Коомдук-саясый гезит
№09, 09.04.08-ж.

Меймансап
Форум




  ЖАРЫКЧЫЛЫККА "АТАКА"

Ме, менчикке аласыңбы?
Эптеп жашап жатканда кыргызга кыйын эле болду. Бир чети "сооп" дечү да жан жок. Эгер элибиз "эл багаарларыбызды" башынан, башкача тарбиялаганда кандай болот эле, ким билсин. Азыр болсо жалаң ичип-жеп, алгычтар менен катар эле саткыч, бергич уулдарыбыз көбөйүп, атасы менен энеси жылаңач калса да бар мыдырын башкаларга "ме" деп берип салып, өз курсагын тойгузгандарды каргап-шилесек да мойну балта кеспей, тилибиз менен сайрап, тизелеп олтуруп берип жатабыз. Бүгүн болсо көз алдыбызда энергетиканын тагдыры чечилгени турат. Бул тармакка тиешелүү төрт мыйзамды өкмөт аке жакында Жогорку Кеңешке сунуштап, а ЖК болсо аны апрель айында карамай болду. Эгерде акесине жамынып, "Акжолчулар" аталган тармактын менчикке кетишине кош колдоп макулдук беришсе андан ары кандай болот айтуу кыйын. Себеби, жакында эле "Пайыздар, туумдар, каржы, айыл санкциялары боюнча кошуп эсептелген карыздарды реструктуризациялоо боюнча" мыйзам долбоорун карашканда деле энергетика ишканаларынын кайтарымсыз деп саналган 1млрд. 400 миллион сомдон ашык карызын жоюу маселесине Коммунисттер жана Социал-демократтар фракциялары каршы болгонуна карабай, ЖКнын төрагасы А. Мадумаровду ээрчип Санкт- Петербургга иш сапары менен кеткен 20 депутаттын ичиндеги 11 "Акжолчул" депутаттардын таштап кеткен ишеним катынын негизинде добуштар көбөйүп, мыйзам өтүп кеткендигин да көрбөдүкпү. Демек, кандай жол менен болсо дагы бүгүнкү күндө бийлик тарап каалаган мыйзамдар эч тоскоолдуксуз өтүп, кабыл алынаарына ишенип эле калдык. Ортодо көпчүлүктү түзгөн "Акжолчулар" күчтөп эле кабыл алгандыгынбашкалары чырылдап айтып жатып деле эчтеке майнап чыгара алышкан жок. Токтогул ГЭСиндеги абал болсо депутат О.Артыкпаев айтмакчы, кышкысын Тажикстандагыдай абалга алып келе тургандай. Өкмөт болсо өгүз моюндукка салып, бул энергетика маселесин башкача өңүттө түшүндүрүп жатат. Алар энергетика тармагынын менчикке берилишине көбүрөөк ынтызарланып, Бишкек ТЭЦи, "Түндүкэлектро", ошондой эле "Бишкекжылуулук"тармагын менчиктештирүү тууралуу мыйзам долбоорун ЖКга сунуштап, анан "Токтогул каскадындагы ГЭСтердин өзгөчө статусу жөнүндөгү" мыйзамды жокко чыгарууну дагы өтүнүүдө. Учурда өкмөт менчиктештирүүнү парламенттин макулдугусуз, энергетикалык программанын президент аркылуу гана бекитилишин жактап жаткан учуру. Эске сала кетсек, тээ 1996- жылы кабыл алынган "Энергетика" жөнүндөгү мыйзамда "өлкөнүн отун-энергетика тармагын менчиктештирүү Жогорку Кеңештин макулдугу менен жүргүзүлөт" деп жазылган. А Улуттук энергетикалык программаны ушул эле мыйзамда өкмөт иштеп чыгат, парламент жактырат, ал эми президент бекитет деп белгиленген. Жогорку айтылган үч ишкананы, Бишкек ТЭЦи, "Түндүкэлектро" жана "Бишкекжылуулук" тармагын менчиктештирүүгө өкмөт эмнеге кызыкдар болуп жатат? Алар анын үч жолун, биринчиси, ишенимдүү башкарууга берүү, экинчиси, концессияга берүү, үчүнчүсү, сатуу жолдорун караштырышып, үч ишкананы бириктирип, бир стратегиялык инвесторго сатууну жакташууда. Өнөржай, энергетика жана отун- суу ресурстары министри С.Балкыбеков болсо ГЭСтер менен жогорку чыңалуудагы электр линияларынын менчикке берилүүсү тууралуу сөз болуусу мүмкүн эместигин айтып, азырынча электр жарыгын бөлүштүрүү ишканаларынын бирөө гана жеке колго өтөөрлүгүн, эгер анын жыйынтыгы ийгиликтүү болсо, калган үч ишкана дагы сатыкка коюлаарын белгилөөдө. Айтор, бизге аңы менен дөңү бир болуп калган шекилдүү. Пансионаттарыбызды 45 жылга казактарга карматып, Каркыраны да капка салынган ундан бешбетер кейибей берүүнү каалап олтурабыз. Андан элге кандай пайда түшөөрүн убагында көрөөрбүз, бирок өзүбүздөн иштелип чыккан, Кыргызстанга ири каражат түшүрө турган бирден-бир электр тармагын тырышса да мамлекет иштетип, өзүбүздө турган жарыкты өзүбүздөн аяп, экономдомок түгүл коңшу элдерге экспорттогонго деле кудуретибиз жетмек.
ГЭСтерди жана жогорку чыңалуудагы электр линияларын менчиктештирүүгө тыюу салган Токтогул каскады боюнча мыйзамды жокко чыгаруу аракети тууралуу коомчулукта да ар кандай ойлор бар. Мисалы, мурдагы ЖКнын депутаты, ушул мыйзамдын автору Т.Сарпашев " Мыйзам кабыл алынса чоң-чоң ГЭСтерди менчиктештирүүгө жол ачылат" таризинде кооптонгондугун билдирсе, ЖКнын Коммунисттер фракциясынын лидери И. Масалиев "Депутаттардан сурап олтурбай эле менчиктештирүүнүн жеңил жолун өкмөт издеп жатат. Мен ушул мыйзам өтүп кетет го деп корком "дейт. Өтүп кетээринен деле күмөн жок деңизчи, бирок, белгилүү оппозиционер Т. Сариев айтмакчы катачылык кетирип алсак кантебиз? Чын эле курулуп, жапжакшынакай иштеп жаткан ГЭСтерди башка эле бирөөлөрдүн колуна берип коюштун зарылчылыгы канчалык? Мамлекеттик менчик деген нерсе барбы же баарын сатып балдарыбыздын кешигин жеп, анан кедейип олтуруп калгыбыз келеби? Иштеп жаткан нерсеге тийишпей, келечекте курула турган ГЭСтерге жардам сурап, инвестор алып келип, эки тарап биргелешип иштесе деле болмок. Ал түгүл ар бир сайда шаркырап агып жаткан, кудай берген дарыя, өзөндөрүбүз "мен бармын" деп турат го. Советтер Союзунун учурунда айрым жерлерде "мини" ГЭСтер иштеп, тоо койнундагы чабандын сарайын жаркыратып турчу эмес беле? Бүгүнкүдөй техника өнүккөн заманда бир сарай эмес, бир айыл же бир районду жарык кыла тургандай кичи ГЭСтерди куруп, Токтогул ГЭСине келип жаткан коркунучту азайтса болбойт беле деген да чолок акыл келет. Албетте, бул нерсени деле адистерибиз ойлонуп койгондур. Бирок, каражат кендирди кесип, ишке ашыруу кыйынга тургандыгын деле көрүп турабыз. Балким мамлекет нечен миллиондогон каражат керектеген ири ГЭСтерди коюп, аз каражат керектей тургандай жолун иштеп чыкса болмоктур.
Акыркы күндөрү электр энергиясына болгон төлөмдөрдүн көлөмү дагы көбөйөөрүн аталган тармактын жетекчилиги билдирди. Ортодо дагы эле же нанга же ишке жетпеген карапайым эл куурай турган болушту. ЖКнын спикери А. Мадумаров айтмакчы "никудышные менеджеры" болгон мамлекет менен өкмөттүн энергосекторду контролдой албагандыгынан улам ушундай абалга кептелип олтурабыз да. Айтмакчы, Адахан мырза "жеке адамдарга берсек электр энергиясын уурдагандар азаят" таризиндеги пикири менен бирге эле кубаттуулугу чоң электростанциялар мамлекеттин эле колунда калаарын айтты. Көрөбүз го?!..

А.Надырбекова




  Эсимде...

"Сынды чын жүрөктөн айтчу"
Илимпоз, прозаик, драматург, акын, сынчы, котормочу, адабиятчы, публицист. Мына ушундай көп кырдуу кесиптин ээси, универсал адам Салижан Жигитовдун кызы Салима атасын эскерип, кызыктуу маек курдук.

- Атаңыз менен апаңыз Тиляхан кантип таанышканын билсеңиз керек.
- Ишенбай Абдуразаковдун жубайы Майрам эже менен апам бир айылда кошуна турушчу. Мектепти бүткөндө да бир университетке тапшырып калышат. А атам Майрам эже менен бир факультете окуп калышат. Майрам эже "бизде билимдүү, акылдуу бир бала бар"-деп рекомендация берип жүрүп, экөөнү тааныштырат. Атам менен апамдын да жылдызы келишип 1965-жылы баш кошушат. 41 жыл бирге жашашты.
- Канча бир туугансыз?
- Эки. Менден улуу агам бар. Бирок, биз аз экенибизди сезген жокпуз. Атамдын улуу агасы каза болуп, төрт баласы артында калган. Айылдан улам 8-классты бүтүрүп, шаарга алып келип окууга тапшыртып, аларга атасындай камкордук көрчү. Кичинебизде алар менен бир туугандай болуп бирге жашадык. Андан бөлөк тамдын далай туугандарынын, жердештеринин студент балдары да биздин үйдө жашап окушчу. Өзгөчө жайында абитуриенттер келгенде жата турган жер жок кухняга жатып, үч комнат үйдө 15-20 киши тыгылышып жашаган күндөр болду. Ал кезде атам Кыргыз Мамлекеттик университетте, филология факультетинде сабак берчү. Тааныбаган адамдардын балдарын деле "суранып келишиптир"-деп бир тыйын албай окууга өткөрүп койчу. Ак көңүл, таза адам эле да. Бирөөгө жардамын эч аячу эмес.
- А үйдө чарба иштерине кол-кабыш кылчу беле?
- Илимдин адамдары чарба иштерине жок болушат экен. Жалаң илим, чыгармачылык деп жүрүп үйдөгү оокатка көңүл бурчу эмес. Жада калса дубалга мык какканды билчү эмес. Колуна мыкты карматсаң же балканы колунан түшүрчү же колун жанчып алчу. Башынан эле кара жумушка жок экен. Айылда агасы экөө кышында отун араалаганы эшикке чыгышканда, атамдын жасагысы жок. Аны көргөн агасы жинденип, атамдын башын карга тыкчу тура.
- Ата жолун жолдодуңуздарбы?
Агам мурда орусча ыр жазып калчу. Бирок, менде көбүрөөк окшойт,журналистикага да аралашып жүрдүм. Мен да орусча жазчумун, атам кыргызча которуп берчү. Мектепти бүтүп атканда атам "Филология факультетине тапшыр"- дегенде, "Мен жазганды ансыз деле билем"деп болбой, юридикалык факультетке тапшырып алдым. Башында жактырбай, "Сен ал жакта окусаң же сот болосуң же прокурор болосуң, алар пара алышат, а мага андай жакпайт"-деп жүрдү. Аны айтсаң, агам экинчи аялы менен ажырашкан соң, аялы Англияга турмушка чыгып, кызын, биздин неберебизди ала кеткен. Келинибиз менен катышпасак дагы анын атасы менен анча- мынча байланышыбыз бар. Анын айтымында неберебиз Азима Англияга барганы бир жыл өтпөй кыргызчаны да орусчаны да унутуптур. Кызыгы, англисче ыр, аңгеме жазат экен. Азыр жашы 13тө. Атам неберелерин жакшы көрчү. Үч кыз небереси бар. Салижан Жигитовдун неберелери да "критический ситуацияда" чукугандай сөз табышат, тим эле оозуң ачылат. Демек, биздин генде бар.
