Коомдук-саясый гезит
№11, 22.04.08-ж.

Меймансап
Форум




  Мына сага...

Чек ара кызматындагы кадрдык баш аламандык
Учурда Кыргыз республикасынын Чекара кызматынын төрагасы, генерал-майор З.Молдошев жана башкы штабдын начальниги, генерал-майор А. Жамалов кадрдык саясатта оңбогондой эле баш аламандык жүргүзүп жатышат. Аталган эки генерал кылмыш жообуна тартылган жана мурда соттолгондорду жооптуу кызматтарга коюп жүрүшүп көнүп калышкан окшобойбу. Себеби, бизге жеткен маалыматтарга караганда, учурда өлкөбүздүн Чекара кызматында буга чейин түрдүү себептер менен кылмыш жообуна тартылган 34 аскер адамы кызмат өтөп жатыптыр. Мындай көрүнүштөрдүн курчушуна жетекчилердин салымы бардыр... Маселен Жамаловдун уулдары Чынгыз жана Тимур 2004-жылдагы ишкерлерди талап-тоноого тиешеси бар делип, ички иштер кызматкерлери тарабынан кылмыш иши козголгон. Антсе да кийинчерээк түшүнүксүз себептер менен бул кылмыш иши администрадивдик иш катары эсептелинип калган. Албетте, бул да болсо атасынын таасири болсо керек. Анан калса, учурда Жамаловдун улуу уулу Чынгыз "Акжол" аттуу майлуу чекара постунда кызмат кылууда...
Мына ушундай эле мисалды Чекара кызматынын төрагасы Молдошевге карата да келтирсек болот. Анын жалгыз уулу Эрнис 73809 аскер бөлүгүндө командирдин жардамчысы катары кызмат өтөп жүрүп, атасынын кадыры аркылуу Тажикстандын Согдиан областына Россия, Прибалтика өлкөлөрүнөн мыйзамсыз жол менен машиналарды айдап келип, сатуу менен алектенгени боюнча болжолдуу маалыматтар бар. Машиналарды чекарадан өткөрүүдө ал Чекара кызматынын төрагасына тиешелүү КР 00-01 ЧК жана аскердик даярдык башкармалыгынын башчысына тиешелүү КР 00-11 ЧК номерлерин колдонгон дешет. Аскерде кызмат өтөп жаткан учурда Молдошев Эрниске качканы үчүн тергөө иши козголуп, издөөдө жүргөн. Бирок, кийин атасынын Коргоо министрлигине штаб башчы болуп дайындалышы менен, бул кылмыш иштер жабылган жана учурда ал кызмат өтөп жүрөт. (Бул эмнени каңкуулайт?)
Дагы бир белгилей кетчү жагдай, Чекара кызматынын эң бир маанилүү кызматына бекитилгендердин көпчүлүгү жогорку жетекчилердин "колдоосу" аркылуу кызматка келишкендей. "Колдоосу" деген сөз беш жаштагы балага деле маалым. Мисалы, Балыкчыдагы 2021 аскер бөлүгүнүн Борбордук бириккен базасынын командири Ч. Шамалдаев жумушун калтырганы үчүн кызматынан кетип, анын ордуна подполковник Э.Савандабеков бекитилген. Эске салсак, Савандабековду 2004-жылы Балыкчы Аскер соту соттоп, 304- берене (кызмат абаланынан пайдалануу), 305-берене (кызматтык милдетин көтөрүп жиберүү) жана 234- берене (хулиганчылык) боюнча күнөөлүү деп тапкан. Ал эми 2007-жылы Савданбековдун ишин кайрадан Бишкек Аскердик соту карап, КРнын Кылмыш кодексинин 305-315-беренелери боюнча күнөөлүү деп тапкан. Кийин 2007-жылдын март айында ал Чекара кызматынын төрагасы Молдошевдин буйругу менен штат кыскарганына байланыштуу иштен айдалат да, бирок кайра эле 2007-жылдын август айында төрага бул буйругун жокко чыгарып, Савданбековду жогоруда айткан кызматка койгону таң калтырат. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, ал бул кызматты Чекара кызматынын төрагасына Ысыккөлдөн бир гектар жер берип, ээлеген имиш.
2008-жылдын 3-мартында Савданбеков кызмат абалынан ашкере пайдаланып, АК-74 автоматынан эки ок чыгарган жана ал жердеги кызматкерлердин өмүрүнө коркунуч туудурган. Андан көп өтпөй, же 13-14-мартта бөлүктүн старшинасы М. Абыкалиевдин табелдик пистолетинен эки ок чыгарган. Тилекке каршы, ал жердеги жамааттын "Савданбеков менен иштеше албайбыз, ага карата чара көргүлө" деген арызына карабай, генерал-майор Молдошев ага сөгүш берүү менен гана чектелген.
Дагы бир мыйзамсыз дайындоо фактысы бул капитан У. Бакеевге тиешелүү. Генерал Молдошев анын эки толук бүтө элек сот иши бар экенине карабай, "Манас-аэропортунун" текшерүү бөлүмүнө мөөнөт алмаштыруу начальниги кызматына бекиткен. Чынында Бакеев 2007-жылдын жай айында "Манас-аэропорт" ОПКсынын улук-лейтенанты А. Какееваны себепсиз сабаганына байланыштуу, ал Аскер прокуратурасына кайрылган эле. Тилекке каршы, сот процесси жүрүп жаткан маалда Бакеев жогору аталган кызматка келип, ал эми жабырлануучу Какеева себепсиз кызматтан кеткен. Кийин ал тиешелүү органдарга кайрадан арыз менен кайрылганы белгилүү...
Дагы бир мисал, 2007-жылдын жай айында Чекара кызматынын подполковниги Р. Байзаков "Чалдовар" чекара заставасынан конторбандалык жүктү колго түшүргөн. Бирок, ал өз кызыкчылыгын жана пайдасын ойлоп, кызмат абалынан пайдаланган да, колго түшкөн жүктү өткөрүп жиберген. Ал эми жүктүн кармалышы жана аны Карабалта бажысына өткөрүп берилиши жөнүндөгү ишти болсо жасалмалаган. Подполковник Байзаковдун бул ишине карата Чекара кызмат жетекчилеринин жасаган мамилеси да таң калаарлык. Алгач административдик иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча Байзаковду ээлеген кызматынан бошотуу маселеси айтылган. Бирок, көп өтпөй генерал Жамалов "кол бала" 11 кишиден турган офицердик жыйын өткөрөт да, төмөн профессионалдуулугу үчүн деген гана айып менен жаза берүү чечимин чыгарат.
2007-2008-жылдары генерал-майор Молдошев менен генарал-майор Жамаловдор КРнын Чекара кызматынан өлкө коопсуздугу үчүн талыкпай иштеп келген, көпчүлүк тажырыйбалуу, билимдүү, профессионал кызматкерлерди түшүнүксүз себептер менен иштен алып, акыры айдап тынышты. Мындай себепсиз кызматтан кеткендердин катарына, Башкы оперативдүү башкармалыктын жетекчиси, полковник Д. Кожобергеновду, Башкы чекара көзөмөлдөө башкармалыгынын начальниги М.Э. Кабаевди, полковник М. Эсенбаевди, кадрлар башкармалыгынын начальниги, полковник С. Шамыралиевди, полковник М. Койлубаевди, полковник С. Кузьменколорду кошсок болот. Ал эми 2008-жылдын февраль айында КРнын Чекара кызматынын Түштүк аймагы боюнча башкармалыгынын башчысы полковник И.Мамбеталиев да түшүнүксүз себеп менен эле кызматтан кеткен. Маалыматтарга караганда, эми жакында да Чекара кызматынын тажырыйбасы мол офицерлеринин бир катар жоон тобу кызматынан кол жуушат экен. Чамасы, кызмат аскерлери да ар кандай себептерге байланыштуу Молдошев менен Жамаловго жакпай калышса керек...
Чынында, жогоруда биз атын атап кеткен офицерлер атайын жогорку аскердик билимге жана тажырыйбага ээ инсандар эле, алар СССР КГБсынын жана Россия Федерациясынын Чекара кызматтарынан иргелип өтүшкөн.
2007-2008-жылдар аралыгында Коргоо министрлигинин офицердик катарда аскердик мидет өтөө боюнча жобосунун 45- 49- пункттарындагы талаптарды бузуп, генералдар З. Молдошев менен А. Жамаловдор көпчүлүк мурунку жетекчилерди аңгемелешүү аркылуу төмөнкү кызматтарга коюшкан. Ал эми алардын сунушуна макул болбогондорду болсо Чекара кызматынан биротоло кетүүгө мажбур кылышкан. КРнын Чекара кызматынын жетекчилери тарабынан мындай мыйзамсыз аракеттер М. Кабаев, Д. Кожобергенов жана М. Эсенбаев дерге карата жасалган. Натыйжада, айрым офицерлер өздөрүнүн эмгекке болгон Конститутциялык укугун коргоо үчүн Бишкек горнизондук Аскер сотуна кайрылышкан.
Айтор, өлкөбүздөгү Чекара кызматынан тажрыйбалуу офицерлердин кетишинен улам, кадрдык саясатта олуттуу кырдаал түзүлдү. Чекара кызматындагы бул кырдаал Кыргызстандын эгемендүүлүгүн жана бүтүндүгүн сактоо боюнча сапаттуу чечим кабыл алууга сөзсүз кедергисин тийгизээри турган иш.
2005-жылы жумушун калтырганы үчүн УККнын биринчи орун басары кызматынан алынган адам, бүгүн Чекара кызматынын штаб башчысы же биринчи орун басары болуп отурса, анан биз кантип өлкөнүн чекара коопсуздугу жөнүндө сөз кыла алабыз. Бул кишинин КРнын Чекара кызматынын аскерлеринин иш аракети, милдети жана методу жөнүндө терең түшүнө билбегендиктен КРнын мамлекеттик чекараларын коргоо боюнча тишелүү чечимдерди кабыл алууга эрксиз. Анан калса учурда Чекара кызматынын төрагасы менен орунбасарынын ортосундагы кадрдык маселелерди чечүү боюнча пикир келишпестиктерден улам, аталган ведомстводо моралдык-психологиялык жагымсыз абал пайда болгон. Мындай пикир келишпестиктер генерал-майор Жамалов тарабынан айрым жетекчи офицерлерге компраматтуу материалдарды колдоно баштаганынан улам күчөй баштаган. Анткени, ал КРнын УККнын аскердик контр-чалгынында иштеп жүрүп, көптөгөн Чекара кызматкерлерине тиешелүү компроматтуу материалдарды чогултуп алган жана аны учурда өзүнүн кадрдык саясатын жүзөгө ашыруу үчүн, жеке байлык топтоо үчүн пайдаланып келгендигин айтышат. Кыргыз республикасынын "Чекара кызматы жөнүндөгү", "мамлекеттик чекара жөнүндөгү", "Мамлекеттик сырды коргоо жөнүндөгү" мыйзам жоболорун бузуп жана генерал-майор Молдошев менен болгон өзгөчө карым-катыштан пайдаланып, Чекара кызматынын оперативдүү органдарын өзүнүн Башкы штабына баш ийдирип алган. Чынында Башкы штабдын милдети бул чекара аскерлерин көзөмөлдөө болуп саналат жана анын ички оперативдүү иштерге кийлигишкенге акысы жок. Оперативдүү органдарды Башкы штабка баш ийдирип алуу - бул Чекара кызматын коргоо боюнча оперативдик камсыз кылуунун милдеттерин жана тапшырмаларын жасап коюуга оңой жол ачат. КМШ өлкөлөрүнүн тажырыйбасында оперативдүү органдар эч качан Башкы штабка баш ийген эмес жана баш ийбейт дагы.
Чекара кызматынын жетекчилеринин профессионалдуу эместигинен улам, чекара кызматында милдет өтөгөндөрдүн арасында өзүн-өзү өлтүрүү жана өлтүрүп кетүү фактысы өтө көп. Мисалы, 2007-жылы КРнын Чекара кызматындагылардын күнөөсүнөн улам 7 аскер кызматындагы жана 15 жарандык коомдогу атуулдар каза болгон. 2008-жылдагы 3 айда болсо чекара кызматындагы үч адам каза болду. 2008-жылдын январь айында Караколдогу чекара заставасында кызмат өтөгөн жоокер өзүн-өзү өлтүрсө, февралда Айдаркенде аскер кызматкери оорудан каза тапкан. Март айында 2063-чекара кызматынан чыккан мушташтан улам Сокулуктун жараны каза болду. Жакында Таластагы 2029-аскер бөлүгүнүн кызматкеринин күнөөсүнөн улам, бир аскер кызматкери каза болду жана 4 киши оор абалда. Ошондой эле 2008-жылдын март айында "Кайыңды" чекара көзмөлдөө постунун капитаны У. Абдукапаровдун күнөөсүнөн улам, жол кырсыгынан 1 киши өлгөн...
Генерал Жамалов Чекара кызматынын офицерлери менен жыйын өткөрүп жатып, урматтуу Президентибиз К. С. Бакиевдин чекара боюнча буйруктарына жана бир туугандарына дайыма шек келтирип сүйлөйт дешет. Башкача айтканда, "кыргыз-казак чекарасындагы контробандылык товарларды президенттин иниси Жаныш Бакиев көзөмөлдөйт" деген сөздү оозунан түшүрбөйт имиш.
Мындан сырткары Молдошев да өз кызматынан пайдаланып, чекара кызматындагы "майлуу" орундарга жакын туугандарын тарта баштаптыр. Мисалы, 2007-жылдагы буйругу менен Ош чекара отрядынын оперативдүү иштер боюнча башкы офицерлигине, тууган чалышы подполковник М. Шаимбековду дайындаган. Ал болсо 2008-жылдын башынан бери кызматына чыкпайт жана кайда экени белгисиз. Айрым бир маалыматтарга караганда, ал Ош шаарындагы күрөөканалардын бирине кызматтык күбөлүгүн таштап, 12 000 сом алып, куйругун түйгөн. Учурда ага издөө жарыяланган.
Айтор, өлкөбүздөгү Чекара кызматынын жана анын жеткечилеринин учурдагы абалы ушундай. Башкача айтканда, алар кадрдык саясатта чалган "боткону" чекарачылар аш кыла албай жаткан учур...
Эгерде ушундай адамдар биздин чекара коопсуздугубузду коргойбуз деп олтурушса мамлекеттүүлүгүбүздүн эгемендүүлүгүн жоготуп алуу коркунучу турат.
А. Болотов
Редакциядан: Эгер бул макала боюнча экинчи тараптагылардын да пикирлери болсо аларды дагы угууга даярбыз.















Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan