Коомдук-саясый гезит
№11, 22.04.08-ж.

Меймансап
Форум




  Көрүнбөй кайда кеттиңиз..?

"Биз ажырашкан эмеспиз"-деп жолотпой койгон"
- Күлүйпа эже, акыркы убактарда эмнегедир сахнадан алыстап, көрүнбөй кеттиңиз…
- Ооба, сахнадан алыстаганымдын орчундуу себеби бар. Биринчиден, толуп кеттим. Толуктугумдан уялып, эл алдына чыккандан тартынып жүрөм. Экинчиден, өсүп келе жаткан жаңы муунга сахнаны берип, алардын жигердүү иштешине тилектеш болуп, ырдалбай калган ырларды ошолор ырдасын деген ниеттемин. Сахнадан кетсем да менин чыгармачылыгым токтоп калган жок. Дагы деле ыр жазуу, обон жазуу менен алекмин. Ырларымды жактырып, аткарам деп суранган жаштарга оранжировкасынан бери өзүм даярдап берип жатам.
- КТРге акча берүү Күлүйпа Керимбаева сахнага келгенден башталат деп айтып келатат. Ушул сөздүн чындыгы барбы?
- Аны эмнеге жашырат элем. Учурунда КТРдин жана башка каналдардын акча берчү жери да, бербечү жери да болчу. Маселен, айрым көрсөтүүлөргө акча төлөсөң ырыңды эфирден бат-бат кетирип турган коммерциялык жагы болчу. Балким, ошону айтып жатышса керек. Ошон үчүн таланттуу балдар бизди КТРден чыгарбай жатат деп чырылдашып жүрөт да.
Мен айрым ырчылардан айырмаланып, ар бир кадамымды акча менен өлчөбөйм. Кээ бир жакындарымдын тойунда тамада болуп, тойдун көркүнө чыгарып берем. Бирок, башка ырчылардай болуп акча албайм. Тойго келген элдер менин ырдаганымдын, сүйлөгөнүмдөн ырахат алса мен ошого ыраазымын.
- Сизди болоор окуяны алдын ала туя билген касиетке да эгедер деп айтып жүрүшөт. Ошол чынбы?
- Чын. Аны мен эч качан тана да, жашыра да албайм. Керек болсо Ванга да боло турган орчундуу окуяны алдын ала түшүндө көрөт турбайбы. Мен да мактанбайын ошол сыйяктуу саясий, маанилүү окуялар түшүмдө аян берет. Апам мени кичинемде төлгө катары кармоочу. Кудай менин оозума сала бергендей айткандарымдын баары төп келчү. Колумдун да биотогу бар. Экс-президентибиз Аскар Акаевдин качып кетээрин бир жарым жыл мурун эле билгем. Көзүн чылпак басып калыптыр. Келиңиз чылпакты алып коеюун деп жакындасам жөн эле кой деп болбой жатыптыр. Алып коеюун деп жакындаганымда оозунан сасык жыт бур деди. Көрсө, Аскар Акаевдин көзүнүн чылпак басканы. Өмүр бою бетине чиркөө болуп, санаа тартып, мекенинен алыс качып кеткени экен. Оозунан чыккан сасык жыт ал тууралуу эл арасында анын дарегине айтылып жүргөн ачуу сөздөр го деп ойлоп калдым. Феликс Куловдун кызматтан кетээрин да түшүмдө көргөм. Ф. Куловго жолугайын деп кабинетинин алдында кезек күтүп туруптурмун. Жашыл кийим кийинген аялдар жайнап жүрүптүр. Анан чоочуп ойгонуп кеттим. Жашыл өң жакшы. Бирок, аялдар шайтан болчу эле деп койдум. Көрсө, Ф.Кулов кызматтан ызы-чуусу жок кетет го деп жоругам. Ошондой эле болду. Азыркы айрым атка минерлер тууралуу да түштөрдү көргөм. Аны учуру келгенде айтам.
- Кээ бир кызматтагы мырзалар көп аял алуу маселелсин көтөрүп жүрүшөт. Ошол мыйзамды кабыл алуунун зарылчылыгы барбы?
- Азыркы биздин бийлик башындагы мырзалар туура маселени көтөрүшкөн. Себеби, көп аял алуу боюнча мыйзам мурда эле бар болгондо балким, жолдошум менен ажырашпай коет белем деп ойлонуп кетем. Мен ажырашкан убакта аялынын үстүнө аял алып алуу дегенден өткөн уят нерсе жок болчу. Ошондон арданып, биринчи кадамды мен жасап, үч этаждуу үйдү таштап балдарымды ээрчитип алып, баарына кайыл болуп чыгып кеткем. Ошондуктан ушул мыйзамды кабыл алып койсо деле болчудай. Анткени, турмуштун зарылчылыгынан улам көп аял алуу маселеси пайда болду да.
- Жолдошуңуз башка аял менен жашап алганын билип калдыңыз беле?
- Мени менен жашап жүргөндө эле анын бир аялдан баласы бар экенин билчүмүн. Негедир мага орой мамиле жасап, уруп-сокчу адат да таап алган. Ошондой кордук көрсөтүп жатса да, он жыл оңолоор, эсине келээр деген үмүт менен жашадым. Акыры чыдамым кеткенде ажырашууга бел байлагам.
Бирок, Рысбек ал аял менен эле чектелген жок. Андан кийин жаш кыз алып, азыр эки кыздуу болгон. Эки кыз анын кызы эмес деген да күмөн саноом бар. Анткени, ал колу-буту кыймылдабай инсульт болуп ооруп калган. Кыймылдай албай жатса кантип балалуу болмок эле.
- Эгер жолдошуңуз кайра келсе кечиресизби?
- Учурунда ага балдарымдын башын аттап, башка аялдан балалуу болуп алды деп таарынсам керек. Ажырашкандан кийин эки жыл артымдан чуркап, жарашып алалы деп жүрдү. Бирок, мен макул болбой койдум. Азыр жолдошумду ажырашып кеткени үчүн күнөөлөбөйм. Аны убагында чын дилим менен сүйгөм. Мени бакытка бөлөгөн беш баламдын атасы. Ошондон уламбы аны эч качан жек көрбөйм. Ал да пенде. Жаңылды, жазды деп түшүнөм.
- Сизди көңүлдөш таап алып, анан ажырашып кеткен деп айтышат…
- Мен ажырашкандан кийин аялы каза болуп калган мырза артымдан калбай, арзуусун айтып, үйлөнүп алалы деп сунуш кылып жүрдү. Бирок, ага жолдошум "Кетип кал. Бул менин аялым. Андан беш балам бар. Биз ажырашкан эмеспиз"- деп аны жолотпой койгон болчу. Балким ошону айтып жүрүшсө керек.
П. Рысманбетова