- Салижан Жигитов кыргыз деп күйгөн менен балдары кыргызча сүйлөгөндү билишпейт-деп айткандар бар экен.
- Минтип айткандын өзү туура эмес. Мен кээде кыргыздын позицияларына түшүнбөй кетем. Бул эми социалдык көрүнөш. Анткени биз шаарда чоңоюп калганбыз, 80% орустар. Кааласаң-каалабасаң да орусча сүйлөшкө туура келет. Тем более Т.Усубалиевдин убагында орус мектептеринде кыргыз-тилин окутчу эмес, же орустарга кошамат кылчубу билбейм. Жигитовдун балдары гана эмес, А.Токомбаевдин, Т. Сыдыкбековдун, Ч.Айтматовдун балдары кыргызча билишпейт. Керек болсо Ч.Айтматов өзү жакшы билбейт. Чыгармаларын жалаң Ашым Жакыпбеков которуп берген. Кээ бир таанымал инсандар "кыргыз тили жоголуп баратат"-деп кыйкырышат, а өздөрүнүн балдары кыргызча билбейт. Мен мисалы антип кыйкырбайм, атам да кыйкырчу эмес. Ошолор биринчи балдарына үйрөтүп туруп анан ызы-чуу салышса. А мен алардын балдарына караганда жакшы билем, керек болсо анча-мынча жазам.
- Атаңыз эмнени жаман көрчү эле?
- Атам интеллектуалдык жактан ат чабым алдыга кеткен. Баардык адамдарды тоготпой калган, а бизди биринчи кезекте. Агам экөөбүздү "Силер малогроматный кишисиңер, апаңар болсо вообще караңгы"-деп тамашалап калчу. Апам кээде чычалап урушуп кетчү. Ойлонбогон адамдарды жаман көрчү. Халтурщиктерди жек көрчү. Атам айтчу "Жазсаң сен өлгөндөн кийин да окуй тургандай, стандарт кылып жазыш керек"деп. Адамды бир карап туруп эле ким экенин билип койчу. "Кыргызстан маданияты" гезитине акын- жазуучулар көп чыкчу да. Мен кичинекеймин, жакшы билбейм, "Бул ким?", "Бул жинди", "Булчу?" "Бул да жинди"деп жооп берээр эле. Бул эми "мания величия- дан"эмес, кыргыз адабиятын орус, дүйнөлүк адабиятка салыштырып, кыргыз намысына келсин, уялсын, эмгектенишсин- деп сын айтчу. Сынды өз элине күйүп, чын жүрөктөн айтчу. Ошондой эле атам конокко барганды жаман көрчү. Апам "Элден бөлүнүп каласың"-деп болбой ээрчитип кетчү. "Кыргыздардын тойунан ашкан скучнейшее мероприятие жок"-деп айтаар эле. Тойдо да кыргыздар мыкты, кызыктуу отурушса деп тилечү. А жөн койсоң гезит- журнал окуп, тынч гана диванда жатканды жакшы көрчү.
- Салижан агайдын көзү өткөнүнө эки жыл болуп калыптыр. Азыркы учурда атаңыз жөнүндө дагы эмнелерди айткыңыз келет?
- Мен атамды Леанордо до Винчи менен салыштыра берем. Атам ал сыяктуу өз заманыан эрте жаралып калган. Атамдын идеяларын, жазган китептерин азыркы муун түшүнө бербейт. Азыр адамдар "капитал топтойбуз"-деп байыганга жанталашып жаткан учур. Маданиятка, адабиятка көңүл бурган киши жок. Качан гана адамдар байыгандан кийин, башка нерсеге көңүл буруу башталат. А ага чейин мезгил өтүп, азыркы байлык үчүн жашап жаткан адамдардын неберелери 30-40- жашка келет. Ошондо алар Салижан Жигитовго баа беришет. 30-40 жылдан кийин гана Жигитовдун заманы келет.
Маектешкен Э. Мадиева













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan