Коомдук-саясый гезит
№09, 09.04.08-ж.

Меймансап
Форум




  АРМАН

"Күйөөм төрөбө деп көп урчу"
Жашоо оңой нерсе эмес экен. Жолдошум менен алгач үйлөнүү тойдо таанышкам. Ошол тойдо эле Марат мага оор турмушун түшүндүрүп, жакшы тилек менен баш кошуп алалы деген. Жок. Алгач бири-бирибизди жакшы билели. Мамилебиз келишсе, анан турмуш куралы деп аны менен турмуш куруудан баш тарткам-деп баштады сөзүн Анара Токтосунова. Той бүткөндөн көп өтпөй Марат мен чогу жашаган Динара эжеме телефон чалып, "Анараны бүгүн Беловодскийдеги үйгө жиберип коюңузчу. Сүйлөшүп көрөйүн. Макул десе үйлөнөлү. Антпесем жашым 45ке келип калды. Балдарым да энеси жок кыйналып кетти"-деген. Динара эжем "Анараны ыйлатпагыдай бол. Эртең ызы-чуу болбосун. Сен кайнежемдин баласы болсоң, Анара бир тууган таекемдин кызы"- деп жатып, көптө барып, араңзорго макул болуп, мени жолугушууга жиберди.
Марат экөөбүз алгач белгилешкен жерден жолуктук. Сени балдарым менен жакындан тааныштырып коеюун деп мени үйүнө ээрчитип барды. Балдары менен таанышар замат эне мээримине зар болуп турганын көрүп, энелик жүрөгүм менен аяп, Мараттын кыргызча нике кыйдырып, жашай берели дегенине макул болдум. Балдарын боорума кысып, абдан ынак болуп кеттим. Күнүгө түрлөп тамак жасайм. 5-класстагы кызы Мээрим "Папа биздин үйдө мындай дасторкон эч качан жайылган эмес" деп кубанганынын жашыра албай айтып жүрдү. Жолдошум болсо, тапкан акчасын коротпой үйгө алып келет. Көп өтпөй мен да кош бойлуу болуп калдым. Күйөөм Марат Жунусалиев "Анара, биз шаарга жашабасак болбойт. Жумушум шаарда болгондуктан Беловодскийден барып,келип иштегенден кыйналып кеттим. Бирок, квартира издегенге мүмкүнчүлүгүм жок. Колум бошобойт"-деди. Анын түйшүктүү жумушун түшүнүп, агентстволор аркылуу эптеп Виноградный көчөсүнөн 2000 сомго квартира таптым. Жашаган жерибиз жайлуу болуп калгандыктан Беловодскийдеги үч баласын да көчүрүп келдик.Окуусунан калбасын деп Мээримди борбордогу №45 мектепке экөөбүз жетелешип, чогуу алып бардык. Анткени, Мээримдин мугалимдери, окуучу курбулары өгөй эне экенимди билсе, басынтат деп аячумун. Марат ишине байланыштуу командировкага көп кетчү. Балдарды жетимсиретпештин аракетин кылып, ысык-суугуна күйүп бакчумун. Кийин жолдошумдун айлыгын эле карап олтура бербей эл катары бизда соода сатык кылып, акча табалы дедим. Марат каршы болгон жок. 2000 доллар процентке алып, менин наамыма катталган үйдү күрөөгө койдум. Арендасы 12 миң сомдук "пекарня" алып, улуу баласы Самат экөөбүз иштей баштадык. Акча деле кудайга шүгүр, жакшы эле түшүп жатты. Бирок, ишинин оордугуна чыдабай кайра өткөзүп салдык. Акча жок болуп кетпесин деп проценти менен ээсине кайтарып бердим.
Акчаны ээсине бергенден баштап бактылуу турмушубуз самандай сапырылып, заматта ызы-чуунун чордонуна айланды. Жолдошум Жунусалиев Марат "2000 долларды мага бербей, эмнеге ээсине берип саласың. Машине алып акырындык менен айлыгымды берип кутулат болчумун"-деп кош бойлуу экенинме карабай үйгө түнөтпөй ур-токмокко ала баштады. Кыска убакыттын ичинде мага көргөзбөгөн кордугу, тарттырбаган азабы калган жок. Канчалык кордук көргөзсө да, акылына келээр деген ниетте илгери үмүт менен жашап жүрдүм.
Бирок, Марат акыркы күндөрү 5-6 күндө бир арак ичип келгенди адатка айлантып алды. Бир күнү кошунаныкына кирип кеткем. Келсем күйөөм уктап жаткан балдарын ойготуп, менин балдарына ынак болуп кеткенимден корктубу, айтор, "Анара деген катардагы балабаккыч. Ага ишенбегиле"-деп жатыптыр. Ал сөздү угуп, ичим муздап жаман абалда калдым. Эртеси күнү чай ичип бүткөндөн кийин эмне үчүн балдардын түн уйкусун бузуп, Анара катардагы балабаккыч деп айтасың дедим. "Кайдагыны айтпачы"- деп мойнуна албай койду. Кызы айтпадыңыз беле деп далилдеп бергенде гана унчукпай калды. Кыз бала болгондондуктанбы айтор, балдарынан Мээримди башкача жакшы көрчүмүн. Негедир ошол сөздөн кийинби же Марат мени алардын көзүнчө кордогондон уламбы ,айтор, балдары мага сыртын салып, салкын мамиле жасай баштады. Бир эсе балдарынын муздак мамилесине таңкалсам, бир жагы Маратка түшүнө албай жүрдүм.
Мээримден апасы менен атасынын эмне үчүн ажырашып кеткен себебин чекмелеп сурадым. "Атам апамды көп урчу. Менин оюмча күнөөнүн бары атамдан эле кетти. Тажаганда апам баарына көз жумп кетип калды"-дейт кызы Мээрим үшкүрүнүп. Кышкы кийимдерди, төшөнчүлөрдү күнгө жайып жатып, Мараттын дубленкасынын чөнтөгү тумпуйуп жүргөнүн байкап калдым. Чөнтөгүн карасам Мараттын кайнежесине коркутуп жазган каты экен. Кат менен толук таанышкандан кийин андагы дарек аркылуу телефон номурун таап, кайнежесинен 19 жыл жашап, сиңдисинин үч баласын таштап ажырашып кеткен себебин сурадым. Эжеси "Биз үчүн Жунусалиевдер өлгөн. Сиңдиме эмне деген кордуктарды көрсөтпөдү"-деди. Мараттан биротоло кол үзүш үчүн байкуш аялы балдарын албай кеткенин түшүндүм.
Марат болсо ичим чоңойгон сайын боюңдагы баланы төрөбөгүнүң деп күндө уруп-согуп, оопузалай берчү болду. 42 жашымда турмушка чыгып, 43 жашымда төрөш кыйын экенин түшүнгүсү да келген жок. 14-июлда мени катуу урду. 15-июлда ичимдин ооруганына чыдабай тез жардам чакырдым. Ай күнүмө жетпесе дагы бала козголуп калыптыр деп төрөтүп койду. Кожейкем аркылуу жолдошума кыз төрөгөнүмдү айттырдым. Бирок, Марат менин балам эмес деп келбей койду. Төрөт үйүнөн курдаш кызым чыгарып кетти. Балага бир ай болгондо мени дагы катуу сабап салды. Ачууланып Ленин ШИБИне арыз жазып, судмедэкспертизадан өтүп, байкемдикине жашап калдым. Марат Кабатай байкемдин үйүнө досу Алым, бир тууган таекеси менен барып, жалынып "үлгүлүү күйө бала болом"- деген убада берип, мени алып кетти. Бир айдан кийин күн сууп калганда адатынча кайда барсаң, айда бар деп үйдөн кууп чыкты. Көрсө, Ленин ШИИБндеги козголгон кылмыш ишин жаап коюп, кайра козготпосун деп кечирим сурап, мени алып келиптир. Анын баарын кийин түшүндүм. Мен байкуш чоң аял болуп, агамдын төрүнө ажырашып олтургандан элден, жеңемден уялам. Мараттын өз баласын чанып жатканына жиним келет. Жеңемдин "Марат балам эмес деп жатпайбы" деген сөзүн укканда өлбөгөн төрт шыйрагым калды. Менин кызым эмес деп чана бергенинен улам кыжырым келип, кызы экенин аныктап, намыс үчүн алимент төлөтүп алайын деген чечимге келип, жумушуна барсам, "менин балам эмес. Бул күбөлүк жасалма"- деп алимент бердиртпей койду. Ачуум келип жетекчисине кайрылдым. Атактуу генерал-майор сегиз кишиден турган комиссия түздү. Соттон атасы экени анык деген чечим чыкмайын биз жыйынтык чыгара албайбыз дешти. Кийин райондук сот ДНКнын жыйынтыгынын негизинде атасы экени анык деген чечим чыгырды. Марат мен Кыргызстандыкына ишенбейм деп шаардык сотко берди. Шаардык сот дагы райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Жумушунан түзүлгөн комиссия Мараты жумушунан четтетти. Мен дагы өз укугумду коргоп, Аскер сотуна кайрылдым. Сотто "Мен эмес балам урган деген көрсөтмө берди. Баласына бетме-бет жолукканымда мен түрткөм" деп ар кайсынын башын бир айтты. Марат жумушуна иштеп калыштын аракетин кылып, өзүнүн жасаган жаман иштерин баласына түрттү. Акыйкаттык жокпу же чын эле соттор акчага сатылып калганбы айтор, "арыз жазганга үч күн кечигип калыпсыз" деген жыйынтык чыгарышты. Адилеттикти, чындыкты кайдан издеримди билбей башым маң.
Жазып алган
П. Рысманбетова




