Коомдук-саясый гезит
№12, 29.04.08-ж.

Меймансап
Форум




  Жөө жүрүш бөө жүрүшкө айланды

Жекшенкулов качты, Шер-Нияз сабалды же түптөн көргөн тозок
26-апрелде Түптөн Бишкекти көздөй баштала турган жөө жүрүштү болгон жеринде чагылдыралы деп эртең мененки саат алтыларда борбордон Түп районун көздөй жол тарттык. Балыкчыга жеткенде мага МАИ кызматкерлери ар кадам сайын тургандай эле туюлду. Айрымдары биз бараткан унааны тоскондо "шашып баратам" деп айдоочу саатын көрсөтүп, Каркыра тарапты көрсөтсө "бара бер" деп жылуу узатып койгондору да болду.
Түп районундагы эл чогулуп жаткан жерге жеткенибизде Кудай бетин салбасын кызыктай абалга туш болдук. "Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев, "Акыйкат үчүн" кыймылынын мүчөлөрү жана "Ыйык жерди" сактоо комитетинин жетекчиси Мукар Чолпонбаев, аталган кыймылдын штаб башчысы Азимбек Бекназаров, ошондой эле укук коргоочу, "Жарандар коррупцияга каршы" уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова баштаган жоон топ киши Каркыранын казактарга берилип кеткенине нааразычылыгын билдирип, жөө жүрүштү баштайлы деп турушуптур. Уламдан улам көбөйүп топтоло баштаган элге ырчы Сагынбек Момбеков "К.Бакиев мага берген волгасын алып алды" деп сүйлөп, ансыз да оппозициянын бетин тытып алайын деп шылтоо таппай турган аялдардын шылтоосуна шыноо болду белем, ошол замат үйрөтүлгөн иттей аркыраган аялдар "Элдин тынчтыгын буздуңар. Сен Каркыра үчүн күйүп-бышпай эле волганы алалбай калып келген турбайсыңбы" деп жулмалап, чапкылап калышты. Элге жөө жүрүштүн максатын түшүндүрөйүн деген лидерлерге тажаал аялдарды коштогон жаш балдар ышкырып, кыйкырып, сүйлөшүнө мүмкүнчүлүк беришкен жок. Алардын сөздөрүн укмак түгүл "Үзөнгү Куушту саткансыңар. Каркыраны силерге бербейбиз. Аксы окуясы кайталанып кетсе, силер эмес, биз, энелер жабыркайбыз. Силердин азабыңардан көлгө туристтер келбей калат. Эгинибиз себилбей, жерибиз айдалбай калат" дешип, жөө жүрүштүн уюштуруучуларын айыптап, ошол жерден тез арада чыгып кетүүсүн талап кылышты. Аңгыча күн батыштан жөө келе жаткан "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү Болот Шер-Нияздын алдын тороп чыгышкан жигиттер аны ур-токмокко алышты. Болот Шер-Нияз токмок жеп жатса да, "Элден келгенин көрдүм. Өлтүрсө өлтүрсүн" деп баарына кайыл болуп туруп берди. Ошол эле топ Өмүрбек Текебаев, ошондой эле Мукар Чолпонбаев, Азимбек Бекназаровдорго дагы асылышты. "Акыйкат үчүн" кыймылынын координатору Аликбек Жекшенкулов болсо элдин үрөйүн көрүп эле артын карабай качты. От алып алган аялдар ай-уйга келбей оппозициянын лидерлерин жулмалап, согуп алганга да үлгүрүштү. Баарынан таңкалыштуусу тартип сакчысы болгон милициялар көрсө да, көрмөксөн болуп, урушуп жаткандарды ажыратканга да жараган жок. Кырдаал курчуп баратканда гана ажыратымыш болушту. Ажылдаган аялдарды Төлөйкан Исмаилова "Бул силердин эле эмес, бүтүндөй Кыргызстандын жери. Бул жерге биздин да келгенге укугубуз, акыбыз бар" деп ыйлаганда гана аялдар кичине "тизгинин" тартышты. Аңгыча жаалданган аялдар, ошондой эле аларды коштогон жаш балдар жөө жүрүшкө чыгабыз деп турган элдерди жана лидерлерди жумуртка менен таш менен уруп башташты. Жумуртка түгөнүп калды деп бири-бирине айтып жаткандары да болду. Чынын айтыш керек, жергиликтүү бийлик "ур-тепкиге алсак да бул жөө жүрүштү тотктотобуз" деп катуу даярдык менен келишкендей түр көрсөттү.
Каркыранын казактарга берилишине каршы болуп, жөө жүрүштү кубаттап чыккан көлдүктөр ошол жердегилерге көрсөтмө берип жаткан аталган райондун акимини орун басары, айыл башчысы жана жергиликтүү бийликте иштеген адамдар "саба, сок, жумурка жана таш менен ур деп айтып жатышат" деп ызырынышты. Айтор, жөө жүрүшкө чыгабыз деп камынган оппозициядан да жергиликтүү бийлик ур-токмокко алып, митингдеги ыкмага салсак да таркатабыз деп катуу камынып алгандай. Анткени, жергиликтүү бийликтин азаматтарын тез жардам, ошондой эле коопсуздугун милициялар коштоп жүрдү.
Укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова "Жергиликтүү бийликтин ээлери жаш балдарды, аялдарды ур-сок деп тукуруп жатышты"- дейт.
Көк, кызыл желектерин желбиретип, буларга теңелбей басып кетели деп оппозициянын лидерлери алгач Балбай баатырдын күмбөзүнө куран окуп, анан жөө жүрүштү баштайлы деп жаткан жерге да жанагы аялдарды машине менен артыбыздан алып келип жатты. Куран окулуп жатса да, оомийин дегенче сабыр кылып турбай, курандын багышталышына да мүмкүнчүлүк бербей адаттарынча кыйкырып-өкүрүп жатышты. Жөө жүрүшкө катышкандардын арасынан "Ата Мекен" партиясынын төш белгисин тагынган көлдүк эже Балбай баатырдын күмбөзүнөн ызы-чуу салган аялдарга кайрылып, "Көлдүктөр эмне акмак болуп калдыңар беле? Борбордон бери биздин сатылып кеткен жерибизге нааразы болуп келген лидерлерге, кыргыздын чыгаан жигиттерине ыраазы болушубуз керек. Артыбыздан калбай кыйкырып жаткан дежурнуй беш-алты аялдардын кемчилиги үчүн мен кечирим сурайм" деди.

Роза Отунбаева, ЖКнын депутаты:
"Регламентте бизди сүйлөтпөй жатышат"
- 15-20 -49 жылдан кийин биз берген жерлердин тагдыры эмне болот? Азыркы парламентти көрүп жатасыздар, эң орчундуу электр энергиясына окшогон маселелерди көчөдөн эмес, парламенттен сүйлөгөнгө мүмкүнчүлүк бербей, бизди сүйлөтпөй, сөзүбүзгө бөгөт коюп, калп эле регламентти шылтоо кылып жатышат. Аргабыз кетип, парламенттен чыгып кеттик. Коомчулуктун айта турган сөзү бизге угулбай калды. "Ак Жол" партиясы автоматтай болуп эле колун көтөрүп жатат. Коомчулуктун айта турган сөзү бизге угулбай калды. Бүгүнкү жүрүш бул күрөштүн башталышы. Бул жерде Кыргызстандын патриоттору чогулду. Биз өзүбүздүн маанайыбызды, күчүбүздү көрсөттүк. Качан болбосун бийлик чындыкты айтып чыккан элге кысым жасаганы биринчи эле жолу эмес. Буга чейин да болуп келген. Кыргызстандын эгемендүүлүгү керек болсо, баарыбыз тикебизден тик туралы. Биздин тукумдарыбыз Кыргызстан деген жерде жашайбыз десе, бүгүнкү жасап жаткан аракеттерибиз эч качан жокко чыкпайт. Биз Социал демократтар ар дайым сиздер менен болобуз. Түп менен Сары булак айылынын ортосундагы Карабаткак деген жерде "Ыйык жерди коргоо" комитетинин штаб жетекчиси жөө жүрүштү токтотуу чечимин угузду. Анткени, Сары булак айылынан кийинки айылда жөө жүрүшкө тоскоолдуктар күтүп турганын айтып, ортодо эл чабышып, ок атылып, Аксы окуясы кайталанып кетпеси үчүн жөө жүрүштү токтотуу зарылдыгын айтты. Азимбек мырза, ошондой эле бул окуяны күрөштүн башталышы деп баалап, элдин келип бергенине ыраазычылык билдирди.
Азимбек Бекназаров, Роза Отунбаева, Өмүрбек Текбаевдер сөз сүйлөп, эми гана жыйынтыктап жатышканда дагы үч-төрт автобус жана "Нива" кызматтык унаалары менен бир топ элдерди, бир- эки автобус аскер кийимчендерди алып келишти. Аялдар кеткиле деп кетпес ойго койбой жүрүшчүлөрдүн кетишин талап кылышты. Мукар Чолпонбаевди күчтөп машинесине олтургузуп, кет дешти. Ошондой болсо да, бугу чыкпай калган элдер оппозиция өкүлдөрүнө нааразы болушту. Ысыккөл облусундагы жер-жердеги элдердин жөө жүрүшкө келебиз дегенине тоскоолдук кылып, Түпкө келтирбей жатканын бири-бирине телефон аркылуу айтып жатышты.

