![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №13, 07.05.08-ж. |
Меймансап Форум Сый-урмат Чолпон Абдуллаева, Жогорку Кеңештин депутаты. "Талас элине таазим кылам" - Чолпон Галиаскеровна, сизди жакында Талас элине барып, 400дөн ашык адамга сый тамак бериптир деп уктук… - Мен Көлдүн кызы, Таластын келини болом. Мен өз ишкердигимди айыл жеринен баштайын дегем. Анан так ошол элеттин шартына жараша колдон келген биринчи кадамдан баштадык. Таластын климаттык шарты төөбурчакты эгип, каалагандай мыкты түшүм алууга мүмкүн экен. Ошону аныктап, тактап алган соң "Талас" кооперативин уюштурдук. Башында фасолдун уругун, жер семирткичтерди, күйүүчү майларды таратып, элге шарт түзүп бердик. Жаңыдан баштаган иш дароо эле өз жыйынтыгын берген жок. "Чыдаган жетет муратка"деп акылман элибиз айткандай акыркы 7-8 жыл ичинде ийгилик баары бир келди. Эмгектин натыйжасын эл өзү көрдү. Азыр ар бир үй-бүлөдө ырыскы толуп, жашоо деңгээл көтөрүлүп, бала-чаканын курсагы тоюп, келечек жашоодон үмүт кылып калды. Азыр төөбурчакты элден сатып алып, дүйнөлүк рынокко экспорттоп Талас эли менен бирдикте тыгыз иштешип жатабыз. Менин азыр Жогорку Кеңешке депутат болгонума Талас элинин салымы чоң. . Мени ушул дэңгээлге жеткирген Талас элине ыразычылык билдирүү максатында Талас жергесине барып, аксакалдардан бата алып келгеним ырас. Биз кайда жүрбөйлү, ким болбойлу, кайда иштебейли эл менен гана адам болооруңду эч качан унутпашыбыз керек. Мен Талас элине ыраазымын. Баардыгы жабыла келип, алар мага ыраазычылыгын билдирип жатышты. Улуу- кичүү, чоң-карапайым деп бөлүнбөй, жылуу пикир алышып, ырдап-бийлеп чер жазышып кайтыштык. - Сиз Көлдүн кызы, Таластын келини болгонуңуз менен шаарда туулуп-өсүп, шаарда жашап калыптырсыз. Элет жерин көтөрүү, элеттиктер менен пикир алышуу кыйынчылык туудурбайбы? Көбүнчөсү расмий тилде да сүйлөйт экенсиз? - Мен шаарда туулуп-өстүм. Тилим да орусча чыкты. А менин дилим, жан-дүйнөм өз элимдин тагдырын ойлонууга, алдыга кетип өнүп- өсүүсүнө кандай тиешеси бар? Тескерисинче, кененирээк ой-жүгүртүүгө, башка улуттар менен пикирлешип, мыкты үлгүлөрүн өз ишиме колдонууда пайдасы тийип жатпайбы. Окуп билим алып, ак-караны тааныган соң кайда, кайсыл элден чыккандыгың, анын азыркы абалы тууралуу ойлобой кое албайсың. Өткөөл мезгилдин кыйынчылыгы кайсыл убакта, кайсыл өлкөдө болбосун баары бирдей эмеспи. Биздин өлкө так ушундай абалда. Мамлекетти, анда жашаган бир боор элиңдин келечек тагдыры тынчыңды албай койбойт. Мен өнүккөн мамлекеттердин ушундай өткөөл мезгилде кандай болгонун, кыйын абалдан кантип чыккандыгы тууралуу көп китептерди окудум. Маселен, азыр дүйнөнү дүңгүрөткөн кытай, япон өлкөлөрүн алалычы? Алар деле ушундай мезгилди баштарынан өткөрүшкөн. Япондор: "Ар бир япон бүгүн өз өлкөсү үчүн кандай пайда иш кылды?", же болбосо "Ар бир жасаган ишим өлкөм үчүн, элим үчүн"-деген девиздерди коюп алышып, кыска мөөнөттө өнүгүп алышты. - Менде патриоттук сезим күчтүү деңиз? - Патриоттук сезим болбосо жашоо ойдогудай болуп, алдыга кете албайбыз. Э. Мадиева Кыргыз Республикасынын президенти К.С.Бакиевге, Премьер-министр И.Чудиновго, Саламаттыкты сактоо министри М. А. Мамбетовго, Жогорку Кеңештин төрагасы А.К. Мадумаровго, "Асман пресс" гезитинин башкы редактору Э. Кулуевага Кайрылуу Биз Таштөбө айылынын тургундары, Таштөбө айылынын так ортосунда жайгашкан Республикалык тубинститутка караштуу туберкулёздук оорукананы биздин айылдан атайы ылайыкташылган бөлөк жерге алып кетүүңүздөрдү суранып, кайрылабыз. Кайрылуубуздун себеби, биздин маалымат боюнча бул ооруканада оорулуу адамдарын көпчүлүк бөлүгү кургак учук оорусунун ачык түрү менен ооругандар. Биздин айылда жергиликтүү калктан тышкары, убагында Курманбек Салиевич Бакиев ачкан таланттуу балдардын лицейи, Кыргыз Илим Изилдөө институтунун курор тологиясы жана өзүбүздүн Б. Бейшеналиева атындагы кыргыз-орус орто мектеби бар. Шаарга барып- келип каттаган унааларыбыз жана соода түйүндөрү бир. Бул жугуштуу дарт балдарга жана чоңдорго жукпайт деп ким кепил боло алат. Ушундан улам биздин өтүнүч аткарылат деп ишенебиз. Ташдөбө айылынын тургундары Парапсихологдун бурчу Суроолорго академик, парапсихолог, акын Лариса АСАНБЕКОВА жооп берет Эдил Анарбаев, Талас облусу 33 жаш: - Мурда соодам жакшы болуп, жанымдагы коллегаларым колуң мынча жеңил деп таңгалышар эле. Ошолордун көзү тийип кеттиби айтор, акыркы мезгилде ишим таптакыр эле жүрбөй калды. Негизи эле сиздердин илимде соодамдын болбой калганынын сыры барбы? - Ооба, бардык нерсе адамдын энергиясына байланыштуу болот. Сиздин жумушка ишке байланышкан чакраңыз тешилип, энергиясы азайып кеткен. Сиз мурда энергияңыз таза, өзүңүз ыкчам кыймылдаган энергиялуу адам экенсиз. Ал эми азыр ишиңиздин жүрбөй калганы сизге чындыгында эле айлана-чөйрөдөгү таныш адамдардын көзү-сөзү башкача айтканда назары тийген. Назар же болбосо, көз тийген, сөз тийген деген сөз ошол адамдын терс энергиясы сиздин энерго денеөизди тешип кеткенге байланыштуу энергияңыз азайып кеткен. Баягыдай ишиңиздин жүрбөй калганы ошол. Эгерде денеңизди калыбына келтирбесеңиз, бара-бара ашхазанда, боордо, өттө, бөйрөктө ар кандай оору пайда боло баштайт. - Мен андай терс энергиялардан кантип тазаланышым керек? Же бүбү-бакшыларга кайрылышым керекпи? - Сиз негизи билимдүү илими бар жогорку космос энергиясы менен иштеген адамга кайрылсаңыз туура болот.Анткени, бүбү-бакшылардын бардыгы эле оң энергиялуу адамдар эмес. Ошондуктан тааныш-билиштериңизден сурап, сиздин проблемаңызга оң таасирин тийгизген адамдарга барсаңыз пайдалуу болот. Болбосо сиз жардам сурап кайрылган адамдардын илимин тастыктаган документин болушу зарыл. Көрүнбөй кайда кеттиңиз…? Шахрезада Аскарова, эстрада ырчысы: "Өз баамды албай калганыма өкүнөм" - Шахрезада эже, сахнадан алыстап кеткениңиздин сыры тамадалык кызматка өткөнүңүздөн эмеспи? - Азыр эстрада жанры "частный" болуп кетпедиби, Өкмөттүн карамагында эмес. Совет доору кулаганда ырчылардын көбү ар тармакка тарап кеттик, бирөө мугалим болду, бирөө дүкөн ачты дегендей. Мен советтик доордо тарбияланып калгангабы, бирөөдөн жардам сурап, спонсор издей албайт экенмин. Элим "Баягы Шахра"-дешип ушул убакка чейин агартып-көгөртүп келатышат. Иштебесең оокат кайдан -деп эл арасында тамада болуп иштеп жатам. Мурда ырчылардын чөйрөсүндө болсом, азыр тамадалардын чөйрөсүндөмүн. - Азыр улуу-кичүү дебей ырчылардын көбү тойду тейлеп жүрүшпөйбү, сиздин тамадалык өнөрүңүздүн артыкчылы эмнеде? - Мектепте орусча окуганымдын жардамы тийип эки тилде алып барам. Кээде англичан менен кыргыз, француз менен орустун үйлөнүү үлпөтү болуп калса англисче, французча "келиңиз, алыңыз, бийлеңиз"-деген сыяктуу"бытовой" сөздөр менен аларга да көңүл бурганга кудуретим жетет. Мисалы, бүгүн эки жаш үйлөнөт, эмки жылы алардын тушоо тойун, андан кийин үннөт тойун алып барган учурларым көп. Той ээлери менен бир тойдон таанышып, кийинки жакшылыктарда кызматташуубуз уланып кетет. Бул менин ырчы катары ушул убакка чейин топтоп келген имиджимдин жакшы кабыл алынышы-деп ойлойм. Тойдо да сахна маданиятын сыйлайм. Оюн-зоок программаларды көп уюштурам. Бизде корпоративдик кечелерди "Бишкекский вариант"деп койот, аларды да официалдуу алып барам. - Сыр болбосо, бир тойдон канча аласыз? - Эми ар кандай крутой крутойчо, жөнөкөй жөнөкөй төлөп берет. Мен "Мындайлардын тойун, мынча сомго алып барам"-деп бөлбөйм. Ким чакырса да жок дебей барам. - Сизди үнүңүздү, дикцияңызды баалап, телеге же радиого кызматка чакырышкандыр? - Биз артисттер "не нормированный" убакытка көнүп алыптырбыз. Биздин жашоо ритмибиз офистик ишке ылайык келбейт экен. Мени теле-радиого гана эмес, жеке фирмаларга кызматка чакырышты, бирок эртең мененки саат 8ден кечки саат 5ке чейин карандаш кармап бир жерде отура албайт экенмин. Артисттер эркиндикти сүйөбүз, кеч жатып, кеч турабыз дегендей. - Күйөрмандардын кулагын сүйүнтүп качан жеке концертиңизди тартуулайын деп турасыз? - Жаңы ырларым толтура. Өзүм жазган 15тей обонум бар. "Сиз концерт берсеңиз, мен муну ырдайм"-деп. Ырчылар эбак эле бирден ээлеп алышкан. Мени ырларымдын көбү лирикалуу, татаал ырлар эмеспи. Анан шартка байланыштуу тойлордо шаңдуу ырларды ырдап келем. Бирок менин жүрөгүм, жан-дүйнөм ошол жүрөктө таштай болуп катып калган лирикалуу ырларды самайт, сагынат. Мен кай жерде жүрсөм дагы саламын үзбөй, "Шахра барсыңбы? кайдасың?"-деп жылуу учурашкан элиме рахмат. Кээде тойдо, той ээсинен мурда мени менен учурашып, дайынымды сурап "Биздин Шахра"-дешип "жаман" акыбалда калтырган күндөрү да болот. Ушунун баарын ойлоп отуруп, буюрса элиме жан-дүйнөдөн түнөк тапкан концерт тартууласам-деп толгонуп калам. Келип-келип эле азыр баарын акча чечкенине кейийм. Бирок, мен ишенем "самый решающий моментте" адамдык касиет да чечип койот. - Жеке турмушуңузда эмне жаңылык? - Мага убагында дос, тууган, санаалаштарым жардам беришип, алардын аркасы менен жакшы эле доорон сүрдүм. Азыр балдарым чоңоюп, алар жардам берип жаткан кез. Бирок анын баары сен сураган концерт уюштурууга жетпей, күнүмдүк турмуштан артпай калып жатат. Неберелүү болуп, балпайган чоң -эне болдум. Уул-келиним менен Алматы шаарында иштешет. Уулум музыкант. Эки неберем менен жума сайын телефондон сүйлөшүп турам. - Эмнеге өкүнөсүз? - Биз өз убагында элибизге жакшы эле кызмат кылдык. Тоо-таштын баарын кыдырып, эл кызылча талаасында жүрсө, ал жакта, пахта талаасында жүрсө, ошол жакка кете берчүбүз. Бирок, ошол ырчылар өз баабызды ала албай калдык. Совет доорунда бизге Өкмөт гарант болчу эле, эртең ооруп калсам азыр бизге эч ким гарант болуп бере албаганына өкүнөм. Мекенимдин азыркы абалын көрүп туруп, салымымды кошо албаганыма өкүнөм. Менде патриоттук дух күчтүү, бирок, "Ачка кимди тойгузат"-дегендей эле кеп да. Эльмира Мадиева. |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|