Революционер эмне дейт?

Нурлан Мотуев, "Жоомарт" кыймылынын лидери:
"Байлыкты Бакиевден эмес, Алладан күтөм"
- Нурлан мырза, сиз менен ачык маек куралы дедик эле. Бүгүнкү күндө мындан үч жыл мурда бийлик алмашсын деп кыйкырышып бийликтин алмашуусуна түрткү болгон адамдар кайра эле четтен нааразычылыгын айтып чыгышууда. Сиз эмнеге нааразысыз?
- Менин нааразычылыгым бул. Менин идеямды колдонуп жатышкандыгына нааразымын. Кара- Кечени мамлекетке өтсүн деген сунушумду Жумгалдын 20 айыл өкмөтү колдоп, мөөрүн басып, кол коюп, "Нурлан Мотуевди колдойбуз, генералдык директор болсун" дешкендиги эсиңерде бар да. Ошондон эки ай өткөндөн кийин мени каматышты. Быйыл 10- январда болсо И. Чудинов менин идеямды үтүр -точкасынан бери кайталап айтып, токтом токуп чыкты. Мен ошого капа болдум. Мага келгенде эле кыйкырып чыккан өкмөт Жолдошбаевге келгенде эле эмнеге унчуга албай олтуруп калат? Бизде дагы эле адилеттик орнобой жатат. Мыйзам иштебей жатат. Премьер-министрдин токтому мыйзамдын күчүнө ээ да. Убагында мыйзам деп чачты жулуп өкүрүп- бакырып жатып калабыз. Эмне үчүн ошол премьер-министрдин токтомуна таянып, Жолдошбаевге чара көрө алышпайт.
- Сиз өзүңүздү "чыныгы революционермин" деп ар качан айтып келатасыз. Ошол чыныгы революционерлерден кимдер бийлик тарабынан көз жаздымда калды?
- Өзүмдү революционермин дегенден мен эч качан качкан эмесмин. Мына революция тууралуу жарык көргөн документалдуу эки китепте деле менин революционер экендигим тастыкталат. Бири- бир тууган Бакиевдер тууралуу жазылып, орусча, кыргызча, англисче басылган китеп. Анда менин лидер катары фамилиям аталган. Экинчи А. Бекназаровдун китеби деле К. Бакиев менен башталган Н. Мотуев менен бүтөт. Менин революционер экендигимди ушул эки китеп тең мойундарына алып жатат. Ал эми чыныгы революционерлерден четке калгандарын айтсам, албетте, бир топ. Мисалы, Т.Тургуналиев.Топчукеде эмне айып? Кордукту көрдү, түрмөгө камалды. Ошондой эле А. Бекназаров. Мен. К. Булатов. Ч. Абыкеев… Ал деле бир аз акүйгө олтуруп, кайрадан архивге барып калды. Д. Чотонов көз жаздымда калды. Б.Асанов болсо болгону спортко барды. Т. Исмаилова, А. Абдрасулова, Э. Байсаловдорду болсо революционер дегенден алысмын. Алар үчүнчү, калыс күч катары деп койсок болот го.
Менин күйгөнүм- Бишкекке 1985-жылы, 15 жашымда келгенмин. Ушул 25 жылдан бери 5 сотых жерге ээ боло албай келатам. Конституция боюнча деле ар бир жаран өмүрүндө бир жолу 5 сотых жер алганга укуктуу экен. А И. Кадырбеков мисалы, 33 сотых жер алыптыр. Дагы бир ачуумду келтирген нерсе, Акаевдин убагындагы акимдердин бардыгы дагы эле аким болуп алышкан. Мисалы С. Сөлпиев, Аманкулов дегендер. Бул дагы калыссыздык. Биз эмнеге революция кылдык эле. Калыстык, адилеттик үчүн революция болбоду беле.
- Кечиресиз, К. Бакиев көп акчаларды берген үчүн, байлыктардын баарын басып койгон үчүн Н.Мотуев унчукпай олтурат деген сөздөргө эмне деп жооп берет элеңиз?
- Чынын айтайынбы? Бакиев мага байлык эмес кызмат бербей жатат.
- Оппозицияга кошулуу тууралуу оюңуз жокпу?
- Оппозицияга кантип кошулат элем.Алар мени каматса анан кайра бармак белем. Камалып жатканда мага бирөө да басып келген эмес. Эгерде кайсыл бир коррупционер камалып калса мен депутат дегендер кепил боло калып, чуркашпадыбы.
- Өзүңүзчө күч түзүү тууралуу кандай ойдосуз?
- Өзүмчө күч түзүүгө азыр революциялык кырдаал эмес да. Баса жанагы "Жип" илгерки эле "Жип". Байлыкты басып алгандай деле болгон жокмун. Мечитке барып, беш маал намаз окуп жатам. Так-что мен байлыкты Бакиевден эмес Алладан күтөм. Бир адам ырыскыны асмандан күтөм деген тура. Анткени Алла асманда турат да.
-Өзүңүз сүйүнүп айта турган эмне байлыгыңыз бар?
- Ден- соолугум, 23 жаштагы жаш аялым, ха-ха-ха….Элимдин тынчтыгы, бейкуттугу, тууган-туушкандарымдын амандыгы.
- Анан каяктын күйөө баласы болгон жатасыз?
- Аксынын. Буюрса мусулманча нике кыйып, үйлөнсөм деген оюм бар. Сиздерди дагы тойго чакырам.
- Нурлан мырза, жакында эле "Аки-пресс" маалымат агенттигинде Ф. Кулов маалымат жыйынын өткөрсө, ага удаалаш эле "24kg "де карама-каршы пикирдеги маалымат бердиңиз. Дегеле качан болбосун Ф.Кулов менен сиздин пикириңиз дал келбей калган учурлар көп кездешет. Ушундан улам сиздерди элдешкис адамдар катары карасак болобу?
- Кулов 1990-жылдан баштап 1999-жылга чейин бийликте турган адам. Вице-президент, премьер-министр болгон. Ички Иштер министри, Коопсуздук министри, мэр болгон. Башкача айтканда, ал Акаевдин "продуктысы". Акаев биз билимдүү болобуз деп ЖОЖдорду ачып, башты айландырган дагы, ал эми алтын боюнча алдыңкы он өлкөнүн бири болгондугубузду ачык айтпай келген. Андан тышкары бизде Кочкор менен Жумгалдын ортосунда алюминий бар. 7 млрд тонна алюминий. Аны да айтпай келген. Эми Менделеевдин химиялык таблицасында эмне баалуу заттар болсо бүт бизде бар экен. Суубуз эле канча? Мына өзүңөр көрүп жатасыңар, 1 литр суунун баасы 1 литр бензиндин баасынан кымбат, керек болсо. Ушундай дүйнөдөгү эң бай өлкө болуп туруп, бирок, бийликтин туу чокусундагылар ал байлыктарды уурдап, чет өлкөнүн банктарына сала бериптир да. Ошол тогуз жылы бийликте турганда Кулов деле унчукпай келди. Эмне үчүн? Анткени, чогуу жешкен. Анан бийликтен кеткенде дароо эле Акаевди "шыбап" кирди. Түрмөдө жатканда деле беш жыл бою Акаевге кат жазды, анда деле жалаң ич күптүү кептер. Күнөөсүн мойнуна алуу деген нерсе болгон эмес. "Кечиргиле, мен Акаев менен чогуу жешкем" депчи. Андан кийин эле революция болду, түрмөдөн алып чыктык. Эл дагы келесоо экен. Лидер деп алганбыз. Кайдагы лидер. Мына эми Кара-Кечеге барып туруп тартипке келтирип койсом, ага мини ГЭС курам деп жабышты да калды. Премьер- министр болуп турганда андай оюн эмнеге айткан жок. Куловдун акмакчылыгы эмнеде. Өзүн каматкан Акаевди кечирдим деп кечирди дагы, өзүнүн таламын талашып жүргөн мени каматканга аракет кылды. Бирок, мен анын бир эрдигин баалап коюшум керек. Апрель митингинде "камалып калгандарды бошотуп, мени камагыла" деп барбадыбы, бул эрдиги. Анан кандай соодалашты билбейм эки саатча УКМга сурак берип, кайра чыкты. Азыр болсо, электр энергиясына бюджеттен бир тыйын албайбыз деп афиристенип жатат. Менимче бир- эки жылдан кийин бюджеттен акча бөлүп бергиле деп парламенттен "допрос" кылбаса мурдумду туура кесип берейин. Кайра эле бюджетке кол салат.
- Бакиев Куловго кара эле кызмат берип койгондугу кимге аброй алып келет. Бакиевгеби же Куловгобу? Куловду кайра командага кошушу эмнеден кабар берет?
- Дооронбек Садырбаев туура айткан, Куловдо "отрицательный" энергиялар көп. Анын энергосекторго келиши "ошибка" болду. Бакиевдин тегерегине капкаяктагы экономикадан кабары жок кеңешчи сөрөйлөр толуп алган. Булар экономиканы көтөрө албайт. Бакиевдин бир кемчилиги баягы эле Акаев түптөп кеткен, 15 жылдык казанда кайнагандар айланып келип эле кайра креслого олтурушу. Буга да эл өзү күнөөлүү. Азыр бийликтегилерде жаңы ким бар? Дили таза революционерлердин баары көчөдө калды. Жолоткондон да коркот. Анткени алар кимдин канча ичип-жегендигин ачык айтып салат да.