Болот Шер-Нияз, "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү:
"Дененин ооруганы эч нерсе эмес"
- Болот мырза, сизге болгон чагымды кандай бааладыңыз?
- Милициянын форма кийген жана форма кийбеген кызматкерлери тартипти сактоонун ордуна бизди кошо муштап жүрүшөт. Биздин балдардын бирөө дагы кол көтөргөн жок. Бишкекте жумуртка дефицит болсо, бул жакта көп экен. Бизди да урду. Мага баарынан да аянычтуу сезилгени бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн кыргыздарды кыргыздар сабап жатканы болду. Менииче, бул Акүйдүн көрсөтмөсү менен атайын жасалып жаткан иш болду го.
- Сиз жарат алганда кимдир бирөөлөр жардам көрсөттүбү?
- Мага тез жардам көмөк көрсөттү. Бирок, дененин ооруганы эч нерсе эмес. Мага жер үчүн да ооруган оору катуу болуп, ошол жанымды кейитип жатат.
Токтоп турган тез жардамдагы дарыгер айымдан ур-соккуга кабылган Болот Шер-Нияздын абалын сурадык:
- Биз ал кишини ооруканага алып баралы дедик. Өзү болбой койду. Болгону кан басымын текшердик. Мени сабады десе, башкача текшерет элек да. Өзү антип айткан жок.

Учкун Сакилов, Жашылдар партиясынын Ысыккөл облусу боюнча координатору:
"Элге ун, солярка берип жатышыптыр"
- Жөө жүрүштүн болоорунан элдин кабары бар бекен?
- Мен жүрүш баштала электен төрт күн мурун Ысыккөл, Жети өгүз райондоруна келгем. Тоңдо элдин маанайы жакшы болчу. Көпчүлүгү жүрүштү колдойт. Каркыранын казактарга берилип кеткенине нааразы. Мен уюштуруу иштери менен алек болуп жатсам, мага телефон чалуу болду. Бийлик элди жөө жүрүшкө кошулбасын деп ун, солярка, акча берип жатыптыр. Элдер бизди жылуу маанай менен тосуп алалы деп жатканда бийлик бир топ шоуларды тартуулап койду. Жети- Өгүздүн акими Жети- Өгүздөн атайын даярдалган адамдарды алып келишти.

Самат Алиев, "Жашылдар" партиясынын мүчөсү:
"Оппозициянын төрт лидери эле чечип койду"
- Мен мындан кийин митинг, жөө жүрүштөргө чыкпайм. Борбордон бери убара болуп келсек, оппозициянын төрт лидери эле чечип койду. Көпчүлүгүбүз алыстан баргандан кийин эмне кылалы деп эл менен бир ооз кеңешишип, биздин пикирибиз менен да эсептешишсе жакшы болмок. Тилекке каршы, антишкен жок. Жүрүштү токтотуп, өзүм билемдик менен чечип коюшту. Менимче, азыркы оппозиция элди артынан ээрчите албай калды. Эл менен анчалык жакын иштешкен жок. Ошон үчүн жергиликтүү элдин боло турган жүрүштөн кабары жок болду да. Эмне оппозициянын 20 микро автобус жалдаганга кудурети жетпейби? Албетте, жетет. Кууп салса эле жолго түшүп, жорголоп кете бербей, чагымчылар жок жерден басып, кайдыгер карабаган элдер менен катарыбызды көбөйтүп, чагымчылар келсе унааларга түшүп турсак жакшы болмок. Тилекке каршы, бизде андай мүмкүнчүлүк болбой калды. Ошондуктан, саясий партиялардын жетекчилери партияларын өздөрү тарбиялап, өстүрүп жаткан жаш балдарга өткөрүп бериши керек. Мен саясий партиялардын төрагаларын саясий аренадан кетсин дегенден алысмын. Алардын да саясий тажрыйбасы мол, дасыккан адамдар. Алар деле саясатка аралашып, бирок, жаш саясатчыларга кеп-кеңешин берип, партиясын ачык эмес, көмүскө башкарышса жакшы болмок. Эл дагы оппозициядан жаңы жүздөрдү көрүп, жаңы үндөрдү уккусу келет.

Алик Акунов, Нарын шаарынын тургуну:
"Мен эч кимге ишенбейм"
- Мен азыр эч кимге ишене албайм. Ошондуктан эч бир саясий партияга мүчө болгон эмесмин. Бирок, Кыргызстандын келечегине кайдыгер карай албайм. Ызы-чуу чыккан жерге жол киремди таап келе берем.
Мындай окуянын болуп турганы да жакшы. Кимдин ким экенин даана көргөзүп, саясатчылардын жүзүн ачып коет. Ошондуктан эл бизди кууп жиберди деп капа болбошубуз керек. Андан көрө ушул жаман нерселерден да жакшы сабак алышыбыз абзел. Мүңкүрөп, башты жерге салып, томсорбой, эч нерсеге булгана элек жаш, патриот улан-кыздарыбыздын бар экенине топук кылып, ошолордун амандыгын тилешибиз керек.

Өмүрбек Бөлтүрүков, жөө жүрүштүн катышуучусу:
"Мигранттар кол топтошууда"
-Жөө жүрүшчүлөрдү таркатканга Ысыккөл облусунун мамлекеттик кызматкерлеринин баарын жыйнап келишиптир. Булардын ичинде кызматынан айрылып калбас үчүн айла жок келгендери да бар. Карап олтурсам финполиция, милиция, врач, мугалимдер жүрөт. Биз бул боюнча калбайбыз. Азыркы парламентти таратуу үчүн Россияда иштеген эмгек мигранттары үч жүз миң кол топтоп, аталган парламентти таратуунун аракетин көрүп жүрүшөт.

Саиров Төрөкан, Кара-Кулжанын тургуну:
"Чыныгы лидер элин таштабайт"
- Мен Каракулжа районунан түштүктө жер талаш болуп жатса, эмне үчүн казактарга беребиз деп капа болуп, жөө жүрүшкө келгем. Кыргызстанда жашап жатып, кыргыздын жерине ээ боло албай калганыбызга өкүнөм. Элдин чыныгы мүдөөсүн бүгүнкү бийликтин арзыбаган акчасына алданып, провокациялык жолго баргандарына ыза болуп жатам. Өзүнүн акылы, эрки менен өз жерин коргой албай жаткандарына нааразымын. Бизди "Элдин тынчтыгын бузбай кетпейсиңерби" дегендин ордуна ээ айланайындар, биздин жердин сатылышына кабатыр болуп келгениңерге рахмат. Биз бийликтен коркобуз. Бирок, жүрөгүбүз силерде. Силерди колдойбуз дешсе болмок да. Тилекке каршы, анткенге кудурети жеткен жок.
Биздин артка чегинип, чагымчыларга өчөшпөй эл жабыркабасын деп кеткенибизди ким түшүнмөк эле. Бийликтегилер "оппозиция бийликтин богуна куурай сая албай калды" деп өздөрүнүн зөөкүрлүгүнө кубанып коюшу толук мүмкүн. Чынында оппозиция лидерлери элди чакыргандан кийин элден мурун келип, эл кеткенден кийин акчаң барбы, жокпу деп акчасы жогуна акча берип, анан кетиши керек болчу. Тилекке каршы андай болгон жок. Биринчилерден болуп, машинелерине оппозиция лидерлери өздөрү олтурду. Минтип олтурса буларды кантип, эл ээрчисин. Чыныгы лидер эч качан элин талаага таштабайт да.

Жөө жүрүштө журналисттер жулмаланды
Бул жолку жөө жүрүштө журналисттер да таяк жеп кала жаздады. Туура эмес түшүндүрүлүп калганбы айтор, камерага, фотопаратка, диктафонго карабай журналисттерди да жулмалап ийе жаздашты.

Гулмира Үмөталиева, НБТ каналынын журналистти:
- Башкасын кыйратып коюшкансып, камераны талкалаганга аракет кылышты. Кайсы каналдан келдиң? КТРден болсоң кана күбөлүгүңдү көрсөтчү деп жулмалап ийе жаздашты. Ушул жөө жүрүш башка саясий окуялардан айырмаланып, эсимде кала турган болду.
- Гүлбарчын Якубова, "Аалам" гезитинин журналисти:
- Болот Шер-Ниязды сабап жатканын көрүп, сүрөткө тартайын десем эки кыз кеп-сөзгө келбей эле эки колумдан кармап жетелеп жөнөсө болобу. Оозума мен силерге эмне кылдым деген эле сөз келди. Дагы жакшы бир байке кое бергиле. Аны эмне кармап алгансыңар дегенде гана кое беришпедиби. Болбосо мени да жулмалашат беле.
Канышай Мамыркулова, "Кыргыз руху" гезитинин редакторунун орун басары:
- Журналисттерге карата мындай мамилени буга чейин эч жерден көргөн эмесмин. Биринчи жолу ушундай провокацияга кабылып жатам. Мен алардын провокатор экенин билбей эле аралап кетиптирмин. Чачымды жулуп ийе жаздашты. Жөө жүрүшкө чыккан көлдүктөрдүн айтканына караганда бизге кол салгандан кайра тартпагандар мугалим, врачтар экен. Алар журналисттерге кол салып, аброй топтошпой эле койсо болмок.
Бишкек-Түп Ч. Кутманалиева














Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan