![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №11, 22.04.08-ж. |
Меймансап Форум Эсимде... Биз билген да, билбеген да рысбекРедакциядан: Урматтуу окурмандар. "Биз билген да, билбеген да Рысбек" аттуу теманын алдында жарыяланган №9 (08.04. 2008-ж.) саныбыздагы "Рысбек" деген аталыштагы китеп вариантынан үзүндү жарыялап, ал үзүндү "К. Бакиевдин да бийликке келишине Рысбектин салымы бар деген сөздөр бекер жеринен чыкпаса керек да?" деген суроо менен токтогон. Гезит жарыкка чыкккандан тартып редакцияга ар кандай маанайдагы телефон чалуулар болду. Ошондуктан, коомдогу кырдаалдарга байланыштуу биз азырынча Рысбектин балалыгынан баштап өзүнүн тирүү кезинде айтып берген маектерин берип туралы деп чечтик. (Китептен үзүндү) Маегибизди бүт республика атын күндө атап, мындайча айтканда "эл ичинде уу-дуу кеп" болуп жаткан атактуу инсан, бүткүл кыргыз эр азаматтарынын башын бириктирип, аларды сырттан келген айрым адамдарга жем болуудан сактап, чыныгы улуттук баатырга айланып бараткан Рысбектин Ысык- Көл жээгинде өткөн балалыгы кандай болгон деген кыска суроолорго жооп алуудан баштасак. - Бисмилаахир- рахманнир- рахиим. Мен балалыгымды эстесем, кичине кезимде Акматбай чоң атамдын колунда өстүм. Биз жайлоодо көп жүрдүк. Чоң атам көп нерселерди, тарыхый окуяларды кызыктуу баян кылып айтып берчү. Анан кошуналарым Токтогул чоң ата менен Абдыразак чоң аталардын кыргыз элинин өтмүшү тууралуу, биздин элдин баатырлары жөнүндө сүйлөшкөндөрүн көп укчумун. Менин Акматбай чоң атамдын атасынын аты Коно болгон. Бир ирет Коно атын минип, айгырын жетелеп жайлоодон келе жатып, айгырынын буту тар кыядан тайып кетип, зоодон зыңга карай учуп кетээрде, чоң атам айгырдын жал-көкүлүнөн шарт кармап, карылуу колдору менен учурбай кармап калып, кайра жолго тартып чыгарып койгону тууралуу Акматбай чоң атам айтып берген. Көрбөйсүңбү, кыргыздар, алардын ичинде менин ата- бабаларым да кандай балбан адамдар болгон. Ошол кездеги чоң атамдын айтып бергендери менин балалык сезимиме өтө чоң таасир калтырган окшойт, мен дагы кичинекейимден эле балбан, күчтүү болгум келчү. Акматбай чоң атам ошентип мага жакшы тарбия берген экен. Ал мага "Сергек бол!" деп эртең менен эрте тургузуп, чуркап жүргөн башка спортчу балдарды көргөзүп, "көрдүңбү баланчанын баласы чуркап жүрөт" деп мени спортко шыктандырып турчу. Ошол үчүн ар күнү турникке тартынып, денеми чыңап, ат минип алып Көл жээгине көп келчүмүн. Жайлоолордун тар кыялуу тайгак жолдорун ат менен караңгы түндөрү бастырып өтчүбүз. Жайкысын жайлоого чыккан малды жумасына бир жолу барып белгилүү бир жерге чогултуп коюп кайра келчүбүз. Чолпон-Атанын жайлоолорунун бири Мамы-Таш деп аталат. Ал жердин Мамы-Таш деп аталганынын себеби: илгери Манас атабыз калмактарды чаап, согуштук жортуулдарга барган, согуштан кайткан кездерде атын байлап, өргүп өтчү экен. Ошол чоңдугуна кулач жетпеген мамы сыяктуу кара ташты Манас атанын батыр-чоролорунун бири сайган таш экен. Мамы-Таштын тегерегинде чоң мазарлар бар. Балким ал жерге жарадар болуп үйүнө жетпей калган кыргыз баатырларын койсо керек. Ал мазарларды тегерете курчап турган таштар белчесине чейин жерге батып кеткен. Азыр деле, жайында Чолпон-Атага барып калган кездеримде ошол Мамы-Таш жайлоосуна барып куран окутуп турам. Эмне үчүн азыркы доордо ата-бабаларыбыздын рухтарын дуба менен, же мекенчил жакшы иштери менен кубанта турган жигиттер аз? Ушул ой мени дайыма түйшөлтөт. Албетте, кыргыз улуу журт. Калмактарды тарыхтын тепсендисинде калтырып, калмактардын калган тукумдарын өз арасына сиңирип алган улуу кыргыз элинде мен ойлогондой эр-азаматтар сөзсүз бар, ал тургай жетиштүү. Бирок, көпчүлүгүнүн куу турмуш кууратып, жетишсиз жашоо алсыратып, анын айынан "сынып калып" жатышкандары бар. "Сынып калды" деп эмнени айтып жатам? Маселен, ошол эр-азаматтардын кээ бирөөлөрү кендирди кескен материалдык муктаждыктын, кээ бирөөсү эркинин боштугун наркоман, аракеч болуп өзүн-өзү эл алдында сындырып, кадырын кетирип алып жатышат. Мен курактуу далай тың балдар арактын, наркоманиянын, тамекинин азабынан жашоодо максаттарына жете албай маркум болуп кетишти. Бул бир ууч кыргыз журтубуз үчүн абдан эле чоң жоготуу. Менин сунушум: Кыргыз уулдары спорт менен машыгып, арак, баңгизат менен өздөрүн өздөрү жок кылууну токтошушса. ( Уландысы бар) Кадыр Момоев Нуржан кожомкулова: "Мага Сүймөнкул баласын ээрчитип алып келчү" Кыргыз элинин өчпөс жылдызы таланттуу актер, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморов арабызда азыр жок болсо дагы, анын артында атасынын атын алып жүргөн үч уулу бар. Тун уулу Бактыгул өмүрлүк жары Салимадан болсо, кийинки эки уулу Эргул менен Азамат Нуржан эжеден. Сүймөнкул Чокморов өмүрүнүн акырына чейин эки аялды бирдей карап, бирдей сүйүп, эки жашоо менен жашап келген. Актер менен Нуржан Кожомкулова экөө официалдуу түрдө каттоого турушпаса дагы билинбей 16 жыл бирге жашашкан экен. Кантип ушундай тагдырга кабылышканын Нуржан эженин өз оозунан угалы деп издеп барып жолуктук. Эже да Сүймөнкул аганы эскерип берүүгө макул болду. - Сүймөнкул ага менен кантип жолугуп калдыңар эле? - Мен анда шаарда Медициналык орто окуу жайда атамдын бир тууганы Күлипа эжемдикинде туруп окучумун. 17 жаштагы кыз элем. Бир күнү Күлипа эжем мени "Почтамка барып кат алып кел"-деп жиберди. Почтамттан чыгып баратсам үч бала мага "таанышып алалы"-деп тийишип, колуман катуу кармап кое бербей туруп алышты. Коркконуман ыйлап да жибердим. Ыйласам да балдар кое беришпей турган убакта почтамттын ичинен каратору, мурутчан, ак плащ менен ак калпак кийген бою узун бир киши чыгып, жаныбызга келип "Кое бергиле, бул эмне кылганыңар"-деди эле, балдар качкан бойдон кетишти. Чөнтөгүнөн бетаарчысын алып чыгып, жашымды аарчып сооротту. Мен рахмат айтып өз жолума түштүм. Биринчи жолу ушинтип жолукканбыз. - Экинчи ирээт кантип жолуктуңар? Же сиздин даректи алып калды беле? - Таанышкан күнү эч кандай ашыкча сүйлөшкөн эмеспиз. Экинчи жолу капысынан кезиктик. Курбу кызым экөөбүз сабактан чыгып келатсак алдыбыздан Сүймөнкул бирөө менен чыгып калды. Мен таанымаксан болуп өтүп бараткам, "Чоң кыз өзүңдүн куткаруучуңду тааныбай калдыңбы?" деп тамашалап токтотуп калды. Жанындагы досу дагы сүрөтчү Абдырай Осмонов экен. Ал дагы "Мындай сулуу кыздардын портреттерин тартыш керек, бизге келгиле"-деп, Сүрөтчүлөр союзунун дарегин беришти. "Бул жакта эмне кылып жүрөсүң"-дегенинен ,"Бул жакта окуйм"-дедим. "Жакшы жүрсөң эле болду, жакшы калгыла"-деп досу экөө басып кетишти. Жанымдагы курбум Соня "Сен эмне тааныган жоксуңбу, бул Чокморов да"-деди. Мен "Кайсы Чокморов?"-десем, "Караш-карашта ойногон Чокморов, кантип тааныбайсың"-деп мени урушуп жатпайбы. Мен Сүймөнкулду актер экенин билген эмесмин, ал ойногон Караш-карашты да көрбөптүрмүн. Дал ошол учурда кино театрда "Караш-караш" жүрүп жатыптыр. Соня экөөбүз ээрчишип барып көрүп да келдик. Ошондо гана анын артист экенин билдим. - Андан кийин? - Андан кийин дагы кокусунан Эркиндик бульварынан жолугуп калдык. "Ой алдамчы кыз, келем дебедиңер беле, эмнеге келген жоксуңар"-деди. Мен "Байке, сиз артист турбайсызбы, а эмнеге айткан жоксуз"-деп сөздөн сөз уланып сүйлөшүп туруп калдык. Коштошуп жатып жумушуна дагы чакырды. Бир күнү курбум экөөбүз чыгынып Сүрөтчүлөр союзуна бардык. Өзү сүрөт мастерскойунда жок экен. А.Михалев деген атактуу сүрөтчү бар эле. Ал "Күтүп тургула"-дегенинен анын сүрөт мастерскойуна кирдик. Ошол жерден курбум экөөбүздүн портретибизди Михалев тартты. Ал күнү Сүймөнкул келбегенинен кетип калганбыз. Бир күнү менин окуу жайымдын жанынан Сүймөнкул экөөбүз дагы кокусунан кезиктик. Мен окуган Медициналык орто окуу жайдын жанындагы ооруканада дарыланып жүргөнүн айтты. Сүймөнкулдун оорусу ошондо башталган экен. Ооруканага күн алыс келип, дарыланып жүрүп, экөөбүз кез-кезде көрүшүп калчу болдук. Бир күнү өзү мени издеп жатаканама келиптир. Ошентип бат-баттан келе баштады. А мен жашмын да түшүнбөйм, мен ал менен байке катары сүйлөшчүмүн. Мени "Чоң кишиге жолугууга чыгат"деп окуу жайдан айтышканбы, атам билип калып айылга Миң-Кушка алып кетип калды. Ошентип, 10 -классты айылдан окуп калдым. Мага Сүймөнкул шаардан кат жаза баштады. Азыр да менде ошол убакта жазган 20га жакын каты сакталуу. Бир курдай Сүймөнкул Миң-Кушка чейин издеп келип, мага биринчи жолу ошондо сезимин айтты. Андан кийин дагы эки жолу келип кетти. Бир күнү телофонго ( переговорный пункт) чакыртып, сүйлөштүк. "Сен окууну бүткөн соң шаарга кел, мен сени Баткенге алып кетем. Үйлөнөбүз"-деди. Мен "Эмнеге үйлөнөбүз, ачык айтыңыз, айтпасаңыз барбайм"-десем, "Сен өзүң билесиң. Менин эки бийиктигим бар, бири кино, бири живопись. Мен искусстводо бактылуу адаммын. Бирок, мен жеке турмушумда бактылуу боло албай жүрөм. Үчүнчү бийиктик менде жок. Ал наристе. Мен балалуу болгум келет"деген эле. Мен макулдугумду берип, кеткен жатканымды ата-энем билип калды. Айылга Сүймөнкулдун келгенин да көрүшкөн эле. Апам макул болсо дагы, атам "Барбайсың, Өзү эми бир келсе, анын мурутун бирден жулам"-деп жинденип, жибербей койду. Окууну бүткөндө мени шаарга эмес, Москвага окууга тапшырганы жөнөтүштү. Ал жактан окууга документимди тапшырып, кайра окуу башталгыча-деп айылга келген убакта аварияга кабылып, ооруканага көпкө жатып, Москвадагы окуумду улантпай калдым. Ооруканадан чыгып айылда жүргөн кезимде Сүймөнкулдун балалуу болгонун уктум. Апама айтып ыйласам "Ошондо эле сени жиберсек болмок экен. Сенин тагдырыңды биз байлап койдук. Сен эми жашсың, кайгырба"-деп сооротуп, мен да тагдырыма баш ийип унчукпай калдым. Барбай койгон өзүм эле да. Ошентип, дагы бир жылдан соң шаарга барып, мамлекеттик университеттин филология факультетине тапшырдым. Ал жакта окуп жүрүп, бир күнү Сүймөнкулга дагы кокусунан жолуктум. Ошондон тартып, ал менин жатаканама баласы Бактыгул менен келе баштады. Ал кезде Бактыгул 2 жашта болчу. "Сүймөнкул байке, сиздин үчүнчү канатыңыз,бийиктигиңиз пайда болду. Сиз ушуну каалачу эмес белеңиз. Кудай буюруп балалуу болдуңуз. Эми мага экинчи келбеңиз"-дегениме болбой келе берди. Ошентип, бирге болууну чечтик. 1977-жылы уулубуз Эргул төрөлдү. Андан соң 1980-жылы Азаматты төрөдүм. Сүймөнкул бизге там алып берип дегендей, каралашып жүрдү. Башка эркектердей болуп таштаган жок. Ошол эле учурда аялы Салимадан да кол үзгөн жок. Анын үстүнө ал кезде Сүймөнкул абдан оорукчал болуп дарыланып, бир буту Москвада бир буту биякта эле. Өзү ооруп жатса ашык нерсени сүйлөп тынчын алгым келбей, "официалдуу никеге туралы" деп да айткан эмесмин. Өзү да унчуккан жок. Ушундай жашоо менен билинбей 16 жыл бирге болуптурбуз. Ал кезде эки аял алуу жат көрүнүш болчу. Эки аял алгандарды партиядан чыгарып, абдан уяткарчу. Ошондуктанбы айтор, үчөөбүздүн бирибиз дагы бул жөнүндө ооз ачпадык. - Демек, жубайы Салима билген экен да? - Салима эже менен мени Айтурган Темирова менен Болот Шамшиев тааныштырган. А Айтурганды Болотко мен тааныштыргам. Айтурган экөөбүз кичинебизден бир короодо чоңойгон ынак курбулардан элек. Айтургандардын дачасынан келе жатып, Логвиненко көчөсүнөн Салима эжеге жолугуп, кокусунан таанышып калганбыз. Анан да тагдырдын окшоштугун карабайсыңбы, Салима эже Г.Айтиев атындагы музейде, мен Тарых музейинде иштеп калдык. Чогулуштарда, ар кандай кечелерде жолугушуп калчубуз. Жылуу учурашып, "Уулдарың чоңоюп жатабы, Айтурган курбуң кандай жүрөт"-деп сурагандан бөлөк ашыкча эч нерсе дечү эмес. Мен да башында "билбейт" -деп жүрчүмүн. Көрсө, Салима эже баарын билип эле акылдуулугунан унчукпай, билмексен болуп жүрүптүр да. Чогуу иштегендер "Экөөңөр бири- бириңерди билип туруп, кантип билмексен болуп жүрөсүңөр"-деп таң калышаар эле. - Салима эже менен бир да жолу ачык сүйлөшкөн жоксуңарбы? - Сүймөнкул өлгөндө гана экөөбүздүн бетибиз ачылды. Сүймөнкулдун сөөгүн узатууга мени да чакырышты. Барып, боз үйдүн ичинен Салима эже экөөбүз кучакташып алып ыйладык. Мен андан кечирим сурадым. Ошондо ал "У тебя была любовь, а у меня семья. У меня есть сын, и у тебя дети, нам делить ничего"-дегени эсимде. Сүймөнкул каза болгондон көп өтпөй Салима эже да көз жуумп кетти. - Баласы Бактыгул менен катташып турасыңарбы? - Бактыгулду мен 2 жашынан бери билем. Кичинесинде абдан жумшак, ак көңүл бала эле. Мен аны азыр Сүймөнкулдун уулу катары жакын көрөм, жакшы көрөм. Башында жакшы эле катышып жүрдүк. Атасы каза болгондон 2 жыл өтүп-өтпөй таптакыр катышпай калды. Эмне болгонун айтпайт. Балким, бизге көңүл бурууга убактысы жоктур, билбейм. Менин, балдарым Эргул менен Азаматымдын ага эч кандай жаман оюу жок. Бактыгул бир кандан жаралган бир туугандары бар экенин азыр жаш болуп сезбей жатса керек. Ал апасындай акылдуу, түшүнүктүү деп ойлойм. Балким, азыр болбосо кийин түшүнүп, бир туугандар катышып алышаар. - Азыр уулдарыңыз эмне кызмат кылышат? - Улуусу Эргул политолог. Бирок, өз кесиби менен иштебестен видеотасма менен алектенет. Кичүүсү Азамат жакында атасын тартып "У любви свои небеса" кино тасмасына тартылды. Азыр Москвада убактылуу иштеп жүрөт. Эльмира Мадиева. |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|