- Жакында эле Тоңго барышып, жумурткадан маска жамынып келишкен оппозиция өкүлдөрүнө кандай сын айтат элеңиз?
- Сөз кезеги келгенде айтып калайын. 2002-жылы 2- февралда Акаевдин Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум жарыялагандыгын билесизби. Ошого каршы иштеп, Т. Акун ж.б. болуп Нарын областына барганыбыз. Ошондо башка оппозиционерлер региондорго чыгып иштешкен эмес. Ошол эле Ө. Текебаев, З. Сыдыковалар Бишкектеги жылуу кабинеттеринен көчүктөрүн көтөрбөй олтурушкан. Биз болсок Ат- Башыда бийлик бизге каршы уюштурган элдин ташбараңына калганбыз. Анда энеси каза болуп, Эшимканов дагы айылда болчу. Бизди шылдыңдап, "Н. Мотуев менен Т. Акунду эл ташбараңга алып кое жаздады" деп "Агымга" жазып жиберген. Ушундай ташбараңга алмай система ошондо эле бар болчу. Бирок, эшиктен кубаласа тешиктен чыгып, кайра эле пикеттерди уюштура берчүбүз. Ошондой кордукту чогуу көргөн Т. Акундун Кара- Кечеде кайра мага каршы иштегендигине капа болом. Башында айткандай азыркы оппозициянын эч кимисине кошулгум келбейт. Булардын жүзү мага беш колдой белгилүү. Кара- Кече боюнча иликтөөлөр жүргүзүлгөндө дагы баары мени камалсын дешип, Ш. Мурзакеримов болсо "иш-аракетинин составында кылмыш иши жок, Бакиев өзү дайындаган" десе "сен эмнеге кылмышкер дебейсиң" дешкен. Анан ошолор бизге окшоп таш тийбей жумуртка тийгендигине дагы тобоо дешсин.
- Бир учурда "Ганси" кетсин деп жүргөндөр кайрадан "кетпесин" дей башташты го. Бул эмнени каңкуулайт?
- Алар эми ары урунуп, бери урунуп, революциялык бийликке, Бакиевге тиши өтпөй, Россия болсо Бакиевди колдоп туруп алгандыгынан улам алар эмне кылаарын билишпей, бир таяныч керек болуп, аргасыз Америкага ыкташ керек болду да. А Америка деле эки ой жүргүзөт. Эмне Американын башы экөө бекен. Нефт кымбаттап, бийликке демократтар келатат. Америка деле азыр адам суктанарлык абалда эмес. Ошондой эле алар эч качан бир тараптуу саясат жүргүзгөн эмес. Албетте, сый тамагын берип, сеники жакшы деп коюшу мүмкүн, бирок, Текебаев менен Шерниязовду колдобойт. Бары бир Бакиевдин сөзүн сүйлөйт.
- Акыркы саясатыбыз Росияны эле туурап бараткандай сезилет. Бизде дагы 2010-жылы Бакиев Путин сыяктуу бир адамды даярдап коет деген сизде ой барбы. Алдыдагы эки-үч жылга сиздин анализиңиз?
- Муну мен коркунуч деп деле эсептебейм. Эгерде биз Россиядагыдай өнүгүп кетсек, жөнөкөй тил менен айтканда минималдык айлык 1000 америка доллары болуп свет, тамак-аштардын бары арзандатылып, жакшы жашоо болсо кимге жаман. Демократияга деле тойбодукпу. Бир чети демократия деген нерсе деле болбогон эле нерсе экен да. Элдин курсагы ток болсо же Түркмөнстандагыдай свет, газы бекер, жомоктогудай болсо, СССРдин учуругундагыдай 150 сом баарына жетип турса болду да.
- Борборду ошко көчүрөбүз дегенгечи? Буга айрым саясатчылар караманча каршы болуп жатышпайбы?
- Бир чети көчүрөбүз деген туура эле. Анткени Бишкекти борбор деп Баткен Оштуктардын баары ушул жерде жүрөт. А жерлеринин баарын тажик, өзбектер ээлеп жатат. Өткөндө Баткендик бир баладан эмне үчүн бул жакка келип жатасыңар десем Усубалиев сатып жиберип деп аны күнөөлөдү. А Абдыкадыр Орозбеков сатып жибергендигин айткысы келбейт.
Даярдаган
А. Асанбекова