Коомдук-саясый гезит
№11, 22.04.08-ж.

Меймансап
Форум




  ЦИКЛ: КЕЧИККЕН СЕКЬЮРИТИЗАЦИЯ

Адам эркиндиги кымбатпы же улуттук коопсуздукбу?
Учурда республикада 360 диний уюмдар бар, анын ичинде 46 орус православ чиркөөсү, "старообрядцы" дегендердин эки уюму, католиктердин 4 жамааты жана протестанттык маанайдагы 308 уюм бар. Алардын 49у баптисттерге, 21и лютерандарга, 49у "пятидесятниктерге", 30у адвентисттер, 36ы пресвитериандар, 41и евангелие христиан харизматтар, 41и Иегованын күбөлөрүнө таандык жана дагы 14 евангелиялык христиандардын өз алдынча уюмдары бар. Мындан сырткары 21 чет элдик диний миссия, 12 бахаи жамааты, буддисттердин жана иудейлердин бирден уюмдары ошондой эле Дианетика борбору катталган. Ал эми каттоодон өтпөгөн Кришнаиддер коому, Сан Мён Мун чиркөөсү, Вайшна коому, Махариши менеджмент мектеби, Иисус Христостун акыркы күндөрдүн ыйыктары (мормондор) аттуу уюмдар мыйзамдан тыш иш алып барышууда. Исламга келе турган болсок 1 университет, 7 институт жана көптөгөн мектеп-медреселер бар.
Демократияга шылтап билген намазыңды окуп, каалаган кудайыңды тааны дедик, алакандай элибиз алтымыш түрлүү кудайга сыйынып жатып калды. Бул диний уюмдардын ишмердүүлүгү 1991-жылкы мыйзамга ылайык жөнгө салынып келген. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин жана Өкмөтүнүн чечимдерине ылайык дин иштери боюнча мамлекеттик агенттик жаңы мыйзам долбоорун көтөрүүдө. Айрым дин өкүлдөрү эми ага да каршы. "Подпольеге кетебиз" деген баптисттер "Кудайды угабызбы же бир адамдардыбы"-деп коркутуп отурушат.

2007-жылдын 7-сентябрында Коопсуздук Кеңеши түзүлгөн абалды көрүп кооптонуп, атайын чечим кабыл алган. Ушундай эле чечимди февраль айында Өкмөт да кабыл алып дин иштери боюнча мамлекеттик агенттикке тапшырган. Ойгонсок убакыттан уттуруп ийиптирбиз. Совет бийлиги КПСС деген "кудайынын" Маркс, Энгельс, Ленин аттуу пайгамбарларын илимий атеизм деп окутту. СССР кулап эгемендүүлүк алганда дин мамлекеттен бөлүнүп, Конституцияда жарандар каалаган динге ишенип, анысы үчүн кысымга алынбашы бекитилген. Бул албетте жакшы, ар бир атуулдун негизги укуктарынын бири. Бирок биз аша чаап кеткен окшойбуз, айтайын дегеним, төрт тарабың кыбыла дегендей эле болгон. Абалдан пайдалангандардын саны оголе көп болуп чыга келди. Алсак, адвентисттер, баптисттер, лютерандар, пресвитериандар, Иеговалар, иудейлер… аягы оңой менен суюлбайт.
Муну менен катар Манастын жети осуятын киргиздик, бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгармакчы болуп. Бир ууч эл жүз бир түрлүү кудайга сыйынып, бири ойду, бири тоону карап турса кайдагы ынтымак, каяктагы биримдик? Бул жерде диний сезим, руханий маанидеги кеп болуп жаткан соң албетте өтө этияттык менен мамиле кылуу зарыл. Кимге ишенет, ар кимдин өз укугу. Бирок элдин эртеңин, мамлекет коопсуздугун да эстен чыгарбоо керек. Антпесе, чет элден келген миссионерлер өз максаттарына жетиш үчүн бекер компьютердик жана чет тилдик курстарды жамынып, материалдык жардамдар менен азгырып иш алып барышууда. БЕКЕР дегенди укканда жанталашкан айрыкча дардаке жаштар алардын кайырмагына илинип келет.
Мамлекет менен диний уюмдардын мамилесин жөнгө салып келген 1991-жылкы мыйзамдын эскиргендигин эске алып, баардык талаптарга жооп берген жаңы долбоордун зарылчылыгы чыгып отурат. Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Каныбек Осмоналиевдин "Диний ишенимдер боюнча чектен чыккан эркиндиктен Кыргызстан кутулушу керек" дегенинин жөнү бар. Анын айтымында өлкөдөгү коомдук-саясый абалга таасирин тийгизип, диний ишенимдерди алмаштырып, конфликттерге алып келе турган диний мүнөздөгү басылмалардын, аудио-видео каражаттардын республикага алынып келишине чек койгон өзгөртүүлөр жана толуктоолор жаңы мыйзам долбооруна киргизилген. "Жарандарды агрессивдүү прозелитизмден (башкаларды өз динине тартуу аракети -ред.) мыйзам жолу менен коргоо зарыл, анүстүнө башка диндерди сынга алуу, материалдык жардамдарды көрсөтүү жана бекер окууларды сунуштоо жолу менен азгыргандарга бөгөт коюу керек. Сыйынуучу жайлардын жана диний окуу уюмдарынын стихиялык түрдө кулач жайып баратканына, ошондой эле адаттан тыш жаңы диний агымдардын келишине, деструктивдүү экстремисттик, реакциялык уюмдардын жана исламдык фанатизмдин жайылышына чек кое турган нормаларды киргизебиз" -деген аткаминер христиандык-протестанттык диний агымдардын саны өсүп, алардын катарына жергиликтүү элдин жаштарынын өтүп жатышы улуттар аралык ынтымакка доо кетиришинен кооптонууда.




Жакындан таанышуу максатында борборубуздагы айрым диний уюмдардын чиркөөлөрүнө баш бактым. "Христианская евангельская пресвитерианская церковь "Вера" деп коюшат экен. Кайсы күндөрү саат канчада кайсы ырды ырдап, кантип кудайга кызмат кылышаары тууралуу өзлөрүнүн күн тартиби бар. 1997-жылдан бери иш жүргүзүп келишет, Пастырь дегени (анабашчысы) Түштүк Кореядан келген миссионер экен, негизги окуу-проповеддерин котормочусунун жардамы менен жүргүзүп жатты. Андан сырткары пастырдын орун басары, проповедниктер, дьякондор, сержанттар деген сыяктуу иерархиясы бар. Келип сыйынып жаткандардын жүрүм-туруму сыртынан карап турган мага жакты. Баары жаңы заманга шай келет. Жибек-Жолу проспектисинин боюнда жайгашкан чиркөөнүн көлөмү чоң, баардык оокаттары бар. Садага иретинде жүрөктөн чыккан каражаттарыбызды беребиз дешет, ал деле көп болбосо керек. Негизги каражат Түштүк Кореядан келет.
Демалыш күнкү кызмат кылууда кудайга багыштап музыканын коштоосунда ыр-бий болуп, андан соң пастырдын лекциясы башталат. Ал "Биз койлорбуз, Иисустун койлорубуз, койлордун койчусу болот. Койлор кожоюнга баш ийүүсү керек. Койлор ынтымакта чогуу болушу керек, анткени алар жоош, жырткычтардай азуусу, курч тырмагы жок, бүркүттөй көрөгөч да эмес. Макоо, маңыроо, бири аңга түшсө, артындагысы деле түшүп кете берет. Алар бириндесе алсыз болушат жана жырткычтар жеп кетет. Андыктан аларга пастыр керек. Пастырга баш ийип жашасаңар гана бакубат жашоо болот" деген узун сабагын бүтүргөн соң түшкү тамакты чогуу ичишет. Анан кайра "руханий тазалануу", "кудай менен байланыш", "Иисус менен таанышуу" уланат.
Чиркөөнүн карамагында бекер компьютердик класс, корей тилин үйрөнүү боюнча курс бар. Жакында англис тилин да үйрөтүү башталат. Келип жүргөн жигиттердин бири студент. "БГУЭПте окуйм, мусулман досторум бар, алар менен сый мамиледемин. Группалаштарымды да бул жакка чакырып келем. Чиркөөгө келүү окуума зыян эмес, тетиринче жардам берет" дейт. "1-майга карата балдар үйүнө жардам берели деп жатабыз"- деген Насиба "Бөиз эч кимди кыйнабайбыз, биз үчүн үй-бүлө ыйык. Андыктан үй-бүлөнү бузуп, бирөөнү чиркөөгө алып келүү болбойт". Насиба баардык адамдарды жылуу тосуп, жылмаюу менен узатып жатты.
Бул чиркөөнүн пастырынын орун басары Мулугета Абебе Мулат Эфиопиядан келген. "Келгениме көп болду, жакында Кыргызстандын атуулдугун алам. Биз кудайга Кыргызстан үчүн, Президент үчүн да жалынабыз. Бул өлкөнүн баардык мыйзамдарына баш ийип жашайбыз. Бирок кандай гана президент, бийлик болбосун аны кудай жараткан, ал Иисустуку. А биз болсо Иисуска баш ийебиз" дейт.
Мени менен маектешип отурган жардамчыларын көрүп Кореялык миссионер ачууланып, өз тилинде урушуп алды. Маекке чакыртсам жашырган сырын ачып алам дедиби айтор, азыр кудайга кызмат кылат элем, жергиликтүү пастырлар менен эле сүйлөшсүн деп качып туруп алды. Бир нерседен чочугандай, кооптонгон түрү бар.
PS. Учурунан өтүп кетти көрүнөт. Канча мыйзам кабыл алба, кайсы бир идеяларга, ишенимдерге жанын берип алгандарды токтот дей албайсың. Дин эркиндиги, адам укугу деген ушу экен. Азыр айтып жаткан мыйзам долбоорун 15 жыл мурун эле киргизип, элибизди ар кандай диний агымдардан, чет элдик миссионерлердин таасиринен сактап калууга болот беле?
Урмат ИМАНАЛИЕВ












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan