![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №11, 22.04.08-ж. |
Меймансап Форум Иштеген ишиңди көрсөтчү, депутат Бейшен АБДЫРАСАКОВ, Жогорку Кеңештин депутаты: "Мындан кийин үркүн эмес, улуттук көтөрүлүш дешибиз керек" - Бейшен мырза, Жогорку Кеңешке депутат болуп келгенден бери кандай маселелерди көтөрө алдыңыз? Кыска убакыттын ичинде эмнеге жетише алдыңыз? - Үркүнгө арналган токтомго демилгечи болуп, Жогорку Кеңеште кабыл алдык. Ошол күндү турмушумдагы эң бактылуу күн деп айтсам аша чапкандык болбос. Үркүндүн 75 жылдыгында Бишкектен Көл, Нарынга чейин жөө жүрүш жазаганбыз. Ошондо кыргын болгон жерге таш белги коюп кеткен элек. Ошол кезде эски бийликке Үркүндөгү каза болгондорго эстелик тургузалы деп кат жазганбыз. Бирок, эч кандай жооп болгон эмес. Арадан 15 жыл өттү. Үркүндүн 90 жылдыгы болуп, өз демилгебиз менен "Курулушчулар" партиясы, тактап айтканда, жаңы конуштун тургундары байлар эмес, свет, суусу жок жакыр жашаган элдер бир сомдон акча чогултуп, шейит кеткен ата бабаларыбызга Боом капчыгайына эстелик тургуздук. Эстеликти ачканда резолюция жазганбыз. Ага элдердин баары кол коюп, кабыл алышкан. Ошондой эле Үркүндү Үркүн эмес, улуттук көтөрүлүш деп атайлы деген чечимге келгенбиз. Марат Султановго да кат менен кайрылганбыз. Бирок, жооп болгон жок. Тагдырдын буйругу экен. Минтип токтомду иш жүзүнө ашырганга өзүм демилгечи болдум. Бир добуштан бардык депутаттар колдоп беришти. Менин ыраазы болгонум ар башка улуттун өкүлдөрү да колдоду. Парламентте 73 депутат болсок, бири да каршы болгон жок. Депутаттарга да "добуш бергениңер шейит кеткен ата-бабаларга салган бир ууч топурагыңар" дедим. Токтом кабыл алынганда арбактар да бир оодарылып алды болуш керек. Мындан ары арбактар да тынч жатат деп ойлойм. Аталган токтомдун үстүндө депутат болгондон кийин да тарыхчылар, илимдер академиясындагы профессор, докторлор менен бирдикте үч ай иштедим. 90 жыл бою Парламенттин ичинде Үркүн деген сөз болгон эмес. Мен гана айтып чыктым. Улуттук көтөрүлүшкө байланыштуу бизде үч долбоор бар эле. Профессор, академиктер муну улуттук көтөрүлүш дебей, кайгылуу күндөр деп атайлы дешти. Бирок, мен Жогорку Кеңештен кайгылуу күн эмес, улуттук көтөрүлүш деп кабыл алып беришин сурандым. 24-мартты революция деп атап кантип Октябрь революциясынын башаты болгон 1916-жылдагы Кыргызстандагы улуттук көтөрүлүштү кантип, кайгылуу күн деп атайбыз дедим. Керек болсо менин демилгемди орустар да түшүнүп колдоп беришти. Мен адамкерчилик деп ойлойм. Жашоодо эң ыйык таза нерсе, адамкерчилик. Биздин ата-бабалардын сөөгүн жашырып, эстелик тургузуп, куран окутуп коюш буга чейин мамлекет башында тургандардын милдети болчу. Бирок, аны аткара алышкан жок. 1917-жылкы Октябрь революциясы Кыргызстандан башталган. Убагында 26-жылдары окумуштуулар өздөрү көргөзгөн. Ошондуктан коркпой-үркпөй эле улуттук көтөрүлүш деп атап, токтомдо көрсөтүлгөндөй август айынын бир күнүн улуттук көтөрүлүш деп белгилешибиз керек. - Айрым инсандар Үркүн эмес, Кыргын деп аташыбыз керек деп жүрүшөт. Ушуга макулсузбу? - Мен Парламенттин трибунасынан да кыргыз үрккөн эмес, Үркүн деген сөз 90 жыл бою туура эмес аталып келген. Үркөт деген адамдарга тиешелүү касиет эмес. Ал малга тиешелүү. Адам үркпөйт. Бизди ушул кезге чейин малга теңеп, кыргыздар кытайга үрккөн деп айтып жүрүшөт. Токтом мыйзамдуу түрдө кабыл алынгандан кийин үркүн деген сөздү унутуп, улуттук көтөрүлүш деп атап, тарыхка таамай жазып, калтырып кетишибиз керек. Кыргыздар сабатсыз эл болгон. Балдарын армияга бербей өздөрү үркүп, качып кеткен деп айтышат. Чынында андай эмес. Биздин жакшы жерлердин баарын тартып алышкан. Экинчиден, кыргыз элин кыскан. Элди тоого айдап, кордук көрсөткөн. Үчүнчүдөн, ак падышанын максаты кыргызстандагы кооз жердин баарын алып, элди тоого нарынга айдамакчы болгон. Алардын максаты Кыргыстанды колония кылабыз деп ойлошкон. 70 жыл бою эч ким ачыкка чыгып айта алган эмес. Аларды да түшүнсөк болот. Советтер союзунун убагында идеология таптакыр башкача эле . Ошондой болсо да коркпой -үркпөй жазган жазуучулар да болгон. Маселен, Жусуп Абдрахманов, Асакеев деген акындар жазып келген. Токтомдун дагы бир пункту бар.Тарыхты кайрадан казып чыгып, археологиялык илимий иштерди жүргүзүп, 1916-жылкы улуттук көтөрүлүшкө жаңыча баа берип, болгонун болгондой кылып, жаап-жашырбай айтып чыгышыбыз керек. Ошондуктан окуу куралдарын да кайра чыгарышыбыз зарыл. Ал үчүн атайын комиссия түзүлүп, ага илимдер академиясынын илимдүү, билимдүү инсандар, жана жазуучулар, вице-премер-министр Нур уулу Досбоол ошондой эле депутаттардын курамынан түзүлдү. Зайнидин Курманов ушул иш менен иштеп келген киши. Өзү дагы тарыхчы. Улуттук көтөрүлүштүн 95 жылдыгына даярдык көрөлү деген дем менен иштеп жатабыз. Эгер 95 жылдыгына үлгүрбөй калсак, Кудай буюрса, 100 жылдыгы бар. Бул өзү чоң, оор иш, көп эмгекти, көп убакытты да талап кылат. Биринчиден, биз эч качан тарыхыбызды унутпашыбыз керек. Экинчиден, жаштарды жерин, элин сүйүүгө, патриоттуулукка тарбиялаганга керек. Үчүнчүдөн, ушундай каргашалуу окуялар Кыргызстандын аймагында экинчи ирет болбосун үчүн андан сабак алышыбыз зарыл. - Сиз буга чейин башкалардан айырмаланып, жаңы конуштардын шартын жакшы түшүнгөн, күңгөй-тескейин мыкты билген инсансыз. Депутат болгондон кийин жаңы конуштарга кандай жардам бере алдыңыз? - Жаңы конуштар боюнча эң биринчи келгенде грантты карадык. Тоолуу райондорго жана айыл жериндеги элдин жашоосун жакшыртууга 15млн. доллар япон гранты бөлүнгөн. Ошондо жаңы конуштар менен тоонун башында жашагандар айырмасы жок дедим. Ошондуктан жаңы конуштарды да ошол жакка киргизип коелу деген элем. Кудайдан болуп, ал грантка булар да илинип калды. Андан тышкары Билим берүү министрлиги тарабынан айыл жеринен, тоолу райондордон бүтүп келген балдарга ЖОЖго өткөнгө квота берилет. Мен алардан сурандым жаңы конуштан жашагандарды да, квотага киргизели дедим. Андан тышкары жаңы конуштардын өсүп, өнүгүү программасын иштеп чыккам. Ошону Жогорку Кеңештен бекиттирип алсам жакшы болот эле. Ал 2015-жылга чейинки программа. Мектеп, балдар бакчасы салынып, суу, свет чыгыш керек. Анын баары программада качан салынышы керек экени жазылуу. Жаңы конуштарда элдин баары жумушсуз. Жакыр элдер жашайт. Ошондуктан жумушсуздукту жоюп, ар түркүн ишканаларды салышыбыз керек. Дагы бир көкөйгө тийген бир маселе бар. Жаңы конуштарга балдар бакчасын, мончо, дарыкана салганга өкмөттүн азыр кудурети жетпейт. Жергиликтүү элдин колунда баарына курам дегенине беришибиз керек. Бирок, аларга архитектура жактан жер берилбей тендердик негизде жерди сатып алгыла деп жатат. Менин шайлоочуларым өткөндө кат жазып келиптир. Мечит салалы десем, конкурстан утуп алып, тендерге катышкыла дейт. Ошондон улам социалдык обьектилерди салганга жерди бекер берели деп токтом кабыл алалы деп жатабыз. Маселен, баня, дарыкана эл үчүн да. Ага кошумча менчик бейтапкана салса да жерди бекер берсек, социалдык проблеманы чечет да. Керек болсо, завод, фабрика, мини цехтерди салабыз дегендерге да жерди беришибиз керек. А түгүл суу, свет, жолунан бери салып, аларга шарт түзүп беришибиз керек. Биринчиден, эл иштейт. Экинчиден, салык төлөнүп, бюджетке акча түшөт. Инвесторлорду да алып келсек деген жакшы пландарым бар. Өткөн жумада 13 улуттук долбоордун прогаммасын түзүп, төрагага кат жибердим. Мен жашообузга керек болгон тармактардын баарын карап, 13 программа жазалы дедим.1) Кыргыз Республикасынын генофондун сактап калуу тууралуу түзүлгөн долбоор. Биз акыркы жүз жылда жоголуп кете турган мамлекеттерге кирип калыптырбыз. Бир жагыбызда 1жарым миллиард кытай, бир капталбызда 150млн. орус турат. Кыргызстандын калкынын саны 5млн. дегени менен анын ичинен кыргызды алсак, 1млн.200 миң эле. Ошон үчүн генофонду сакташ үчүн алдын ала чараларды көрүшүбүз керек. Элдин социалдык абалы начар болгондуктан энелер да ооруп, андан оорулуу балдар төрөлүп, миң бала төрөлсө, анын 52си өлүп калып жатат. Бизде балдардын өлүмү да көп катталууда. Анан калса, кыргыздардын генофонду алсыз. Өкүнүчтүүсү, кыргыз кыздар оруска тийсе орус, кытайга тийсе кытай, татарга тийсе татар төрөлөт. Эч убакта кырыгыз төрөлбөйт. Кыргыз тийбеген улут калбай калды. Керек болсо биз муну трагедия катары кабыл алып, азыртадан ойлонушубуз керек. Минтип чет мамлекетке жумуш издеп кеткен миңдеген кыргыздардан айрылып жатабыз. Башкасы аз келгенсип, Ошто 1200 СПИД менен ооругандар бар экен. Кыргыздын генофонуна анын да кесепети тийет. Ошондуктан мамлекет төрөй турган энелерди камкордугуна алышыбыз абзел. Биз ошон үчүн 10 балалуу энелерге 100 миң сомдон берели деп жатабыз. Кыргыз болгондон кийин кыргыздардын эртеңи үчүн кам көрүп, энелерге аяр мамиле жасап, колдоо көрсөтүшүбүз керек. - Негизи жакшы жөрөлгөнү баштап жатыпсыздар, анча акчаны кайсы булактардан аласыздар? - Энелерге сыйлыкты "Кумтөргө" окшогон алтын кендеринен акча алышыбыз керек. Алтын бир ууч чиновниктердин пайдасына эле тиешелүү эмес, ал элдики. Ошондуктан алтын улуттук байлык. Ар бир кыргыздын жаранына алтындын үзүрүн көрүшүбүз керек. Экинчи булак, кабат үйлөрдө жашагандарга өкмөт дотация берет. Жылытканга, суусуна эки миллиард акчаны бергенди токтотушубуз керек. Анткени, Конституцияда ар бир адамдын укугу бирдей деп жазылып турат. Кабат үйлөрдө көп болсо, 100 миң үй-бүлө жашайт. Ошолорго эки миллиард акча коротобуз. Менчик үйүндө жашагандар көмүр алып, отун алып, жылытып эптеп кыштан чыгып жатат. Кабат үйдөгүлөр айына беш жүз эле сом төлөп, кыштан 2 500 сом менен чыгып кетет. Эгер ошол кабат үйлөрдө кары-картаңдар жашаса дотацияны калтыралы. Квартиранттар жашаса алып таштайлы деп төрагага кат жөнөткөм. Анткени, Бишкектин борборунда бир да жөнөкөй киши жок. Байдын баары ошол жакта. Тескерисинче, борборго эмес, айыл жерине жардам беришибиз керек. Борбордун чок ортосундагылар чет элдиктерге үйлөрүн квартирага беришип, киреше табышат. Ага өкмөттөн дотация беребиз. Мен ошону жокко чыгартып, 10 балалуу энелерге берели деп жатабыз. Эгер Кыргызстан бай мамлекет болсо, кыргызстандыктардын баарына анда ошончо акчаны берели. Дүйнөдөгү эң кедей мамлекет бизбиз.Кыргызстанда 5млн. элдин эсебинен 5%ы гана бай жашайт. - Бейшен мырза, 9 кабат үйлөрдү, бир эле киши алып, мейманканага берет деп айткан элеңиз. Депутат болгондон кийин ал иш боюнча кандай аркеттерди көрүп жатасыз? - Мен ушундай деп айтсам ээсин таап,камап салышыптыр. Тогуз кабатта тең бир бөлмөлүү квартиралар экен. "Эми эмне кылалы"- дейт. Оокатын кыла берсин, бирок, короткон суусуна, жылыткан үйүнө учетчик менен төлөсүн дедим. Мен аны камагыла деген эмесмин деп айттым. - Менчиктештирүүнү эми өкмөт эле чечет, Жогорку Кеңеш карабайт деген талаш маселе жаралды. Бул боюнча эмне демекчисиз? - Биз туура кылдык. Анткени, өкмөттөр менчикке берет да, Жогорку Кеңеш жаман атты болуп калат. Ошон үчүн бардык жоопкерчилигин өкмөткө жүктөлгөнү туура. Анткени, понсионаттарга Акаевдин учурунда эле кол коюлуп, азыр "Ак Жол" колдоп койсо бизди күнөөлөп жатышат. Чынында мурдагылар жазаган боткону биз жегенге туура келип калды. - Сиздин сүйлөп жаткан сөзүңүз, жасап жаткан ишиңиз менен патриот экениңизди далилдеп жатасыз. Казактарга берилген жерге макул болдуңузбу? - Мен Каркыраны көрүп келейин деп жазылгам. Бирок, ден-соолугума байланыштуу бара албай калдым. Таластагы гранит чыккан жерди, жана Токмоктогу алмашкан жерге макул эмесмин. Каркырадан утулган жокпуз. Тескерисинче уттук. Бирок, Талас менен Токмоктон утулуп калдык. Мыйзамдын ратификацияланышын сунуштап келген Саламат Аламановго бир квадрат метр гранит канча турат? Бир гектар жер канча сом болот? Запаста канча гранит калды? Ошол суроого жооп бериңизчи десем жооп бере албады. Ушул жерден утулуп калдык деп ойлойм. Мындай караганда биз жердин 70%ын алып, аларга 30%ын бердик десек болот. - Парламенттеги вакуум кандай? - Мен үчүн парламентте вакуум деле жок. Качан, кайдан, сүйлөгүм келсе, сөз сурап сүйлөй берем. Башында регламентти бекиткенде туура эмес кылыптырбыз. Регламентти көрүп алып, журналисттердин баары балык ооз депутаттар келди деп да ийишти. Ч. Кутманалиева |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|