![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №10, 15.04.08-ж. |
Меймансап Форум Эсимде... "Келген сайын кучактап, жыттап отураар эле" Чубак Сатаевдин уулу Кубаныч Сатаев. - Кубаныч, атаң менен апаң кайдан табышканын билесиңби? - Атам менен апам Таласта бири бирине кошуна айылда жашачу экен. Атам Боотерек деген айылдан, апам Наматбек деген айылдан болот. Экөө таанышкандан көп өтпөй эле баш кошуп алышыптыр. Көп болсо бир жума сүйлөшүшкөн экен. Экөө тең 1960-жылы туулган. Апамдын аты Айшагүл. 1981-жылы ноябрь айында баш кошушкан. Атам үч (Маданият үйүндө, бала бакчада, мектепте) жерде иштеп, апамды жумушта иштеткен эмес. "Сен балдарды кара"-деп, өзү тапканынын баарын үйгө ташычу. Үч эркек балалуу болушту. - Борборго качан көчүп келдиңер? - Биз баарыбыз көчүп келген жокпуз. 1987-жылы атам шаарга чыгармачылыгына байланыштуу өзү кетти. Бул жактан башкага үйлөнүп, экинчи аялы менен бул жерде жашачу. Өмүр бою эки нике менен жашады. Бир үйдүн кожоюну, атасы катары бизди эч нерседен кем кылган жок. Бул жактан бизге Таласка акча салып турчу. Ал кезде атамдын жылдызы жанып "Чубак, Чубак"-деп турушкан кези болчу. Таласка бизге барган сайын концерт коюп кетчү. - Атаң экинчи аял алып кеткенде, апаңардын абалы кандай болду? - Башында кызганып, жини келип экөө урушуп жүрдү. Андан кийин айла жок көндү. Атамды ал кезде чыгармачылык жактан алдыга сүрөй турган адам керек болуп турган. Экинчи аялы шаарда турган, адам менен бат тил табышып кеткен адам болчу. Эми шаардагы аял менен айылдагы аялдын айырмасы болот тура. Атама ушундай "кругозору" кенен аял керек болгондур. Апам менен экинчи апабыз экөө жолугушчу эмес. Анткени бет келгенде экөө бири бири менен сүйлөшө албасын сезишчү да. - Экинчи апаңар менен катышып турасыңарбы? - Атам мени кээде айылдан шаарга алып келип, экинчи апам менен да жашаган үйгө алып келчү. Эки жакта жүрө берчүмүн. Азыр кезигип калганда учурашып коебуз, ар ким өз турмушу менен да. Атам экөө балалуу болушкан жок. - Өзү шаарда турса, Таласка гостроль учурунда эле барса, сагынычыңарды таркатканга убакыт болчу беле? - Чындыгында эле шаарда деле үйгө токточу эмес. Гостролдоп эле жүрчү. Таласка келгенде деле эртеден кечке эки сеанс менен концерт, кечинде сөзсүз бирөө конокко чакырып, ал жакта таң атканча ырдап, отурушчу. Эртеси кайра башынан концерт… Ошентип атып эле билинбей убакыт өтүп кетчү. Бизге келген сайын сагынганын айтып, кучактап алып көпкө чейин кое бербей жыттап отураар эле. - Атаңардын таланты сага өтсө, мүнөзүнүн окшоштугу кимиңерде? - Улуусу менмин. Менден кийинки иним Бакыт 5 жашында 1991-жылы жол кырсыгынан каза болуп, баарыбызды арманга салып, атам дагы баласынын айынан көп күйүткө түштү. Азыр кээде эстегенде көзүмө жаш алып алам. Мен улуу небереси болуп, чоң ата менен чоң апамдын колунда өстүм. Менден кийинки каза болгон инимди абдан жакшы көрчү. Өзү да атама окшош болчу. Мени "Сен кемпир-чалдын баласысың, Бакыт Айшаныкы, Таалай менин балам"-деп тамашалап калаар эле. Атамдын мүнөзү жөнөкөй, ак көңүл, жүрөгүндө кири жок адам эле. Шашмалык жайы бар болчу. Мени "Атаңдын сабырдуулугун тартыптырсың, нервиң калың"-деп тамашалап калышат. Ачуусу жок, эч ким менен урушпаган жан эле да. Кээде ырдап жатканда кыймыл- аракетимди ага окшоштурушат. Эң кичүү иним Таалайдын мүнөзү атамдын мүнөзүнө көбүрөөк окшош, өң-келбети дагы атамдын өзү. Азыр айылда апам менен бирге турат. Үйлөнгөн, жакында наристелүү болгону турушат. - Каза болгон күнү кайсы үй-бүлөсү менен эле? - Ошол кезде биз менен Таласта болчу. Концерт коюп бир ай жүрдү. Ал убакта эстрада жаңыдан жанданып,фонограмма деген жок болчу. Ырдаганда да мойнунун тамырлары көөп, үзүлүп кетчүдөй болуп, жандуу үн менен, жан дили менен ырдачу. Ошол 1992-1993-жылдары Союз жаңы кулап, эл акчадан кыйналып турган кезге туш келип, концертке эл аз келип баштаптыр. Ошого да көңүлү чөгүп турган окшойт, бир күнү "башым ооруп жатат"-деп эле жыгылып, үч күн больницага жатып каза тапты. Өлөөрүн өзү сезгендей, Таластын телевидениесине тартылып, жетишип калды. Абылбек Мойноков деген Таластын телевидениесинде иштеген байке, атамдын элесин биз менен бирге, өзүнүн ырдаганын камерага түшүрүп бизге чоң жакшылык кылды. Ал байке да азыр жок. Мен ыраазычылыгымды билдиргенге жетишпей калдым. Ошондон бир күн өтпөй жанагинтип жыгылып жатпайбы. Атам үч жолу катуу жол кырсыгына кабылып, башынан үч жолу тең катуу жаракат алыптыр. Ошонусу күчөп кеткенин байкабай эл, концерт, той деп өзүнүн оорусун сезбей элинин деми менен жүрө берген экен. Анан жан дили менен ырдаган концертке эл аз келгенине да көңүлү чөгүп кеткенге да огобетер башы катуулап кеткен окшойт. Өзүнүн ден-соолугун карабай, өзүн элге бүтүндөй арнап салган, эс алуу дегенди билбеген адам болчу. - Атаңдын ырларын ырдап жүрөсүң, эл алдына алып чыга элек дагы канча ыры бар? - Атам 33 жашында, 33 ырдын автору болуптур. Мен ал ырларынын баарын эл алдына алып чыкканга мүмкүнчүлүгүм жетпейт экен. Анын үстүнө көп каражат керек. Азыр атамдын ырларын жаш ырчыларга берип жатам. Бирок, атамдын ырларын бузуп салат деп чынын айтсам корком. Ошон үчүн ырды берип жатканда айтам, " биринчи оригиналын уккула"-деп. Бузуп салат деп бербей кызганып койсом дагы болбойт. Казактын ырларын ырдагандан көрө атамдын ырларын ырдашсын. Баары бир өзүнүн ырдаганыны жетпейт дечи, ошентсе дагы ырдап турушканы жакшы. Азыр атамдын 7-8 ырын өзүм ырдаганга даярдап жатам. - Жыл сайын куран окутуп эскерип турасыңарбы? - Ооба, жыл сайын областтык деңгээлде атамдын ысымына арналган футбол, валейбол спорт оюндарын Талас эли уюштуруп келет. Кээде эл аралык деңгээлде казак-кыргыз беттешин да уюштурган учурлар да болот. Айылдагы стадион, клуб, чоң көчөгө атамдын ысымын берген Талас элине рахмат. Мээнетин, талантын баалап, эли унуткан жок. Быйыл атам тирүү болгондо 48 жашка чыкмак. Буюрса, 50 жылдыгына карата эскерүү кечесин республикалык масштабда өткөрөлү деп турабыз. - Түшүңө киреби? - Түшүмө үч жыл мурун бир кирген, ошол боюнча кире элек. Түшүмдө: Мен ат үстүндө турам, атам жерде. Ал мага аккардеон сунуп жатыптыр. Улам ийиниме асынайын десем, шыпырылып ийинимен түшүп кетет. Ошентип ала албай кыйналып жатып ойгонуп кеттим. Ошол кезде жаңыдан ырдаганга бел байлап жаткан кезим болчу. Маектешкен: Эльмира Мадиева Какаганга муштаган "Балам бизди карылар үйүнө кубалачу болду" Жумушка келатып көчөнүн ылдыйкы тарабындагы үйдө жашаган чалдын эшик алдында муңайып олтургандыгын көрүп, ойлонуп калаар элем. Кай күндөрү "Мен эч жакка барбайм, уулум. Мен сенин колуңдан даам татып, сенин маңдайыңда олтургум келет" деп ыйлаган кемпиринин ыйын угуп, бир эсе таң калсам, бир эсе булар кандай үй- бүлө дечүмүн. Бир курда "Кызым, бери келчи" деп чакырганына болбой, үңүрөйгөн чалдан чоочулап кетип калган дагы жайым бар. Бул ирет эмнеси болсо дагы угуп көрөйүн деген ниетте жанынан орун көрсөткөн карынын жанында олтурдум. "Ээ, Кудай, бала берсе да акыл-эси менен берсин" деп каңырыгын түтөтө үшкүрүнгөн абышка сөзүн баштады. Кичинесинен бөпөлөп, каалаганын алып берип чоңойткон уулум эми "карыганда карылар үйүнө баргыла"- деп кемпирим экөөбүздү үйдөн куучу болду. Кетип калалы десек элден уялабыз. Кетпейли десек, күндө уруш. Кемпирим дагы "өлсөм баламдын колунан өлөм" деп моюн толгойт. Карыганда балаңдын өзүңө душман болгону жаман экен. Жаштык, мастык менен ушинтип жаткандыр, акыры токтолоор деп канча өмүрүбүз өттү. Эки балалуу болсо дагы карыганда бизди жээрип, карылар үйүнө кубалаганы жети өмүрүмдү жерге киргизчү болду. Жок дегенде бир кызым болсо эмне. Кыз бала ата-энеге күйүмдүү болот дешет. Жараткан менден көп баланы эмнеге аяды экен деп кээде арман кылам. Кемпир да санаадан улам ооруп, эки күндөн бери төшөктө жатып калды. Келиним дагы жөндүү болбой, канчага карап, багат билбейм. Көзү өтүп кетсе какбаш атыгып кайсыл арыкта калам деп санаага батам.Ээ, "карылык келгенде капаска түшкөн куштайсың"- деп илгеркилер бекер айтпаптыр. Минтип карыганда өз баламдан жаман сөз угуп куулам деп үч уктасам түшүмө кирбептир. Жараткан ала турган болсо кор кылбай алып кетсе гана". Абышка шоролонгон көздөрүн жеңи менен аарчып, кемшиңдеген эриндерин тиштенип олтуруп калды. Мындайда эмне сөз айта аласың? Карылар үйүнө өз атасы менен энесин кубаланган баланы кудай бербесин. Калтыраган колдорун чекесине коюп, жашоодон тажаган карынын кебетеси бир саамда көзүмө башкача көрүндү. Ылайым таш боор балдар жок болсо гана деген дагы бир пендечилик ойго келдим. Бирок, бала жытына зар болуп жүргөндөрчү. Аттиң… Жалалабаддын мэриясын ким башкарат? Жалалабад шаарына барып, мэрден маек алалы деген ниетте мэрияга баш багып калдык. Мурдагы мэр Дүйшөналы Мамасалиев берген арызына байланыштуу кызматтан бошоп, жаңы мэрдин ээрге олтурганына үч эле күн болуптур. Пресс катчысы Клара Тапкеевадан жаңы мэр мурун кайда иштептир деп сурасак, "башта Биринчи май районунда аким болуп иштеп, президент паркты кыдырып, жумуштан алып салган"- деп, бизди мэрге жолоткусу келген жок. Бул пресс катчы жаңы мэрди тоготпой жатканыбы же аким болуп кыйратпаган киши кантип мэр болуп жыргатмак эле деп, өзү мэрдин милдетин аткаруучу болуп алганбы айтор, такыр түшүнбөдүк. |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|