Коомдук-саясый гезит
№14, 13.05.08-ж.

Меймансап
Форум




  Жашоо формуласы

  Арман

Офицердин сүйүүсү
Апам милиция тармагында иштечү. Мен анын жалгыз кызы элем. Апамдын форма кийип, чыкыйып жүргөнүнө көз жүгүртүп, кийген кийимине таң берчүмүн. Формасынын жарашыктуулугуна кызыкчумун. Бала кыялымда келечекте жогорку чинге жеткен кыргыз элинин атактуу, намысты бек туткан милиция кызматкери болом деген таттуу тилегим бар болчу. Апамдын жолун жолдоп балачактагы кыялымды ишке ашырыш үчүн мектепти аяктаган соң, Жогорку милиция академиясына тапшырдым. Окууну эң жакшы деген баа менен бүтүп, апамдын жолун жолдоп милиция тармагына иштеп калдым.

Ал кезде милиция тармагындагы белдүү кызматкердин көмүскөдөгү аялы болоорумду кайдан билиптирмин. Апам менен чогуу иштеген байке мурда эле ар кандай кечелер болуп калганда үйгө сөзсүз келчү. Мен аны жогорку чини үчүн эмес, мыкты милиция кызматкерлеринин бири катары сыйлачумун. Кийин ошол тармакка иштеп калганда мага негедир "комплимент" айтып, жакшы мамиле кылып, өз кызындай кам көрүп жүрдү. Башында анын мага жасаган жылуу мамилесин аганын карындашына жасаган мамилеси катары кабыл алчумун. Убакыт өткөн сайын ал байке мага көз кырын салып жүргөнүн туюп жүрдүм. Иштегениме бир жыл болгондо мыкты милиция кызматкери деп сыйлаган инсан чын сүйүүгө картайганда кабылганын айтып, турмуш курууга даяр экенин билдирип, кулагымдын кужурун ала берчү болду. Мен да чын сүйүүгө кабылганымды же таттуу сөзгө, жылуу мамилеге арбалганымды билбейм. Айтор, кыска убакыттын ичинде эле аны менен жарандык никеде жашаганга өттүк. Ал менин карегим менен тең айланып, айтканымдын баарын аткарды. Там алып, үйүмдү толтуруп, машине да алып берип. Апам болсо "Кызым ушунчасында жыйыштыр" деп айтканы менен баарыбир мени тыя алган жок. Апама "Маңдайыңа бүткөн жалгыз кызыңдын бактысын тиле"- деп корс этип койчумун. "Кызым бирөөнүн көз жашынан бакыт кура албайсың" деп айтканын да этибар алчу эмесмин. Анын аялы, бир кыз, бир уулу бар экенин бары билчү. "Бир эле адамдын кулагы укпайт, көзү көрбөйт" дегендей болуп, биздин жашап жатканыбызды жарандык күйөөмдүн баардык достору билип, бир эле аялы билчү эмес. Жыл айланбай эркек балалуу болдук. Анын никесиз төрөлгөнүн айтып , "Качан ачыкка чыгабыз, качан бетимди ачасың"- деп тынчсыздана баштадым. Күйөөм "Кичине чыда, бала бирге толсун. Менин туугандарым мени түшүнөт. Баламды чанбайт"- деп мени сооротуп жүрдү. Экөөбүз эки жыл жашасак дагы сен-мен дешкен жокпуз. Балам экөөбүзгө келип-кетип турса дагы эч нерседен кем кылбай бакты. Балам бир жашка чыгат, анан бетим ачылып, тартынбай элге аралашып жашап калам деп ниет кылып, кудайдан ошол күндү эрте берсе деп суранып жүргөн учурда, үй-бүлөсү менен жол кырсыгына учурап, ошол замат уулу экөө каза болду деген суук кабар кулагыма жаңырды. Күнүм бүтүп, жер астын-үстүн болгондой туюлду. Аны угуп көксөп күткөн бактылуу күнгө жетпей калганыма, баламдын атасын эл алдында ачык айта албаганыма зар какшап калып калдым. Жок дегенде бетим ачылып калса да мейли эле деп бармагымды тиштеп, бир эсе андан ажыраганыма өкүнсөм, бир эсе тагдырыма наалат айтып, бул жашоого адашып келгениме ызаланам. Мен эмнеге чала тагдырга туш болдум. Анын эмнесине азгырылдым. Андан ашса ашкан, кем калбаган жигиттер деле бар эмес беле. Эмнеге алардын ичинен 50 жашка чыкканына карабай аны тандадым деп башымды мыкчып, көз жашымды көл кылып олтурам. Тагдыр мени неге мынча кыйнады.
Анын эже-карындаштары сөөктү узатып жатканда "Туяк калбай калды"- деп боздошуптур. Аны угуп жүрөгүм эзилип кетти. Мына туягы деп алып барайын десем кара басып, бетим ачылган эмес. "Сен кайсы шуркуясың"- деп аялы кууп чыгабы деп корком. Апам болсо менин абалымды көрүп, ыйлаарын же урушаарын билбей аргасыз абалда калды. Кийинчерээк апам "Элдин кыздары бактылуу болуп жашап жатат. Сен кайдагы бир милиция кызматкеринин көмүскөдөгү аялы болуп, бактысыз болдуң" деп эчкирип ыйлап алды. Балким, апамдын сөзүн угуп, ошондо эле жыйыштырып койгондо мындай оор тагдырга туш болбойт элем деп коем.
Балам, "Атам кайда? Менин туугандарым ким"- деп сураса эмне деп жооп берем деп армандуу күндөрдү кечирип келем.
Жазып алган
Ч. Кутманалиева




  Шок-Факт

"Таксиситин тагдыры"
Кечээ жакында зөөкүрлөргө туш болгон жигиттин окуясын угуп, аларга кандайча кабылып калганынын чоо-жайын сурадым. Азыр такси деген чачтан көп. Ким билди болуп кеткени андан көп болуп, турганда балким, Бакытты (аты өзгөртүлдү)өлтүрөбүз деген зөөкүрлөрдүн окуясы анча-мынчага сабак болоор деген ниетте жазып жатабыз. Аман калгандын өзү бакыт деп ысымын Бакыт деп атоону өтүндү.

Мен да көр тирилик менен алек болуп, майда барат сатып жүрүп, эптеп тапкан акчамды жыйнап эл катары машина алдым. Бала-чакамды, жалгыз апамды жакшылап багайын деген ниетте күндүз соода кылып, кечинде такси айдачумун. Кезек күтүп турсам мага жаш жигит кайрылды. Апасын Воронцовкадагы ооруканадан чыгарып келгенге баратам деген. Макул болуп айдап жөнөдүм. Ээн талаага жеткенде мени жалдап бара жаткан жигит уюлдук телефону менен бирөөлөр менен сүйлөшкөндөй болду. Анын сөздөрүнө деле кулак төшөбөдүм. Чынын айтсам, ал жигиттен жамандык күткөн жокмун. Заматта килейген үч бала пайда болуп, машинемди күч менен токтоттурушту. Мени төртөөлөп ур-тепкиге алып, бети башымды болушунча жанчышты. Колу-бутумду катуу байлап, багажга тыгып салышты. Түндүн бир оокумуна чейин шаар аралап, арак ичишип, Панаромага барып, өлгүдөй шапар тебишиптир. Бир убакта алардын оюна келдимби айтор, мени багаждан алып чыгып, жалаңдаган бычагы менен мууздамай болушту. Бычактын мизи кекиртегиме тийгенде жалгыз бала экенимди, 70 жашка таяп калган картаң апам, кичинекей балам баарын айтып, мен өлсөм балам кароосуз, багуусуз жетим калаарын айтып, жалдырап, ыйлап жибердим. Алардын сөздөрүнүн төркүнүнөн мени өлтүрүп, машинемди сатаарын билдим. "Машинемди алсаңар дагы жанымды аман койгула. Артыңардан издетпейм. Доом жок"- дедим жалбарып. Адам өлтүрүп көнүп калышканбы айтор, жалынганыма карабай бычактын мизин кекиртегиме коюп, тартып жиберейин дегенде зөөкүрлөрдүн бирөөсү ырайым кылып, "Силер эмне жетимдиктин азабын тартып көрдүңөр беле. Мен жетим өскөм. Менде ата да, эне да жок. Мунун абалын түшүнөм"-деп мууздатпай арачы түштү. Кудай жалгап, анын сөзүн үчөө угуп, чөнтөгүмдөгү акчаны, уюлдук телефонумду алып, мени өлсө өлүп калаар, ичээр суусу түгөнө элек болсо, өлбөй калаар деп колу-бутум байланган боюнча бир аңга ыргытып жиберишти. Өлгөнүм ушул турбайбы деп жанымдан түңүлүп, бакырып көзүмдү ачсам бир даракка илинип калганымды туйдум. Эмне кылаарымды билбей туйлай бердим. Акыры кудайдын боору оорудубу дарактын мен илинип калган бутагы сынып, жерге кулап түштүм. Айланамды карасам көзгө сайса көрүнгүс капкараңгы. Ит, кушка жем болгучакты кыбыраган кыр ашат дегендей эки жагымды элеңдеп карап, туш келди жакка жыла бердим. Бир учурда алыс жактан ак түс көрүнгөнсүдү. Эптеп боорум менен жыла берип, бир оокумда жеттим. Барсам акыр-чикир төгүлгөн жер экен. Бөтөлкөнүн сыныгын таап алып, артка таңылган колумдагы жипти эптеп кестим. Колум бошогондон кийин бутумдагы жипти кестим. Колу-бутумдун бошогонуна кубанып, көчөгө чуркап чыктым. Кайда бараарымды, кайда жүргөнүмдү деле билбейм. Башым оогон жакка чуркап жөнөдүм. Бир оокумда алыстан светтин жарыгын көрдүм. Эшигин каккылап, болгон окуяны айтып да, жалдырап жардам сурап да жатым.Үйдүн ээси кыргыз аял экен. Ал жанчылган бетимди, тытылган кийимимди көрүп, коркту окшойт, эшигин ачпай койду. Айлам куруп катар турган экинчи үйгө көздөй жан далбастап чуркадым. Ал орустун үйү экен. Кудай жалгап эшигин ачты. Болгон окуяны айтып, жакындарыма телофон чалып, аларды чакырып берүүсүн өтүндүм. Апам ыйлап-сыктап, айтылган дарекке келип, мени алып кетти. Үйдөгүлөр ошол замат милицияга кабарлашыптыр. Милиция кылмышкерлердин изи сууй электе "Бител" компаниясынын жардамы аркылуу уюлдук телефондун "өздүк коду" менен кылмышкердин үчөөсүн колго түшүрдү. Алар азыр СИЗОдо. Бирок, машинени айдап качканы азырынча колго түшө элек.
Ойдо жок жерден өлүм менен өмүрдүн ортосунда калып, аман калганыма кудайга миң ирет жалынып олтурам. Оңой жол менен акча табууну көздөгөн зөөкүрлөр да арабызда көп экенин билдим. "Тигил жактан таксисттин өлүгү табылды"- десше, жүрөгүм шуу деп, башымдан өткөн окуя эсиме түшүп, Кудай өзүң сакта деп жакамды кармачу болдум.
П. Рысманбетова




  Автор унутулбасын

"Министирдин кызынын махабаты" аттуу чыгарманын автору Бекмырза Рахман уулу менен "Аалам"гезитинде чогуу бирге иштешип калдык.Чыгармачылыкты аздектеп, бийик тутаарын ошондо байкагам. Бирок, чыгармачылыктын түйшүгүн тарткан жанга эч окшобойт эле.Чыгарманын артынан чыгарма жаратып, китептин үстүнөн китеп чыгарып, тынымы жок иштеп жүргөндө жолугуп калсам "Элнурка ,гезиттик варианта жазылган детектив чыгармаларыңды жыйнап иштеп бербейсиңби,китеп кылып чыгаралы.Качанга чейин макала жазып жүрө бермек элең. Элүү жашка толгондо кайсы китебиңди көтөрө чаап көрсөтмөкчүсүң"-деп тамашалап, мени ойго салган. Анан эле көп өтпөй эле "ооруп калыптыр"- деп уккан элем.Таанып билгендерден алжайын же болбосо өмүрлүк жубайы Паша жеңеден сурап калчумун. бир жолу Паша жеңе менен дарыланып жүргөндө да жолугуп,кесиптешин көргөнгөбү жүзүнөн жылмайып бир нерселерди сүйлөгөнгө аракет кылды. Бирок, аябай кыйналгансыды.Учуп күйүп, шайыр мүнөздүү кесиптеш агатайымдын оорунун айынан ушундай алсыз болуп калганына зээним кейиди. Паша жеңенин алпарбаган, көрсөтпөгөн жери калган жок окшойт. Өткөндө дагы бир кесиптешим Оңолбек байкеге жолугуп калып, Бекмырза байкенин ахыбалын сурасам "дагы эле төшөктө жатат"- деди. Эмне дешти да билген жокмун.24 -март күнү мейманга барып калсам божурама кептердин ортосунда "Министирдин махабаты" деген кино тасма боюнча пикир алмашуулар болуп кеткенсиди.Көпкө чейин алардын пикирлерин кунт коюп уктум .Чыгарманын автору көмүскөдө калгандай сүртүм калтырды. Ал жерден эч нерсе деп сүйлөгүм келген жок. Айта турган сөздөр көп эле. Аташев мырзанын маегин окуп,тар чөйрөдөгү сөздөрдөн улам окурмандарыбыз менен ой бөлүшүп коюну чечтим. "Министирдин кызынын махабаты" аттуу чыгырма алгач "Аалам"гезитинде басылган. Ал учурда аталган гезитте жоопту редактор болуп иштечү элем.Чыгарма бир эки санга кеткен соң эле өз окурмандарын таап аны менен катар гезиттин тиражы өсө баштаган. Дагы бир байкаганым тааныштарым сандан -санга күтүп жаман болот экенсиң, терилген вариантын эле алып берчи бир түндө окуп берем деген учурлар болгон. Мындай кызуугулардан соң автор китеп кылып чыгарып жиберген. Китеп болуп чыккандан кийин Бекмырза байке, "колумда бир китеп калыптыр ушуну атайын сага алып келдим"- деп редакцияга келиптир. Китепти үйгө алып келип бир шашпай окуюн деп коюп койсом келген коноктордун бири кытып кетиптир. Эмнени айткым келет, жогорудагы фактынын өзү эмнени далилдейт,биринчиден, ал өлүү чыгарма эмес,экинчиден, кино тасма болуп жаралгыча өз аудиториясын түптөп койгон .Бүгүнкүнүн тили менен айтканда даяр бренд болчу. Мына ушул аспектилердин өзү кино тасмага жемиш алып келди. Кино тартууда негизги өзөк сценарийде, анан барып режиссердун изденүүсүндө, андан соң актердун чеберчилигинде.Ошондуктан мен,мен деген формада төш кагыштын кереги жок бул жерде.Эгер,сүйлөй турган болсо дайым өзүнө тийиштүү жак боюнча айтканы дурус. Кинонун үч бөлүгүн тең кино театрдан барып көргөм. Бул менин чыгарманын авторуна болгон урматым,режиссердун эмгегин баалагандык,эч кимге таанылбаган жаш актер,актирсалардын аткарган рольдорунан энергия алуу.
Э. Шабданбекова












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan