![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №09, 09.04.08-ж. |
Меймансап Форум Шоу-жаңылыктар ДИЕТАКефир+ Диетага кызыккан окурмандарыбызга ар түркүн диетанын түрлөрүн сунуштап келебиз. Бул жолу кефир диетасы менен сиздерди тааныштырмакчыбыз. Кефир аз колориялуу, организге керектүү витаминдерге бай уникалдуу продукт. Эгерде сиздин табитиңизге сүт азыктары жакын болсо анда бул сиздин табитиңиздеги диета. 3-күн катар !,5 литр кефирди 5-6 жолу бөлүп ичип түгөтөсүз. Кефир таттуусу жок, майлуулугу аз болуш керек. Бул процессти 3-күн кайталап бүткөндөн кийин, кефирге жашылча же жер-жемиштен кошуп 6-күн катар менен ичесиз. Эгерде, тескерисинче сүт-айранга жокмун, мындай кордукка чыдай албайм десеңиз анда, өзүнө көптөгөн калорияны камтыган азык -түлүктөр менен бирдикте даярдалган башкача вариантын да сунуштайбыз. Бул процесс 7 күнгө созулат. 1-күнү. Орточо 5 даана сууга бышырылган картошка менен 1,5 литр кефирди ичип түгөтөсүз. 2-күнү. 100-гр. сууга бышкан тооктун эти менен 1,5 литрди ичип бүтүрөсүз. 3-күнү. 100-гр. Сууга бышкан майы жок уйдун эти менен ошол эле 1,5-литр кефирди ичесиз. 4-күнү. 100-гр. Сууга бышкан балыктын эти менен !,5 л. кефирди ичесиз. 5-күнү. 1,5 л. кефирге банан менен жүзүмдөн башка каалаган жер-жемишиңизди кошуп ичсеңиз болот. 6-күнү. Эч нерсе кошпой жалаң кефир ичесиз. ( 1,5) 7- күнү. Бул акыркы күнү жалаң газы жок минералдык суу ичесиз. Ушул 7 күн аралыгында өзүңүздүн кадыресе арыктап калганыңызды сезесиз. Так ушул кефир диетасы менен куудул кызыбыз Мээрим Мураталиева арыктаганга бел байлады. Ал кефирге көбүнчөсү петрушка, укроп чөп- чарын колдоном-дейт. Андан тышкары тамак ичкиси келип баратса кайнаган суудан ичип, өзүн алаксытат экен. Жай келсе жалаң дарбыз менен диетасын улантат. Жыйынтыгын сиздерге Мээримдин сүрөтү, интервюьсу менен бирге кабарлайбыз. Окурмандардын суроолору боюнча ырчы Гулнара Кахарова кармаган күрүч диетаны дагы бир жолу кайталап сунуштайбыз. Эскерте кетсек Гулнара айым ушул диетанын жардамы менен 25кг арыктаган. Диетанын даярдалуучу ыкмасы төмөнкүчө: Беш идишке баткен күрүчүнөн эки чоң кашык салып, сууга чылап беш күн коесуз. Суусун күн сайын алмаштырып туруш керек. Алтынчы күн дегенде, эртең менен идиштеги күрүчтүн бирөөсүн алып, туз, май кошпой сууга пловдой кылып демдейсиз. Ал эми бошогон идишке кайрадан эки чоң кашык күрүчтү чылап койуңуз. Ачкарын күрүчтү жеген соң, беш саат оозуңузга эч нерсе албайсыз. Беш саат өткөн соң каалаган тамагыңызды жей берсеңиз болот. Күрүч арыктатып гана тим болбостон, керексиз шлактарды кетирип, организмди тазалап, терини да агарткан касиетке ээ экен. Кечки саат алтыдан кийин тамак ичпесеңиз, сиз күткөндөн да жакшы жыйынтыгын берет. Э. Мадиева "Ви-джей болуудан кыйналганым деле жок" Бал тилдүү балалык мезгилинен бери ырчылык өнөрдү аркалап, сахнанын сыйкырдуу таасиринен азык алып жашаган, жаш, татына жана таланттуу ырчы, ошондой эле теле алыпбаруучу катары да өз жөндөмүн арттыра баштаган ЧОЛПОНАЙ бүгүн "Асман-пресстин" мейманы. - Чолпонай, сени күйөрмандарың буга чейин, алгач "Акшоола" балдар ансамблинин мүчөсү, кийинчерээк "Кылым" эстрадалык тобунун ырчысы катары таанып келишсе, соңку мезгилдерде УТРКнын "Түнкү Каналынын" алып баруучусу катары да тааный башташты. Мындай көрүнүштүн себеби эмнеде? - Учурда Бишкек Гуманитардык Университетинин журналистика факультетинде 2-курста окуп жатам. Азыртадан эле бул тармакта такшалып тажрыйба жыйнай берейин деген ой менен ушундай чечимге келгем. - Теле алып баруучу менен ырчылыктын айырмасы эмнеде экен? - Ырчы да, алып баруучу да чыгармачыл чөйрөнүн адамдары болгондуктан маанилүү деле айырмачылыктарды байкабадым. Дегеним, ви-джей болуудан кыйналганым деле жок. Азыркы учурда менде болгон майда-чүйдө кемчиликтеримди жоюп, улуу эже-агайлардын бай тажрыйбасынан сабак алуудамын. Айырмасы, эгерде ырчы сахнага алдын ала ойлонуп, толук даярдыкта чыкса, ал эми ви-джей бай импровизацияга ээ болушу керек экен. Айрыкча түз эфирде, телефон аркылуу көрөрмандар менен баарлашкандабы, же студиянын коногунун бейнесин ачып берүү үчүн, учурдагы кырдаалга туура келе тургандай суроо берүүдөбү, баардыгына даяр болуш керек. - Кыялыңда 5 жылдан кийин өзүңдү ким катары көрөсүң, Кыргызстан боюнча белгилүү тележылдыз катарыбы, же ыр күйөрмандарынын жүрөгүнөн түнөк тапкан ырчы катарыбы? - Учкул кыялымда эки тарапты тең бирдей алып кетсем дейм. Негизи, бала кезимден эле ары сулуу, ары татаал ырчылык өнөрдү аркалаганым, мени бекем, алдына койгон максатына жете ала турган адам катары тарбиялаган. Мисалы, ырчылардын башкасын айтпаганда да гастролдук турмушу көп нерсеге үйрөтөт. Гастролдо жүргөндө моралдык, физикалык жана психологиялык жактардан бир катар жүктү көтөрүүгө туура келет. Ал эми бул нерселердин баардыгы адамды курчутат. - Ырдап жүргөнүңө канча болду? - 7 жашыман баштап, 12 жыл "Ак шоола" балдар хорунда ырдадым. Кийинчерээк ушул хордун көркөм жетекчиси Гүлмира Эсенгулованын уулу Эрнист Үмөталиев "Кылым" аттуу эстрадалык топту ачып, алгач Эрнисттин жашташ курбулары иштеп жүрүштү. Анан алардан соң, 2001-2002-жылдары биздин курам, "Кылым" тобу катары ырдай баштаганбыз. Мурдагы жылдан баштап, сахнага жеке ырчы катары да күчүбүздү сынап көрөлү деген максатта топ жоюлду. - Азыр ар бириңер өз алдыңарча иштейсиңерби? - Бир чети өз алдынча иштеп жатабыз деп айтсак деле болот. Бирок "Кылымдын" балдарынан мен жана Даурен азыр деле Эрнист Үмөталиев менен чогуу иштешип келе жатабыз. Башкача айтканда Эрнист биздин продюсер. - Махабат майданында иштер кандай болуп жатат? - Азыр жумушум абдан эле көп болуп кеткендигине байланыштуу турмушумдун бул тармагына убакыт да, күч да жетишпей калып жатат. - Мындай кырдаал сени өкүндүрбөйбү? - "Жашыңда берсин мээнетти" деп коюшат эмеспи биздин элде. Анысы кандай азырынча жаштыктын ташкындаган күчүн өзүмдү кесиптик жактан өркүндөтүүгө жумшайын деген оюм бар. Махабат келгенде жүрөгүм өзү белги берет деп ойлойм. Ар бир нерсенин өзүнүн убакыт сааты бар болсо керек. - Аялзаты карьерада да, жеке турмушта да зор ийгиликке жетишүү үчүн эмне кылуусу керек? - Деги эле биздин өзгөрмөлүү турмушта ар бир аялзаты өзүнүн кесибине ээ болуусу керек деп ойлойм. Мисалы менин апам Фатима, учурда эл аралык фирманын лидери, үй-бүлөдө 4 балалуу бактылуу, мээрман апа жана сүйүктүү жар. Убактысын туура бөлүштүрүп, жумушка да, үй-бүлөөгө да керектүү деңгээлде көнүл бура алса, анан дайыма жагымдуу, шаттуу маанайда жүрсө эле баардыгы жайында болот. БЕКЧОРО Кыргыз эстрадасынын жаш муунунун өкүлү Бекчоронун "Мен үчүн белең" деген чыгармасынын ыр тасмасында кыргыздын залкар таланты Атай Огонбаевдин небереси Балжан да тартылды. Бишкек шаарынын популярдуу түнкү клубдарынын биринде ишке ашырылып жаткан клиптин дагы бир өзгөчөлүгү Бекчоро жарымына чейин кадимкидей эле чачы менен, ал эми андан соң чачын алдыртып коюп тартылган. Мындай көрүнүштөн улам, ардактуу ыр күйөрмандары, Сиздер жаш ырчынын желкесине коюлган улуттук оюуга күбө боло аласыздар. Бекчоронун продюсери Семетей Мырзакановдун айтуусунда буга чейин, Атай Огонбаевдин небереси менен Бекчоро жакында үйлөнөт имиш деген маалымат эл арасына тарап кеткен эле. "А чындыгына келгенде экөөнүн ортосунда бекем достук жана кызматташтык гана бар. Мисалы, Балжан Бекчоронун өзгөчө стилин аныктоо максатында, концерттерде да колдоосун көрсөтөт жана ыр тасмаларына тартылат. Ал эми, махабат сезими Бекчоронун жүрөгүнө азырынча орной элек. Ал учурда жалаң гана чыгармачылык менен алектенүүдө",- дейт ырчынын продюсери. ИЛЬЯЗ АНДАШ Өз мезгилинде Кыргыздын Эл Акыны Жалил Садыков менен белгилүү композитору Насыр Давлесовдун Ата Мекенге болгон сүйүүсүнөн жана чыгармачыл эргүүсүнөн жаралган "Кыргыз жери" деген ырды, заманбап мезгилдин талабына жараша, жаңылап ырдап жүргөн ырчы жигит Ильяз-Андаш, учурда мамлекеттик сынактарды "эң жакшы" деген бааларга тапшыруунун камын көрүүдө. Ал быйыл Караколдогу Ыбрай Туманов атындагы музыкалык окуу жайын аяктайт. Ал эми ушул эле жылдын күз айларында Ильязды Бишкектеги жогорку окуу жайларынын студенти катары таанып калышыбыз ажеп эмес. Ал эми жыйынтыктоочу сынактар башталгыча, ырчы репертуарындагы "Сен жок" деген чыгарманын клибин тарттырып жана ыр капчыгына бир нече жаңы ырларды кошуп коюуну пландаштырууда. Назира Асанкожоева. |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|