Коомдук-саясый гезит
№10, 15.04.08-ж.

Меймансап
Форум




  Кулагыңа күмүш сырга

Кош бийликтин синдромдору
Коомдук парламент, Элдик Сот - мыйзам боюнча расмий бийлик катары таанылбайт. Бирок ошол эле учурда бул институттар коомдун кандайдыр бир бөлүгүнүн колдоосуна ээ болуп отурат. Демек, эл менен мамлекеттин ортосунда ажырым пайда болду десек аша чапкандык болбойт.
Эми Элдик Курултай. Анын жүрүшүндө альтернативдик президент маселеси күн тартибине киргизилбегенине карабай айрымдар бул маселени да козгогонго үлгүрүштү. Коомдук парламент, Элдик сот, альтернативдик президент… эмнелерди каңкуулайт? Бийлик билермандары "Бизди эл шайлаган, а булар жалпы журттун тынчын алган бир ууч топ" деши турган иш. Ошо бир ууч топтун артында калың эл, чыркыраган чындык турган жок деп ким айта алат? Элдин калың тобунун азыркы бийликтин саясаты менен макул болбой, кескин түрдө каршы пикирлердин жаралышы "журт аталары" үчүн кулак кагыш кыла турган "коңгуроо". Мамлекеттин абалы оор, алысты карап саясат кылбасак жакынкы аралыктарда мамлекеттүүлүгүбүздөн кол жууп калышыбыз толук мүмкүн. Үзөңгүкууш, Шахимардан, Сох, Каркыра… "Ватан"…
Элдик Курултайдын чечимдери:
1. Өлкөдө адилетсиз, ыймансыз жана жоопкерчиликсиз бийлик системасы орнотулуп жаткандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасы өтө оор саясый, социалдык жана экономикалык абалга иш болду. Карапайым элдин турмушун жакшыртууга жана экономикалык өсүштү камсыз кылууга багытталган шашылыш чараларды көрүү Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиевден талап кылынсын.
2. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн иши канааттандырарлык эмес деп табылсын.
3. 2007-жылдын 21-октябрында болгон Референдум мыйзамдуулуктан четтеп, жалган протоколдорду даярдоо менен өткөрүлгөнүнө байланыштуу кабыл алынды деп саналган Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана Шайлоо кодекси легитимдүү эмес деп табылсын.
4. 2007-жылдын 16-декабрында өткөн ЖК депутаттарын шайлоодо көптөгөн мыйзам бузууларга жол берилгендигине, шайлоонун жыйынтыгы өзүмбилемдик менен даярдалган жалган протоколдорго таянып чыгарылгандыгына, бүгүнкү күнгө чейин шайлоонун толук жыйынтыгы ачык жарыя боло электигине байланыштуу Жогорку Кеңештин азыркы курамы легитимсиз деп табылсын, парламент таратылып жаңы шайлоолор жарыя кылынышы талап кылынсын. Ушу жагдайга байланыштуу Жогорку Кеңеш тарабынан ушул кезге чейин кабыл алынган мыйзамдар жана чечимдер толугу менен легитимсиз экендиги тастыкталсын.
5. 2007-жылдын 21-октябрындагы Референдуму жана 16-декабрындагы шайлоолорду уюштурууда жана алардын жыйынтыгын чыгарууда мыйзам бузууларга жол бергени үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы жана мүчөлөрү, жергиликтүү шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү кылмыш жообуна тартылсын.
6. Жакынкы аралыкта жергиликтүү Кеңештин депутаттарын шайлоо болооруна, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо мөөнөтү да жакындап калганына байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясынын курамы таркатылып, кайрадан партиялардан, анын ичинде оппозициялык деген партиялардын өкүлдөрүнөн теңме-тең санда түзүлүшүн талап кылабыз.
7. Энергетика тармагын менчикке сатууну, кен байлыктарды жең ичинен бөлүштүрүүнү, мектептер менен ЖОЖдорду менчиктөөнү, кыргыз жерлерин чет өлкөлөргө сатууну тезинен токтотууну Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиевден талап кылынсын.
8. Жарандык укуктар менен эркиндиктерин чектөөнү, эркин массалык маалымат каражаттарына кысым көрсөтүүнү, өз укуктарын коргоо максатында чыгышкан жазыксыз адамдарды камоону жана аларга айып тагууну токтотууну жана мыйзамсыз аракеттерди жасап жаткан укук коргоо кызматкерлерине карата чара көрүүнү мамлекеттик бийликтен талап кылабыз.
9. Элдик Курултай тарабынан коюлган талаптар чукул арада аткарылбаса жалпы өлкө боюнча жарандык моюн сунбоо, митинг жана ар кандай нааразылык акцияларды уюштуруу башталаарын билдирет.
Жыргаганымдан жылкычы болуптурмунбу демекчи, оппозиция өкүлдөрү заман жакшы болуп турса эле асмандан алып талап коймок беле. Талаптардын баардыгы жөндүү. Эми буга бийлик канчалык деңгээлде кулак кагыш кылат көрө жатаарбыз. Болбой баратса тогузунчу пункт бар эмеспи.

Урмат ИМАНАЛИЕВ




  А.Мадумаров:

"Министр, депутат,
журналисттер стереот
иптерден алыс болушу керек"
Парламент спикери Адахан Мадумаровдун айтымында Президенттин "Акжол" фракциясынын депутаттары менен болгон жолугушуусу мурда эле болжонгон иш чара болгон. Негизги көңүл бийлик бутактарынын биргелешип иш алып баруусуна бөлүнгөн жолугушууга Президенттин Администрация башчысы Медет Садыркулов жана Өкмөт башчысы Игорь Чудинов да катышты.
"Мыйзам долбоорлорун палатага министрлер өзүлөрү алып чыгышы керектигин Президент буга чейин эле айтып келген, бул жолу да катуу басым жасады. Бул жерде эч кандай орун басарлардын кереги жок - деп түшүндүргөн спикер мырза -бул норма Жогорку Кеңештин алдында ведомство жетекчиси докладчы болот деп Кыргыз Республикасынын Конституциясында көрсөтүлгөндүгүн эскертти.
Президенттин кайсы бир мыйзам долбоорлорун кабыл алынышын тездетүү тууралуу суранган жокпу деген суроого Адахан Мадумаров "Бул сыяктуу эч нерсе деле болгон жок. Министрлер да, депутаттар да журналисттер да ушундай стереотиптерден алыс болушу керек. Президент эмнелерди суранды эле, алардын бары парламент менен өкмөттүн жаңы курамынын алдында чыгып сүйлөгөн сөзүндө ачык айкын айтылган. Көшөгө артындагы ушундай нерселерди оюбуздан алып салыш керек -деп жыйынтыктуу жооп берди.

Туйгунаалы Абдраимовду ЖКнын комитети Кореяга элчи кылууга макулдук берди
Бул тууралуу чечимди кечээ Жогорку Кеңештин депутат Эрик Арсалиев жетектеген эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташтык боюнча комитеттин депутаттары кабыл алып, Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгат. Туйгунаалы Абдраимавдун кандидитурасын тааныштырууда тышкы иштер министрлигинин чиновниги Кыргызстандын Кореядагы элчилиги 2008-жылы ачылаарын айтты. "Туйгунаалы Абдраимовдун уюштуруучулук иш тажрыйбасын жакшы билебиз, дипмиссиянын ачылган алгачкы жылдары жумуш орундарынын маселеси менен алек болоорун эске алып, бул кишинин кандидатурасын туура көрдү " -дейт дипломат чиновник.
Туйгунаалы Абдраимавдун эки жогорку билими бар, Медицина Академиясынын дарылоо факультетин жана КМУУнун граждандык-укук факультетин аяктаган. Кыргыз Республикасынын Борбордук Шайлоо комиссиясын жана Саламаттыкты сактоо министрлигин жетекчиси болуп эмгектенген. Кыргыз, орус жана немец тилдеринде сүйлөй алат.
Талкуунун жүрүшүндө депутат Бактыбек Иманалиев коллегаларын Туйгунаалы Абдраимавдун кандидатурасын колдоого үндөгөн: "Ал киши БШКда иштеп турганда парламентке криминалитет да жутунган болчу. Мындай көрүнүшкө жол беребеген атуулдук позициясы үчүн сыйлайм" - деп сөзүн жыйынтыктады.

Пикеттер эми кайда өтөт?
Коммунисттер партиясынын лидери И. Масалиев пикет- митингдерди өткөрүүнүн тартиби жөнүндөгү жаңы мыйзам долбоорун сунуштоодо. Аны укук коргоочулар буга чейинки Бишкек шаардык кеңеши кабыл алган токтомду эле жалпы республикага жайылта турган варианты катары айтышууда. Эмнеси болсо да бул долбоор коомчулукта ар кандай пикирлерди жаратат окшоп калды.

Жаш мугалимдер нааразы.
Мындан 5 жыл мурда жаш мугалимдердин депозити деген нерсе чыккандыгын жакшы билебиз. Мындай иш- чараны Ысык-Көл району дагы колдоп, 5 жаш адисти иштетип жаткан экен. Бирок, иштеткени менен мөөнөт бүтөөрү менен ар бирибиз 72 миң сомдон алабыз деп жатышкан мугалимдердин арбиринен 5 миң сомдон кармалып алынганы кызык. Буга нааразы болгон жаш адистер Билим берүү министрлигине кайрылышкан.

Туулган күнүңүз менен, Элмира айым!
Жогорку Кеңештин депутаты, "Ак жол" фракциясынын жетекчиси Ибраимова Элмира Султановна 13- апрелде туулган күнүн белгиледи. Айтылуу "Арис" программасын жетектеген айымды туулган күнү менен куттуктайбыз. Ар дайым саясат айдыңындагы айымдардын алдыңкы сабында, жакыр элге жардамыңызды аянбай жүрө бериңиз.

















Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan