![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №09, 09.04.08-ж. |
Меймансап Форум Президенту Кыргызской Республики Бакиеву К. С. Председателью Ассамблеи народа Кыргызстана Рахманову Т. Р. Руководителью Администрации Президента Садыркулову М. Ч. Генеральному Прокурору КР Сатыбалдиеву Э. Р. Председателью Верховного суда КР Алиевой Д. С. Губернатору Иссык-Кульской области Исаеву К. Мэру г. Балыкчи Омуркулову Прочитав в газетах "Казачий курьер" 2 от 25 февраля 2008 года, а также в газете "Ордо" 8 (185) от 07. 03. 2008 г. статьи - Обращение. Всем руководителям Кыргызстана, от Народа Казакстана, в Кыргызской Республики п оповоду не законных притеснений, а также гонения с остороны силовых структур и некоего господина М. Султаналиева, в отношении Кочкарова Исмаила Муратовича, президента Международной Ассоциации Карачаевцев "Ата- Журт", председателя народной Патриотической партии Кыргызстана "Тынчтык", заместителя Кыргызско с Российских соотечественников. Этот человек шел в ногу с народом, а также в предвыборной компании в выборы президента Кыргызской Республики К. Бакиева вел активную агитационную работу за вас. А сейчас из- за господина М. Султаналиева может разразится грандиозный международный скандал, и нестабильность в Республике которая народу не нужна. Мы Иссык-Кульцы, думаем что вы уважаемый наш президент К. Бакиев примите справедливое решение по делу Исмаила Муратовича. Мы не хотим, чтобы из-за этого вспыхнули расприи на нашей земле. Ведь и так сейчас народ на грани выживания, народ устал от нестабильных цен, мизерных зарплат, пенсии, а господин М. Султаналиев подливает масла в огонь. Выйди господин Султаналиев честно к народу и скажи зачем ты делаешь стычки с Казакстаном, Россией, ведь Кочкаров И. М. известен не только в Кыргызстане, но и в ближнем зарубежье и заграницей. С уважением к Вам наше правительство жители Иссык-Кульской области, а также мы уверен, что в ответ на нашу просьбу К. Бакиев решит вопрос положительно, в противном случае мы жители города Балыкчы вынуждены 17 апреля устроит безсрочный митинг. С обращением ниже подписавшиеся. 5.04.2008. 1. Кубанычбек уулу Талантбек. г. Балыкчы 2. Искендеров Эсенкадыр г. Балыкчы 3. Кутуева Абыке г. Балыкчы 4. Рудзинский Сергей Владимирович г. Балыкчы 5. Амандыков Руслан Кубатович г. Балыкчы…… Всего 85 чел. Биз билген да, билбеген да Рысбек Кадыр Момоев,"Тынчтык" гезитинин башкы редактору: "Мага Рысбектин улут үчүн күрөшкөн идеясы жаккан" - Кадыр мырза, мына минтип сиз менен кайрадан жолугушуп олтурабыз.Кол алдыбызда Рысбек Акматбаев жөнүндө жазган китебиңиздин кол жазмасы турат.Алгач маегибиздин башын, кандай себептен Рысбек жөнүндө китеп жазып калдыңыз деген суроодон баштасак жакшы болор эле… - Башында Рысбек экөөбүздүн жолубуз эки башка эле.Инисинин өлүмү мындайча айтканда адамдын башына түшкөн кырсык, экөөбүздүн башыбызды бириктирген деп айтсам болот. Көңүл айтып барып ошол жерден жакындан таанышып калдым.Ал учурдагы Рысбектин абалын эч сүрөттөп бере албайсың.Жанындай көргөн инисин жоготуп, кан жутуп турган учуру болчу.Кайгыга канчалык алдырган менен бирок ,ал өз сүрүн эч жоготкон жок.Мен ошондо анын эрки күчтүү экенине баа бергем.Бир топ пикир алышкан соң улутум деп жан күйгөн ойлорун угуп , ичимен ыраазы болгом. Менин да жан дүйнөмдү эзген ойлор менен ооруган адамдар бар экенине дүйнөм ыраазы болгон. Тынычбектин өлүмү боюнча журналисттик иликтөө баштап калгандыгымдын себеби да ушундан улам. Өзүмдүн каналдарым аркылуу чыгып, бир топ маалыматтарды ала алдым десем болот.Текшере келгенде ал маалыматтардын аныгы билинип жатты.Ал маалыматтарда бир топ чоң фигуралардын аттары аталган .Менимче алардын фамилияларын атоонун азыр кажети деле жок.Рысбек менен болгон бир маектешүүбүздө китеп жазуу идеясы көтөрүлгөн. "Көркөм чыгарма эмес ,фактынын негизинде жазылган китеп болушу керек"деген оюн билдирген болчу.Мен анын оюун толук угуп, бала чактан берки образды ачып бериш керек.Идея үчүн күрөшүң элге жеткиликтүү болбой калат десем бир аз ынангансып калган. - Сөзүңүзгө аралжы, Мелис Макенбаевдин "Пресс хата" аттуу китебинде Рысбек жөнүндө баян болгон да.Эми ал китепти биринчи китеп катары карайбыз да. - "Пресс-хаттада" камерада болгон окуяны китептик вариантта киргизип койгонго гана Рысбек уруксат берген. Китептин автору маркум М.Макенбаев менен Рысбек бир айылдан болгон.Ал учурда Рысбек жөнүндө жеткиликтүү маалыматтар болгон эмес жана Рысбектин ачыкка чыга турган учуру эмес эле.Азыркы бүткөн китеп далилдүү баян.Мындайча айттканда саясый сүртүмү көбүрөөк. Китептин башы менин, Рысбек Акматбаев менен көзмө-көз алынган маектеримден башталганын себеби да түшүнүктүү болду окшойт. - Демек ,бүгүнкү санда гезиттин окурмандарына экс-президент Аскар Акаевдин кандайча Кыргызстандан качканы, буга Рысбек Акматбаевдин кандай тийешеси болгону туурасында айтылат да. - Бул маек 2006-жылы Чолпонатадан алынган ушуну эскерте кетсем. КТРдеги кырдаал Сары Өзөндөн чыккан сары өзөк Жайнагүл Максимова, "Сарыөзөн" телекомпаниясынын төрайымы - Жайнагүл Максимовна, бүгүн журналисттерди чогултуп конференция берип жатканыңызга эмне түрткү болду? - Сизге себебин айтуудан мурда өзүм менен тааныштырып койсом. Мен Республикалык телерадио компаниясында 29 жылдан бери эмгектенип келем. "Интервидение-1985" деген аталыштагы 89 өлкө катышкан конкурстта биринчи лауреат болгом. КТРге Япон Өкмөтүнөн 7 млн доллар тегерегинде грант алып келип бергем. Телерадионун ветераны, Чүй облусунун ардактуу тургунумун. Мындан 3,5 жыл мурда Кыргыз телевидениесинин ошо кездеги жетекчилери Мамбетакунов менен Айтикеева мени "Сарыөзөн" компаниясын бутунан тургузуп бер"-деп суранышканда, мен Чүйдүн патриот кызы катары барып, "Сарыөзөнгө" өзүмдүн ак эмгегимди арнап келгем. Иш деп жүрүп эки жолу инфаркт болдум. Мына ушунун баарын КТРдин жетекчиси Мелис Эшимканов эске албай, тескерисинче мага ыпылас мамиле жасап жатат. - Себебин айтсаңыз? - Эшимканов КТРге келгени аймактык телеканалдарга эфирдик убактысын чектеп, жакшы бербей калды. К. Молдокасымовдун убагында жумасына бир жолу 2,5 саат убакыт чыкчубуз. А азыр жумасына жарым саат, ал аз келгенсип убактысын да туура эмес берет. "Күчтүү регион, күчтүү мамлекет"деп айтылат го. А бизде тескерисинче КТРде түрмөнүн турмушу, сойкулардын жашоосу, Акаевдин убагындагы чиновниктердин мемуарлары сыяктуу көрсөтүүлөр орун алып, элдин намысын, патриоттук сезимин ойгото турган көрсөтүүлөр жокко эсе. А "Сарыөзөн" телекомпаниясы ушундай программалары менен элдин жүрөгүнүн жылуу орун алып келген. Мен 3-апрель күнү Мелис Эшимкановго кирип, " Аймактарга эфирдик убакыттан дагы жарым саат кошуп, туура убакыт тандап коюп бериңиз"-деп, Чүй элинин таламын талашып ушул маселени айттым. М. Эшимканов менин пикиримди туура кабыл албай, экөөбүз кеп-сөзгө келбей 45-мүнөт базардагы аялдардай ажылдаштык.Эртеси Эшимканов бүт продюсерлерди чогултуп "Мен Жайнагүл Максимованы иштен бошотуп жатам"-дептир. Эгерде Эшимканов мыкты жетекчи болгондо, "Эже, сиз эки жолу инфаркт болупсуз, жүрөгүңүздө төрт тешигиңиз бар экен. Сиздин ордуңузга башка жаш жетекчи коелу, сиз бул жагын чойуп бериңиз"-деп адам катары айтса, мен жок демек белем. Мына ушуну менен Эшимканов адам катары, жетекчи катары ким экенин көрсөтүп койду. Эшимкановдун реформасы шоона эшпей калды. Азыр КТРде монтаж жасагандар 2 миңден айлык алып иштешсе, 5 ай мурун өзү менен чогуу келгендер 10-15 миң айлык алып иштеп жатышат. - Сизди жумуштан кетирүү боюнча буйрук чыктыбы? - Жок, буйрук чыга элек. Азыр мага ар ким ар кандай айтып келип жатышат. Бири "Жумуштан алам"-деди десе, бири "Жумуштан албайм, иштей берсин" деп жатат"- деп. Саясатта тиякка желпилдеп чуркап, биякка желпилдеп чуркап жүргөн позициясын азыр иш үстүндө көрсөтүп жатат. Мен бул иштин аягына чыкмайын Эшимканов менен күрөшкөнүм күрөшкөн. Мен азыр принципке турам, "Сарыөзөн" телекомпаниясында пенсияга чыкмайынча кетпейм. Пенсияга кетээриме деле бир жыл калды. Мен тескерисинче Эшимкановго КТРден орун жок деп айтаар элем. Э. Мадиева Рысбек (китеп варианты) - Рысбек мырза, эл арасында тунгуч президентибиз А. Акаев 24-мартта Рысбек Акматбаевден коркконунан качып кеткен деген сөздөр бар. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар. Убакыт сааты келди окшойт, бул туурасында ачык эле айтсаң жакшы болор эле? - Аскар Акаевдин өзү жана анын үй- бүлөсү тууралуу көп сөздү деле айтуунун кереги жок. . Себеби элин, мекенин таштап, качкан падышадан эмне жакшылык күтмөк элек. Мен бир сүйлөгөн жигитмин.Ар бир сөзүм үчүн жооп бергенге турмуш үйрөткөн. Азыр ачык жүз менен айта алам экс-президент менден жана элден коркконунан качып кетти. Керек болгон учурда "Рысбек, Рысбек"- деп Аскар Акаев жана анын жакындары байланышка чыкчу"- деп "Алас"гезитине маек берип айтканым бар. Өз элине өзү ээ болалбагандыгы аз келгенсип, баласы Айдар, кызы Бермет, күйөө баласы Адил мамлекетибизди душмандардай тоногонун көрүп туруп , мен кантип унчукпай калмак элем. "Элдин алдында жооп бересиңер"-деп, Айдарга жигиттик кыр көрсөтүп койгом. - Тагыраак айтканда кантип? - Көп нерселерди мен туюк айтууга туура келет. Союз убагында "диверсанттык школада" тарбия алганымды билесиң, ошон үчүн Айдардын жүрөгү алкымына тыгылып калганча менден коркуп калган. Ушул эле жетиштүү го дейм. - Акаевдин үй- бүлөсү менен качуусуна түздөн- түз эмне аракет жасадың? - Качып кетүүсүнө эмес, кармап, эл алдында жооп алыш үчүн аракет кылдым. Жигиттердин бир тобу Айдардын артынан түштү. Бирок, колго тийгизе албай коюшту. Берметти алып келебиз дешкенинен "кыз балага тийбегиле" дегем. Эртеби кечпи, алар Кудай алдында да жооп бериши керек. - Колунда бийлиги бар президенттин уулу болуп туруп, жөн эле отуруп калдыбы? - Биздин көп жаңылыштык ушунда. Президенттин уулу болобу, бир тууганы болобу Кудай алдында баарыбыз бирдейбиз. Адегенде Майрам, Берметтер баш болуп мага байланышка чыкканга аракет кылышкан. Элге кылган жаман жоруктарын билип туруп, мен сүйлөшүүдөн баш тарттым. Кыскасы, бул президенттин кызынын же аялынын чече турган иши эмес эле. - Акаевдин бийлиги өкүм сүрүп турган учурда сизге ачык кугунтуктоолор башталган пикир келишпестиктердин башы ошондо эле башталган турбайбы? - Ортодо сүйлөшүүлөр болбой калгандан кийин "Бизди эч ким жазалай албайт"-деген Акаевдер мени катуу куугунтукка алууга өтүшкөн. Мени кармап, түрмөгө отургузуш үчүн чоң кылмышты мойнума илиш керек эле. Ортодогу жасоолдор буйуртма жол менен атылган полковник Алиев Чыныбектин өлүмүн мага жүктөгөнгө аракет кылышты. Бирок, ал бийликтин арам ойлору эч ишке ашкан жок.Акыры бир эсептешкенге күн келет дегем.Өзүңдү алдап канчага чейин жашамак элең. Элим ыймандуу болсо экен-деп Кудайдан сурайм. Ала- Тоону мекендеген алакандай кыргыз элим башка мамлекеттерден кем болбой жашаса деген бир гана тилек бар, менде. - К.Бакиевдин да бийликке келишине Рысбектин салымы бар деген сөздөр бекер жерден чыкпаса керек да? (Уландысы кийинки санда) Чолпон - Ата. 2006-жыл апрель |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|