![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №09, 09.04.08-ж. |
Меймансап Форум СИНЕМА"НЕ БОЛМОК" Тасманын режиссеру жана сценаристи Абдиш Айылчиев: - Бул тасманы тартуу идеясы сизде кандайча пайда болду? - Менин бир чоң кино тартайын деген пландарым бар болчу. Бирок, ошонун алдында элге "азырынча ушундай кино тарттым, мындан ары кино жаатында эмгектенейин деген ой максатым бар" деп элдин алдынан өтүп, эл бааласын деп бүгүнкү эмгегимди көрүүчүлөргө көрсөтүүнү чечтим. Экинчи жагы, мен туулуп өскөн Токтогулдун Кетмен-Төбө айылында өмүр бою чыгармачылык эмгегин Токтогул элдик театрга арнап, чоң экрандарга, тасмага түшпөй калган таланттуу артисттер көп. Мына өзүңүз күбө болгон Самат аксакалдын ролун аткарган Аскаров Самат деген актерду алалы. Эмне деген гана талант. Мына ушундай таланттуу жердештеримди экранга, эл алдына образ жаратып алып чыкканыма мен сыймыктанам. Абдан оор жанрды тандап алыптырмын. Элди ыйлатыш оңой, бирок, күлдүрүш кыйын деп коет го. - Чоң масштабдагы кино тартайын деген ойум бар деп айтып өттүңүз, сыр болбосо кандай кино? - Бизди эски Токтогулдан көчүрүп, ал жерге Токтогул ГЭСин куруп салышпады беле. Мына ушундай экологиялык өзгөрүшкө адамдар каршы болушкан. Бирок, болбой эле эл-жер которгонго мажбур болушкан. Ошондо бир карыя жашоочу суу үйүнүн жарымын каптап кеткичекти акыркы мүнөткө чейин кетпей турган. Мына ошол эл-жеринин патриот адамы жөнүндө "Патриот"деген кино тартсам деген максатым бар. Мен ошол карыя аркылуу элин, Мекенин сүйүү мына ушундай болот-деп даңазалагым келет. - "Не болмок" тасмаңызга Токтогулдун артисттери тартылды дедиңиз, а жаш артисттерди кастинг аркылуу тандадыңызбы? - Мен ырчы Мухтар Атаналиев менен "Эл ырчысын эл тандайт"проектисинде бирге иштеп да жүрдүм. Мухтар сопродюсер болуу менен бирге тасмага да тартылды. Ошондой эле ушул проектин жеңүүчүсү ырчы жигит Эльмурат да катышты. Ал эми башкы ролду ойногон Нуриза кызыбызды мен көчөдөн көргөм, байкасам фактура жакшы, көз карашы, кебетеси мен түзгөн образга дал келет экен. Анан сунуш киргизип иштешип калдык. - Өзүңүздүн кесибиңиз ким? - Маданий агартуу кызматкеримин. - Пресса аркылуу ушул тасманын режиссеру катары дагы эмнелерди айткыңыз келет? - Ар бир адам үйдүн, көчөнүн, райондун, областтын анан албетте мамлекеттин патриоту болуш керек. Качан ар бирибиз патриот болгондо Кыргызстан өнүгөт, анын ичинен маданиятыбыз,ал менен бирге кино тармагыбыз өнүгөт. Мен буга ишенем. Мен ушул кино аркылуу байлыкка жетейин деген оюум жок. Менин артымда из калса, кийинки муун эскерип турса деген гана ой тилек. Мен убагында бизнес да жасап жүргөм. Бирок, бул менин жан дүйнөмө жакпайт экен. Мен чыгармачылык деген кесипти тандап алдым. 6-апрелде Мамлекеттик тарых музейинде "Не болмок" аттуу көркөм тасманын бетачары болуп өттү. Тасма 2007-жылдын октябрь айындагы Республикалык Референдумдун алдындагы күндөрдү камтып, окуя Токтогул районунун Жаңыжол айылында жана Токтогул шаарчасында өтөт. Фильмдин негизги мааниси: азыркы карапайым элдин саясатка болгон көз карашына, ушул таптагы жашоону жана улуу муун менен азыркы муундун ортосундагы сүйүү темасына басым жасалган.Тасманы тартууда 380 000 сом акча каражаты сарпталып, 24 артист ролдорду ойношкон. Тасма 65 күн убакытты талап кылып, дубляж 25 күн, монтаж 45 күн, музыкасын 28 күн ичинде даяр кылышкан. Тасма лирикалык комедия жанрына кирет. Канчоро Сыдыков, Тасманын демөөрчүсү: - Абдиш байке менен башынан жакшы мамиледемин. Кинону тартып баштаарда келип ойун айтты. Мен колдоп бердим дегендей. Абдиш байке негизи эле идеяларга бай. Кудай буюрса, мындан башка кинолорду жаратканга Абдиш байкенин күчү да жетет, фантазиясы да жетет. Биринчи кадам арышталды, эми экинчи-үчүнчү арышы мындан да кенен болушун каалайм. Биз да жардамыбызды аябаганга аракет кылабыз. Акылбек Абдыкалыков, Кыргыз Республикасынын эл артисти: - Абдиш өзү искусствого жакын адам. Мен буга чейин Абдиштин жаш таланттарды алып чыгып жүргөнүн билчүмүн. Мына бүгүн дагы бир талантына күбө болдум. Ал патриоттук сезими менен Токтогул элинин таланттарын тасмага тартайын деп аракет кылган экен. Негизгиси Токтогул элдик театрынын артисттерин көмүскөдө калтырбай эл алдына алып чыкканына, мамлекеттен бир тыйын сурабай, өз чөнтөгүнөн каражат чыгарып тартканына рахмат гана деш керек. Тарта берсин, тыюу салбаш керек. Тартып- тартып такшалат. Абдишке ак жол каалайлы. Анаш Кадырова, КТРдин вице-президенти: Азыркы заманда кино эмес, бир клип тарттырыш канчага турат. Мына ушул чыгымдын баарын өз мойнуна алып, өз күчү, өз аракети менен кино тартуунун өзү эле чоң эрдик. Россияда кино индустрияны өнүктүрүүгө мамлекет тарабынан канча миллиондогон акча каражаты сарпталат. А бизде тескерисинче ар бир режисердун өз демилгеси менен кино тартып жатышканы мактоого татыйт. Токтош Абыкеев, режиссер: Негизи эле азыр кино тартып жаткандарга рахмат гана деш керек. Азыр бул заманда көпчүлүк курсагын араң тойгузуп жүрөт. Канча чыгармачыл кишилер китеп кылып жазып алып, чыгара албай жүрүшөт. Мен өзүм бир кино тартайын деп жүрөгүм даай албай жатат. Өзүнүн элиндеги таланттарды көтөргөнү, алардын жүзүн шаарга чейин көрсөтүп алып келгени бул өзү чоң иш. Режиссер өзүнүн оюун 70% га ашыра алса бул анда гениалдуулук. Кемчилигин издебей, аракетине рахматыбызды айталы. Э. Мадиева |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|