  Парапсихологдун бурчу

Лариса АСАНБЕКОВА, Академик, парапсихолог, акын
Нургүл, 32 жашта,
Бишкек шаары:
- Мен көпчүлүккө барсам эле бат чарчап, шалдырап калам дагы, өзүмдү жаман сезе баштайм. Мунун себеби эмнеде?
- "Энергетический вампиризм" деген болот. Мындайларга өздөрүнүн көйгөйлөрүн айта берген, наалыган, көр жеме адамдар кирет. Андай адамдар өз көйгөйлөрүн айтып жатканда, угуп жаткан киши тигил адамдын терс энергиясын тартып алат.
Нургүл, сиздин төртүнчү жана экинчи чакраңыз туура эмес иштейт экен. Сиздин энергия денеңиз ачык болгондуктан алардын терс энергиялары сиздин энергия талааңызга кирип алган. Ошол себептен көпчүлүккө барганда өзүңүздү жаман сезип кыйналганыңыз ошондон. Эми сиз күнөөнү башка адамдардан эмес, өзүңүздөн издешиңиз керек. Эгерде сиздин энергия денеңиз ачык болбогондо, башкалардын терс энергиясын тартып алып,оорумак эмессиз. Эми сиз энергия талааңызды тазалаш үчүн жана калыбына келтириш үчүн биринчиден, эч кимге жамандык каалабаш керек, кечиримдүү болуш керек. Эгерде бир жактан келгенде өзүңүздү жаман сезсеңиз, ысык душка түшүп, дене ысыган соң, дароо муздак душка алмаштырып,сууну үч жолу ысык муздак кылып кайталайсыз. Бирок, бул убактылуу гана тазалануу болуп калат. Толугу менен энергия денеңизди калыбына келтирем десеңиз, атайын сеанстан өтүшүңүз керек. Мен сизге сеанс менен энергия талааңызды калыбына келтирип жардам бергенге азырынча Бишкекте шартым жок. Буюрса, атайын борбор ачайын деген тилегим бар. Ошондо кайрылсаңыз болот.
- Мен 26 жылдан бери талма оорусу менен ооруп жүрөм. Көптөгөн дарыгерлерге көрүндүм, көзү ачыктарга барсам "актыгың" бар дешип бирок айыктыра алышкан жок. Сизден жардам болобу?
- Талма оорусун врачтар айыктыра алышпайт. Себеби, бул оору физикалык денеде болбойт. Оорунун себеби энергетикалык денеде. Сиз кичине кезиңизде абдан коркконсуз. "жол кырсыгына кабылып, катуу корккондугун айтты. Ред. " Адам корккондо анын энергетикалык талаасы кысылып кетет дагы ага параллель дүйнөдөгү жүргөн терс энергия (сущносттор) денеге кирип кеткен. Денеден ал чыкмайынча адам эч качан айыкпайт. Сиз 26 жылдан бери оорусаңыз демек, көп жыл аралыгында абдан өтүшүп, эфирдик денеден да башкам денеге өтүп кеткенине байланыштуу тез айыктырууга мүмкүн эмес. Бирок, космоэнергетикалык сеансы аркылуу айыктырса болот. Буга көп күч жана көп убакыт талап кылынат. Адеп, 7 күн сеанс кылып, анан 2-3 ай эс алдырып, кайрадан сеанс кылуу менен бул оору 6 ай же бир жыл аралыгында айыктырса болот.

Урматтуу окурман, эгерде сизди түйшөлткөн маселелер болсо бизге чалыңыз. Кичине болсо дагы сизге жардам бергенибизге ар дайым кубанычтабыз.
Байл. Тел: 933-622, 650-923




  АЙТМАТОВДУН АЙЫМДАРЫ

Керез менен Бүбүсара
(Башталышы өткөн санда)
- Эми түз дагы бир суроо: Эгерде Салмоорбек болбосо, тиги эженин жолундачы, башка бирөө болсо, баары бир эже таят беле?
- Сага бир, иничек, мен мобуну айтып берейин: Акмат муунуп өлгөн.
- Себеп?
- Муунуп өлгөн...
- Себеп, себеп?
- Муунуп өлгөнү мындай болду: эгерде Бүбүсара менен түбөлүккө жашап калса, Акмат өлбөйт эле.
- Кайсы жылдары?
- Бул, ээ... Толук айтып бералбайм кайсы жылдар экенин... Акмат бүтүп келген жылы консерваторияны. Консерваторияны бүтүп келгенде үйлөнүп калды.
- Кайсы жылдар экенин билбейсизби?
- Ошону толук билалбай жатпайымбы.,.
- Болжолу кайсыл окуядан кийин: жана силер экөөңөр жарашалы деп барганда эжеси кабыл албай койду, иэ?
- Мындай болду да: Акмат.. тигил Бүбүсара мынабул Рысбаевге тийип кеткенден кийин Акмат Москвадан бүтүп келди. Окуусун бүтүп келгенде, консерваторияны бүтүп келгенде угуп калды да. Бүбүсаранын Рысбаевге тийип кеткенин уккандан кийин бир жаш кызды алды. Өзүнөн бир, жыйырма жаш кичүү болчу! Мына мен Акмат Аманбаев экөөбүз жыйырманчы жылкыбыз. Ошо кезде Акмат элүүгө барып калган кези. Эми ошондо, тиги, башка бир аял алып..
- Өзүнөн жыйырма жаш кичүү.
- ... жыйырма жаш кичүү. Анысы да акмак болуп кетиптир да. Бу дагы муну билип калат. Ошондо күйүттөн барып... досум! курбум! күйүттөн барып, Акмат Аманбаев каза болду (бир топ үшкүрүнүп отурдук... -Ж.).
- Акмат акенин каза болушун үй-бүлөдөгү ыйкы-тыйкылардан эле дейсизби, ошентип ойлойсузбу?
- Толук ошентип ойлойм!
- Башка бир, айталы чыгармачылык кризис дейт...
- Жоо-жо-жок! Акмат анда тиги филармониянын директору болчу да! Турмуш жагынан, чыгармачылык жагынан абдан сонун болчу. Эми ошо, жанагы, аялынын эметип кеткени... Эгерде Бүбүсара менен туруп калса, кудайдан болуп, ага чейин барбайт беле. Мына, күйүт болуп кетти, күйүт! Күйүт деген кыйын да, эй!

(Уландысы бар)













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan