Эсимде...

Биз билген да, билбеген да рысбек
Редакциядан: Урматтуу окурмандар. "Биз билген да, билбеген да Рысбек" аттуу теманын алдында жарыяланган №9 (08.04. 2008-ж.) саныбыздагы "Рысбек" деген аталыштагы китеп вариантынан үзүндү жарыялап, ал үзүндү "К. Бакиевдин да бийликке келишине Рысбектин салымы бар деген сөздөр бекер жеринен чыкпаса керек да?" деген суроо менен токтогон. Гезит жарыкка чыкккандан тартып редакцияга ар кандай маанайдагы телефон чалуулар болду. Ошондуктан, коомдогу кырдаалдарга байланыштуу биз азырынча Рысбектин балалыгынан баштап өзүнүн тирүү кезинде айтып берген маектерин берип туралы деп чечтик.

(Китептен үзүндү)
Маегибизди бүт республика атын күндө атап, мындайча айтканда "эл ичинде уу-дуу кеп" болуп жаткан атактуу инсан, бүткүл кыргыз эр азаматтарынын башын бириктирип, аларды сырттан келген айрым адамдарга жем болуудан сактап, чыныгы улуттук баатырга айланып бараткан Рысбектин Ысык- Көл жээгинде өткөн балалыгы кандай болгон деген кыска суроолорго жооп алуудан баштасак.

- Бисмилаахир- рахманнир- рахиим. Мен балалыгымды эстесем, кичине кезимде Акматбай чоң атамдын колунда өстүм. Биз жайлоодо көп жүрдүк. Чоң атам көп нерселерди, тарыхый окуяларды кызыктуу баян кылып айтып берчү. Анан кошуналарым Токтогул чоң ата менен Абдыразак чоң аталардын кыргыз элинин өтмүшү тууралуу, биздин элдин баатырлары жөнүндө сүйлөшкөндөрүн көп укчумун. Менин Акматбай чоң атамдын атасынын аты Коно болгон. Бир ирет Коно атын минип, айгырын жетелеп жайлоодон келе жатып, айгырынын буту тар кыядан тайып кетип, зоодон зыңга карай учуп кетээрде, чоң атам айгырдын жал-көкүлүнөн шарт кармап, карылуу колдору менен учурбай кармап калып, кайра жолго тартып чыгарып койгону тууралуу Акматбай чоң атам айтып берген. Көрбөйсүңбү, кыргыздар, алардын ичинде менин ата- бабаларым да кандай балбан адамдар болгон. Ошол кездеги чоң атамдын айтып бергендери менин балалык сезимиме өтө чоң таасир калтырган окшойт, мен дагы кичинекейимден эле балбан, күчтүү болгум келчү. Акматбай чоң атам ошентип мага жакшы тарбия берген экен. Ал мага "Сергек бол!" деп эртең менен эрте тургузуп, чуркап жүргөн башка спортчу балдарды көргөзүп, "көрдүңбү баланчанын баласы чуркап жүрөт" деп мени спортко шыктандырып турчу. Ошол үчүн ар күнү турникке тартынып, денеми чыңап, ат минип алып Көл жээгине көп келчүмүн. Жайлоолордун тар кыялуу тайгак жолдорун ат менен караңгы түндөрү бастырып өтчүбүз. Жайкысын жайлоого чыккан малды жумасына бир жолу барып белгилүү бир жерге чогултуп коюп кайра келчүбүз. Чолпон-Атанын жайлоолорунун бири Мамы-Таш деп аталат. Ал жердин Мамы-Таш деп аталганынын себеби: илгери Манас атабыз калмактарды чаап, согуштук жортуулдарга барган, согуштан кайткан кездерде атын байлап, өргүп өтчү экен. Ошол чоңдугуна кулач жетпеген мамы сыяктуу кара ташты Манас атанын батыр-чоролорунун бири сайган таш экен. Мамы-Таштын тегерегинде чоң мазарлар бар. Балким ал жерге жарадар болуп үйүнө жетпей калган кыргыз баатырларын койсо керек. Ал мазарларды тегерете курчап турган таштар белчесине чейин жерге батып кеткен. Азыр деле, жайында Чолпон-Атага барып калган кездеримде ошол Мамы-Таш жайлоосуна барып куран окутуп турам. Эмне үчүн азыркы доордо ата-бабаларыбыздын рухтарын дуба менен, же мекенчил жакшы иштери менен кубанта турган жигиттер аз? Ушул ой мени дайыма түйшөлтөт. Албетте, кыргыз улуу журт. Калмактарды тарыхтын тепсендисинде калтырып, калмактардын калган тукумдарын өз арасына сиңирип алган улуу кыргыз элинде мен ойлогондой эр-азаматтар сөзсүз бар, ал тургай жетиштүү. Бирок, көпчүлүгүнүн куу турмуш кууратып, жетишсиз жашоо алсыратып, анын айынан "сынып калып" жатышкандары бар. "Сынып калды" деп эмнени айтып жатам? Маселен, ошол эр-азаматтардын кээ бирөөлөрү кендирди кескен материалдык муктаждыктын, кээ бирөөсү эркинин боштугун наркоман, аракеч болуп өзүн-өзү эл алдында сындырып, кадырын кетирип алып жатышат. Мен курактуу далай тың балдар арактын, наркоманиянын, тамекинин азабынан жашоодо максаттарына жете албай маркум болуп кетишти. Бул бир ууч кыргыз журтубуз үчүн абдан эле чоң жоготуу. Менин сунушум: Кыргыз уулдары спорт менен машыгып, арак, баңгизат менен өздөрүн өздөрү жок кылууну токтошушса.
( Уландысы бар)
Кадыр Момоев