![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №12, 29.04.08-ж. |
Меймансап Форум эсимде... "Илимге өмүрүн арнаган адам" Жаныбек Жээнбаев 1931-жылы 14-сентябрда Ыссыкөл областынын Күрмөнтү айылында туулган. 1950-жылы Пржевальск шаарындагы мугалимдер институтун, 1956-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин физика-математикалык факультетин артыкчылык дипломдору менен бүтүп, 1960-жылы М.И. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин аспирантурасын ийгиликтүү бүткөн. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, физика-математикалык илимдердин доктору, профессор, Кыргыз республикасына эмгек сиңирген ишмер Жаныбек Жээнбаев кызмат жолун 1960-жылы Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Физика институтунда илимий кызматчыдан баштап, лаборатория жетекчиси, директордун илим боюнча орун басары, директору болуп иштеген. 1993-жылыУлуттук Илимдер академиясынын вице-президенти, ал эми 1997-жылы Президенти болуп шайланган. Ошол мезгилден баштап, өмүрүнүн аягына чейин президент болуп турду. Жаныбек Жээнбаевичтин 26-апрель күнү арабыздан кеткенине бир жыл толду. Кыргыз Республикасынын Илим жана техника жагындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты. Россия педогогикалык жана социалдык илимдер академиясынынын, Казакстан Республикасынын Кибернетика академиясынын академиги, Монголиянын Илимдер академиясы жана университетинин Ардактуу доктору. Мына ушундай инсанды бир макала менен жазып чектеп коюу мүмкүн эмес. Илимге бүт өмүрүн арнаган бул адамды мындан ары бир гана үй-бүлөсү эмес, илимий чөйрө, коомчулук эскерип турууга милдеттүү деп ойлойм. Өмүрлүк жубайы Аяткан Орозбаева. Илимпоз, экономика илимдеринин доктору, профессор. - Алгачкы таанышкан күнүңүздү эстесеңиз? - Экөөбүз тең Москвада окуганбыз. Мен институтта, Жаныбек Жээнбаевич МГУнун аспирантурасында бирок, экөөбүздүн таанышуубуз окуу жайдан эмес, Казань вокзалынан болду. Мен анда 1-курста окучу элем. Туугандарымды Кыргызстанга узатып Казань вокзалынан кетип бараткам. Анда чачым узун, экиге өрүп алган, жаш кыз элем да. Аркамдан бир караан ээрчип алганы сезилип жатты. Мен да унчукпай кете бердим. Кайда барсам аркаман ээрчип жүрүп тажады окшойт, "Ай карындаш, тура туруңузчу"-деп калды, карасам дароо эле "Мен физикмин, МГУда аспирантмын"-деди, Таанышып сураша келсек, экөөбүз жердеш болуп чыктык. Мен анын аталаш карындашы менен Караколдо бир мектепте окуптурмун. Тагдырдын буйругу менен бир жерлик болуп Көлдөн эмес, Москвадан тааныштык. Бир жыл сүйлөшүп жүрдүк. Ал убакта биздин жолугушуулар иш үстүндө өтчү. Ал лабороториядан ар кандай эксперименттерди жасачу. Мен да ал жакка барып кошо аралашып жүрө берээр элем. - Кыргызстанга келип баш коштуңуздарбы? - Жок, Москвадан 1958-жылы үйлөндүк.1960-жылы улуу кызыбыз Бактыгүл төрөлдү. 1962-жылы уулубуз Нурбек төрөлдү. - Уул, кызыңыздын кесиби ким? Бактыгүлдүн биринчи окуган кесиби программист-математик. Андан кийин экономика жагын да өздөштүрүп алды. Кыргызстандагы алдыңкы финансистерден. Англис тилинде эркин сүйлөйт. Учурда француз тилин да үйрөнүп жатат. Уулум Нурбек атасын тартып Кыргыз мамлекеттик университетинин физика факультетин бүтүргөн. Физика жана математика илимдеринин кандидаты. Илимде жүргөндө тышкы иштер министрлиги тарабынан кызмат сунушталып, азыр Нью-Йоркто жашайт. Дипломат. ООНдо Кыргызстандын өкүлү. Бактыгүлдүн бир уулу, Нурбектин бир уул, эки кызы бар. Жаныбек Жээнбаевич уулубуздун баласы Азимди үйлөнтүп кетсем арманым жок деп калчу. Ага да жетпей калды. Неберем Азим азыр 12 жашта. - Ооруп жүрчү беле? - Катуу ооруганын деле байкаган эмеспиз. Ушул күнгө чейин дайыма эле врачтардын көзөмөлүндө болуп жүрчү. Көзүнө операция жасатканы Ленинградка учканы жатканбыз. Ага жетпей жүрөгүнөн инфаркт болуп, кокусунан көз жуумп кетти. Бул киши өмүр бою илим деп жүрүп, өзүнүн ден соолугун да унутуп койсо керек. Илимдер Академиясында жөнөкөй илимий кызматчыдан баштап президентикке чейин баардык тепкичти басып өттү. "Дарак бир жерден көгөрөт" дегендей ушул жерде өмүрү өткөнчө иштеди. Илимдер академиясы кыйын акыбалда колуна түштү. Жумушка эртең менен кетип, кечинде келчү. Үйдө конок эле. Мен жүрөгүнүн оорушунун себебин көп иштегенден көрүп коем. Көп иштеди деп өкүнөйүн десең Жаныбек Жээнбаевич аркасынан өзүнүн илимий чоң мектебин ачып кетти. 300дөн ашуун илимий эмгектин автору, анын ичинен 9 монография, 30дан ашуун авторлук күбөлүктүн, 9 патенттин ээси. Окуучулары абдан көп. Өзүнүн илимий-педогогикалык ишмердигинде ондогон физик-изилдөөчүлөрдү, илимдин 2 докторун,18 кандидатын даярдаган. Физика илими абдан татаал илим экенин билесиңер. - А. Акаев экөөнүн кесиби бир экен, учурунда кандай мамиледе эле? - Аскар Акаевич илимге абдан көңүл бурган, илимди түшүнгөн адам эле. Ал Жаныбек Жээнбаевичти улуу адам жана илимпоз катары абдан сыйлачу. Аны азыр а деп бу деп жатабыз, бирок, ал адамдын бийик интеллектуалдуу инсан экенин эч ким тана албайт. Учурунда Илимдер академиясынын чогулуштарына ар дайым келип сынын сындай айтып, окумуштуулардын ой-пикирлерин угуп, дайым ой бөлүшүп турчу. - Сиз дагы илимдин адамы экенсиз, үй оокатка кантип жетишчү элеңиз? - Чынын айтсам иш, китепкана деп жүрүп, балдарды кантип чоңойтконубузду билбей калдым. Бирок, мага ал убакта жеңил болгон жок. Экөөбүздүн тең убакыт саатыбыз ченелүү эле. Бир жака ашыкча басмай жок. Мен өзүм дагы Академияда 1990-жылга чейин иштедим. Балдарга көңүл бурбай калдык деп, неберелер төрөлгөндө аларды жаныбыздан чыгарбай, ар бир жай сайын Ыссыккөлгө алып барып, ден соолугун чыңдачубуз. - Бош убактысында Жаныбек Жээнбаевич эмне кылганды жакшы көрчү эле? - Бош убактысында шахмат ойногонду жакшы көрчү. Тилекке каршы бош убактысы деле болчу эмес. Эртең менен кетет, кечинде келет. А бирок түшкү тамакты сөзсүз үйгө келип тамактанчу. Кафеден, ашканадан тамактанганды жаман көрөөр эле. - Адамдарга мамилеси кандай эле? - Адамга абдан жумшак мамиле кылчу. Адамдарды улуу кичүү же болбосо кесиби, даражасына карата бөлчү эмес, баарына бирдей мамиле жасачу. Биздин үйдүн телефону тынчу эмес.Кээ бир чоңдор "менин тынчымды албагыла" дешет го. Өзүн дайыма жөнөкөй ( естественно) алып жүрчү. Жасалмалуулукту, көтөрүлүп, керсейгенди жаман көрчү. Эч бир жанга жамандык каалабай баардыгына жакшылык жасачу. - Жылдыгына карата мамлекет тарабынан кандайдыр бир иш-чара болгон жокпу? - Мен аны билбейт экем. Биздин үй-бүлөгө эч ким эч нерсе деген жок. 2006-жылы 14- сентябрда 75 жашка чыккан. Чогуу жашаганыбызга быйыл 50 жыл толмок. 75-жыл юбилейин өткөрөлү десек, "Азыр мезгил тынч болбой турат. Кое туралы"- деп койгон. 2007-жылы өткөрөлү деп камданып, жатканда арабыздан алдырып жиберип жатпайбызбы. Жок дегенде дагы бир 5 жыл жашап, иштебестен, эс алып, короого кирип-чыгып жүрсө болмок. Эми Кыргызстандын илимде, маданиятта, саясатта болобу Жаныбек Жээнбаевичтей таза иштеген адамдар анча деле көп эмес. Мындай адамды коомчулук, мамлекет эстеп турса, бул кийинки муунга сабак, үлгү болот. Ал эми кесиптештери, үй бүлөсү, балдары, неберелери Жаныбек Жээнбаевич кандай адам, кандай ишмер, кандай ата, кандай чоң ата эле биз аны жакшы билебиз. Эч убакта унутпайбыз. Көзү өткөнүнө бир жыл болду, күн өткөн сайын кайгыбыз унутулбай, тескерисинче күчөгөндөн күчөп барат. Бул биз үчүн өтө оор жоготуу болду. Бул жоготуу бир гана биз үчүн эмес, Кыргызстандын илимий чөйрөсүндөгү эл үчүн чоң жоготуу болду деп ойлойм. Эльмира Мадиева. Биз билген да, билбеген да рысбек (Уландысы. Башталышы өткөн санда) Биз кичинекей элбиз. Бирок, 2000 жылдан ашык тарых сахнасынан түшпөгөн улуу журтпуз. Муну унутпашыбыз керек. Ар бир кыргыз уулу бүгүнкү күндө алтындай баалуу. Алар кыргыз элинин байлыгы, намысы, келечеги! Бирок элибизди намыстуу улуу журт боюнча сактап калыш үчүн өткөн тарыхыбызды, ата-бабаларыбыздын баатырдык иштерин, улут намысы үчүн жанын кыйган баатырларыбызды, ар-намысын баарынан жогору койгон эрлерибизди жакшылап билишибиз керек. Андай эр-азаматтар азыр деле көп. Алар бирдиктүү болуп, ынтымакта иш алып баруусу керек. Эр Табылды. Курманбек, Тайлак, Байтик, Шабдан, Байзак, Балбай баатыр… кыскасы санап олтурсак абдан көп. Алардын бул жерде баарын тизмелеп олтуруунун кажети деле жок. Кыскасы тарыхты окуп олтурсаң мага бүт кыргыздар баатыр болгондой таасир калтырат. Кыргыз тукумдары мына ушул баатырдыгынан жазбашы керек. Улуу ойчул акын Саади "адамзат- бир дене сыяктуу. Эгер дененин бир бөлүгү ооруса бүт дене сыздайт" деген ойду айткан. Албетте мындай таамай ойду ал улуу пайгамбарыбыз Мухаммад алейхисаламдын хадистеринен алса керек. Анткени дал ушундай ой, бирок мусулмандарга тиешелүү түрдө хадистерде кездешет. Кыргыздар мына бири-бирине ушундай күйүмдүү, кайрымдуу болсо улутубуз өз максатына тезирээк жетет. - Рысбек баатыр, маегибизди 1977-жылдардагы студенттик жылдарга бурсак? - Биссимиллахир- рахмаани- рахиим. Чолпон-Ата орто мектебин аяктагандан кийин Фрунзе шаарына келип, физкультура институтунун педагогика факультетинин 1- курсуна, бокс адистиги боюнча кабыл алындым. Биринчи бокс боюнча тренерим Клим Васильевич Те болгон. Айылдан келген өжөр баланы бокстун ыкмаларын үйрөтүүдө мугалимим көп эле кыйынчылыктарга кездешти окшойт. Себеби, ошол кездеги айылдан келген балдардын көпчүлүгү "самоучка" эле да. Мага бокстун баш тамгаларын, демдүү, туура пайдаланууну, "ударларды" туура коюууну, блокту колдонууну үйрөттү. Тренерлерим Михайлов Сергей, Рослов Владимир тууралуу да айта кетейин. Баары менен ушул күнгө чейин байланышып турам. Рослов Владимир азыр деле тренерлик кызматын улантууда. "Рослов клубу" бар. Кай жерде экендигин бокска кызыккан жаштар билет болушу керек. Бокска чейин ошол убакта, 80- жылдары "каратэ" боюнча жашыруун машыккандар жана учителдер, "сенсейлер" болгон. Мен болсом кытай улутундагы бир адамдан "Каратэ" боюнча тарбия алып машыккам. "Нунчакини" колдонушту дагы ушул адам үйрөткөн. Ошол адам дегенимдин да себеби бар. Себеби, мен мугалимимдин аты-жөнүн да билбейм. Мени жалгыз машыктырган. Балким өкмөттөн корккондуктан ар кимибизди ар кайсы убакытка чакырса керек. Кийинчерээк кездештирген жокмун. Мен үчүн чоң сыр боюнча калды. "Сенсейди" кайда болсо да Алла Таала колдосун деп айтмакмын. - Ойлонуп калдың, студенттик кездеги көңүлдүү учурларды эстесек. Маекти Замир жердешиң улантса… - Мен, Рысбек, Рашид, Алмаз баарыбыз биринчи курска чогуу өткөнбүз. Ар бирибиз Кыргызстандын ар жеринен келген болчубуз. Рысбек экөөбүз Чолпон-Атадан, Алмаз Нарындан,Рашид Фрунзелик эле. Ошол кезде студенттик жатаканада айрыкча физкультурныйда "зөөкүрлөр" көп экен. "Зөөкүр" дегени 5-курстун балдары. Кийинки келген курстун балдарын, айрыкча 1-курстун балдарын стипендия алганда стипендиясын өөнөп, эки жакка жумшап, кыскасы үстөмдүк кылып турушчу экен. Жатаканада жашаган биринчи күндөрдөн тартып, бул жорук Рысбекке жаккан жок. Баарыбыз эле бирдей студент болуп туруп, бирине- бири чоңдук кылганы эмнеси деп бул жорукка Рысбек чечкиндүү каршылык көрсөттү. Жатаканадагы бардык студенттерди чогултуп, "Биз бири-бирибиз менен бир тууганбыз. Чоңу кичинесин, алдуусу алы жогун тоноп, үстөмдүк кылууга мындан ары жол жок" деди. Көпчүлүгү жаңы окууга келген 1-курстун баласы ушундай сөздү айтканына ыраазы болуп тарап кетишти. Баары эле май кошкон буламыктай болгон жок. Бул кайдан чыккан "Эргул" илгертеден келе жаткан салтты бузган деп Рысбекти ур- токмокко алууну чечишти. Силер салт дегенди билбейт турбайсыңарбы, "Кайсы атаң айтты эле бириңди- бириң сабап, тоно" деп. Анан ошол күнкү окуя эстен кеткис болду. Бардыгы менменсиген спортсмендерден болсок, бул жөнөкөй сөз менен эле бүтүп калган жок. Эркекче мушташып, анан достошуу менен аяктады (Уландысы бар) |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|