Коомдук-саясый гезит
№10, 15.04.08-ж.

Меймансап
Форум




  Кулдугум бар

Курал Усубалиев ,
Карабуура районунун тургуну:
"Келечек бүдөмүк, караңгы болуп турат"
Курултайга кимдер гана катышкан жок. Мен саясатчымын дегенден тартып, Кыргызстандын азыркы абалына нааразы болуп келечегине кейиген катардагы атуулдар… бир гана бийликтеги расмий адамдар көрүнгөн жок, ЖКдан келген Р. Отунбаеваны эске албаганда. Кол сунсаң жете турган аралыктагы Акүй аткаминерлеринин чамасы тийген жокпу айтор, күн мурун чакыруу алышса да келишкен жок. А бирок 72 жаштагы Усубалиев Курал аксакал бутунун томугунун сыныгына карабай балдак менен Таластын Карабуурасынан бери келиптир.
"Делегаттар өздөрүнчө кетип калышыптыр, мен радиодон угуп алып эле жол тозуп чыга бердим. Балдар жибербейбиз дейт, ага карабай жөнөдүм" дейт аксакал. "Гипстелген бутуңузду сүйрөп, балдак менен келип, анча эмне кыйналдыңыз" десем:

- Үйбүлөлөр тентип кетип атат, айылда чал-кемпирлер калдык. Элдин абалы бул болсо кантип келбей коем? Курултайда эмне сөз айтылат, көрөйүн дедим, бир ийгилик болобу деп үмүт артып келдим. Жокчулук, зөөкүрлүк, коррупция, кайсы бир арманды айтайын. Ысыгынан суугу, берээринен алаары көп заман болбодубу. Анан булардан эмне жакшылык күтөбүз, соттош керек. Үзөңгүкууш, Аксынын тагдыры эмне болду? Мына акыркысы Каркырадан кол жуудук. Үч жылда канча премьерди алмаштырды, Чудинову Өзбекстан газын Казакстанга сатып атат.
Биздин келечек жок. Караңгы, бүдөмүк болуп турат. Шерниязов "Манас" деп жакшы ураан чакырды, чоку болот тоолордун бийик жери, чокудай бол кыргыздын жигиттери деген Байдылданын мыкты ыры бар, анын сыңары бийик бололу да ар-намысты сактайлы, ар-намыс болбосо Ата мекен жок болот. Жеңижок акын: Ырыс алды ынтымак,
Өлмөйүнчө кол кармаш.
Билими бар жигиттер,
Бир бириңе жардамдаш.
Билинбей жүрүп бир күнү,
Мүдүрүлөт алтын баш-деп айткан. Бизге азыр бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарган ынтымак керек.
Мындан бир нече кылым мурда кыргызда Болот уулу Эсенгул деген баатыр өткөн. Ал "Кыргыздын жерин баскынчылардан тазалайм деп бүт өмүрүм ат жалында, кылыч мизинде өттү. Арманым, беттешем деп жекеге чыккан душмандарды экиге бөлө чапкан кылычымдын күчү, кыргыз ичиндеги элимди уруу-урууга, кокту-коктуга бөлүп күнүмдүк өмүрүнүн көмөчүнө чок тарткан адамдардан тазартууга жетпеди. Офф, урпактарым ушундай арам тамактардын азабын далай тартышаар" дегени бар. Ал баатырдын айтканы мына ушул күн болуп атат.
Орустун Василий Рязанов дегени "Атамекен гүлдөп өнүгүп турганда сүйүү - ал сүйүү эмес. Атамекен ооруп, кыйналып турганда сүйүшүбүз керек" деп айткан. Ушуну бир эске алып койгулачы балдарым. Азыр биздин Мекен ооруп турат, биз аны айыктырышыбыз керек -деген аксакалды залдан жалгыз калып, тепкичтен балдак менен чыгып баратканын көргөндө, оорусуна карабай жүрөгүн түйшөлтүп Курултайга келишине, ушуга аргасыз болгон төрдө отура турган аксакал адамыбыздын абалына заман күнөөлүбү же кайра эле баягы "дежурный Акүй" күнөөлүбү же "үчүнчү күчтөрбү"? дедим. Неси болсо да абалың оор кыргызым! Өзү айтмакчы, "Ноет рука, к перемене погоды, ноет душа к перемене народа".

PS: Ошончо элден балдакчан аксакалды караган бирөө жок.
Азыр Ош базардагы 100 сомдук мейманканага барып түнөп алып, эртең кетем деген аксакалды, "маршрутка менен барам" дейт жете албайт, кантсе да патриотбуз го, машинеңиз бар да бир айласын табыңыз" десем Кыргызстан Патриоттор партиясынын лидери Алмаз Орозбаков "Курултайга келген аксакалды карабасак уят, биз менен жүрүңүз" деди. Эгер мындай болбогондо бу бийликтин түрүнөн түңүлгөн аксакал балким, бийликти эүсеген оппозициясы деле жарытпайт го демектир.




  Атасынан баласы тапан чыгаар...

Жердин кыркылганы - кыргыздын кысылганы

"Жерибизди бербейбиз" деген жаштар "Кыргызстан жаштары" кыймылына биригишип Каркыра өрөөнүнүн талашка түшкөн 620 га жерин Казакстанга берилишине каршы пикирин билдирүү максатында 10-апрель күнү Жогорку Кеңештин алдына чыгышкан. Ошол күнү депутаттар казак-кыргыз чек арасы тууралу келишимди карашмак. Жаштарга күч колдонулуп алар камакта отурганда, "Акжол"партиясы ал келишимди ратификациялаганга үлгүрүп калды.
Жаштардын жана студенттердин колдоосуна ээ болгон оппозициялык маанайдагы "Атамекен" жана "Жашылдар партиясынын" жаштар канаты тарабынан уюшулган акциянын катышуучуларын милиция күч колдонуу менен кармап, Биринчимай РИИБне алып барышкан. Аларга административдик кодекстин эки беренеси, 371-берене "Милициянын талаптарына баш ийбөө" жана 392-берене "Митингдерди жана саясый акцияларды өткөрүүнүн эрежелерин бузуу" боюнча айып тагылган. Сотто алардын экөө, бири 3, экинчиси 5 күнгө камакка алынса, арты айып төлөө менен бошотулушту. Акциянын уюштуруучуларынын айтымында бул иш-чара кезектеги каршылык акцияларынын толкунун башталышы гана. Учурунда бул жаштар Кыргызстандын ХИПИК программасына киришине каршы акцияларды уюштуруп, ал боюнча коомдо терс маанайды жаратууга жетишишкен.
"Бу бийлик бизди "митингдерди өткөрбөгүлө деген токтомду буздуңар" деп камап жатышат, ал эми өздөрү ал токтомун Конституцияга каршы келсе да токуп коюшканын билип турушса да моюндары жар бербейт. Жерибизди четинен кертип сатып жатышса унчукпай карап турушубуз керекпи" деген жаштар Кыргызстан үчүн кайдыгер эместер бар экенин, бийликтин саясатына макул болбогон пикирлер бар экенин көрсөтүүдө. Бетеге кетет бел калат, бектер кетет эл калат, бүгүнкү күндүн жоопкерчилигин аркалай албаган аткаминерлерибиздин азабын эртең жаштар эле тартып калабыз.
Эске сала кетсек, казак боордоштор менен талашып жаткан 3 жерибиз бар. Бири Каркыра, аныбыздан айрылдык. Экинчиси Токмоктун чети, табигый чек ара болгон Чүй суусун казактар 800 метр бери буруп, 35 га жерибизден айрылдык. Ал жерге казактар АЗС куруп алышкан да бизге салык төлөшпөйт. Бу жер андан сырткары контробандалык коридорго айланган. Үчүнчүсү, Таласта жайгашкан участок. Казакстан өзүнүн Степное айылындагы шор баскан такыр жерин бизге беребиз деп, анын ордуна гранит карьери жайгашкан жерибизди сурап жатат. Бу кейпи менен биздин билермандар аны деле унчукпай берип койчудай?! Балким дагы төртүнчү, бешинчи… талаш жерлер чыгып, аларды да кармата беришибиз толук мүмкүн.

Бетти даярдаган
Урмат ИМАНАЛИЕВ




















Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan