Коомдук-саясый гезит
№13, 07.05.08-ж.

Меймансап
Форум




Кыргыз Республикасынын
Президенти К.С. Бакиевге.

Кыргыз Республикасынын
Башкыпрокурору Э. Сатыбалдиевге.

Кыргыз Республикасынын Эл депутаты
Спикер А.К. Мадумаровго.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер
Министри М.Т. Конгантиевге.

Бишкек шаарынын Мэри
Д.Т. Үсөновго.

Чүй областынын Губернатору
К. Сыйдановго.

"Алтын Казык" жаңы конушунан .

Арыз
Урматтуу Курманбек Салиевич, Урматтуу Элмурза Сатыбалдиевич, Урматтуу Адахан Кимсанбаевич, Урматтуу Молдомуса Ташболотович, Урматтуу Данияр Токтогулович, Урматтуу Кубанычбек Сыйданович.
Биздин, жаңы конуш "Алтын Казыктын" сиздерге арыз жазуубуздун себеби, 2005-жылдын 17-июнунда №241- өкмөттүн токтомунун негизинде Маевка айыл өкмөтүнө караштуу шаардын таштанды төгүлүүчү жердин айланасынан 84га жер, турак жай куруу үчүн бөлүнүп берилген. Көп өтпөй, ошол жерге, шаар Мэриясы жогоруда аталган токтомдун негизинде 2005-жылдын 22-июнунда шаардын төрт районуна тегиз бөлүп берүү туурасында №637-токтомун чыгарган. Убакыт күзгө таяп калганда шаардын жерге муктаж болгон жарандарына, башка таза жерден жер берилбегендиктен, жоктон көрө жогору дешип, таштанды төгүлгөнүнө кайыл болушуп, күзүндө 16 коом биригип, ошол конушту илгери үмүт менен "Алтын Казык" айылы деп аташып, ошол берилген жерге отурукташып калышты. Бирок, шаардык бийлик биздин элди ошол жерге мыйзамдаштырып, чечим чыгарып берүүгө таптакыр шашылышкан жок. Натыйжада күткөндөн тажаган эл берилген жерге там сала баштады. Учурда 2000ден ашык фундамент куюлуп, анын 70% дубалдары бүтүп, 33% үйлөр толугу менен бүтүп, элдер жашап жатышат.
Урматтуу Президент, Урматтуу Мырзалар! Канча деген шаардын ичиндеги престиждүү жерлерди, он беш жыл тайраңдаган өткөн бийлик, сырттан келген кытайы болобу, түркүнөбү, орусунабы, торт кескендей сатып кеткенин баарыбыз жатка билебиз. Ал эмес канчалаган миң гектар жерлерибиз, Сох, Шахмерден, Маданият, Кемпир-Абад, Үзөнгү-Кууш дагы башка жерлерибиз көзүнүн жашын чуурутуп, ала качып кеткен кыздай болуп, биздин ич этибизди сыйырып, кетип калганы жалганбы. Анан ушул таштандыга бөлүнгөн жердин тегереги кыргыз баласына ыраа берүүгө эч кимдин ырайымы келбей, ушул күнгө чейин, Чубактын кунундай чубалып, ыр-чырыбызбүтпөй келет. Эгер чын эле таштандынын жанында адам баласы жашоого болбой турган болсо, ошол учурда ал жерди Президентке ошол токтомду ким даярдап, ким кол койдурду? Эгер кол коюлса эмне себептен ушул күнгө чейин ал токтом аягына чейин аткарылбай, элибиз жанчылып келет? Акыры адамдын колу гүл эмеспи, какыраган сайды бейишке айландырган адам. Ушул кичинекей жерди жер кыла албай жаныбыз жокпу. Япондор таштандыны океанга төгүшүп, нечен миңдеген гектар жасалма кургак жерлерди жасап, ал жерлерге нечен миңдеген турак жайларды салышып, канчалаган адамдардын проблемаларын чечип жатканын теле-радиолордон күндө көрүп, билип эле жүрбөйбүзбү. Алардын жанында шаардын таштандысын мамлекеттик деңгээлде эмес, биздин конуштун өзүнө берсеңиздер, биз өзүбүз чечип коюуга толук мүмкүнчүлүгүбүз жетет деп баса айта алабыз.
2006-жылы сентябрь айындагы шаардын Мэри А.И. Ногоевдин түзгөн комиссиясы, "ал жерде "Сибирь" жарасы менен ооруган малдын сөөгү көмүлгөн" деген аргументти табышты. Бирок, ошол күнү ал сөөктөрдү лабораториялык бактерологиялык анализге бергенибизде, ал сөөктөрдөн "сибирь" жарасынын бир да малекуласы табылбаганына биз дагы, түзүлгөн комиссия да күбө болушпадыбы (тиркелет).
Эми ал, ал болсун, райондук бийлик ушул күнгө чейин биздин тынчыбызды алып келет. Өткөн 2007-жылдын сентябрь айында күтүүсүздөн Аламүдүн РОВДсынын коштоосунда райондун акими баштаган бийлик ээлери, Ала-Арча суусунун шаарга тиешелүү тарабындагы биздин конуштун атуулдары тургузуп койгон отуздай турак жайларыбызды, бульдезор-тракторлор менен катын-балдарыбызды ыйлатып, эркектерибизди ур-токмокко алып канчалаган бүтүп калган, куюлуп турган фундаменттерибизди сүрүп салышты. Ал эмес биздин турак жайлардын баш жагына таштандыга кеткен жердин бурчунда 15тей үйдү кошо сүрүп салышты. Сурасак, ал жер Аламүдүн районуна карайт дешти. Ал жердеги элдердин убал-сообу кимге. Кийин билсек бир чиновник ал жерди аким менен сүйлөшүп, Маевка айыл өкмөтү менен убадалашып, автозаправка ачканга жең ичинен мурда эле соодалашып коюшуптур. Изилдеп көрсөк ошол дөңдүн да чолоо жерин калтырбай ар кимге мурда эле бөлүнүп кетиптир. Фамилиясын билбейт экенбиз, Бакыт деген жигит былтыр жай бою ошол дөңдүн чыгыш жагын күнүгө 50-60 камаз машинадан сатып, ( ар бир камаздагы топурактын баасы 600 сом турат) акчага жакшы эле туйтунду. Быйыл жазында ал жерге Кытай жарандары кирпич заводун куруп салышты. Көрсө биздин үйлөрдү ошол кытайлар үчүн былтыр тазалаган окшойт. Бул маселе боюнча Аламүдүн районунун архитекторлоруна жана Госрегистрине барсак, бул жөнүндө алардын эч кандай маалыматтары жок болуп чыгышты. Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Шайыкка жолукканыбызда, ал он жылга кытайлар 200 000 сом төлөдү деп айтканга жарады. Он жылга, жыл сайын 20 000 сом кытайларга берүү: бул биз үчүн шылдың эмей эмне. Бул жерде бир кыргыздын байышы менен бир кытайдын бизнеси ойдобу, же жүздөгөн кыргыз атуулунун үйлүү-жайлуу болушу жогору турабы? Мейли завод курушсун. Бирок завод деген завод да. Кирпичти көмүр менен бышырганда экологияга, адамдарга канча зыян, пайда алып келет, аны эсептеген бир да жан жок. Андай завод райондун эмес, облустун деңгээлинде чечилиш керек да туурабы?
Урматтуу Президент! Сиз Эл деп, Эл менен келгенсиз. Өткөндө Ата-Түрк эс алуучу паркына чоңдор мыйзамсыз турак-жай куруп алганын өзүңүз көрүп, "Эл жерге жетпей жүрсө, силер бул кылганыңар эмне"-деп жаныңыз күйүп, "Чара көргүлө"-деп жетекчилерге айткан элеңиз. Кана чоңдордун чара көргөнү? Мына ошолор жерибизди түрттүрдү, урматтуу Президент!
Кыскартып айтканда, урматтуу Президент, Урматтуу Мырзалар, алтындай убактыңыздарды биз үчүн бир аз бөлүп, карапайым букараларыңызга жардам берип койсоңуздар.

Сиздерди терең урматтап жана бизге жакындан жардам берет деп ишенип, "Алтын Казык" жаңы конушунун тургундары.

О. Рыскулбеков,
"Алтын Казык" жаңы конушунун төрагасы




  Билими күчтүү миңди жыгалабы

ЖОЖдун жомогу: Кудай мээ бербесе, Болон системасы жардам бералбайт!
Ыстакең (сталин) айткан "Баарын кадрлар чечет" деген сөз күнү бүгүн күчүндө. Республикадагы бүгүнкү кадрдык саясатка ичи жылыган бирөө жок. Тагыраагы кадрдык баш аламандыкка баардыгы нааразы. Бул бүгүнкүнүн көйгөйү. Ал эми алысты көрө билгендер башкага башын оорутат. Ал эртең өлкө келечегин аныктай турган кадрлар бүгүн кандайча даярдалып жатат деген суроо. Бул чыйыр жол бешиктен, үй-бүлөөдөн бала бакчага, мектепке, андан ЖОЖго келип такалат. Бүгүн мамлекет орчундуусу дегениби, айтор ЖОЖ системасына көңүлүн бургансып турат. Дегеним, билим берүүнүн Болондук системасына өтүшүбүз керек, ЖОЖдорду акционерлештиребиз, мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн жалпы республикалык тестирлөөнү жоюп, бирдиктүү мамлекеттик экзамен киргизебиз деген ар кылдуу маселелер көтөрүлүүдө.

Болон системасы демекчи, вице-премьер-министр Нур уулу Досбол "Кыргызстан акырындык менен европалык стандарттарга -билим берүүнүн Болондук системага өтүшү зарыл. Адегенде гуманитардык дисциплиналардан баштайбыз, калган багыттардын спецификаларын эске алуу менен аларды кийинчерээк өткөрөбүз " дейт. Кыргызстандын Болон процессине кошулушу үчүн саясый чечим керек деген Кыргызстан Эл арлык университетинин ректору А.Айдаралиев өзүнүн мекемесинде 13 ЖОЖ консорциум түзүп, жаңы муундун талаптарына ылайык иш алып барып жаткандыгын эскертип өттү.
Билим берүү жана илим министри Ишенгүл Болжурованын айтымында жалпы республикалык тестирлөөнүн процедурасы билим берүү талаптарына жооп бербейт, демек, эффективдүү эмес. Министр айым "Мугалимдер өз иштерине кызыкдар эмес, анткени алар өз эмгектеринин жыйынтыгын көрө алышпай жатат. Ал эми жалпы мамлекеттик экзамен педагогдордун өз окуучулары үчүн жоопкерчиликтерин арттырат" деп эсептейт. И.Болжурованын айтуусу боюнча азыр билим берүү жана илим министрлигинин эксперттери жалпы мамлекеттик экзамен алуу боюнча башка мамлекеттердин тажрыйбалары менен таанышып жаткан учуру.
Кыргызстанда жогорку окуу жайларын акционерлештирүү боюнча пилоттук долбоор ишке кирмекчи. Бул тууралуу чечим вице-премьер-министрдин ректорлор менен болгон жолугушуусунда кабыл алынды. "Акционерлештирүү жөнүндө" мыйзамдын чийкилигин эске алган ректорлор бул демилгени анчейин деле колдоого алышкан жок. Себеби мунун жакшысынан жаманы көп болуп турат. "Мисалы, Казак экономикалык университетинин акцияларынын контролдук пакетин банкирлер сатып алышкан да анын имаратын жана резервдерин өз кызыкчылыктарына жумшап жатышат" дейт Кыргыз экономикалык университетинин ректору Төлөбек Камчыбеков. Мамлекеттик ЖОЖдун акционердик коом катары иштеши дегеле түшүнүксүз деген Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын ректору Канатбек Керезбеков: "Акционердик коом болгондон кийин анын негизги максаты пайда табуу болот, ал каражаттар да жеке тараптардын чөнтөгүндө калат, мен муну юрист катары билем. Ал эми ЖОЖдун негизги максаты бул билим берүү жана андан түшкөн каражаттарды билим берүүнү өнүктүрүүгө жумшашы керек. Мен акционерлештирүүгө каршы деле эмесмин, бирок Кыргызстанда чынчыл инвесторлор табылабы? Кеп ушунда болуп жатат".
Билим берүү тармагы -улуттук коопсуздукту түзө турган тармактардын бири экендигин эске алган И.Болжурова "Терең ойлонбостон акционерлештире турган болсок Кыргызстан орчундуу прблемаларга кабылышы мүмкүн" дейт. Жолугушуунун жыйынтыгында бул маселе боюнча шашылыш аракеттерди көрбөө, буга макул болгон ЖОЖдорду эксперименталдык түрдө байкап көрүү тууралуу чечим кабыл алынды.
Абитуриенттер айылдан келгенде эле билим деңгээли төмөн болуп келүүдө деп нааразы болгон ректорлор да жок эмес. Туура окуй албаган жана элементардык документтерди толтура албаган балдарыбыздын бар экендигине жаны ачыган Кыргыз-Орус Славян университетинин ректору Владимир Нифадьев "Мамлекеттик тилде окуган балдар акылдуу болобу деген ой пайда болот экен. Орус тилине гана эмес, башка чет тилдерине да окутууга көбүрөөк көңүл буруш керек" деген ректор таланттуу балдар үчүн пилоттук мектептерди ишке киргизүүнү сунуштады. "Бир класста 20 окуучу болсо да алар республиканын алдыңкылары болот. Эгер биз буларга азыр кошумча 3-4 млн. сом каражат бөлө турган болсок, кийинчерээк бул жүз эсе көбөйүп кайтарылат". Билим берүү жана илим министри И.Болжурова мындай мектепти №5 интернаттын базасында түзүү каралып жаткандыгын айтты. "Пилоттук долбоорго баардык каражаттар бөлүнгөн, жакын арада талантуу балдарды тандап келүү үчүн республиканын баардык аймактарына атайын комиссиялар жөнөп кетмекчи".
2008-2009-окуу жылынан тартып Билим берүү министрлигине караштуу ЖОЖдордо билим берүүнүн баасынын төмөнкү чеги 15 миң сом болмокчу. Белгилей кетчү жагдай, контракттык негиздеги бул баа региондордогу окуу жайлары менен борбордогу ЖОЖдор үчүн да бирдей болмокчу. Ал эми сырттан, кечки жана дистанциялык окуу формалары үчүн төмөнкү чектин баасы 13 миң сомду түзөт. ЖОЖдордун жетекчилеринин пикири боюнча бул студенттердин санынын азайышына түрткү болот, бирок ошол эле учурда окуу жайлардын материалдык-техникалык базасынын сакталышына жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууда жакшы таасирин берет. Бул тууралу документ антимонополдук саясат боюнча мамлекеттик агенттиктин кароосуна жөнөтүлгөн, ал тарап өз чечимин эки күндүн ичинде чыгарышы керек.
Эске сала кетсек, республикабыздын жогорку окуу жайларында билим берүүнүн төмөнкү баасы 4 миң сом, ал эми бир бюджетникти окутуу үчүн мамлекет тарабынан бир жылга 12 700 сом каражат бөлүнөт. 2007-жылы Кыргызстан боюнча 237 миң студент билим алган болсо, анын 13 пайызы бюджеттик бөлүмдүн студенттери. Акыркы беш жыл аралыгында студенттердин саны 19 пайызга көбөйгөн, бул башкача айтканда 10 миң адамга 454 студент туура келет дегенди түшүндүрөт. Республика боюнча 47 жогорку окуу жайы бар, (32 мамлекеттик, 15 мамлекеттик эмес), 41 структуралык бөлүмдөр жана жергиликтүү университеттердин 16 филиалы, ошондой эле чет элдик окуу жайларынын 10 филиалы иштеп келет. Көңүл бура турган жагдай, сырттан окугандардын санынын көбөйүп баратышы. Алардын саны студенттердин жалпы санынын жарымына жакын, ал гана эмес айрым окуу жайларында алардын саны күндүзгү бөлүмдүн студенттеринен да көп. Андыктан сырттан окуу бөлүмдөрүн кыскартуу маселеси келип чыккан. Алардын басымдуу бөлүгү экономикалык жана юридикалык адистиктер боюнча болгондуктан, бул эки багыт боюнча мындан кийин сырттан окуу бөлүмдөрү жоюлмакчы.
ЮНИСЕФтин маалыматтарына таяна турган болсок, Кыргызстанда 78 миң бала мектепке барбайт. Буга негизинен өлкөдө орун алган соцалдык-экономикалык курч абал себепкер.

Урмат ИМАНАЛИЕВ













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan