![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №13, 07.05.08-ж. |
Меймансап Форум Китеп варианты Биз билген да, билбеген да Рысбек (Уландысы. Башталышы өткөн санда) - Күмөндөр айткандай, бат эле айтып салбай, кенен ошол окуядан айтып берсең. Окурмандар деле туура түшүнүшсө керек. - Мейли, эстеп күлүп алалы. Ошол күнкү окуя болгондо Рысбекти жалгыз калтырбай анын жанында жакын деген 3-4 бала калдык. Бизге каршы 10 чакты бала чыкты. Рысбектин мушташкандагы өжөрдүгүн да, өнөрүн да көргөндөр ушул күнгө чейин жылмаю менен эстешет. Айрыкча таяк жеген жогорку курстун балдары, ошол талаш-тартышта жеңилген балдар бир чети ыза болушуп, бир чети ыраазы болушуп, анан кайра достоштук. Ошентип, Рысбектин таасындуу билип айткан сөзү жана күчүнүн натыйжасында институттун жатаканасындагы зөөкүрдүк токтогон. - Рысбек баатыр биз маегибизден четтеп, азыркы учурдагы абалга кайрылсак. - Алхамдүилла адегенде сөздү жакшы жаңылыктан баштайын. №69 Балыкчы шайлоо округунан депутаттыкка кандидаттыгымды №1 болуп каттоодон өттүм. Депутатыкка баруумдун себебине өткөн маектерде токтолгом. - Акыркы убакта иниң Коноев Мирланды ГУУРдын кызматкерлери 10 саат бою кармап, борбор калаабыз Айчүрөк соода түйүнүнүн астында элге Мирланды кылмышкер катары көрсөткүлөрү келген Субаналиев Өмүрбек, Алибаев Тилек, Абакиров Болоттун көрсөтмөсү менен жасалган "опер кызматкерлеринин маски-шоусу" тууралуу эмне айта аласыз? - Мен мурда да айткам бул окуя, мени парламентке киргизбөөнүн айла-амалдарынын дагы бири. Атайылап инимдин машинасынан мыйзамга туура келбеген нерселерди табууга аракет кылышкан. Эгерде анын жанына адвокат Ногоев. Р. Жана массалык мааалымат каражаттарынын өкүлдөрү келип калбаганда алардын арам оюу ишке ашмак. Сөздүн ток этер жери менин жана жакын санаалаштарым мыйзамга туура келбеген нерселерди алып жүрүшпөйт. Жанагы "пастаново" дегениңерди токтоткула. Эл дагы билип, түшүнүп турат. - Рысбек баатыр, маегибиздин нугун бир аз башка жакка буруп, учурга тиешелүү бир суроо берсем деп турам. Сага "криминал"деген жарлыкты деги ким жармаштырган? - Бисмииахир- Рахмаанир- Рахиим! Мен мени менен чогуу спорт менен машыккан бир топ балдар улуттук намысты көтөрүп, кыргыз элим, Ата Журтум деп биздин элди көрүнгөн тентектерге корлоого мүмкүндүк бербей келе жатабыз. Спортсмен катары элге, мамлекетке таанылдык. Менин ачык, бетке айткан ойлорум, өкмөттүн айрым жетекчилерине, албетте, жаккан жок. Ошон үчүн бизди элге жаман көрсөтүү максатында айрым төбөлдөр бизге "криминал" деген атты жармаштырды. Криминал болгудай биз өз элибизди- жерибизди чапкагн жокпуз да. Тескерисинче, улуттук намысты коргоп, кара ниеттүү "меймандарга" уул-кыздарыбызды жем кылбай, сактап келүүдөбүз, өзүңөр билесиңер, 2005-жылдын октябрь айында биздин үй-бүлөнүн башына орду толгус оор иш түштү. Бир тууган иним Тынычбекти эмгек-түзөтүү колониясында колу кандуу айбандар атып өлтүрүштү. Ошол күндүн эртеси эле биз борбордук аянтка чыгууга чакырган эмесмин, эл өзү топтолуп келип, улам көбөйүп, мени жана менин ата-энемди, бир туугандарымды, инимдин үй-бүлөсүн чын дилдеринен колдоп турушту. Аянтка чыккан элдин арасында бөлөк улуттун өкүлдөрү бар эле. Биздин эл улуттук намыс-арына келип, биримдиктин кандай зарылдыгын түшүнгөнүн көрүп аябай сүйүндүм. Алакандай кыргызды алтыга бөлүп жатса түндүк-түштүк деп ажыратып, жиктелүү коркунучун өздөрү жаратып, ал тургай бөлөк улуттарды коркутуп жатышса, силерди кыргыздар кыйратат деп эч бир кыргыздын оюна келбеген жалган сөздү таратып жатышса, ушуну кантип адамкерчилик, акылдуулук деп атоого болот?! Мунун баарын ким кылып жатат? Орус эли айткандай любой ценой победа деп любой ценой бийликке жетиш керек деген Куловдун кылганы. Эмне үчүн Кулов мени элге жек көрсөткүсү келип жатат? Себеби мен Куловдон коркпойм. Ал менден коркконунан Орусиядан алып келинген 7-8 "Джип" маркасындагы машина толо жансакчылар менен жүрөт. Аталган маркадагы ар бир авто күнүнө 100 доллардан бензин жейт. Андан башка да жалданган жансакчыларга ж.б.у.с. иштерге канчалаган каражат кетип жатат. Ал акчаны кайдан алып жатат? Албетте же мамлекеттик бюджеттен же кайсыл бир криминал-олигарх досунан. Менде деле ошондой "Джип" бар, күнүнө канча бензин сарпталаарын билем. Кадыр Момоев (уландысы бар) эсимде... Режиссер Бообек Ибраевдин жубайы Гүлсүн Мамашева: "Аны менчелик эч ким түшүнгөн жок" Алгачкы таанышуу. Биздин таанышканыбыздын өзү капыстан десем да болот, тагдырдын буйругу десем да болот. Мен Кыргыз Драма театрына түштүктөн биринчи келген актрисаларданмын. Ошол кезде театрда беш бойдок профессионал эркек балдар иштечү экен. Мени "Ушу беш баланын бирөөсүнө алып беребиз, жакшы, таланттуу кыз экен"-деп театрдагылар сүйлөшүп алышат. Ал кезде профессионал үч эле режиссер бар болчу. Ж. Абдыкадыров, М. Назаралиев, бири менин жолдошум Бообек Ибраев. Булар Станиславскийдин системасына сугарылган, үй-бүлөнү экинчи планга койгон а театр дегенде жанын берген фанаттар эле. Бообек биз таанышкан 1964-жылы Нарын театрында иштечү экен. Бул жактан Назаралиев, Абдыкадыровдор ага "Бизге бир жакшы кыз келди, келип алып кет"деп телофон чалышат. Мен Искра Өмүркулованын үйүндө жашачумун. Ошол таанышаар күнү жаңы эле гастролдон чарчап келип, уктап жаткам. Арсен Өмүркулов келип, ойготуп "радиого записке чакырып атат"дегенинен көзүмдү ушалаган боюнча сарафан көйнөкчөн эшикке чыктым. Эшикте такси, биринчи катардагы орундукта кыпкызыл болгон, тоголок киши Бообек экен. Мен аны мурда сүрөтүнөн көрүп жүрчүмүн, өңүнөн биринчи көрдүм. Достору М. Байжиев, Б. Жакиев, Т. Океев, М. Назаралиев, Ж.Абдыкадыровдор Бообектен " кыз жактыбы" деп сурашат. Жактырганын угушкан соң, мени дароо Нарынга алып кетүүнү чечишет. Мага "Сен Нарын театрына барып иште, бул жактан сага айлык аз болуп калып жатат. Нарындан сага байкең ( Бообекти) квартира таап берет, ишке орноштурат"-дешти. "Нарын кайда"десем, "Бул эле жерде"дешкенинен макулдугумду бердим. Антпеске аргам жок эле. Өзүм шаарга, "актриса болом"деп ата-энемден качып келгем. Эки машине менен Нарынды көздөй жөнөп калдык. Жолдун ортосунан тигилердин "Сен айт, мен айт"болуп сүйлөшүп калгандарынан каякка баратканымды түшүндүм. Ошентип, жолдошум Бообек 30га чыгып калганда, мен 17 жашымда баш коштук. Үй-бүлө Ошентип Нарындан үйлөнүп, ошол жерде калып, актриса болуп иштеп калдым. Нарынга барып иштеп калганыма абдан ыраазымын. Жери да эли да жакшы. Ошол жерден үч балалуу болуп, кийин шаарга көчүп келдик. Мен филармонияда, ал Кыргыз драм театрда иштеп калдык. Элдер мени актриса эмес, ырчы катарында таанып калышты. Бирок, режиссердун аялы болуп туруп өсүү абдан кыйын экен. Өзүм да байкасам, гастролдоп жүрө бергенден балдарым, күйөөм каралбай калды. Айла кетип, бир көзүмөн жаш, бир көзүмөн кан агып сахнаны таштоого туура келди. 1972-жылдан 1987-жылга чейин өмүрүмдүн гүлдөгөн учурун, 15-жыл мен өзүмдү Бообек менен балдарыма арнадым. Ырдай турган, иштей турган учурда эл мени жоготуп койду. Мен үй-бүлөмдү сактап калайын деп ушундай кадамга бардым. Ошондо да "Мунун үй-бүлөлүк тылы катуу, биринчи ошону бузсак, чыгармачылыгы өзүнөн өзү бузулат"-дешип, бизге каршы канча интригаларды уюштурушкан жок. Мунун баарын аялдар эмес, тескерисинче театрда иштеп жүрүп, үй-бүлөсүнүн айынан жумушунан жолу болбогон, иштен четтеп калган эркектер уюштурчу. Кандай болгон күндө да биз бири бирибизди түшүнүп, ынтымагыбызды сактап калдык. Ал мезгил өзү ушундай болчу. Эгер сен үй- бүлөңдөн ажырасаң эч ким эмес болчусуң. Моралдык жак өтө каралчу. Бообек жана театр. Өзү театрга абдан берилген адам эле. Театрдын жазылган жана жазылбаган закондору бар. Ошонун баарын 200%га аткарчу. Бир гана театрдан башка эч нерсени ойлочу эмес. Театр, искусство деп жүрүп, керек болсо үй-бүлө, балдарыбыз менен бирдикте түшкөн сүрөтүбүз жок экен. Театрга таң атпай кетип, балдар уктап жатканда келчү. Үй-бүлөдө эмне болуп жатат, эмне керек деп башын оорутчу эмес. Үй-бүлөдөгү тылды мен кармачумун. Бул кишинин үй-бүлөдөгү тылы бекем болгон үчүн өзүн бүт бойдон театрга арнады деп ойлойм. Өзүнө дагы, үй-бүлөсүнө дагы, жумуштагыларга дагы талапты катуу койгон киши эле. Театр, ар бир артисттин тагдыры үчүн санаа тартчу. Аябай көк бет, өжөр болчу. Аны Сабира Күмүшалиева "сип-синий"-деп койчу. "Ай ушул сипсинийге кантип чыдайсың"-деп тамашалап калаар эле. Артисттер менен катуу иштешчү. Өзү артисттерге "Театрга үйдөгү проблемаңарды алып келбегиле, театрга кирээрде эшиктен нары түкүрүп туруп, анан киргиле"дечү. Бирок, өзү театрдагы маанайды үйгө ала келчү. Жаман болуп келгенде буркан-шаркан түшүп, жинин менден чыгарып алчу. Азыр биздин эл режиссер деген кесипти көп түшүнүшпөйт, баалашпайт экен. Эгерде азыр анын таланты, эмгеги бааланбай калаарын билгенде мен Гүлсүн Мамашева деген фамилия үчүн иштемек экенмин. Менчелик аны эч ким түшүнгөн жок. Балдары. Бир кыз, эки уулубуз бар. Балдарыбыз биздин жолду жолдошкон жок. Мен "Биздин кыйналганыбыз жетишет, силер эртең мененки саат 8ден, кечки саат 5ке чейинки кызматта иштегиле"деп жатып, жолоткон жокмун. Кызыбыз Чолпон салык тармагында, Балдарыбыздын улуусу Марат Кумтөрдө иштешет. Кичүүсү Мураттын чакан бизнеси бар. Чолпон менен Мараттын үнү жакшы. Марат 40 жашка келип калса дагы "ырдасамбы"-деп тамашалап калат. Шакирттери - Бир топ эле режиссерду тарбиялады. "Шакиртимин" деп аны өздөрү айтса болмок. Мен андайды айткандан коркуп калгам. "Мен тарбиялагам" деп бир ырчы кызымды айтып койуп, анын балээсине калгам. Көрсө азыркылар устатын айтып, "ушунун артынан ушундай деңгээлге жеттим"- деп айткандан арданышат экен. Мен мисалы, Жамал Сейдакматованы кумир тутуп ошонун таасири аркасында искусство тармагына келгем. Ушул күнгө чейин жашым 60ка келсе да менин устатым Ж. Сейдакматова деп айткандан уялбайм. Эльмира Мадиева. |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|