  Парапсихологдун бурчу

Лариса
АСАНБЕКОВА,
Академик,
парапсихолог, акын
Максуда Алыбаева, Ош шаары 37 жашта:
- Жолдошум экөөбүз канча жыл жашасак да негедир балалуу боло албадык. Кулагыбыз угуп, көзүбүз көргөн жердин баарына бардык. Медициналык текшерүүнүн кандай түрү болбосун таза чыгабыз. Айлабыз кеткенде балалуу болуш үчүн элдик дарыгерлерге да кайрылып көрдүк. Ушул кезге чейин эч ким себебин аныктай алган жок. Мунун себебин сиз түшүндүрүп, жардам бере аласызбы?

-Жердин түндүк-түштүк уюлу болгон сыяктуу адамдын да, органдардын да түндүк-түштүк уюлу болот. Эгерде эркек менен аялдын уюлдары бир-бирине дал келбей калса, ден соолугунун мыктылыгына карабай балалуу болбой калганы ошондон.
- Бири-бирибизди жакшы көрсөк анда ажырашуу керекпи?
- Ажырашпай эле экөөңүздөрдүн уюлдарыңыздарды башкача айтканда , "полярностту" бир калыпка келтирип коюш керек. Бул "полярность" адамдарда гана эмес, бардык нерселерде болот. Мисалы, машинанын "полярностту" алмашылып калган болсо, ал машина тез-тез бузула берет. Ал үчүн машинанын "полярносттун" туура ордуна коюп койсо бузулбай калат. Мындай мисалдар четтен чыгат.
- "Полярность" дегенди кантип оңдосо болот?
- Билген адис аны тез эле оңдоп кое алат.




  АЙТМАТОВДУН АЙЫМДАРЫ

Керез менен Бүбүсара
(Башталышы өткөн санда)
Все ясно. Салмоорбек аке Бүбүсара эжей Чыңгыз Айтматов менен таанышканга дейре жүрүптүр дешет. Анан а киши Чыңгыз менен таанышкандан кийин, экөөнүн ортосунда кандайдыр эрегиш башталып, бирин-экин анекдоттун пайда болушуна себепкер болуптур эл арасында. А балким, Табышалиев просто жол берүүгө мажбур болгондур?
- Ничего подобного, совсем не так..
- А как?
- Бүбүсара Салмоорбек менен таанышып, встречаться этип жүрүп, анан кийин Салмоорбек Бүбүсара экөө... если на то пошло!.. Муну мен даже айтып бералбайм. Жазсаңар мен муну сүйлөп бералбайм. Мен... просто даже неудобно. Потому что... ну зачем бирөөнүн личный турмушун?..
- Бирок эже, аныгын билбесек көп нерселер көмүскө калып, элдин арасында болбогон ушактар жүрүп жатпайбы, аны ким тыят?
- Болуптур, пока не включайте, мен сизге айтып берейин да, анан если понравится вам, потом включите...
- Айта берсеңиз, эже..
- Эми мен даталарын, вот такие нюансы, вот в таком-то году, вот тогда-то деп айтып бералбайм, таак. Экөө, Салмоорбек экөө көңүлү туура келип, встречаться этип калдыбы,.. жолугушуп жүргөндөн кийин, анан бир топ жыл өткөндөн кийин, уже бу Бүбүсара экөө макулдашып, только мен кайсы жыл экенин точно айта албай жатканым, Москвадан жолугуп, алар анан Сочиге бармак. Экөө үйлөнмөк болот. Анан кийин эле Салмоорбек тиги кимдин кызын, ким эле... фамилиясын унутуп калбадымбы... (пауза) Ну ладно, это не важно... Ах да, Шукуров! "Шукуровдун кызын алып атат! той болуп атат!" деген дуу-дуу гэп болуп калды да. Биз баарыбыз өзүбүзчө.., эми билбейм, жаштар реагировать эткен жок, болсо өзүнүн бир тууган эжеси бар Сакен деген, ал анан мен баарыбыз, таак... Ошо бойдон Бүбүсара ошону Москвадан укпай келатат. Ал Салмоорбекти аерден күтүп-күтүп... Эч кандай!... Молчок! Биз да тыңшап турабыз аякты. Экөө келбей калды. Анан а кезде поезд менен келчүбүз, биерден күтүп-күтүп, анан эжеси тиги Пишпектен... анда мода болчу, поезд Пишпекте жарым саат турчу, ошоерден тосуп, ошентип Салмоорбек үйлөндү деп угузуп... анан ошол эле күнү театрга келди. Я как сейчас помню, келип өзүнүн тренаж балетин заниматься этип, анан кийин терезенин жанына барып, анан кийин... бир-биир гана!.. орусча айтканда чуточку всплакнула, и вот: "Галя, я не ожидала, что он так обманет!" - деп ошентти. Все! Больше на эту тему мы не говорили. Анан көп өтпөй Салмоорбектин айынан тиги, Сапарга чыгып кетпедиби турмушка. Но у них вышло неудачно, не сложилось..,
- Тиги, Салмоорбек аке менен биринчи таанышканда, а киши ЦКда иштеген дешет ко?
- Я не знаю, ошогезде ЦКда иштедибии, кай жерде иштегенин.., комсомолдо иштедиби же жокпу...
- Ушул окуялар элүү канчанчы жылдар дейсиз?
- 54 же 55-жылдар го дейм, потому что...
- Анан Салмоор аке качан үйлөндү ошондо? Года три или четыре они ходили, так?
- Мен айтып атпаймбы, казыр айтайынчы, бизди тиги, жаңы театрга көчкөнүбүздү мобужерде Кыдырбек деле айтып бералбайт ко... Же 56-жылы бекен ай...
- Азыркы опера-балеткеби ?
- Ииэ, сразу ошол жылы. Биз 57-жылы всемирный фестивалга бардык. А бул 55 же 54-жыл болушу керек...
- Вот ошондон кийин Сапар аке.., анан биртке дем алыш болду да. Чыңгыз аке менен примерно канчанчы жылдары таанышты дейсиз?
- Чыңгыз акеңиз менен, таак... 59-жылы болду ал. 59-жылы-ы, биз тиги, "Чолпон" балетин Ленинградка барып тарттырганда, ошогезде биздин республика шефствовала над Кроншадтом. Ошондо бир бригада келди: бир чабан, фамилиясын билбейм, бир работница ЦК Комсомола, Канттан. Ии, анан Турдакун Усубалиевич Усубалиев, как руководитель. Анан Чыңгыз Төрөкулович, төртпү.. Ии-и, кто же еще входил? Бүбүсара... Беш-алты киши болуш керек, бирөөн таппай жатам... Анан кийин алар келди, келгенде. ..
- Ленинграддабы?
- Ииэ, Ленинградда. Келгенде алар өзүлөрү суранышыптыр, бизди крейсер "Аврорага" жайгаштыргыла деп. Анан ошол крейсер "Аврорага" аларды поселить этип, анан кечинде ошолор токтогондо биз: мен эки балам менен...
- Таанышкан жерин айтсаңыз...
- ... ошону айтып атпайымбы. Я свидетель их первого знакомства. Во-т.. Андан мурун может сыртынан, декадага келгенде, же награда болгондо, тияк-бияктан көрүшүп жүргөндүр экөө. Баягы, встречи деятелей ведущих, дегендей, таак. Ал эми непосредственно знакомство болгонун, анан ошол крейсер "Аврорадан" таанышып отурабыз, себеби мен эки балам менен бардым. Кечинде чакырды да бизди. Анан кийин Кулдарова деген болчу бул жерде, балетте, ал азыр Алматыга кетти, анын күйөөсү да партийный аппаратта иштечү, алар балдары менен - баарыбыз крейсер "Аврорага" келдик. Анан кийин Турдакун Усубалиевич, жанагы чабан келин, чабан эмес, тиги келин ЦК Комсомолдо иштеген, тиги, Канттан, жанагы чабан, ии, ошолор баарлыгы палубада туруптур, биз да келдик. Андан кийин аржактан моторка менен Чыңгыз Төрөкулович келди. Вот здесь у них состоялась беседа. Ошогүнү кечинде Невский проспектиге бардык - Турдакун Усубалиевич, Чыңгыз Төрөкулович, мен, Бүбүсара, жанагы менин подругам, балдар баарыбыз бир кафеге бардык. Кафеге барып кичине мороженое жедик, коктейль... бирдеме ичип... Вот с того момента... Ошондо биз үч айдай болдук, же үч жарым ай болуп калдыбыы... Бир айга деп барып анан, майдын, июнда... еще помню, белые ночи бүтөлек болчу.
(Уландысы бар)













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan