![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №11, 22.04.08-ж. |
Меймансап Форум Ырдүйнө Замир Мырза: "Эки кесибим - эки канатым"- Ырчы катары өзүңө кандай мүнөздөмө бересиң? - Кыялкечмин. Ушуга жараша романтикалуу, лирикалуу ырларга жакынмын. Бирок соңку мезгилдерде патриоттук маанайдагы, жашоо философиясын камтыган темаларды да чыгармачылыгымда козгогум келип жүрөт. Адам баласы мезгилге жараша деңгээли, турмушка болгон коз карашы өзгөрүп турат экен. Ушуга ылайык, талап дагы башкача болуп өзгөрөт экен. Ушул нерсе менин жүрөгүмдо жарылайын деп турат. - Ырчы эмнеден коркот? - Ырчыны ырчы кылган ким деген суроодон баштагым келет. Албетте күйөрмандары. Ырчы күйөрмандарын жоготуп алгандан коркот. Эгерде сенин чыгармачылыгыңды жөнөкөйдөн татаалга жогорулатууга күч кубат берүүчү күйөрмандарыңды жоготуп алсаң өзүңдү жоготуп алуу менен барабар. Ал эми мындай нерсе орун албашы үчүн ырчы дайыма талыкпастан изденип, чыгармачылыгыңды өзгөчөлүү жаңылыктар менен толуктап турушу керек. Жеке эле муну менен чектелбестен адам менен тил табыша билип, жүрөгүң таза болсо, акылың тунук болсо ырларың да жугумдуу болот. Өзүң үлгү болуп, жылдыздай жанасың. Мисалы менин оюмча, Токтогул атабыз сыяктуу залкар акындарыбыз, Рыспай Абдыкадыров сыяктуу обончу агайларыбыз, кыргыздын жылдыздары деген атка татыктуу. - Сен дагы келечекте ушундай жылдыз болом деген оюң барбы? - Ырчылык өнөрдү аркалап келе жатканыма 8 жылдай болуп калды. Алгач жергиликтүү аткаруучу катары, Ош шаарында "Заман" деген топто эмгектенип жүрсөм, соңку 4 жылдан бери чоң сахнада да күчүмдү сынап келем. Ошондон берки тилегим, алдыга койгон максатым бул, кыргыз музыкасында из калтыруу, бир тепкичке көтөрүүгө шарт түзө алсам дейм. Менин артыман "качандыр бир кездерде Замир Мырза деген болгон экен, ошонун ырлары" деп муундан муунга өтө турган деңгээлге жетсем деген тилегим бар. Эгерде ошого жетсем гана "жылдыз" деген атка татыктуу болом. Ал эми азыр, ошол алдыга койгон деңгээлиме жеттим деп ойлобойм. - Чыгармачыл жашоодо конкуренция болушу керекпи? - Конкуренция дегенди көп түшүнө бербеймин. Менин пикиримде ырчынын жүрөгү таза болуп, кимдир бирөөгө атаандаштык кылбай жаратуучулук менен алектенип изӨӨӨденсе, анын жүрөгүнөн да таза ырлар жаралат. Башкача айтканда, алдыга, "тигил же бул ырчыдан кыйын ыр жазам, ага караганда атактуу болом дебейм, элимдин музыкалык казынасын байытам" деген максат койсо ийгиликке тез жетишет. - Сенде чыгармачыл эргүү кандай учурларда жаралат, эмне себеп болот? - Америкалык жазуучулардын биринин "Чыгармачылыкты өнүктүрүүнүн 10 жолу" деген китебин окуп калып, аябай таасирленгем. Китептеги эреженин негизгиси, эргүүнү күтүп, убакытты уттурбай, анын артынан кууп жетиш керек" деп айтылат. Мен да азыр ушул принцип менен иштеп келем. Эргүүнү күтпөйм, аны издейм, ырларым максаттуу түрдө жаралат. Мындай көрүнүштүн пайдалуу жери жалкоолуктан алыс болуп, шылтоого мүмкүнчүлүк калбайт экен. - Ырдап жүргөн 10 жылдык репертуарындагы ырларыңдын кайсынысы сага айрыкча сүймөнчүлүктүү? - Бул мезгилде 40тан ашуун ырларым бар. 29-30-апрель күндөрү Спорт ордосунда өтүүчү алгачкы концертимде булардын арасынан тандалгандарын ырдайм. Ар бир ырымдын өз орду бар. Өзүмдүн наристемдей эле көрөм. Бирок, ата-энеге тун бала кандай жакын болсо, мага алгачкы ырларым жакын. Мени Замир Мырза деген ырчы катары ошолор тааныткан. Күйөрмандардын сүймөнчүлүгүнө ээ кылган да ушулар болгон. - Замир Мырза деген ырчынын кыргыз эстрадасында орун алып келе жатканына көмөк көрсөткөндөр кимдер? - Эң алгач атам. Өзү мугалимдик кесипти аркалаганына карабастан, мен жарык дүйнөгө келгенде эле, уулум музыка чебери болсо экен деп тилек кылып, ырымдап Замирбек Үсөнбаевдин атын койгон экен. Өзү да музыкага абдан жакын адам. Бала кезимде музыкалык мектепке берип, урушуп жүрүп сабактарга алып барып, окууну бүткөн соң, музыкалык факультетке тапшырткан атам. Жаштык кез менен "ырчы болбойм, башка кесипти тандап алам" деген жаңылыш ойлорума акылгөй кеңешин берип, туура чечим кабыл алуума жардамын тийгизген да атам. 6-классымдан баштап, азыркы Жогорку Кеңештин депутаты, Кыргыз Республикасынын Эмгек Сиңирген Артисти Ибрагим Жунусовдун шакирти болуп, тарбиясын алып келе жатам. Жеке эле ырчылык эмес, нукура кыргызча музыка деген түшүнүктү, ошондой эле "ырчынын этикасы, туура жашоосуна" үйрөткөн ушул агайым. Ошондой эле, Бишкекке келип чоң сахнага чыга баштаган учурда Ассоль Молдокматова эже көп жардамын, пайдалуу кеңештерин берген. Мага жакшылык каалап, жардамчы болгон досторум бар. Баардыгына ыраазымын. - Алгачкы концертиңди берейин деп турасың. Кандай мүнөздө өтөт? - Жеке концертимди ушул жылы берип жатканымдын себеби, элге отчет берүүчү мезгил жетип калды деп ойлойм. Алгачкы концертим, өзүмдүн стилиме жараша эле классикалык маанайда өтөт. Май майрамдарына карата, жаздын жадыраган күндөрү, элди айрым бир турмуштук маселелерден алаксытып, жан-дүйнөсүнө бир жакшынакай маанай тартуулоо максатында уюштурулуп жатат. - Сени кыргыз эли жеке ырчы гана эмес, студенттердин агайы катары да билишет. Ырчылык менен мугалимдик кесипти бирдей алып кетүүнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу кеп кылсаңыз. - Ар бир ырчынын өзүнө жараша стили, багыты болот эмеспи. Мисалы мен ырчылык ишмердүүлүгүмдө туруктуу, токтоо багытты тандап алгам. Бул албетте менин окутуучулук ишмердүүлүгүмө да мүнөздөш болуп кетет. Эки кесибим куштун эки канатындай болуп бири-бирин толуктап турат. Мисалы, мен мугалим катары жалаң жаштар менен иштешем. Аларга сабак берүүдөн сырткары алардын заманбап талаптары, кызыкчылыктары кандай экендигин түздөн-түз билем. Мындай нерсе, айрыкча ыр тандоодо же клиптерди тарттырууда өз көмөгүн тийгизет. Ал эми ырчылыгымдагы бай тажрыйбам студенттерим менен тез тил табышыма өбөлгө түзөт. - Деги эле эстрада өкүлдөрү ар дайым күйөрмандарга бай келет. Студенткаларыңдын арасында сага ашык катын жазган же сезимин билдирген бийкечтер барбы? - Так кесер жок деп айта албайм. Балким бардыр. Бирок мен олуттуу көз караштагы окутуучумун. Ар бир нерсенин өз орду бар деген принципке таянып иштейм. Башкача айтканда университетте жүргөндө мен кыздардын арзуусуна ээ болгон ырчы эмес, жаш муунга сабак берген мугалиммин. - Канчалык олуттуу мугалим болсоң да, чыгармачыл адам катары жүрөгүң назик, сезимтал болсоң керек. Студенткаларыңдын арасынан сага жагып, эргүү тартуулаганы болду беле? - Андай учурлар азырынча кездеше элек. Балким келечекте жубайымды студенткаларымдын арасынан таап алат чыгаармын. Андай мүмкүнчүлүкутү четке какпайм. - Үй-бүлө күтүүнү качанкыга пландаштырып жатасың? - Адам баласынын турмушунда ар бир нерсенин өз убакыт сааты болот эмеспи. Эгерде менин кыялымда жашап жүргөн кызга жолуксам азыр деле үйлөнмөкмүн.Себеби,мээримдүү жубай, камкор ата болууга моралдык да, финансылык да жактан толук даярмын. Сенин чыгармачылыгыңа таазим этип, чын жүрөгүнөн жакшы көргөн күйөрмандарың канчалык көп болгону менен, сенин очогуңдун куту болуп, ооруңду жерден жеңилиңди колдон алган бирден бир өмүрлүк жарыңдын ордун толтура албайт экен. Мен учурда ошол үй-бүлөс күтүү бакытына ээ болгум келип турган чагым. Бирок азырынча менин жүрөгүмө от жагып, келечегимди бирге өткөрсөм деген ойго жетелеген периштеме жолуга элекмин. - Бийкечтерге кулак кагыш кылып коелу. Замир Мырзанын жубайы кандай мүнөздөмө болушу керек? - Аруу, сулуу, жөнөкөй жан дүйнөсүнө сырткы келбети жарашкан айжамал кыргыз кызы болсо деп кыялданам. Эне катары балдарыма туура тарбия бере алган, кайын журтун сыйлаган, менин ийгилигимди да, айрым кайгымды да тең болүшө ала турган назик аруузат катары элестетем. Маектешкен Назира Асанкожоева |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|