыккан "Туулган үйдүн жарыгы"деген китебинде жетимиш жашка арнаган ырында мындай дейт.
"Жетимиш жаш"
Жигерлүү жетимиш жаш, колуң берчи,
Жетилген көктөй бийик оюң берчи.
Төгөйүн берекелүү бай мөмөмдү,
Алдыдан ак жолумду ачып келчи.
Жетимиш жер таянтпай басып келчи,
Жаныма жарык нуруң чачып келчи.
Калкымдан, калемимден, балдарымдан,
Балкытып бакытымды ачып келчи.
Жетимиш жер каратпай жаркып келчи,
Абийирдин алтын жүгүн артып келчи.
Элимдин жүрөгүнө жеттим бекен,
Эргиткен алкоо сөзүн айтып келчи.
Жетимиш жарык кабак күлүп келчи,
Жаркытып маңдайымдан сүйүп келчи.
Көөнүнө жактым бекен көпчүлүктүн,
Көңүлүм көкөлөсүн билип келчи!
Жетимиш сага жеткен жетпеген бар,
Жетсем деп сени дагы дегдеген бар.
Аңтарып көрөйүнчү ыр сандыгын,
Элиме бере турган эмнем бар!




  Экспертиза элеби?

Тилиңди кесип алайын
Элибизде баш кесмек бар, тил кесмек жок деген жакшы бир сөз бар. Аталардын ал сөзүн акыркы учурда заманга ыңгайлаштырып, башыңды аман коелу, тилиңди эле кесейин деп өзгөртүп алдыкбы деп турам. 17 жылдан бери курабыз деп келаткан демократиянын негизги принциптеринин бири болгон сөз эркиндигинин абалын айтып жатам.
Кечээ Биринчимай райондук сотунда "Алиби" жана "Де факто" гезиттеринин иши кайрадан каралды. Сотко арызданып барган Жаныш Бакиевдин карачечекей уулу Асылбек Салиевдин адвокаттары Хабибулин менен Катишевский доо арыздарын кайрадан оңдоп-түзөп келип беришти. Буга жоопкерлердин "Макаланын орусча котормосунабы же кыргызча түп нускасына макул эмессиңерби? Дегеле, макаланыбы же айрым бир сүйлөм-сөздөрдү чындыктан алыс, Салиевдин ар-намысына шек келтирет деп жатасыңарбы" деген суроосу себеп болгон эле.
Адвокаттар кечээ макалалардын ар бир тамгасына анализ жасап, ошого жараша дооматтарын коюшту. Түп нуска менен котормонун айырмасы бир топ талаш маселелерди жаратты. Мисалы, "Президенттин иниси" деген сөздү "Младший брат президента" болобу же "Племянник президента" болобу деп. Кыргызча билбеген судья менен Салиевдин адвокаттарынын баштары айланып эле калбаса, акыры атсына аял тандаган баладай эле абал болду. "Племянник" кылабы же "братан" дейби, ал котормочунун баш оорусу, биздин макала кыпкыргызча эле болчу деген сөздүн да төркүнү жок эмес.
"Болушу мүмкүн" дегенди "вероятно возможно" деп айтор, аягы түгөнбөгөн талашка акыры экспертиза чекит коймок болду көрүнөт. Жоопкерлер макаланын кайсы сөзү Бакиевдин баласынын абийирине шек келтириптир десе, доогер Салиевдин адвокаттары макаладагылар чындыктан алыс, карандай калп, ошондон улам биздин "кожоюндун" ар-намысына шек келтирди деп көгөргөнү көгөргөн. Адвокаттар "Келтирилген мааалыматтар чындыктан алыс болуп жаткан соң, аны экспертизага берүүнүн кажети жок, биз буга каршыбыз" дегенине судья жоопкерлердин суроосун орундатып Илимдер Академиясынын тил институтуна макаланы комплекстүү экспертизадан өткөрүү тууралуу чечимин кабыл алды. Соттун кийинки отуруму экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин уланмакчы. Эми эксперттер эмне дейт, көрө жатаарбыз.
"Иш алып баралбаган бийликтин маалымат кызматтарынын каталарынан журналисттерди куугунтуктоо менен кутулуу Кырызстанда салтка айланды" деген Россиялык экстремалдык журналистиканын борборунун директору Олег Панфиловдун сөзү ойлондурбай койбойт.
Президентибиз сыркоолоп калып, ал жөнүндө расмий маалымат жок болгондуктан ар кандай ушак айыңдар тарап кетпеди беле. Аны да журналисттердин күнөөсү деп, оозго алынып келаткан "Репортер Бишкек" гезитинин журналисти Султан Каназаровду УКМК укуругуна илип отурат. Уурдады, алып кетти деп айгай салган уурунун заманы келип калган белем? Антпесе Президент өзүнүн пресс-кызматынын шалаакылыгын сындап келатып эле, ММКны катуулап бир көзөмөлгө алсаңар боло деп айтат беле?













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan